Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Демилгелүү бюджет: жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун кийинки этабы
Александр КОВАЛЕВСКИЙ, Валентина КРАУШ, Бюджеттик чечимдер институтун, Орусия. Атайын “Муниципалитет” журналы үчүн даярдалды
Кыргыз Республикасынын жарандарында жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышууга жана бул мүмкүнчүлүктөрдү жигердүү колдонууга кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар сыяктуу. Айталы, 2021-жылы бюджет боюнча коомдук угууларды 396 ЖӨБ органы өткөрдү (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун маалыматына ылайык), ал эми ушул эле жылы угууларга катышкандардын болжолдуу саны 45 000ден кем болгон эмес. Бюджет боюнча коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде, КР Финансы министрлигинин усулдук документтеринде да бекитилген. Иш жүзүндө мындан да көбүрөөк болот деп күтпөй эле койсо болот, себеби бюджетти талкуулоого катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндүктөн, катышууну каалагандар ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууда. Бирок угуулар бюджетке сунуштарды киргизүүгө гана шарт түзөт, ал эми чечимдерди ЖӨБ органдары кабыл алат, ошондуктан кээде жарандар бюджеттик процесске катышуудан канааттанбай кала беришет. Бардык сунуштарды аткарууга каражат тартыш болгондуктан, көптөгөн маселелер жана көйгөйлөр белгисиз мөөнөткө жылдырылууда. Ошол эле учурда көптөгөн жарандар жана алардын демилгелүү топтору өз жамаатынын аймагында ЖӨБ органдары менен биргелешип чакан жана ири долбоорлорду ишке ашырууга өздөрү да катышууга даяр.
Бул азыртадан эле чакан долбоорлорго карата мүмкүн – жарандардын жергиликтүү демилгелерин жергиликтүү бюджеттен каржылоонун ченемдик укуктук база менен бекитилген механизми аркылуу ишке ашырса болот (жергиликтүү бюджет товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылай алат). Бирок жашоочулар чоңураак долбоорду ишке ашыруу үчүн муниципалитет менен биргеликте күч-аракеттерин бириктирүүнү кааласа эмне кылыш керек? Албетте, мындай долбоорлордун мисалдары көп, бирок ар бир конкреттүү учурда ЖӨБ органы жана жарандар биргелешип ишке ашыруунун өз формаларын издешээри турган иш. Ошол эле учурда дүйнөлүк практикада түрдүү масштабдагы жана багыттагы биргелешкен долбоорлорду туруктуу жана бекем укуктук негизде ишке ашырууга жол берген механизм кеңири жана жигердүү колдонулуп келүүдө. Кеп “Демилгелүү бюджет” механизми1 тууралуу болууда. Бул механизм Европа жана Америка континенттеринде гана эмес, Кыргызстандын эң жакын коңшулары болгон Казакстанда, Өзбекстанда жана Орусияда да жакшы белгилүү. Бул механизм кантип колдонулаарын “Муниципалитет” журналынын окурмандарына Бюджеттик чечимдер институтунун адистери айтып беришет. Аталган уюм Орусияда демилгелүү бюджетти ишке ашырууга маалыматтык жардам көрсөткөн.
Жарандардын коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз катышуу укугу негизги конституциялык укуктардын бири болуп саналат. “Демилгелүү бюджет” ушул укукту ишке ашырган механизмдердин бири болуп саналат.
“Демилгелүү бюджет” механизми (мындан ары – ДБ) калктын тикелей катышуусу менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын бир бөлүгүн бөлүштүрүүгө шарт түзөт. ДБ механизми аркылуу мисалы, айылдык клубду оңдоо, балдар аянтчасын куруу, эс алуу жайларын көрктөндүрүү өңдүү жергиликтүү жамаат сунуш кылган долбоорлор ишке ашырылат.
Ар кайсы өлкөлөрдө ДБны уюштурууда ар кандай ыкмалар колдонулат, бирок жалпысынан ДБнын долбоордук циклинин төмөнкүдөй жалпы мүнөздөмөлөрү бар.
1-кадам. Муниципалитеттин жашоочусу же тургундар тобу идеяны ойлоп таап, аны ишке ашыруу үчүн долбоорду даярдашат.
2-кадам. Долбоордун демилгечилери тарапкерлерди издей башташат. Муну кошуналар менен акылдашып, мессенджерлер, социалдык тармактар ж.б. аркылуу жасаса болот.
3-кадам. Төмөндө талкуулана турган Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же ДБнын долбоордук борборлорунун жардамы менен тургундар арасында долбоорлорду алдын ала тандап алуунун түрдүү формалары уюштурулат (бул жөнүндө төмөндө кененирээк айтып беребиз). Алдын ала тандоону тургундардын чогулушунда же жыйынында добуш берүү же кол топтоо жолу менен жасаса болот. Бул этапта келечекте ишке ашпай турганы белгилүү болгон долбоорлор иргелет – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирбеген, ошондой эле жергиликтүү бюджеттеги каражат жетпей турган долбоорлор четке кагылат.
4-кадам. Алдын ала тандалган долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен жашоочулар тарабынан даярдала баштайт. Адегенде долбоордун наркын баалап чыгып, долбоорду каржылоонун мүмкүн болгон кошумча (бюджеттик каражаттардан тышкары) формаларын аныктап алуу зарыл, мисалы:
- ишкерлер бөлгөн каражаттар;
- жашоочулардын чакан ыктыярдуу салымдары;
- жашоочулар долбоордун алкагында жасаган иши үчүн акы албайт;
- мүлктүк катышуу (транспорт, курулуш техникаларын, курулуш материалдарын ж.б. беришет).
5-кадам. Алдын ала иштелип чыккан долбоорлор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет, мында долбоорлор бир катар багыттар боюнча текшерилет, мисалы:
- долбоордун темасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына шайкештиги;
- жергиликтүү бюджеттин бул долбоорду каржылоо мүмкүнчүлүгү;
- долбоорду ишке ашырууда тоскоолдуктардын жоктугу (мисалы, калктуу конушту өнүктүрүү планында долбоор ишке ашырылчу аймакты башка максаттар үчүн пайдалануу каралган эмес, тургундар тандап алган аймакта долбоорду ишке ашыруу курулуш-санитардык талаптарга ылайык келбейт ж.б.).
6-кадам. Эгерде бир нече долбоор сунушталса, долбоорлор конкурстун негизинде тандалып алынышы мүмкүн. Конкурстук тандоо критерийлери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- долбоордун социалдык мааниси;
- бенефициарлардын саны;
- долбоорду ишкерлер жана/же жашоочулар биргелешип каржылаган деңгээли;
- акы төлөнбөгөн эмгектин жана/же мүлктүк катышуунун деңгээли ж.б.
7-кадам. Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, жеңүүчү болгон долбоор үчүн долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү (зарыл болгон учурда). Долбоорду иштеп чыгуунун бул баскычына эксперттер – долбоорду ишке ашыруу жаатындагы адистер, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери коомдук башталышта катышат.
8-кадам. Сатып алуулардын жүрүшүндө подрядчыны тандап алуу.
9-кадам. Долбоордун ишке ашырылышына тургундардын коомдук көзөмөлү. Ошентип, демилгелүү бюджет түзүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулардан жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууларынан олуттуу түрдө айырмаланат. Коомдук угуулардын жана кайрылуулардын алкагында жарандар сунуштарын гана айтып тим болот, ал эми чечимди депутаттар кабыл алат. Демилгелүү бюджет түзүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча жарандар тандап алган долбоорлорду ишке ашырууга милдеттүү болушат. Бирок шарты да бар: эгерде бул долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кирсе жана аны бюджеттин эсебинен ишке ашырууга мүмкүн болуп, бюджеттен тышкаркы булактар табылса гана мүмкүн болот. Мындан тышкары, көпчүлүк учурларда жашоочулардын демилгелүү бюджетке катышуусу жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын бир бөлүгүн сарптоонун багыттары боюнча сунуштарды киргизүү менен эле чектелбейт – жашоочулар тигил же бул формада өздөрү сунуштаган долбоорлорун ишке ашырууга катышып, алардын аткарылышын көзөмөлдөшөт.
Баары эмнеден башталган? Демилгелүү бюджеттин башаты
Демилгелүү бюджеттин жалпыга таанылган “мекени” болуп Порту-Алегри (Бразилия) эсептелет, себеби дал ушул шаарда биринчи жолу коомдук бирикмелер жана жергиликтүү бийлик органдары биргелешип, шаардык Regimento Interno (Ички Устав) деген документти иштеп чыгып, бекитишкен. Бул документте коомдук катышуунун тийиштүү эрежелери камтылган. Бул окуя 1989-жылы болгон.
Эмне үчүн Порту-Алегри шаарынын бийлигинде бюджетти бөлүштүрүүгө жарандарды тартуу зарылчылыгы жаралган эле? Мунун бир нече себеби бар.
1990-жылдардын башында Бразилияда жакырлар менен байлардын, саясий элита менен карапайым шайлоочулардын ортосундагы айырма өтө чоң эле. Демилгелүү бюджетти киргизүү бюджетти даярдоо жана анын аткарылышын көзөмөлдөө процессине калктын калың катмарын тартуунун эсебинен социалдык тирешти жумшартуунун ыкмасы эле.
Мындан тышкары, Порту-Алегриде бир жарым миллионго жакын адам жашайт. Шаардык кеңеш 36 депутаттан турат, б.а. ар бир депутатка 40 миңден ашык адам туура келет. Бул болсо депутат физикалык жактан ар бир шайлоочу менен толук байланышты камсыз кыла албайт дегенди билдирет. Демилгелүү бюджеттөө бийлик менен коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн альтернативалуу механизми болуп калды, бул механизм жарандарга бюджеттин үстүнөн биргелешип иштөө процессинде өздөрүнүн муктаждыктары жөнүндө бийликке тикелей маалымат берүүгө шарт түзөт.
Порту-Алегринин тажрыйбасы ийгиликтүү деп табылып, Бразилиянын башка шаарларына, андан соң Аргентинада, Уругвайда, Перуда, Эквадордо, Колумбияда, Боливияда, Мексикада жана Чилиде, андан соң бүткүл дүйнөдө жайыла баштаган1. Жергиликтүү деңгээлде демилгелүү бюджетти түзүү дүйнөнүн бардык континенттеринде жайгашкан 100дөн ашык өлкөсүндө (7000ден ашык калктуу конушта) ишке ашырылып келет. Постсоветтик мейкиндикте Балтика боюндагы өлкөлөрдөн тышкары, Армения, Грузия, Казакстан2, Молдова, Орусия, Украина жана Өзбекстан3 дагы демилгелүү бюджетти киргизүүдө.
Эмне үчүн демилгелүү бюджет мынчалык популярдуулукка ээ болду?
Бир караганда, демилгелүү бюджеттөөдөн жарандар гана пайда көргөндөй: жарандар мындай жол менен муниципалитетти өнүктүрүүдө өздөрү үчүн актуалдуу болгон көйгөйлөрдү чече алышат. ДБнын долбоордук циклинин сүрөттөлүшүнөн көрүнүп тургандай, жарандар долбоорду даярдоого жана анын ишке ашырылышына көзөмөл жүргүзүүгө олуттуу күч жумшайт. Ошону менен кошо бир катар учурларда жарандар акчалай салым кошуп, мүлктү (мисалы, транспортту) менчикке же төлөнбөгөн ижарага берүү жолу менен долбоорду ишке ашырууга катышкан учурлар аз эмес.
___________
1 Ар кайсы өлкөлөрдө бул механизмдин түрдүү аныктамалары колдонулат, бирок мындан аны маңызы өзгөрүп кетпейт. Айталы, “Партисипативдүү бюджет”, “Катышуу бюджети” “Бюджетти биргелешип пландаштыруу” деген терминдер колдонулуп келет.
Окшош материалы:
-
№12 (146) / 2023-12-10 Шаар тургундарына караганда элеттиктер коомдук бюджеттик угууларга көбүрөөк катышат, бирок экөөндө тең бюджеттик маалыматты аралыктан алууга мүмкүнчүлүгү бар
-
№5 (127) / 2022-06-01 Жемиштүү өнөктөштүккө карай жол: Кыргызстандын жарандары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы өз ара мамилелердин эволюциясы
-
№3 (125) / 2022-04-23 Кичи коомдук кеңеш – мигранттардын маалымат жардамчысы
-
№3 (125) / 2022-04-23 Жергиликтүү бюджеттин долбоорун гендердик өңүтүнө өзгөчө көңүл буруп талкуулоо
-
№2 (124) / 2022-02-14 Аялуу адамдарга кам көрүү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдети
-
№2 (124) / 2022-02-10 ЖӨБ органдары жарандардын пикирине көбүрөөк кулак төшөй башташты, буга жооп катары жарандардын бюджеттик процесске катышуусунан алган канааттануусу да көбөйүүдө
-
№2 (124) / 2022-02-10 Бюджеттик процесске катышуу ЖӨБ менен жарандар ортосундагы ишенимди “цементтейт”
-
№5 (115) / 2021-05-21 ЖӨБ органынын коммуникациялык стратегиясы калктын колдоосуна ээ болууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө да жардам берет