Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо – бул жөн гана формалдуу документ эмес, ал муниципалитетти туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизги элементи

2024-04-20 / ЖӨБ ресурстары
Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо – бул жөн гана формалдуу документ эмес, ал муниципалитетти туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизги элементи

Бакыт БАЙСАКОВ, 1-компоненттин координатору, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору

Азыркы коомдо муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкаруу маселеси барган сайын актуалдуу болуп баратат. Бул маанисинен алып караганда, жараксыз муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу жол-жобосу өзгөчө мааниге ээ. Ушуга байланыштуу USAIDдин «Ийгиликтүү аймак 2» долбоорунун кызматкерлери ведомстволор аралык комиссиянын курамында Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Типтүү жобону иштеп чыгууга катышышты. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (МКЖӨБМА) 2023-жылдын 2-ноябрындагы №309 буйругу менен бекитилген. 

Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Типтүү жобо иштелип чыккандан кийин ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2023-жылдын 25-декабрындагы №358 буйругу менен бекитилген.

«Буга чейин бекитилген Типтүү жобо актуалдуулугун жоготту, себеби беш жылдын ичинде талаптар, мыйзамдар өзгөрдү, ошондуктан биз бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип жатабыз», - деди МКЖӨБМАнын Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын ЖӨБдүн функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Таалайгүл МАМАСАЛИЕВА.

Бул документтин негизги жоболору жана анын муниципалдык мүлктү башкарууга тийгизген таасири кандай? 

Жобо «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыкты. Ал муниципалдык мүлктүн бардык түрлөрүн камтыйт жана эсептен чыгаруунун жол-жобосун аныктайт, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колундагы маанилүү аспап болуп саналат.

Эсептен чыгаруунун объекттери

Жобого ылайык пайдалуу кызматынын мөөнөтү бүткөн же андан ары пайдаланууга жараксыз мүлк эсептен чыгарылууга тийиш. Ар кандай жагдайлардан улам ээликтен чыккан мүлккө өзгөчө көңүл бурулат. Камакка коюу же өндүрүп алуу объектини эсептен чыгаруунун жол-жобосунан четтете турганын белгилей кетүү зарыл.

Эсептен чыгаруунун тартиби

Жобонун 2-главасы муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруунун тартибин белгилейт. Бул жерде негизги роль жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы түзгөн жумушчу комиссияга берилет. Комиссиянын курамына ар кандай чөйрөлөрдүн өкүлдөрү кирет, бул болсо мүлктүн абалын баалоого комплекстүү мамилени камсыз кылат. Комиссия кеңири ыйгарым укуктарга ээ, анын ичинде мүлктү текшере алат, аны пайдалануунун максатка ылайыктуулугу жана калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат. Өзгөчө техниканы баалоо үчүн адистерди тартуу маанилүү жагдай болуп саналат, бул кабыл алынып жаткан чечимдердин калыстыгын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылат.

Финансылык өңүттөр

Эсептен чыгарылган мүлктү сатуудан алынган акча жергиликтүү бюджетке багытталат, бул болсо муниципалитеттин өнүгүшү үчүн кошумча финансылык ресурстарды түзөт. Бул өңүт эсептен чыгаруу процессинин натыйжалуулугуна гана эмес, ошону менен бирге анын муниципалитеттин финансылык туруктуулугуна да оң таасирин тийгизет.

Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо муниципалдык мүлктү натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колундагы маанилүү аспап да болуп саналат. Аны ишке ашыруу ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшөт, процесстин ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана жергиликтүү жамааттын финансылык туруктуулугуна көмөктөшөт. Бул жөн гана формалдуу документ эмес, ал муниципалитеттин туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизги элементи.

Кыргыз тилиндеги Жобого шилтеме: 

Орус тилиндеги Жобого шилтеме:

  

 

Окшош материалы: