2016-01-22 / ЖӨБ ресурстары
Жалпыга белгилүү болгондой, Кыргызстанда көптөгөн пайдалуу кендер боюнча олуттуу запастар бар. Ошол эле маалда тоо-кен казуу чөйрөсү социалдык чыңалуунун ыктымал очогу болуп да келет. Мамлекеттин, инвесторлордун жана жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын теңдештирүү максатында 2014-жылы өкмөт райондун жана облустун деңгээлинде Региондорду өнүктүрүү фонддорунун жаңы “мамлекеттик” форматтарын сунуштады1. Бул макалада Талас облусунун Талас районун өнүктүрүү фондунун мисалында Региондорду өнүктүрүү фонддорунун артыкчылыктары жана ишиндеги кыйынчылыктар каралат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын демилгеси боюнча “Айыл Демилгеси” коомдук бирикмеси аталган Өнүктүрүү фондунун дараметин жогорулатуу үчүн усулдук жардам көрсөткөн. Бул колдоо GIZ уюмунун “Өнүктүрүү үчүн минералдык ресурстар” Программасынын “Талас облусунда Региондорду өнүктүрүү фонддорунун дараметин жогорулатуу” долбоорунун алкагында көрсөтүлгөн.
Жолду көрсөтүүчү катары Талас районун Өнүктүрүү фонду чоң кыйынчылыктарды башынан өткөрдү: Өнүктүрүү фондун башкаруу органдарынын ишин регламенттештирген зарыл документтердин жоктугу; иш өндүрүшүн жүргүзүү маселелери боюнча Өнүктүрүү фонддорун башкаруу курамына кирген адамдарда укуктук квалификациянын жетишсиздиги. Ошондой эле калк арасында артыкчылыктуу демилгелерди тандап алууда, долбоордук документтерди даярдоодо, алардын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн деңгээлинин жетишсиздиги да байкалган. Мындан тышкары “Айыл Демилгеси” КБ жүргүзгөн экспресс-сурамжылоо айрым адамдардын Жерүй кенинин ишине карата терс мамилесин аныктаган. Арыз ээлери – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү. Анткени алардын көбү биринчи жолу долбоордук өтүнмөнү жана долбоордуксметалык документацияны даярдоого карата татаал талаптарга туш болушту.
Айталы, экспресс-сурамжылоо көрсөткөндөй, муниципалитеттердин жакшы долбоордук өтүнмөлөрдү жана бизнес пландарды иштеп чыгуу боюнча шыгын сурамжылоого катышкандардын 40% “орточо” деп бааласа, дагы ушунчасыбул суроого жооп бере алган эмес. Респонденттердин 20% муниципалитеттер жакшы долбоордук өтүнмөлөрдү же бизнес пландарды иштеп чыга аларынан күмөн санайт экен. Тилекке каршы ЖӨБ органдарынын көпчүлүк өкүлдөрү “баарын тең бөлүштүрүү” стереотиптеринен арыла албай, майда-барат “күнүмдүк” көйгөйлөрдүн көз карашы менен ой жүгүртүшөт. Айталы, иш жүзүндө аймактардын социалдык-экономикалык жана экологиялык өнүгүүсүнө, болочок муундун кызыкчылыктарын эсепке алуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуш деңгээлин жогорулатууга узак мөөнөттүү туруктуу таасир тийгизе ала турган долбоордук сунуш форматында да өтүнмөлөр берилген эмес. Респонденттердин баамында, Талас районун өнүктүрүү фондунан калк инфраструктураны өркүндөтүүнү (респонденттердин 30%) жана региондун социалдык өнүгүүсүн (21%) күтөт.
Ошондой эле “жашоочулардын турмуш сапатын жакшыртуу”, “экономикалык жана социалдык программаларды ишке ашыруу”, “элдин байгерчилигин жакшыртуу” жана “калкты сапаттуу таза суу менен камсыздоо” боюнча муктаждыктар айтылган. Аныкталган керектөөлөрдү жана кыйынчылыктарды эсепке алуу менен “Айыл демилгеси” КБнын эксперттери окуу-усулдук иштерди жүргүзүп, Өнүктүрүү фондунун Байкоочулар кеңешинин жана Башкаруусунун мүчөлөрүнүн, ошондой эле Талас районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатуу үчүн консультативдик жардам жана укуктук колдоо көрсөтүштү. Кеп-кеңеш берүүчү жолугушуулардын жана семинарлардын бардык катышуучуларына мындан аркы иштер үчүн зарыл болгон кыргыз жана орус тилдеринде таратып берме электрондук материалдар берилди. Анын ичинде: суроо-жооп форматында “Региондорду өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү үчүн практикалык колдонмо”, “Өнүктүрүү фонду каржылаган долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча” арыз берүүчүлөр үчүн усулдук колдонмо, “Долбоордук өтүнмөнү даярдоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
иш-аракеттеринин” таблицасы жана башкалар.
Бул иштердин жүрүшүндө “Айыл Демилгеси” КБнын эксперттери Региондорду өнүктүрүү фонддорунун артыкчылыктарын аныктап чыгышты. Алар 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жободо” (мындан ары – Типтүү жобо) келтирилген. Анда алардын айрымдарына көңүлүңүздөрдү бурабыз. Бул документке ылайык, Региондорду өнүктүрүү фондунун акча каражаттары жер түпкүрүн колдонуучунун салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрүнүн эсебинен түзүлөт. Ошондуктан алар мамлекеттин бюджеттик акча каражаттары болуп эсептелет. Мындан тышкары Өнүктүрүү фонду донорлордун, демөөрчүлөрдүн ыктыярдуу төгүмдөрүн, мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактарды тартууга укуктуу. Анткен менен Типтүү жободо Өнүктүрүү фондунун акча каражаттарын кайсы максаттарга багыттоонун катаал тизмеги берилген. Буга байланыштуу Региондорду өнүктүрүү фондунун уюмдаштыруучусу катары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар эсептелет.
Өнүктүрүү фонду өзүнүн ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, жергиликтүү коомчулуктун алдындагы отчеттуулук принциптеринде, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин артыкчылыгы, Фонддун каражаттарын максаттуу, рационалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүргүзөт.Типтүү жобо менен Региондорду өнүктүрүү фонддордун шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү жамааттарынын жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерин колдоо үчүн зарыл болгон укуктук талаа түзүлөт. Мисалы, Өнүктүрүү фондунун кароосуна жиберилген долбоорлор айылдык аймактын/шаардын жашоочулары менен талкууланып, андан кийин сөзсүз түрдө жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
Бюджеттик каражаттарды максатсыз жана натыйжасыз пайдаланууну болтурбоо үчүн Типтүү жободо бир катар чаралар каралган. Биринчиден, Өнүктүрүү фондунун башкаруу органдарына коомчулуктун өкүлдөрүн жана жергиликтүү кеңештин төрагаларын кошуу; экинчиден, долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү жамааттын мобилизациясын камсыздоо; үчүнчүдөн, долбоор боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүү; төртүнчүдөн, Өнүктүрүү фондунун ишинин эффективдүүлүгүнө туруктуу мониторингди жүзөгө ашыруу каралган. Бул жумуштардын жүрүшүндө “Айыл Демилгеси” КБ Өнүктүрүү фондунун ишмердигинде кыйынчылыктарды аныктаган, алардын объективдүү себептери бар.
Бул жакында эле кабыл алынган пайдалуу толуктоолорго жана өзгөртүүлөргө2 карабастан, Типтүү жобону ийнине жеткире иштеп чыгуу керектигине байланыштуу. Себеби Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишинин эффективдүүлүгүн камсыздоо үчүн чечилиш керек.Типтүү жобонун 62-пунктуна (“Фонддогу каражаттардын эсебинен каржылоо үчүн долбоордун долбоордук-сметалык жана техникалык документациясын даярдоонун баасы долбоордук өтүнмөнүн бюджетине кошулат”) өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайбыз. Бул муниципалитеттердин жакыр бюджети үчүн олуттуу барьерден өтүүгө жардам берет. Ошондой эле долбоордук өтүнмөнүн долбоордук-сметалык жана техникалык документациясын сапаттуу даярдоо үчүн адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө, зарыл болгон экспертизаларды, макулдашууларды өткөрүү үчүн акча төлөө, ыйгарым укуктуу маморгандардан тиешелүү корутундуларды алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларына мүмкүнчүлүк берет.
Практика көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамаат ушул тапта социалдык мааниси бар, капитал сыйымдуу инфраструктуралык же социалдык-экономикалык долбоорлорду кыска мөөнөттө даярдап, сунуштоого азырынча даяр эмес.Ошондуктан Типтүү жобонун 88-пунктуна1 (Отчеттук жылдын соңуна чейин өздөштүрүлбөгөн Фонддун эсептериндеги бюджеттик каражаттардын калдыктарын депозитке салуу”) өзгөртүүлөрдү киргизүү адилеттүү болмок. Инфраструктуралык, социалдык-экономикалык жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрүн жана мезгилдүүлүгүн эсепке алуу үчүн ушул жылдын ичинде (мисалы: январь жана июль) Өнүктүрүү фондундагы каражаттардын эсебинен долбоорлорду каржылоого кабыл алуунун бир эмес, эки соңку мөөнөтүн белгилөөнү сунуштайбыз. Жобого дагы бир толуктоо киргизүү керек: эгерде инфраструктуралык, же социалдык-экономикалык объект райондук (облустук) мааниге ээ болсо жана анын административдик аймагынын чегинде жайгашса, анда арыз ээси – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы белгиленген лимиттен тышкары (жылына 3 долбоор) кошумча долбоордук өтүнмө берүүгө укугу бар.
Типтүү жобону өркүндөтүүдөн тышкары мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктү толук кандуу өнүктүрүү үчүн так укуктук механизмдерди өзүнчө иштеп чыгуу зарыл. Ошондой эле Өнүктүрүү фондунун инвесторлордун капиталында жана/же инвесторлор менен биргелешип каржылоого чогуу катышуусунун принциптерин ишке ашыруу үчүн укуктук негиздерди түзүү керек. Кен колдонуучулардын салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрүнүн эсебинен түз (Региондорду өнүктүрүү фондунан өтүп) түшкөн акча каражаттарын муниципалитеттер максаттуу, үнөмдүү колдонуусун жана эффективдүү башкаруусун камсыздоо үчүн ЖӨБ органдарына бул жол-жоболордун уюштуруучулук-укуктук жана финансылык регламентациясы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар усулдук жардам бериш керек.Ошентип тиешелүү укуктук шарттарды түзүп,Региондорду өнүктүрүү фондунун башкаруучу органдарынын өкүлдөрүнүн жана муниципалитеттердин (арыз ээлеринин), ошондой эле жергиликтүү жамааттын дараметин жогорулатуу менен Региондорду өнүктүрүү фондунун акча каражаттарын рационалдуу, ачык айкын колдонууну жана Кыргызстан элинин байгерлиги үчүн алардын туруктуу иштешин камсыздаса болот