Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биздикилер Баварияда: тартип мекенине стажировка

2016-06-24 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Биздикилер Баварияда: тартип мекенине стажировка

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана муниципалдык башкаруу системаларын калыптанып калган муниципалдык башкаруу моделдеринин тажрыйбасын эске алуу менен изилдешет. Анын ичине англосаксон, француз жана коммуналдык башкаруу системалары да кирет. Бул үчүн 2015-жылдын күз мезгилинде Кыргызстандын мамлекеттик башкаруусунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 14 өкүлү жана Казакстандын 3 өкүлү Германияга (Баварияга) окуу сапары менен барышты. Бул сапарды КР Өкмөтүнө караштуу Башкаруу академиясы жана Ханнс Зайдель фонду биргелешип уюштурду. Сапар Бавария эркин мамлекетинин мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун бардык деңгээлдерин изилдөө максатында уюштурулду. Бавариянын аянты 70 550 км2 түзөт, анда жашаган калктын саны – 12, 6 млн. киши. Бавария – Германия Федеративдик Республикасын түзгөн 16 федералдык жердин бири. Бавариянын борбор калаасы – 1158-жылы негизделген Мюнхен шаары.

Бавариянын түзүлүшү Сапардын жүрүшүндө окуу киришүү семинарынан башталды. Ал болсо Ханнс Зайдель фондунун билим берүүчү борборлорунун биринде, Вильбад Кройте курорттук жеринде өттү. Бул жерге качандыр бир кезде саламаттыгын чыңдоо үчүн орус императорлору келип турчу. Мына ушул жерде профессор Карл Вайссенбах катышуучуларга Германиядагы мамбашкаруунун негиздери, башкаруу деңгээлдери ортосунда иш-милдеттерди бөлүштүрүү жана алардын ортосундагы өз ара аракеттешүү тууралуу кеңири айтып берди. Германияда муниципалдык башкаруу узакка созулган тарыхый өнүгүүнүн, көп жолку жана бара-бара ишке ашкан рфеормалардын жыйынтыгы.Ошол реформалардын натыйжасында муниципалдык система өзүнүн экономикалык жана уюштуруучулук түпкүлүгүндө заманбап элементтер менен кошо патриархалдык белгилерди да бириктире алды. Конституцияга ылайык, Германияда аймактык башкарууну административдик белгисине жараша бөлүштүрүүнүн беш деңгээли бар – федерация, жерлер, округдар, райондор жана райондор рангындагы шаарлар жана соңку бешинчи деңгээл – жамааттар. Ошентип коммуналдык башкаруунун базалык бирдиги болуп жамааттар, райондор жана шаарлар эсептелет.
 
Бирок Германиянын коммуналдык системасынын алкагында муниципалдык түзүлүш өз алдынча коммуналдык бирдик катары гана эмес, ошону менен бирге кандайдыр бир субрегионалдык түзүлүш катары да түптөлгөн (башкача айтканда шаарларды жана ага тартылган айыл чарба райондорун бириктирет). Заманбап шарттар акыркы жылдары райондор менен жамааттар арасындагы райондордун ичинде башкаруунун орто аралыктагы административдик звенолору пайда болгону менен мүнөздөлөт. Алар өздөрүнө координациялоо жана коммунал-дар аралык кызматташуунун иш-милдеттерин алышкан. Өлкөдө коммуналдык башкаруу түзүмүнө карата талаптар унификацияланган эмес жана жеке өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон жергиликтүү башкаруу органдары бир топ эле. Жерлерде коммуналдык башкаруу органдарынын ишине көз салуу үчүн өкмөттүк округдар бар. Округду өкмөттүк президент башкарат. Аны жердин аткаруучу бийлиги дайындайт, ал болсо округду башкаруу маселелери боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Өкмөттүк аппарат административдик централизм принциптерине негизделген, ал эми төмөнкү звенону райондордун администрациялары жетектейт.
 
Алар өлкөнүн коммуналдык системасынын алдыңкы звеносунун иш-милдетин аткарып, ошол эле маалда административдик мамлекеттик системанын звеносу гана эмес, өз алдынча коммуналдык бирдик да, ошондой эле жамааттардын биримдиги да болуп эсептелет.Шаардык жана элеттик жамааттар Германиянын коммуналдык системасынын төмөнкү звеносун түзөт, алардын өкүлчүлүктүү органы болуп жамааттык кеңеш эсептелет. Германияда муниципалдык администрациялардын типтери шайлануучу жана аткаруучу органдар ортосундагы функционалдык байланыштар менен мүнөздөлөт. Мисалы, райондор – бул башкаруунун коммуналдык бирдиги гана эмес, ошол эле маалда жерлердин административдик-аймактык бирдикте ри да болуп эсептелет. “Райондордун жана шаарлардын аткаруучу бийлигинин башчысы болуп ландрат, же райондук директор эсептелет. Ага кеңири ыйгарым укуктар берилген жана ал муниципалдык түзүлүштөгү бардык коммуналдык иштердин башкы башкаруучусунун иш-милдеттерин аткарат жана бир эле маалда жер администрациясынын агенти ролун да аткарат”1. Коммуналдык кеңештердин сессияларын бургомистрлер, жамааттык директорлор, ландраттар, ошол кеңештердин комитеттери чакыра алат.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерин караган Ички иштер, курулуш жана транспорт министрлигинде ар бир деңгээлдин иши конкреттүү түрдө чектелгенин жана катуу көзөмөлдөнөрүн белгилешти. Ар бир деңгээл өз милдеттенмелерин жана ыйгарым укуктарын так билет, жана ал укуктарды аткаруу үчүн финансы каражаттары да бекитилип берилген. Германияда жамааттар өзүнүн гана эмес, ошондой эле мамлекеттик тапшырмаларды да аткарат.Ошондуктан өзүнүн жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар деп бөлүп карашат. Муниципалдык башкаруу системасынын аткаруучу органдарына аймактагы калктын бакубат турмушу үчүн уюштуруучулук структураны түзүүдө жана иштетүүдө өтө көп эркиндик берилген. Башкаруунун бул муниципалдык аппараты өзүнүн кызмат структурасында финансы, кадрлар, юридикалык 1 Еременко Г.Н. Жергиликтүү өз алдынча башкарунун теориялык негиздери. М., 1998. 9-бет. түзүмдөргө, жамааттык экономиканы, транспортту, саламаттык сактоону, социалдык камсыздоону башкаруунун тармактык органдарына милдеттүү тартипте ээ болууга тийиш.
 
Муниципалдык түзүлүштөрдүн коммуналдык иш-милдеттерине жана ыйгарым укуктарына курулушту жана финансыны пландоо, калкты агартуу жана тейлөө иштерин уюштуруу кирет. Ошондой эле муниципалдык башкаруунун алкагында аларга контролдоо функциялары да бекитилип берилген. Башкаруу функцияларынын басымдуу көпчүлүгү жогорку тепкичтеги коммуналдык органдардын компетенциясына кирет. Ал эми жарымы жамааттарды башкаруу органдарынын жана жогору турган райондордун биргелешкен карамагында турат. Германиянын экономикалык турмушунда жамааттын ролу үч негизги багыттар боюнча ишке ашырылат: мамлекеттик жана жеке ишканалардын чарбалык ишинин жыйынтыктарынын керектөөчүлөрү болот; ишканаларды түзүүдө ишкер болуп эсептелишет; муниципалдык түзүлүштөрдүн аймагында жайгашкан жеке ишканаларга карата административдик-жөнгө салуучу ишти жүзөгө ашырышат.
 
Эң жакын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы – Кыргыз Республикасындагы айылдык аймактын аналогу – гемайнде. Гемайнденин башчысын жашоочулар 6 жылдык мөөнөткө шайлашат жана ал ошол эле маалда кеңештин төрагасы болуп эсептелет. Түз шайлоолордун базасында шайланган башчы бирдейлик принциптеринин негизинде иштейт жана өз жамаатында өтө чоң салмакка ээ. Бирок башчынын өтө кеңири мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик көзөмөл системасы теңдештирип турат. Ага берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жамааттын ыктыярынын контролу жана тармактык (максаттуу) көзөмөл алдында болот. Мамлекет ыктыяр канчалык туура колдонулганын, канчалык максаттуу чечим кабыл алынганын текшерет. Жамааттар болсо көрсөтмөлөргө баш ийет.Эгерде аткарылышы жамаат үчүн кошумча финансы жүктү алып келген мамлекеттик мыйзамдар чыгарылса, анда мамлекетке тийиштүү мамлекеттик финансы каражаттарын берүү боюнча милдеттенме жүктөлөт.
 
Муниципалдык кызматчыларды окутуу Немис кесиптештер окууга өтө көп убакыт бөлөт, уюмдун натыйжалуу ишин камсыздоо, жаңы демилгелерди жайылтуу, ошондой эле муниципалитеттердеги турмуш шартты сапаттуу жагына өзгөртүү үчүн квалификацияны жогорулатуу абдан зарыл деп эсептелет. Ханнс Зайдель Фондунун институтунда жана Бавариянын Башкаруу боюнча жогорку мектебинде ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик башкаруунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу системасы сапардын катышуучуларын абдан таң калтырды. Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунункадрдык көйгөйлөрүн жана керектөөлөрүн эсепке алуу менен бул тажрыйбага кененирээк токтолууну чечтик.
 
Фонддун институтунда жыл башында окуу программасы түзүлөт. Бул программа милдеттүү түрдө сакталат. Квалификацияны жогорулатуудан 16 федералдык жерде иштеген аткаминерлер да, башка өлкөлөрдүн кызматкерлери да өтүшөт. Мамилелердин бекем принциби: эгерде сага тажрыйба керек болсо, анда өзүң демилге көтөр. Бавариянын жогорку мектеби Кыргызстандагы жана Казакстандагы ушул өңдүү институттардан айырмаланып, жеке окуу жайы катары иштейт. Анын беш окуу борбору бар. Штатында 140 кызматкер иштейт. Ошондой эле ар кимиси өз тармагында практика жүргүзгөн 1,5 миң эксперт убактылуу негизде ишке тартылат. Квалификацияны жогорулатуу 1,5 айдан 1 жылга чейин созулат. Жыл сайын мектеп курстар программасын иштеп чыгып, андан кийин аларды өз сайтында жайгаштырат. Мамлекеттик же муниципалдык кызматкер программаны тандап алып, каттоодон өтөт; андан кийин эгерде программа керектүү санда окуудан өтүүнү каалагандарды чогулта алса, программа ырааттамага кирет. Эгерде каалоочулар жетишсиз болсо, окуу кийинкиге калат.
 
Ошондой эле конкреттүү башкаруу органынын буюртмасы боюнча иштелип чыккан программалар да бар. Мектепте окуу акыга жүргүзүлөт жана ал үчүн жумуш берүүчү төлөйт. Ал өз кызматкерин белгилүү бир тема боюнча квалификациясын жогорулатуу максаты менен жиберет. Ушуну менен бирге угуучу эгерде окуудан өтүп, сертификат алса, анда кызматынан жогорулай турганын, же айлык акысы көтөрүлө турганын билет. Гемайнде Дилькеншерб Бардык гемайнденин (айылдык аймактардын) иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары стандарттуу. Өз функцияларын аткаруу конкреттүү жыйынтыкка жетүүгө багытталган. Мамлекет тарабынан укукту колдонуу гана көзөмөлдөнөт. Мамлекет берген функцияларга карата гемайнде үчүн тапшырыкчы – мамлекет тарабынан так буйруктар бар. Гемайнденин жетекчисинин айлык акысы айына 3,5 миң евронун тегерегинде болот.
 
Адистер 2 миңден 2,5 миң еврого чейин алышат.Анткен менен чоң гемайндеде айлык акы айына 9-10 миң еврого чейин жетет. Саны 8ден 80 кишиге чейин жеткен кеңештин мүчөлөрү 6 жылга шайланат. Кеңештин төрагасы же Бургомистр өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдын башчысынын милдеттерин аткарат. Дилькеншерб 20 айылдан турат. Ар бир айылдын өз гимни жана башкаруусу бар. Ар бир айылда Биримдиктер бар – бул тургундар уюштурган бирикмелер. Алар өз демилгеси боюнча түрдүү ишчараларды өткөрүшөт. Жетекчилик жана гемайнде кеңеши жарандардын кызыкчылыктарына кам көргөнүн байкоого болот. Мисалы, гемайнденин көпчүлүк тургундары айыл чарбасы менен алектенип, эко-азыктарды чыгарат. Ушуну менен бирге гемайнде бардык шарттарды түзүп берет: райондогу, облустагы кырдаал тууралуу маалымат берүү менен маалыматтык колдоо көрсөтөт; ишин өнүктүрүү үчүн жер же кошумча участокторду берет; сатык иштерин уюштуруу үчүн шарттарды түзөт.
 
Кыргызстандан барган делегация жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул бийликтен же “тийиштүү жетекчиликтен” да чоңураак экенин көрүштү; ЖӨБ кызмат көрсөтүүлөрдү саясий, социалдык жана экономикалык системаларын кошуу менен пландоо, уюштуруу жана жөнгө салуу методикасын түзүүгө жөндөмдүү.Мисалы, ЖӨБдүн пландоосунун натыйжасында 22 дыйкан биосүт азыктарын жана сырдын катуусортторун чыгаруу үчүн биригишкен. Ошондой эле гемайнденин колдоосу менен алмадан жасалган ликер-арак продукциясын жана түрдүү джемдерди чыгаруу боюнча чарбачылык түзүлдү. Ушуну менен бирге ишкананын кожойкеси ишин баштаардан мурда жогорку окуу жайында беш жыл окуп, төрт жыл лабораторияда иштеп, эки жыл бою жергиликтүү базарды изилдеп чыккан экен. Гемайндеде өзгөчө көңүл жарандык активдүүлүктү колдоого бурулат. Мисалы, гемайнденин өрт өчүрүү бөлүгүндө ыктыярдуу негизде күн сайын нөөмөттө иштеген жаштар бар.
 
Борбор Азиядан барган делегация менен жолуккан активист ыктыярдуу эмгекти жүк катары эмес, ардактуу милдет катары кабыл ала турганын, жамааттын коопсуздугуна өз салымын кошуп жатканына сыймыктанарын айтып берген.Кооперативдик дыйкан чарбалары ар түрдүү социалдык иш-чараларды өткөрүп турат.Мисалы, футбол талаасы курулду; азык-түлүк жана иш үчүн зарыл материалдарды бөлүп берүү менен мектептерге жардам берилет. Коомчулуктун катышуусу эркин мамлекеттин өзөктүк компоненти болуп эсептелет жана ийгилик үчүн чечүүчү мааниге ээ.Бул болсо жеке бирикмелер – көп учурда жамааттар тарабынан колдоо алдында – шаардагы же жамааттагы социалдык, маданий, спорттук жана экономикалык турмушка кам көрүшөт. Ушуну менен жамааттардан (финансылык) жүк алып салынат, ал эми жарандык дух жана бирибирине болгон колдоо күч алат.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, б.а., бүтүндөй мамлекет үчүн жалпы болгон мыйзамдардын алкагында чакан аймактык бирдиктердин автономиясы мамлекеттен эркиндикти эмес, анын ичиндеги эркиндикти билдирет. Ошентип Баварияда өз алдынча башкаруу принциби дуалисттик эмес, демократияны, укуктук мамлекетти, элди жана бийликти “төмөндөн жогору карай” принциби боюнча бириктирүүчү катары чыгат.Сапардын соңунда катышуучулар төмөнкүдөйтыянактарды жасашты:
 
  • муниципалдык башкаруунун тигил же бул механизми тарыхый өзгөчөлүктөрдү, өлкөнүн социалдык-экономикалык багытын, жергиликтүү калктын пикирин эсепке алуу менен аныкталууга тийиш.
  • Натыйжада бул тандоо калктын жалпы кызыкчылыктарды жана керектөөлөрдү ишке ашырууга болгон укугун да, муну менен бирге ошол муниципалдык түзүлүштүн өзгөчө керектөөлөрүн да камсыздаш керек;
  • мыйзамдын алкагында бүтүндөй калкты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу мүмкүн;
  • жергиликтүү аткаминерлер жогорку билимдүү болууга тийиш.