2015-01-19 / ЖӨБ ресурстары
2014-жылдын декабрында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Жалал-Абад жана
Ысык-Көл облустарынын ЖӨБ органдарынын жетекчилери жана адистери менен (109 айылдык аймактан 221 катышуучу) жерлерди башкаруу көйгөйүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулады. Талкуу өтө курч болду, бул болсо жерлерди башкарууда жылдар бою чечилбей келаткан көйгөйлөр көп болгонунан, бул жаңжалдарга жана социалдык чыңалууга
алып барып, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн азайтып, жалпысынан муниципалитеттердин өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо шартына терс таасирин тийгизип жатканын кайрадан тастыктады. “Муниципалитет” журналы ЖӨБ органдарынын жетекчилери семинарларда айткан көптөгөн тынчсызданууларды жана башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды жалпылаштырып, өкмөткө жерлерди башкаруу чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү боюнча комплекстик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу өтүнүчү менен кайрылат.
Талкуу төмөнкүдөй маселелерди камтыган семинардын алкагында жүрдү:
-
ЖӨБ органдарынын жерге байланыштуу укуктук мамилелер жаатындагы компетенциялары;
-
калктуу конуштардагы жерлер: жолжоболор, көйгөйлөр жана укук колдонуу практикасы, эффективдүү бизнес-процесстерин куруу;
-
жерлерди трансформациялоо: жолжоболор, көйгөйлөр жана укук колдонуу практикасы, эффективдүү бизнес-процесстерин куруу;
-
Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлери: жол-жоболор,көйгөйлөр жана укук колдонуу практикасы,эффективдүү бизнес-процесстерин куруу.
Жер ресурстарын башкарууда кырдаалга жүргүзүлгөн анализ көрсөткөндөй, көйгөйлөр көп эле жана аларды терең баамдалган мамлекеттик жана муниципалдык саясаттын алкагында чечүү зарыл. Практика ырастагандай, ЖӨБ тараптан жер ресурстарын эффективдүү башкаруу жарандардын укуктарын ишке ашырууга, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн арттырууга, социалдык маселелерди чечүүгө, жерге байланыштуу чатактарды болтурбоого, айыл өкмөтүнүн жарандык коом менен өз ара мамилесин жакшыртууга жана жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкарууга ишенимди арттырууга салым кошмок. Бирок жакшы практика бардык жерде иштеп кетиши үчүн мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тараптан аракеттин болушу зарыл.
Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Чөйрөсүндөгү көйгөйлөр
Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин башкарууда көптөгөн элеттик муниципалитеттер Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун (мындан ары – АЖМФ) жерлерин колдонуунун Келечектүү планын иштеп чыгуу, жерпландоо зоналарын аныктоо, аукциондорду жана инвестициялык конкурстарды өткөрүү, баштапкы ижара акысын аныктоо өңдүү кыйынчылыктарга туш болушат. Айталы, КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген АЖМФ жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү жободо баштапкы ижара акысын аныктоонун так механизми көрсөтүлгөн эмес. Ошондуктан айыл өкмөттүн адистери жана жер комиссиясынын мүчөлөрү аукцион өткөрүү үчүн АЖМФ жер участокторуна баштапкы ижара акысын аныктоодо кыйынчылыкка туш болушат.
Сугарылуучу айдоо жерлери суунун жоктугунан иштетилбей келет. Ошондуктан ирригациялык жана дренаж системаларын калыбына келтирүүдө ыйгарым укуктуу орган – Айыл чарба министрлиги тараптан жардам зарыл. Иш жүзүндө ЖӨБ органдары АЖМФнын бузулган жер участокторуна көп учурда конкурс өткөрө албай келишет. Адамдарды тартпаганы жана аларга эч ким кызыкпаганы үчүн бул жер участоктору иштетилбеген бойдон кала берүүдө. Жеринде кызыкдар адамдардын (инвесторлордун) жоктугуна байланыштуу конкурстарды өткөрүү да түйшүк жаратууда. Инвестициялык конкурстарды өткөрүү боюнча ченем да мындай учурларда иштебейт.Ошондуктан АЖМФнын бузулган жер участокторун башкаруунун жаңы механизмдерин жайылтуу талап кылынат.Калктуу конуштардын жерлерин башкаруу жаатындагы көйгөйлөр Муниципалдык башкаруу органдарында калктуу конуштардын жерлеринин башкы планын даярдоо жана бекитүү маселесин өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгү жана финансы ресурстары болбогондуктан көпчүлүк айыл өкмөттөрү калктуу конуштардын жерлерин башкарууда кыйналышат. Мисалы,Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 129 айыл өкмөттүн ичинен бир гана муниципалитет элеттик калктуу конуштун Башкы планын иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн каражат таба алды. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-беренесинин 2-2-пунктунда көрсөтүлгөн аныктамага ылайык,“башкы план шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери болуп эсептелет”.
Жер кодексинин 18-беренесинин 3-пунктунда “айылдык кеңеш жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык аймактын элеттик калктуу конуштарынын курулуш куруу долбоорлорунун башкы планын бекитет”.Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 77-беренесиндеги жобого ылайык, “калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат жана калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жайжана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт”.
Анткен менен практикада муниципалитеттер жер участокторун калктуу конуштардын чек арасында курулуш куруу үчүн берет. Мунун натыйжасында калктуу конуштардын жер участокторун берүү боюнча жер мыйзамдарындагы ченемдер сакталбай келет.Көпчүлүк айыл өкмөттөрүндө шаар куруу документтери жок болгондуктан калктуу конуштардагы жарандарга жана юридикалык жактарга менчикке же колдонууга берилген жер участокторун тандоо жана бөлүп берүү иштери негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу жагынан алып караганда күмөн туудурат. Бул болсо жерге байланыштуу көптөгөн чатактардын пайда болушуна алып келет.Калктуу конуштардын башкы планынын долбоорун даярдоо маселесин чечүүгө жарандардын укуктарынын кепили жана коргоочусу катары мамлекет кызыкдар болуш керек. Ошону менен бирге маселени иш жүзүндө эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын техникалык колдоосу менен өкмөттүк деңгээлде гана чечүүгө мүмкүн.
Муниципалдык менчикте турган объекттерди башкаруудагы көйгөйлөр
Муниципалитеттер күнүмдүк турмушта дуушар болуп жаткан көйгөйлөрдүн бири – жаңы конуштардагы, башкача айтканда буга чейин айыл чарба багытындагы жерлерден калктуу конуштардын жерлерине трансформацияланган жерлерде инфраструктуранын жоктугу.Көйгөй мыйзамдык деңгээлде анык тескөөнүн жана финансы ресурстарынын жетишсиздигинен улам пайда болууда. Мыйзамдык деңгээлде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жана жоопкерчилиги, инфраструктура объекттери (электр линиялары, ЛЭП, социалдык объекттердин курулушу: бейтапканалар, мектептер, бала бакчалар жана башкалар).
Айыл өкмөттүн өкүлдөрү мыйзам менен белгиленген тартипте муниципалдык менчикте турган объекттерге каттоо жүргүзүү, аларга укук орнотуучу жана укуктарын тастыктоочу документтерди алуу мүмкүн эместигин белгилешет. Мисалы, финансы ресурстарынын жоктугу муниципалдык жерлерге каттоо жүргүзүүгө жол бербей жатат.Бул маселени чечиш үчүн муниципалитеттер муниципалдык менчикти коргоого кызыкдар болуш керек. Мындан улам каржылоо маселесин чечиш үчүн муниципалитеттер башка айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн мыкты практиканы колдоно алмак. Мисалы, Беловодск айыл өкмөтү муниципалитеттин аймагында орун алган бардык объекттерди каттоодон өткөрүү үчүн зарыл болгон акчаны бир заматта таба албагандыктан кыймылсыз мүлк объекттерине каттоону баскычбаскычы менен,бөлүп-бөлүп өткөрүүдө.
Тийиштүү жергиликтүү бюджетти түзүүдө алар муниципалдык менчикте турган объекттерге каттоо жүргүзүү үчүн зарыл сумманы караштырып турат.Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жана каттоо жүргүзүү жерлерди эффективдүү башкаруунун эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө каражаттардын түшүүсүн арттырып, чатактарды болтурбай, муниципалитеттердин укуктарын коргоого жардам берет.
Жерлерди трансформациялоодо көйгөйлөр
Көпчүлүк айыл өкмөттөрү жеке турак жай курулушу үчүн жер алууга жарандардан арыздар көбөйүп жатканын белгилешет. Ошондуктан айыл өкмөттөрү башка категориядагы жерлерди калктуу конуштардын жерлерине трансформациялоо маселесин демилгелеп келатышат. Жерлерди трансформациялоо боюнча мыйзамдардагы ченемдерге ылайык, айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештердин өкүлдөрү жерлерди которуу боюнча зарыл болгон документтерди даярдашат, аларды КР Өкмөтүнө караштуу Республикалык комиссияга жиберишет. Документтер бир нече жолу жиберилсе да өтүнүчкө жооп убагында келбеген учурлар да катталууда. КР Өкмөтүнө караштуу Республикалык комиссия үчүн мыйзамдарда трансформациялоого уруксат берүү же андан баш тартуу үчүн жүйөлөр, өтүнүчтөрдү кароо мөөнөттөрү белгиленген эмес, аталган комиссиянын иш Регламенти кабыл алынган эмес.
Жер ресурстарын башкаруу жаатындагы башка көйгөйлөр
Токой чарбалыгынын карамагына кирген, жер участоктору менен чектелген жайыттардын чек арасын аныктоо жана бекитүү көйгөй бойдон калып келүүдө.Айыл өкмөттөрүнүн көпчүлүк өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде көз карандысыз баалоочулардын жана аукционисттердин жоктугуна даттанышат.Айыл өкмөтүн текшерүүлөрдүн саны көбөйгөн тенденция да байкалууда. Айталы, айыл өкмөт башчылары “жер участокторун ижарага бергенден кийин текшерүүлөр көбөйөт. Айыл өкмөтүнө иштөөгө мүмкүнчүлүк беришпейт” деп белгилешет.
Бардык жерде колдонулуучу пайдалуу кендерди – көмүр, чопо, гравийди – казып алууга жерлерди бөлүп берүү айыл өкмөтүндө кыйынчылыкты жаратууда. Жарандарга тийиштүү уруксаттарды алуу кыйын болгондуктан ошондой жерлер адатта иштетилбеген бойдон кала берүүдө.Документтерди туура толтуруу жөндөмдүүлүгүнө болгон ишенимдин жоктугу да буга чейин өздөштүрүүгө убактылуу берилген аз өнүмдүү айыл чарба жерлерин менчикке өз убагында өткөрүп берүүгө бут тосуп жатат. Аз өнүмдүү жерлерди айыл чарба максаттарында иштетүү шарты менен колдонууга өткөрүп берүү – айдоо жерлеринин жетишсиздиги маселесин жөнгө салууда жакшы чечим. Жерлердин күрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө байланышкан бардык иш-чараларды аткаргандан кийин план боюнча, бул жерлер колдонуучунун менчигине өтүш керек.
Анткен менен ЖӨБ органдарынын дээрлик бардык жетекчилери менчик укугун тариздөөдөн кооптонуп турушат. Анткени буга чейин бул жол-жоболорду аткарып көрүшкөн эмес, аны туура эмес аткарып аламбы,же аткаралбай каламбы деп коркушат жана тартип коргоо органдары тарабынан коюлушу мүмкүн дооматтардан оолак болгусу келет.Айыл өкмөтү ушул маселени чечүүдө чукул жардамга муктаж. Чүй облусунда ар бир алтынчы гектар, Чүй облусунун Панфилов районунда ар бир экинчи гектар, Жайыл районунда ар бир үчүнчү гектар “аз өнүмдүү жерлер” категориясына кирет. Бул болсо ошол аянттарда түшүмдүүлүк 10-80% азайды дегенди түшүндүрөт. Эми республика боюнча канчалык көлөмдөгү айыл чарба продукциясы алынбай калып жатканын элестетүү кыйын деле эмес.
Корутунду сөз
Жер ресурстарын башкаруу жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көйгөйлөрүнө жасалган анализ мындай маселелерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер участогуна укук берүү жана токтотуу боюнча ченемдик актыларды (токтомдорду,чечимдерди ж.б.) кабыл алуусу өңдүү маселе алдыңкы орунда турганын ырастайт.ЖӨБ органдары алар чыгарып жаткан актылар мыйзамдарга шайкеш келишине, ошону менен бирге жер участокторуна укуктарды берүүнүн,өткөрүп берүүнүн жана токтотуунун эрежелери жана жол-жоболору сакталышына; үчүнчү жактардын укуктары жана кызыкчылыктары бузулбашына аракеттенишет. Анткен менен алар бул үчүн зарыл болгон жетиштүү билимге жана тажрыйбага ээ эмес. Ошондуктан же чечим кабыл алууда тайсалдап турушат, же тартип коргоо органдары алардын артынан түшүүсүнө дуушар болушат.
Бул макаланын авторлору мындан ары мамлекеттик жерлерди, муниципалдык менчикте болгон жерлерди башкаруу жана колдонуу боюнча натыйжалуу чараларды жайылтуу жана жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү максатында ченем чыгаруучулук ишин өнүктүрүп, мыйзамдар өркүндөтүүгө, ошондой эле жеке жер колдонуучулукту өнүктүрүү үчүн укуктук жөнгө салууну жакшыртууга жүргүзүлгөн анализ жардам берет деп ишенишет.Маанилүү тыянак – негизги көйгөйлөр жердин алгачкы базарында башталат. Б.а., менчик ээсинен же коомдук бийликтин башкаруучу органынан пайда болот. Формалдуу түрдө бардык көйгөйлөр акт кабыл алууда жер мыйзамдарынын нормаларын жана эрежелерин туура эмес чечмелөөдөн же колдонуудан; жергиликтүү өз алдынча башкаруу ыйгарым укуктарынан аша чаап, же кабыл алуу тартибин жана жол-жобосун бузуу менен акт чыгаргандан башталат.