Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ивановка айыл өкмөтү муниципалдык объекттерге жана жер участокторуна каттоо жүргүзүүгө киришти

2015-01-19 / ЖӨБ ресурстары
Ивановка айыл өкмөтү муниципалдык объекттерге жана жер участокторуна каттоо жүргүзүүгө киришти

2014-жылдын соңунда Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Ивановка айыл өкмөтүнүн муниципалдык кыймылсыз менчикке каттоо жүргүзүү жана менчик укугун мамлекеттик каттоодон өткөрүү демилгесин колдоого алды.

Муниципалитет муниципалдык жерлерди жана курулуштарды идентификациялоо, аларды муниципалдык менчик объекттеринин реестрине киргизүү, жер участокторун үнөмдүү пайдалануу жана коргоо, муниципалдык менчик объекттерин башкаруудан жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн каражатты көбөйтүү максатында бул иш-чаралардын комплексин жүргүзүп жатат.Ивановка айыл өкмөтүнүн жерлерге жана курулуштарга каттоо жүргүзүү жана муниципалдык менчикке каттоо боюнча иш-чараларын ишке ашыруу үчүн Долбоор, Ивановка айыл өкмөтү жана Жерге орноштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ысык-Ата райондук башкармалыгынын (мындан ары – Ысык-Ата Мамкаттоосу) ортосунда үч тараптуу кызматташтык тууралуу Макулдашууга кол коюлду.
 
Ал Макулдашууда катышуучулар каттоо жүргүзүү жана каттоо тартибин, тараптардын милдеттенмелерин, иш чараларды аткаруу мөөнөттөрүн, катталууга тийиш жерлердин жана курулуштардын тизмегин аныктап алышты, кызматташтык тууралуу Макулдашууда жазылган иш-чаралардын аткарылышы үчүн жооптуу болгон Жумушчу топ түзүлдү.Долбоор тараптан муниципалдык жерлерге каттоо жүргүзүү боюнча мол тажрыйбасы бар экспертюристтин кызмат көрсөтүүсү түрүндө техникалык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Ысык-Ата райондук Мамкаттоонун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөө максатында жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.
 
Ушул тапта Ысык-Ата Мамкаттоосу Ивановка айылдык аймагынын территориясында чек араларды аныктоо,макулдашылган Тизмеде көрсөтүлгөн курулуштарды техникалык паспортоштуруу жана объекттерди инструменталдык тасмага тартуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатат.Муниципалитеттин башчысы Мурат БАЙДЫЛДАЕВ каттоо жүргүзүү зарыл экенин, анткени жер жана башка кыймылсыз мүлк жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо, инвестицияларды тартуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан муниципалитет үчүн маанилүү ресурс болуп эсептелерин белгиледи

Окшош материалы: