Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Жемиштүү өнөктөштүккө карай жол: Кыргызстандын жарандары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы өз ара мамилелердин эволюциясы
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү бийлик органдарына карата ишеним деңгээлин, жарандардын жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу шарттарына канааттануусун изилдөөнүн жыйынтыгы.
ЖӨБ органдарынын кыйынчылыктары же каталары жөнүндө жүйөлүү пикирлер көп эле айтылып келет. Бирок, алар начар же жакшы иштегени, жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн канчалык натыйжалуу жана жөндөмдүүлүк менен чечип жаткандыгы, шаардын же айылдын жашоо-турмушун оңдоп жатканы тууралуу жарандардын өзүнүн жеке пикири бар. Жарандардын бул пикирлери менен таанышып, изилдеп, ага жооп иретинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактарды өнүктүрүү жаатындагы улуттук саясатты, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алып жаткан чечимдерди тууралоо өтө маанилүү. Эгерде жергиликтүү саясатчылар - жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБ органдарынын жетекчилери калктын өздөрүнө карата мамилесинин мындай “коомдук температурасын” этибарга алышпаса, коомдун социалдык туруктуулугу коркунучта калат. Ошондой эле улуттук деңгээлдеги саясатчылар да коомдун маанайын баамдай алышы керек - дал ушул саясатчылардан жарандардын ЖӨБгө болгон мамилеси көп жагынан көз каранды, себеби дал ушул улутук саясатчылар ЖӨБ органдары үчүн иштөө шарттарын түзүп беришет. Кыргыз Республикасы 2010-жылы эле курч кырдаалды башынан өткөргөн: элдин бийликке нааразычылыгы негизинен жергиликтүү бийлик органдарынын толук алсыздыгынан келип чыккан, себеби башкарууну барган сайын борборлоштуруунун натыйжасында жергиликтүү бийлик жамааттардын кызыкчылыгы үчүн иштеп бере турган ыйгарым укуктарынан жана каражаттарынан ажыраган. 2020-жылдагы окуялар да бир чындыкты ачыкка чыгарды: элет жамааттарындагы өзгөрүүлөрдүн ыргагы жай болуп, борбор берген убадалар аткарылат деген үмүт акталбай, мындан улам элдин көңүлү калса, мунун баары чоң саясий өзгөрүүлөрдүн катализатору болушу ыктымал.
Өнүктүрүү саясат институту ар кандай долбоорлордун алкагында жана өз демилгеси менен көп жылдардан бери жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата мамилесин изилдеп келатат. 2020-2021-жылдары Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун буюртмасы менен “Erfolg Consult” ЖЧКсы социологиялык изилдөө жүргүзгөн. “Erfolg Consult” ЖЧКсы менен ӨСИ биргелешип жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын талдоонун жүрүшүндө буга чейин түрдүү долбоорлордун алкагында өткөрүлгөн сурамжылоолор маалында алынган маалыматтар колдонулду.
Изилдөө ЖӨБ органдарын жана алардын калк менен өз ара мамилелерин камтыган система катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы пикирин алуу, аны изилдөө жана аналитикалык жол менен чечмелөө максатын көздөдү. ЖӨБ органдарынын ишинин жыйынтыктары, отчеттуулугу жана ачыктыгы сыяктуу системанын өңүттөрү; ЖӨБ органдарындагы коррупциянын деңгээли жана бул органдарга элдин ишениминин деңгээли; ЖӨБ органдары көрсөткөн кызматтарга канааттануу деңгээли ж.б. изилденген.
“Муниципалитет” журналы ошол изилдөөнүн кыскача жыйынтыгын жарыялоону чечти. Басылма жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде чечим кабыл алган адамдарга, изилдөөчүлөргө, өкмөттүк эмес уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына даректелет.
Бул отчеттун орус, кыргыз жана англис тилдериндеги толук электрондук версиясы, ошондой эле “Erfolg Consult” ЖЧКсынын отчетунун версиясы www.vap.kg жана www.dpi.kg сайттарында жарыяланды.
ЖАРАНДАРДЫН КАБЫЛДООСУНДА ЖӨБ ОРГАНДАРЫНЫН ЭЛЕСИ
- Жарандардын күтүүсүнө жооп берүү мүмкүнчүлүгү чектелүүлүгү болгону ЖӨБ органдарынын имиджине терс таасирин тийгизүүдө
Жарандардын ЖӨБ органдарына болгон мамилеси ЖӨБ органдарынын жамааттардын көйгөйлөрүн чечүүдөгү финансылык мүмкүнчүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. ЖӨБ органдары чектелген шарттарда иштеп жатышат, ыйгарым укуктардын көлөмү жана аларды аткаруу үчүн каржылоонун чектелүү болгону бул көйгөйлөрдүн ичинен негизгилери болуп саналат. Мындан улам ЖӨБ органдарына карата жарандардын терс эмоцияларынын динамикасы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин динамикасын салыштыруу туура болот. А диаграммасы ЖӨБгө карата терс эмоцияларды сезген жарандардын үлүшү менен жергиликтүү бюджеттердин жалпы көлөмүнүн ортосундагы өз ара байланышты чагылдырат: жергиликтүү бюджеттердин кирешелери канчалык аз болсо, жарандар ошончолук катуу көңүлү калганын жана кыжырданганын сезишет. Тескерисинче, киреше канчалык көп болсо, бул жарандардын маанайына жана сезимдерине оң таасирин тийгизет. Бюджеттин жана жарандардын ЖӨБгө болгон мамилесинин байланышы жөнүндө дагы даанараак түшүнүк Б диаграммасында берилген, бул диаграмма жергиликтүү бюджеттердин көлөмү менен жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине канааттанбоо деңгээлинин ортосундагы байланышты чагылдырып турат. Дээрлик 15 жылдан бери бир мыйзам ченемдүү көрүнүш байкалып келүүдө: жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин деңгээлиндеги өзгөрүүлөр канааттанбоо деңгээлиндеги өзгөрүүлөргө таасирин тийгизет. Бул өтө маанилүү саясий салыштыруу, себеби жергиликтүү бийликтин ишине канааттанбоо жалпысынан бийликке карата нааразылыкка себепчи болот. Бул 2010-жылы ачык байкалган, себеби 2008-2009-жылдары ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары жана бюджеттери кескин түрдө кыскартылгандыктан, алар алсыз болуп, жер-жерлерде жашоо шарты эч оңолбой, бул элдин нааразычылыгын жараткан. Ошондуктан, жергиликтүү бюджеттердин жетишсиз каржылануусу кооптуу, ал социалдык туруктуулукка коркунуч жаратат.
А диаграммасы. 2015-2021-жылдары ЖӨБ органдарына терс эмоцияларды сезген жарандардын үлүшүнүн динамикасы жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин динамикасы
В диаграммасы. 2007-2021-жылдары ЖӨБ органдарынын ишине канааттанбоо деңгээлинин динамикасы жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелер көлөмүнүн динамикасы
Жарандар ЖӨБ органдарына болгон мамилесин аныктоодо кыйналышат, алар өздөрүнө көбүрөөк таянышат. 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынын көбүндө ЖӨБ органдарына карата позитивдүү эмоциялар – шыктануу жана оптимизм бар болчу. Бирок, ЖӨБ органдарына карата эч кандай эмоцияны сезбеген жарандардын үлүшү туруктуу өсүп отуруп, 2021-жылы он жылдык тарыхта биринчи жолу позитивдүү жана терс көз караштагы адамдардын үлүшүнөн ашып кетти. ЖӨБ органдарына карата эч кандай эмоцияны сезбегендердин үлүшү дээрлик 40% жетти, бул 2015-жылга салыштырмалуу дээрлик 4 эсе көп дегенди билдирет. Бул барган сайын көбүрөөк адамдар жамааттын жашоо шартын жергиликтүү бийликтин иши менен байланыштырбай, өзүнө гана таяна баштаганынан кабар берет.
Жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине канааттануу деңгээли азыр жогору болсо да, акырындык менен төмөндөп жатат. ЖӨБдүн аткаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүнө толук же жарым-жартылай канааттанган жарандардын үлүшү жогору бойдон калууда жана 75,4 пайызды түзөт, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын ар бир төрт жаранынын үчөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине кандайдыр бир деңгээлде канааттанышат. Бирок 2018-жылга салыштырмалуу 2021-жылы бул көрсөткүч 5,6 пайызга азайган. Жергиликтүү кеңештер менен өз ара аракеттенүүгө канааттанган жарандардын үлүшү да жогору, бирок мэриялар жана айыл өкмөттөрүнө караганда азыраак. Жергиликтүү кеңештер менен байланышка канааттангандар 71, 6% болсо, мэрия жана айыл өкмөтүнө карата канааттануу 75,4 пайызды түзөт.
- ЖӨБ органдарына болгон кызыгуу жана ишеним жарандардын бийликке болгон ишениминин жалпы төмөндөшүнүн фонунда азайып баратат, бирок башка институттарга салыштырмалуу бул жайыраак байкалууда
Кыргызстандын жарандарынын ЖӨБ органдарынын ишине болгон кызыгуусу жогору бойдон калууда, бирок акырындык менен төмөндөөдө. Жарандардын ЖӨБ органдарынын ишине болгон кызыгуусу жалпысынан акыркы он беш жылдын ичинде (сурамжылоо жүргүзүлө баштагандан бери) туруктуу түрдө жогору болуп келген. Иш жүзүндө Кыргызстандын төрт жаранынын үчөө тигил же бул деңгээлде ЖӨБдүн иштерине кызыгышат, ал эми жигердүү кызыккандар азыраак кызыккандарга караганда дайыма бир жарым-эки эсе көп болчу. Бирок 2012-жылга чейин жарандардын кызыгуусунда туруктуу өсүш байкалып, андан соң акырындык менен, бирок туруктуу түрдө төмөндөй баштады жана 2021-жылы 77 пайызды түздү.
ЖӨБ органдарына болгон ишенимдин деңгээли салыштырмалуу жогору бойдон калууда, азайса да, андан башка институттарга болгон ишеним деңгээлине караганда бир аз азыраак даражада. 2020-жылга салыштырмалуу Президенттин Аппаратын, Өкмөттү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин кошпогондо, бардык бийлик институттарына жана негизги кызмат көрсөтүүлөргө ишеним деңгээли төмөндөдү. ЖӨБ органдары рейтингдин ортосунда өз позицияларын сактап кала берүүдө, ишеним деңгээлинин төмөндөшү билим берүү, саламаттыкты сактоо жана диний институттарга салыштырмалуу азыраак, бул үч тармакта ишеним деңгээли жарым пунктка төмөндөгөн. ЖӨБ органдарына ишеним деңгээлинин бир аз төмөндөшү (-0,13 балл) биринчиден, жалпысынан жарандардын бийликке ишениминин төмөндөшүнүн жалпы тенденциясы менен, экинчиден, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясына калктын канааттанбоосу менен шартталган, ошондой эле жергиликтүү шайлоонун партиялык системасына ишенбестик буга себепчи болгон. ЖӨБдүн аткаруу органдары – мэриялар жана айыл өкмөттөрү менен өз ара аракеттенүүсүнө канааттануу жергиликтүү кеңештерге караганда жогору болгонуна карабастан, келечекте жарандардын басымдуу бөлүгү ЖӨБдүн аткаруу органдарынын башчыларын түз шайлагысы келет.
Жергиликтүү саясатчылар азыраак таанымал болуп калышты. 2015-жылдан бери ЖӨБдүн аткаруу органдарынын жетекчилеринин таанымалдыгынын төмөндөшүнүн туруктуу тенденциясы байкалууда. Жарандардын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү саясатчыларды – жетекчилерди, мэрлерди жана депутаттарды тааныса да, бул көрсөткүч 2015-жылы 92,2% болсо, 2021-жылы 67,7 пайызга чейин түшүп кетти. Жарандар ЖӨБдүн аткаруу органынын башчысын тикелей тандап албаган кыйыр шайлоо системасын эске алуу менен, жергиликтүү лидерлер түз шайлоо системасын киргизген учурда гана тааныла баштайт деп күтсө болот. Мындай шайлоодо жеңген саясатчылардын “чуулгандуу” шайлоо өнөктүктөрүнөн кийин калктын 90, ал тургай 100 пайызы, кары-жаш дебей, баары таанып калат.
Социалдык тармактар барган сайын ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтын популярдуу булагына айланып баратат. Мурда эң популярдуу маалымат булагы бейформалдуу болчу – достордон, туугандардан жана кесиптештерден маалымат алышчу (2015-жылы 35 пайыздан ашык жана 2021-жылы 16,6% гана), ал эми 2021-жылы социалдык тармактар популярдуулугу боюнча биринчи орунга чыккан (18,9%), мында маалымат да адатта бейрасмий эмес мүнөзгө ээ болот. Социалдык тармактар буга чейин эл көп чогулган жерлерден – базарлардан, жарманкелерден, чогулуштардан жана кварталдык жолугушуулардан ашып кетишти, бул жакта ушак-айың менен катар ЖӨБ органдары жайгаштырган расмий маалыматтар да көп талкууга алынат. COVID-19 пандемиясына байланыштуу социалдык тармактардын ролу кескин күчөдү, чектөөлөр киргизилген маалда достор менен жолугушууга, кварталдардын жана жарандардын чогулушун өткөрүүгө мүмкүн эмес болчу, бирок алар мурда, тескерисинче, ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтын негизги булагы болгон. Социалдык тармактар жарандарга көп түрдүү пикирлер менен тааныша алуу мүмкүнчүлүгүн берет, бул жарандарга сынчыл ой-жүгүртүүнү калыптандырууга көмөктөшөт, бирок ошол эле маалда жалган маалыматтардын жайылышына түрткү болот. Бул ЖӨБ органдары үчүн чакырык да, мүмкүнчүлүк да болуп калды, маалыматтык чөйрөдө жарандардын адекваттуу мамилесин сактап калуу үчүн ЖӨБ органдарын социалдык тармактарды колдонуу технологияларын өздөштүрүүгө түрттү.
____________
1 Жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин жыйынды көлөмү 2020-жылы жазында Кыргыз Республикасынын бюджети кыскаргандан кийин план боюнча чыгарылат.
Окшош материалы:
-
№12 (146) / 2023-12-10 Шаар тургундарына караганда элеттиктер коомдук бюджеттик угууларга көбүрөөк катышат, бирок экөөндө тең бюджеттик маалыматты аралыктан алууга мүмкүнчүлүгү бар
-
№4 (126) / 2022-05-09 Демилгелүү бюджет: жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун кийинки этабы
-
№3 (125) / 2022-04-23 Кичи коомдук кеңеш – мигранттардын маалымат жардамчысы
-
№3 (125) / 2022-04-23 Жергиликтүү бюджеттин долбоорун гендердик өңүтүнө өзгөчө көңүл буруп талкуулоо
-
№2 (124) / 2022-02-14 Аялуу адамдарга кам көрүү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдети
-
№2 (124) / 2022-02-10 ЖӨБ органдары жарандардын пикирине көбүрөөк кулак төшөй башташты, буга жооп катары жарандардын бюджеттик процесске катышуусунан алган канааттануусу да көбөйүүдө
-
№2 (124) / 2022-02-10 Бюджеттик процесске катышуу ЖӨБ менен жарандар ортосундагы ишенимди “цементтейт”
-
№5 (115) / 2021-05-21 ЖӨБ органынын коммуникациялык стратегиясы калктын колдоосуна ээ болууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө да жардам берет