Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аялуу адамдарга кам көрүү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдети

2022-02-14 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Аялуу адамдарга кам көрүү –  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдети

Ар бир айылдык аймакта жашоо шарты оор адамдар бар. Алар биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жардамына муктаж болуп турушат.

Ийгиликтүү муниципалитет ар дайым муктаж болгондорду колдоого умтулат. Социалдык жактан аялуу жарандарга даректелген каражаттар ачык-айкын бөлүштүрүлсө, анда бул жакшы көрүнүш. Буга айыл өкмөттүн бир жылдык бюджети ачык талкууланган угуулар көмөктөшүүдө. Бюджеттик угуулар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин милдеттүү формасы катары киргизилгенден бери мындай угуулар айылдык аймактарда жапырт түрдө өткөрүлүп келүүдө. Бул чара ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен даярдалып, мыйзамдарга киргизилген. Угуулар тургундар менен өз ара аракеттенүүнү жеңилдеткени үчүн иштин бул форматын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө жактырып калышты.

Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү бюджеттик угууларда жыл сайын социалдык жардамды көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү каралып келет. Өткөн жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жыл сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 30 миң сомдон 40 миңге чейин көбөйгөн. Бул жерде жергиликтүү кеңештин депутаттары өтө оор учурларда медициналык операцияларга бюджеттен 50 миң сомго чейин каражат бөлсө болот деп чечкен. Калктын аялуу үй-бүлөлөрүнө көмүр жана ун таратылып турат. Ошондой эле каражат чогултуу үчүн марафондор өткөрүлүп келет. Чогуу жасаган иштердин бири – үй-бүлөсү өрттөн каза болгон адамга жаңы үй куруп беришти. Кырсык бул адамдын беш жакынын алып кетип, ал жалгыз калган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылдык аймагында коомдук угуулар менен кошо жарандардын айыл өкмөтүнүн иштерине катышуусу күчөгөнүн айтышууда. Бул калктын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнөн кабардар болушуна, жалпысынан муниципалитеттин ишине ишеним артышына, кабыл алынган чечимдерге ишенбөөчүлүктүн деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди.

Айрыкча, адамдар социалдык жактан аялуу айылдаштарына кеткен чыгымдардын көбөйүшүнө түшүнүү менен мамиле жасай башташты. Себеби, бюджет дотацияда турат, аймактын курамына жети айыл кирет, бул жерде 22 миң адам жашайт, андыктан жалпы түйшүктөр деле жетиштүү, бирок адамдар кимдерге кандай колдоо көрсөтүлүп жатканынан кабардар болуп калышты. Жергиликтүү бюджеттин чыгашаларындагы ачык-айкындуулук адамдарды мурдагыдан да кайрымдуу болууга түрттү. Багыш айылында кыш мезгилинин алдында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө алты мүшөк көмүр алууга акча бөлүп берүү салтка айланды. Буга чейин айыл өкмөтү көмүрдү өзү сатып алып, таратып жатканда отундун сапатына байланыштуу нааразычылыктарды угуп келген. Ошондуктан акыркы убакта бул адамдар бөлүнгөн каражатка көмүрдү өздөрү сатып алышат. Былтыр мындай жардам 47 кожолукка берилген. Аймакта жалпысынан 11 тоголок жетим бар, алардын эсебине акча түз которулат. Эгерде муктаж болгондор айыл өкмөттөн жардам сурап кайрылса, социалдык комитет өтүнүчтү карап чыгып, беш миң сом бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат. Майыптуулугу бар адамдар угууларга катышып, өз демилгелерин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой демилгелердин натыйжасында коомдук жайларда – мектептерде, медициналык мекемелерде, айыл өкмөттүн өзүндө пандустар орнотулду.

Анткен менен Сузактагы “Асылай коому” коомдук бирикмесинин төрайымы Жумакан ЖАРКУЛОВА калктын аялуу катмарына болгон мамилени өзгөртүү зарыл деп эсептейт. Төрайымдын баамында, аларга эми жүк катары мамиле жасабастан, аларды ресурс, жаратман күч катары кабыл алуу зарыл: “Эгерде коомдо аялуу, жакырчылыктын чегинде жашаган, майыптуулугу бар жарандар, жетимдер көп болсо, ал эми коом бул топтордун бардыгын жүк катары гана кабыл алып келсе, анда мындай коом жакыр бойдон кала берет. Бул адамдар өздөрү да көбүнчө көз каранды болуп жашагысы келбейт, алар өлкөнүн, өз жамаатынын өнүгүшүнө салым кошууга даяр жана муну жасай алышат, – деп эсептейт Жумакан ЖАРКУЛОВА. – Майыптарга белек бербестен, алар өз алдынча акча таап кете тургандай шарттарды түзүп бериш керек.

Майыптуулугу бар балдардын ата-энелери мамлекет берген жөлөкпулдун көлөмүнө же жалпысынан канааттандырарлык эмес жашоо шартына көп таарынышат. Биз жооп катары мамлекет колдон келишинче жардам берип жатканын, алар өздөрү да акча табышы керектигин түшүндүрөбүз. Бирок бул үчүн тиешелүү жумуш орундарын түзүп, бул адамдарга кесиптик билим берип, эмгек көндүмдөрүнө үйрөтүү зарыл! Эгерде үй-бүлөдө кеминде бир майыптуулугу бар баласы болсо, анда бул баланы карап бүтүндөй үй-бүлө отурат. Бирок мындан баланы абалы оңолуп кетпейт да. Жөлөкпул алган үй-бүлө бул акчага “байланып”, баланын өнүгүшүнө көп көңүл бурбай калат. Ата-эне кимдир бирөөдөн жардам күтүп отура бербеши үчүн аларга өнүгүү формуласын түзүп берүү зарыл. Айыл аймактарында реабилитациялык борборлорду ачыш керек. Бала ошол жерде убакыт өткөрсө, үй-бүлөдө акча табууга убактысы болот. Азыркы учурда майыптуулугу бар балдар кадимки мектептерде толук билим алышпайт деп ойлойм.

Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары татыктуу жашоого жол жакшы коляскадан, жолдон жана пандустардан башталарын эстен чыгарбоого тийиш”.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн айылдык аймагы географиялык жактан Бишкекке жакын жайгашкандыктан анын тургундары борбор калаанын кызматынан пайдалана алышат. Анткен менен муниципалитеттин башчысы Найзабек КӨЛБАЕВ аймак социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн өзүнүн инфраструктурасын түзүшү керек деп эсептейт: “Биздин айыл өкмөтү ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, таштанды чыгаруу, жолду жарыктандыруу сыяктуу негизги маселелерди эбак эле чечип алган. Учурда социалдык абаттоо маселелери менен алектенип жатабыз. Биринчи кезекте өзгөчө балдарга көңүл бурдук. Жалпысынан аймакта майыптуулугу бар 160 бала жашайт жана тилекке каршы, алар тиешелүү билим берүүчү жана медициналык кызматтардан пайдалана алышпайт. Өткөн жылы бул балдар үчүн атайын борбор ачалы деп план түзгөнбүз. Бул жерге балдарды ата-энеси калтырып кетмек, балдар медициналык жардам, билим алышат деп пландаганбыз.

Сатып алынган участокто жакын арада курулуш иштери башталат. Ал эми 2022-жылдын 1-сентябрынан тарта билим берүү мекемеси да эшигин ачат. Психологдор, дефектологдор, мугалимдер, дарыгерлер күнү бою балдар менен иштешмекчи. Ал эми ата-энелерде иштеп, акча табууга убакыт табылат. Борбордун иши жергиликтүү бюджеттен да, Чүй облусун өнүктүрүү фондунун грантынын жана Финансы министрлигинин дем берүүчү грантынын эсебинен да каржыланат. Бул долбоорду даярдап жатканда ошолорго кайрылган элек”.

Боорукердикти баяндаган адаттан тыш окуя

... Жамгыр нөшөрлөп жаап жаткан эле. Машинелер бири-бирин кубалап, көлчүктөрдөн өткөн сайын жолдун жээгинде тургандардын баарына суу чачырап жатты. Бака-шака болгон жолдун четинде бир келин башын жерге салып турган эле. Жамгырда калып, башынан аягына чейин суу болду. Кичинекей төрт баласы келиндин этегине жабышып, эмне үчүн бул жерде турганын түшүнө албай улам апасын карап коюшат. Аял болсо балдарын сооротууга алы жок эле, себеби дагы бир баласын – эң кичүүсүн көкүрөгүнө кысып турган. 

– Саламатсыңарбы? Бул жерде эмнеге турасыңар? Суу болуп калыпсыңар го? Машинеге тез отургула, – апталык чогулушка шашып бараткан айыл өкмөт башчы жол боюнда турган балдарды жана энесин алыстан эле көрүп, жакындап келип токтогон.

Аял бир саамга алдастай түшүп, бирок өзүн колго алып, адегенде балдарын отургузуп, андан соң өзү да машинеге отурду...

– Асел менен ошол күнү таанышканбыз, – деп айтып берди Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси Атыркүл ЖУМАБАЕВА. – Келин күйөөсү жана кайненеси менен уруша кетип, Сосновкадагы үйүнөн чыгып кеткен экен. Барар жери жок, балдарын болсо таштап кете алган эмес.

Айыл өкмөтү келинди, балдарын турмуштук оор кырдаалда калган адамдар үчүн атайын курулган чакан батирге жайгаштырган. Батирге көчүп киргенде Асел алтынчы баласын төрөдү, бирок үйүнө кайтып барууну каалаган жок.  

Бул келин биздин убактылуу жашоочубуз болгонуна карабай, райондун эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылып, ар бир баласына жөлөкпул алып бердик. Азыр айына беш миң сомдун тегерегинде акча алат, батирге төлөбөйт, электр жарыгы үчүн гана төлөп турат. Биз анын жолу ачылып, баары жакшы болуп кетет деп үмүттөнөбүз”. 

 

Окшош материалы: