2017-02-21 / ЖӨБ ресурстары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга улам-улам өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам жөнгө салуу предметине шайкеш келбей калганынан кабар берет. Ошондой эле балким мыйзамдын өзүнүн конструкциясы жана концепциясы ЖӨБ аббревиатурасында камтылган көрүнүшкө толук кандуу шайкеш болбой жатышы ыктымал. Мыйзамды жана аны жөнгө салуу предметин изилдөө өтө жетишпей турат. Ал болбогондо мыйзамдын иштиктүүлүгүн баалоонун блиц-усулдарын, мисалы, программалоодо колдонулган объект мамилесинин усулу1 колдонууга аракет жасаса болот. Усул бардык суроолорго жооп бербесе да, мыйзамдагы кандайдыр бир сандык кесикти көрүүгө жол берет. Усулга ылайык, мыйзамдын объекттерге жана мыйзамдын мазмунуна тийгизгентаасири азырынча анализдин алкагынын тышында кала берет.
Анализ объект катары мыйзамдын өзүнө гана көңүлдү бурат. Мыйзам баалоочу тарабынан “кескиленет” – составдык бөлүктөргө бөлүштүрүлүп, кайра чогултулат. Системалуу мамилени колдонуп, объекттерди бөлүп карап2, объекттер ортосундагы байланыш түзүп, мыйзамды кайрадан бүтүн объект катары алып чыгабыз. Ошондой эле анализдин контент усулу колдонулат, текст түрүндөгү маалымат анын предмети болуп эсептелет. Бул усул регулятор мыйзамдын тигил же бул беренесин иштеп чыгууда көздөгөн максаттарды аныктоого жардам берет.Мыйзамда белгиленген жана мыйзам таасирин тийгизген объекттерди аныктоо биринчи кадам болуп эсептелет. Системанын өзөктүк объекттерин жана система менен байланышкан объекттерди таап, ошол объекттерди эсептеп чыгуу зарыл. Мыйзамда ЖӨБ органдарынын системасына өкүлчүлүктүү жана аткаруучу орган кире турганы көрсөтүлгөн.
Анткен менен бул көбүрөөк системанын бир бөлүгү болот. Ошондой эле системага жарандар (жамаат, калк) жана мамлекеттик, башка структуралар да кирет. Буга жараша дал ошол негиз болуп, анын тегерегинде мыйзамга андан ары баалоочу анализ жүлган сандык анализдин маалыматтарынын натыйжасында 4 объект, мыйзамдын 11 главасы жана алардын мамилелерин оргүзүү үчүн маалымат чогултуш керек болот. Схемада көрсөтүлгөн ЖӨБ органдарынын системасы – бул система тууралуу жалпы, бүтүн элес. Жалпыдан жекеге өтүү сандык усулдарды колдонуу жолу менен жүзөгө ашырылат.Мыйзамга жасарноткон 65 берене аныкталган. Сандык усул объекттерге карата Мыйзамдагы беренелердин санын эсептеп чыгууну караштырат (айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш, жамаат жана мамлекеттик, башка структуралар). Жөндөгүч сүрөттөгөн объекттер матрицага киргизилет. Бул матрица Мыйзамдан объекттерди гана эмес, ошону менен бирге алардын ортосундагы мамилелерди да бөлүп чыгууга жардам берген анын баалуулугун түзөт. Мыйзамда 2 өзөктүк объект (өкүлчүлүктүү жана аткаруучу орган) жана ЖӨБ системасына тикелей тиешеси бар 2 тышкы объект (жамаат жана мамлекеттик, башка структуралар) бөлүп каралган. Объекттер ыйгарым укуктардын жана фнкциялардын белгилүү бир көлөмүн алып жүрүүчүлөр болуп эсептелинет.
Объекттер жөндөгүч менен аныкталган. Баалоонун милдеттери системага салып, алардын функциялары жана ыйгарым укуктары реалдуулукка канчалык шайкеш келе турганын аныктоо. Мыйзамда көрсөтүлгөн объекттердин санын эсептеп чыгуу жана ар бир объект боюнча өз өзүнчө кылып матрицага мыйзамдардын беренелерин киргизүү үчүн матрицаны даярдоо бул кадамдын жыйынтыгы болуп эсептелет. Мыйзамдардагы беренелерди матрицада объекттер боюнча бөлүштүрүү экинчи маанилүү кадам болуп эсептелет. Мыйзамда туш тарапка чачыратылган беренелерди функцияларды жана ыйгарым укуктарды алып жүрүүчүлөр боюнча чогултуп чыгуу зарыл. Мисалы, “4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жамаатка тиешелүү. Анткени жөндөгүч жамаат кандай иш-аракеттерди жасай ала турганын сүрөттөйт. “9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясат” “Мамлекеттик органдар” тик тилекесине киргизилет. Себеби мыйзамдын бул беренесинде жөндөгүч мамлекеттик бийлик органдары менен ЖӨБОнун чектешкен жерин сүрөттөйт.Жөндөгүч ЖӨБ органдарынын принциптерин жана кепилдиктерин сүрөттөгөн беренелер бар. Мыйзамдын бул беренелери эки же андан ашык объекттерге тийиштүү.
Алар анализден алып салынды, себеби көздөлүп жаткан абалды сүрөттөйтӨткөрүлгөн мындай классификациялоо мыйзамдын беренелери объекттер ортосундагы сандык мамилелерде кантип бөлүштүрүлгөнүн аныктоого жардам берет. Ошондой эле мыйзамда беренелердин сандык бөлүштүрүлүшү тигил же бул объекттин маанисин көрсөтүп турат. Мыйзамдагы беренелердин санын эсептеп чыгуунун натыйжасында жөндөгүч беренелердин көбүрөөк санын жергиликтүү кеңешке (беренелердин 42%) жана азыраак санын мамлекеттик органдарга (11,8%) киргизген 65 берене ЖӨБ органдарынын системасындагы мамилелерди жөнгө салат. Алардын ичинен беренелердин 42,2% жергиликтүү кеңештин; 28,9% айыл өкмөтүнүн; 17,1% жергиликтүү жамааттын; 11,8% мамлекеттик жана башка уюмдар менен органдардын ишин жөнгө салат. Мыйзамдагы беренелердин 71,1% жергиликтүү кеңеш менен айыл өкмөтүнүн мамилелерин жөнгө салат.
Мыйзамдагы беренелердин 17% гана жергиликтүү жамаатка арналганы өзүнчө бир көйгөй болуп эсептелинет. Анткени дал ошол жергиликтүү жамаат – жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын негизги субъектиси болуп эсептелет. Идеалында дал ушул жергиликтүү жамаат мыйзамда өзөктүк ролду ойнош керек болчу.Бул үчүн ЖӨБ системасында жамааттын ролу тууралуу түшүнүктү өзгөртүү зарыл. Жамаат ЖӨБ органдары үчүн өзөктүк жумуш берүүчү катары чыгат. Жумуш берүүчү катары жамаатта ЖӨБ органдарына таасир тийгизүүнүн рычагдары болууга тийиш. Өкүлчүлүктүү орган тургундардын пикирин эске алуу менен аймактын өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо ыйгарым укуктарына ээ болгон директорлор кеңешинин ролунда чыгат. Айыл өкмөт башчысы – бул айылдык аймактын жашоочуларынын турмуш шартын жакшыртуу үчүн ресурстарды натыйжалуу башкарышы керек болгон менеджер, башкаруучу. Жумуш берүүчү катары, жамаат, жарандардын ЖӨБдө катышуу инструменти аркылуу, ЖӨБ органдарынын саясатын аныктоого тийиш. Бул саясат өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдар аркылуу ишке ашырылат. Бул позициядан алып караганда жөндөгүч ЖӨБ жөнүндө мыйзамдын беренелерин түзүшү керек.
Главалардын структурасына жасалган анализ жана мыйзамдагы беренелердин өз ара байланышта болгону да талдоого жана талкууга жем таштап жатат. Мыйзамдын беренелерин түрдүү негиздер боюнча классификациялоо да мыйзамга анализ жасаганда кызыктуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө.Мисалы, “7-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкарунун аткаруучу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоонун тартиби”. Суроо пайда болот: эмне үчүн айыл өкмөт башчынын кызмат ордуна талапкерди каттоо тууралуу жол-жоболук маселе өзүнчө главада каралган? Каттоо – бул концептуалдык маселе эмес, аны аткаруучу органдын ишин жөнгө салган маселелердин бири катары “Айыл өкмөтү” главасына кошууга деле болот. “11-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин укуктук кепилдиктери” концептуалдык мүнөзгө ээ. Бирок мыйзамды колдонуучулардын укуктук кепилдиктери тууралуу сөз жүрүп жатканда айрым суроолор кала берет: ким (эмне) ишке укуктук кепилдиктерди берет? Мамлекеттен айырмаланып, ЖӨБ органдарынын системасына жамаат кандай кепилдиктери берет? 7-берене жамааттарга катышуу укугун берип, өз эркин түрдүү формаларда билдирүүгө жол ачат.
Ошентсе да аспаптардын сунушталган топтому – курултайлар, чогулуштар (жыйындар) депутаттарды шайлоо, ченем чыгаруучулук – ЖӨБ органдары үчүн пикирлерди эсепке алуунун гана аспаптарды (ченем чыгаруучулукту кошпогондо). Анын үстүнө жамааттын пикири болгону сунуш берүүчү мүнөзгө гана ээ. Ошондуктан сөз пикирлерди эсепке алуунун аспаптары гана жүрүп жаткандыктан же 7-беренени 9-главага кошуш керек, же болбосо жамаатка чечимдерди кабыл алуу процессине катышуунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү менен радикалдуу түрдө аны өзгөртүш керек. “13-берене. 2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбеген уюмдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын берилиши мүмкүн эмес” деген жери бир маанилүү эмес мамилени пайда кылат. 6 беренеге ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумун жергиликтүүкеңештер жана айыл өкмөтү түзөт.
Анда 6-беренеге ылайык, ЖӨБ органдарынын системасына кирбей калган жамааттар өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн белгилүү бир ыйгарым укуктарды ала албай калабы? Анда аутсорсинг жана органдардын өз ыйгарым укуктарын механизм, мисалы, социалдык тапшырык аркылуу өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү кандай болуп калат? Эмне үчүн мамлекет өз ыйгарым укуктарын ЖӨБ органдарына гана эмес, ошону менен бирге бейөкмөт уюмдарга да өткөрүп берүүгө укугу бар болсо, ЖӨБ айрым бир ыйгарым укуктарын жамаатка өткөрүп бере албайт? Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн бийлик булагы катары жергиликтүү жамааттын статусуна карама-каршы келген жокпу? Жогоруда баяндалгандарды жана башка карама-каршылыктарды, суроолорду эсепке алуу менен,жалпы объект мамилесине негизделген мыйзамдын структурасы сунушталат.
Мыйзамдын биринчи үч главасы жалпы бүтүн мамилелерди, өзөктүк идеяларды жана башка концептуалдык нерселерди сүрөттөшү керек. 4-7-главалар объекттерге, ыйгарым укуктарды жана функцияларды алып жүрүүчүлөргө арналууга тийиш. 8-глава ЖӨБ органдар системасынын ресурстук базасы менен байланышта. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу маалымат базасын түзүү кийинки маанилүү кадам болуп эсептелет. Дагы бир нерсеге көз салып туруу маанилүү: убакыттын өтүшү менен ЖӨБО жөнүндө мыйзам кантип өзгөрүүдө? 2011-жылдан 2016-жылга чейинки мезгил үчүн жасалган сандык анализдин жыйынтыктары боюнча, мыйзамга 67 өзгөртүү жана толуктоо киргизилген. Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жөнгө салуу предметине кандай өзгөрүүлөрдү алып келди? Ошентип, мыйзамдын сандык анализине негизделген алдын ала субъективдүү тыянактары төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткаруу зарылчылыЖӨБ жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү динамикасы гын пайда кылат:
-
жөнгө салуу объекттеринин көз карашынан алганда мыйзамдагы главалардын структурасын кайра карап чыгуу;
-
мыйзамдагы главалар жана беренелер ортосундагы өз ара байланышты түзүү;
-
объекттер боюнча ыйгарым укуктарга жана функцияларга анализ жүргүзүү;
-
объекттер боюнча аныктамаларга жана түшүнүктөргө анализ жүргүзүү;
-
мыйзамдын беренелерин объекттер боюнча системалаштыруу.
Кайталайбыз, бул макалада үстүртөдөн жүргүзүлгөн формалдуу объект анализдин жыйынтыктары келтирилди. Мыйзамдагы беренелерге жасалган мазмундуу анализ узак анализди жана маалыматтарды иштеп чыгуу, классификациялоо ж.б. усулдарды талап кылат. Буга карабастан сандык маалымат беренелерге андан кийинки анализ жүргүзүү жана мыйзамды мазмундук жагынан системалаштыруу үчүн жакшы түрткү берет. Сандык анализ мыйзамдагы кемчиликтерди жана объекттер боюнча маалыматты структурага салуу зарылчылыгын көрсөтөт. Объект ыкмасын колдонуу менен мыйзамга жалпысынан мазмундуу анализ жасоо кийинки кадам болуп калышы керек.