Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эстония Республикасынын жана Латвия Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу, 2-бөлүм

2019-11-22 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Эстония Республикасынын жана Латвия Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу, 2-бөлүм

“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) Кыргызстандын делегациясы үчүн Эстония жана Латвия Республикаларына тажрыйба алмашуу сапарын уюштурду. Бул Долбоорду Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат.

Эстонияга жана Латвияга сапар администрациялык-аймактык реформа, өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тажрыйба менен таанышуу максатында уюштурулду. Кыргызстандык делегацияны Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К. А. БОРОНОВ жетектеп барды. 

ЛАТВИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ

2019-жылдын 25-28-сентябрь күндөрү Кыргызстандан барган делегациянын таанышуу сапары Латвияда уланды. Латвиянын тажрыйбасы менен таанышуунун алкагында делегация:

  • Латвиянын администрациялык-аймактык реформасы – максаттары жана милдеттери, этаптары, жетишкендиктер, көйгөйлөрү жана алынган сабактары менен;
  • борбордук, регионалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын системасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана иш-милдеттери менен;
  • Латвиянын бюджеттик системасы (бюджет аралык мамилелер, трансферттер), салыктарды жана башка кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүү системасы, ЖӨБ органдарына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын каржылануусу менен;
  • Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясы, анын ичинде Латвия Өкмөтү менен сүйлөшүү процессинде Ассоциациянын ролу менен;
  • Видземск, Паргауя муниципалитетинин жана Рига шаарынын мэриясынын пландоо иши менен таанышып чыгышты.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К. БОРОНОВ башында турган кыргызстандык делегация Латвия Республикасынын премьер-министри Артурс Крисянис КАРИНС мырза менен жолугушту. Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясынын төрагасы Гинтс КАМИНСКИС мырза, ЖӨБдүн финансылык көзөмөл жана каржылоо департаментинин директору Инта КОМИСАРЕ айым, Мамлекеттик канцеляриянын директору Янис СИТСКОМСКИС мырза менен жолугушуулар болду. Ошондой эле кыргызстандык делегация Латвия Парламентинде Бюджеттик-финансы комитетинин төрагасы Мартинс БОНДАРС мырза, Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасынын орун басары Улдис БУДРИКИС мырза менен жолугушту. Андан соң делегация Латвиянын муниципалитеттеринин өкүлдөрү – Рига шаарынын мэри Олег БУРОВ мырза жана Паргауя шаарынын мэрия, Видземск пландоо регионунун төрагасы Хардис ВЕНТС мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө делегациянын мүчөлөрү латвиялык кесиптештери менен түрдүү багыттарда өткөрүлгөн реформаларды кеңири талкуулап, өздөрүн кызыктырган темалар боюнча так элес алышты. Жалпы жонунан талкууланган темалар жана маалымат алмашуу бир нече маселенин айланасында болду. Алар: администрациялык-аймактык реформа, борбордук, регионалдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын башкаруу системасы, бюджеттик тутум жана бюджет аралык мамилелер, Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясы менен Өкмөт ортосундагы сүйлөшүүлөр процесси, мамлекеттик башкарууну реформалоодо Мамлекеттик канцеляриянын ролу ж.б.

Латвия Республикасы – парламенттик республика, төрт жылга шайланган бир палаталуу парламент (100 депутат). Парламент пропорционалдык система боюнча шайланат. Парламент: өлкөнүн Президентин; Өкмөтүн (Министрлердин президентин, Министрлер кабинетин, өкмөттүн декларациясын) шайлайт.

Латвиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – жергиликтүү бийлик, ал жарандар шайлаган өкүлчүлүктөрдүн – думалардын ортомчулугу аркылуу жана ал түзгөн органдар жана мекемелер аркылуу мыйзамдар менен белгиленген функциялардын аткарылышын камсыз кылат, ошондой эле мыйзамдар менен белгиленген тартипте Министрлер кабинетинин тапшырмаларын жана өз алдына башкаруулардын ыктыярдуу демилгелерин аткарылышын, мамлекеттин жана тийиштүү администрациялык аймактагы элдин кызыкчылыктары сакталышын камсыз кылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууга шайлоо төрт жылда бир жолу өтүп турат. Думанын депутаттары түз, жалпы, жашыруун добуш берүү жолу менен, 5 пайыздык босого чек менен пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын тизмелери аркылуу) шайланышат. Шайлоодо жергиликтүү жамаат саясий партиялардан талапкерлердин тизмесинде конкреттүү талапкер үчүн добуш берүүгө же талапкерди чийип салууга укугу бар. Латвиянын жана Евробиримдиктин 18 жашка толгон жарандары добуш берүүгө укуктуу.

Депутаттардын саны өз алдынча башкаруудагы жашоочулардын санына жараша болот.

Муниципалитеттердеги депутаттардын саны:

  • 5000 жашоочуга чейин болсо – 9 депутат;
  • 5001ден 20 000ге чейин жашоочу болсо – 15 депутат;
  • 20 001ден 50 000ге чейин жашоочу болсо – 17 депутат;
  • 50 000ден ашык жашоочу болсо – 19 депутат.

Чоң шаарларда:

  • 50 000ге чейин жашоочу – 13 депутат;
  • 50 000ден ашык жашоочу – 15 депутат.
  • Рига – 60 депутат.

Латвияда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары автономдук – өз алдынча башкаруунун өз функциялары жана өткөрүлүп берилген – өз алдынча башкарууга берилген мамлекеттик органдардын функциялары деп бөлүнөт. Өз кезегинде автономдук жана өткөрүлүп берилген функциялар милдеттүү жана ыктыярдуу деп да бөлүнөт.

Латвияда жергиликтүү өз алдынча башкаруулар өз функцияларын аткаруунун алкагында:

  • жашоочулар үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурушат;
  • тазалык жана санитардык тартип үчүн жоопкерчиликти белгилешет;
  • коомдук пайдаланууда болгон токойлордо жана сууларда тартипти аныктайт;
  • билим берүү (мектепке чейинки жана орто) үчүн жоопкерчилик алышат;
  • маданиятка кам көрүшөт, салттуу маданий баалуулуктарды сактоого жана элдик чыгармачылкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшөт;
  • алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кепилдейт, ошондой эле калктын сергек жашоо образ жүргүзүүсүнө, спорт менен алектенүүсүнө көмөк көрсөтүшөт;
  • жашоочуларга социалдык жардам көрсөтүшөт (аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана социалдык жактан корголбогон адамдарга социалдык жардам беришет, кары адамдарды пансионаттарда орун менен камсыздоо, жетимдерди жана ата-энесинин кароосу жок калган балдарды окуу жана тарбия мекемелеринде орун менен камсыз кылышат, селсаяктарды түнөк жай менен камсыздашат);
  • балдарды багууга, асырап алууга жана алардын жеке, мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кам көрүшөт;
  • жашоочуларга батир маселесин чечүүгө жардам беришет;
  • тийиштүү администрациялык аймакта чарба иштерине көмөк көрсөтүшөт, жумушсуздуктун деңгээлин азайтууга кам көрүшөт;
  • коммерциялык ишке уруксат жана лицензия беришет;
  • коомдук тартипти камсыз кылууга катышат, аракечтер жана адеп-ахлактуулукту бузгандар менен күрөшөт;
  • тийиштүү өз алдынча башкаруунун аймагын пландоого ылайык жер участокторун колдонуу жана курулуш пландоо тартибин белгилешет;
  • жарандык абалдын актыларын катташат;
  • жарандык коргонуу иш-чараларын камсыз кылууга катышат;
  • коомдук транспорт кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурушат ж.б.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бюджеттерди өз алдынча иштеп чыгып, бекитип, аткарышат. Эгерде мыйзамда каралбаса, мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетин даярдоого жана ишке ашырууга катышууга укугу жок.

Бириктирилген бюджетте өз алдынча башкаруунун киреше бөлүгү 25-27 пайызды түзөт (салыктык кирешеси ~19,6%). Киреше бөлүк төмөнкүлөрдөн турат:

  • салык кирешелеринен;
  • жергиликтүү пошлиналардан (жана айрым мамлекеттик пошлиналардан);
  • мамлекеттик бюджеттен түшкөн трансферттерден (дотациялар, максаттуу дотациялар ж.б.);
  • өз алдынча башкаруулардын бюджеттери ортосундагы эсептешүүлөрдөн;
  • акыга көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешелер (жеке чарба ишинен, мүлктү колдонуудан, мүлктү сатуудан ж.б. түшкөн кирешелер).

Жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр:

  • калктан алынган киреше салыгынан 80%;
  • кыймылсыз мүлккө салыктан 100%;
  • кумар оюндарына салыктан 25% жана лотереяга жергиликтүү салыктан 100% (кайсы өз алдынча башкаруунун аймагында кумар оюну уюштурулса, ошонун бюджетине чегерилет);
  • табигый ресурстардан салыктын бөлүгү.

Кыймылсыз мүлккө салыкты кошпогондо, бардык салыктарды Мамлекеттик киреше кызматы тескейт. Кыймылсыз мүлккө салыкты жергиликтүү өз алдынча башкаруулар тескейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жергиликтүү пошлиналарды киргизип, ставкаларды орното алышат.

Өз алдынча башкарууларда төмөнкүлөр үчүн жергиликтүү пошлиналардын түрлөрү орнотулса болот:

  • өз алдынча башкаруулардын думалары иштеп чыккан расмий документтерди жана алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алуу үчүн;
  • коомдук жайларда көңүл ачуучу иш-чараларды өткөргөнү үчүн;
  • эс алуучуларды жана туристтерди кабыл алуу үчүн;
  • коомдук жайларда соода кылуу үчүн;
  • курулушка уруксат алуу үчүн;
  • коомдук жайларда жарнамаларды, афишаларды жана жарыяларды жайгаштыруу үчүн;
  • жаныбарларды бакканы үчүн;
  • өз алдынча башкаруулардын символикаларын колдонгону үчүн;
  • өзгөчө режимдеги зоналарга транспорттук каражат менен киргени үчүн;
  • кемелерди, мотор кемелерин жана яхталарды күтүү үчүн;
  • өз алдынча башкаруулардын инфраструктураларын күтүү жана өнүктүрүү үчүн.

Өз алдынча башкаруулар функцияларын аткаруу максатында төмөнкүлөр үчүн мамлекеттик бюджеттен максаттуу дотацияларды алып турат: педагогдордун маянасы үчүн; автожолдор фондун каржылоо үчүн.

Тармактык министрликтер аркылуу башка дотациялар берилет финансыны теңдештирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен дотация бөлүнөт.

Финансылык теңдештирүү

Латвияда өз алдынча башкаруунун финансысын теңдештирүү тийиштүү мыйзам менен (“Өз алдынча башкаруунун финансысын теңдештирүү жөнүндө”) жөнгө салынат. Бул Мыйзамды 2015-жылдын 2-июлунда Парламент кабыл алган.

Өз алдынча башкаруулардын финансысын теңдештирүүнүн максаты:

  • өз алдынча башкарууларга мыйзамдар менен көрсөтүлгөн функцияларды камсыз кылуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү, мында өз алдынча башкаруулардын социалдык-экономикалык чөйрөдөгү айырмачылыктарын көңүлгө алуу;
  • өз алдынча башкарууларга демилге көтөрүп, финансы ресурстарынын базасын түзүүдө өз алдынчалуулук берүү.

Өз алдынча башкаруулардын финансысын теңдештирүү атайын фонддун жардамы менен ишке ашат.

Эсептөөлөрдө өз алдынча башкаруулардын ортосундагы айырманы баалоо үчүн “теңдештирилүүчү бирдик” деген түшүнүк киргизилген. Финансыны теңдештирүү өз алдынча башкаруулардын бааланып жаткан орточо кирешесин салыштыруу менен ишке ашат. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн дотация өз алдынча башкаруулардын ортосунда пропорционалдуу түрдө бөлүнөт.

Теңдештирилиши керек болгон бирдиктердин санын эсептөөнүн формуласы:

Н i = (1 * a i + 2,34 * b i + 3,26 * c i + 0,74 * d i + 1,52 * e i), мында

N i – тийиштүү өз алдынча башкарууда теңдештирилиши керек болгон бирдиктердин саны;

1 – ар бир жашоочу үчүн теңдештирилиши керек болгон бирдиктердин саны;

2,34 – 6 жашка чейинки курактагы ар бир бала үчүн теңдештирилген бирдиктер;

3,26 – 7 жаштан 18ге чейинки курактагы ар бир бала жана жаш адам үчүн теңдештирилген бирдиктер;

0,74 – эмгекке жарамдуу куракка толгон ар бир жашоочу үчүн теңдештирилген бирдиктер;

1,52 – өз алдынча башкаруунун аймагындагы аянттын ар бир чарчы километри үчүн теңдештирилген бирдиктер;

a i – тийиштүү өз алдынча башкаруудагы жашоочулардын саны;

b i – тийиштүү өз алдынча башкарууда 6 жашка чейинки курактагы балдардын саны;

с i – тийиштүү өз алдынча башкарууда 7 жаштан 18ге чейинки курактагы балдардын жана жаштардын саны;

d i – тийиштүү өз алдынча башкарууда эмгекке жарамдуу курактан өткөн жашоочулардын саны;

e i – тийиштүү өз алдынча башкаруунун аймагындагы аянт – чарчы километр менен.

Латвиянын өз алдынча башкарууларассоциациясы (ЛӨБА)

ЛӨБА 1991-жылдан бери иштеп келаткан ыктыярдуу коомдук уюм. Ассоциацияга жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын жалпы пикирин билдирүүгө ондон ашык мыйзам укук берет. Ассоциацияга элеттик муниципалитеттер жана шаарлар мүчө.

ЛӨБАнын негизги максаттары:

  • Латвиянын өз алдынча башкарууларынын саясатын иштеп чыгуу;
  • өз алдынча башкаруулардын жалпы маселелерин чечүү;
  • өз алдынча башкаруулардын кызыкчылыктарын коргоо.

ЛӨБАнын принциптери: ыктыярдуу мүчөлүк; биримдик; азчылыктын пикирин эсепке алуу.

ЛӨБАнын саясий структурасы: съезд, дума, башкаруу, ревизиялык комиссия, туруктуу комитеттер.

ЛӨБАнын оперативдүү жетекчилигин Башкаруунун жардамы менен ЛӨБАнын Төрагасы жүргүзөт. Оперативдүү жетекчиликтеги өзгөчө маанилүү маселелер Башкаруунун добуш берүүсүнө коюлат. Башкаруу Думага чечимдердин долбоорлорун даярдайт.

ЛӨБАнын администрациялык структурасына Ассоциациянын Төрагасы жана Башкы катчы кирет. Мындан тышкары администрациялык структурада 30 кызматкер, анын ичинде 18 кеңешчи иштейт.

Сүйлөшүүлөр

ЛӨБА менен Борбордук органдын ортосундагы сүйлөшүүлөр жыл сайын өтүп турат. Туруктуу жүргүзүлүп турган сүйлөшүүлөрдүн негизги элементтери төмөнкүлөр:

1) жыл сайын ЛӨБА 1-мартка чейин министрликтерге, регионалдык өнүгүү жана өз алдынча башкаруулар министрине (мындан ары - жооптуу министрликке) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тизмесин берет;

2) 1-апрелге чейин министрликтер каралып жаткан маселелер жана аларды кароонун мөөнөттөрү тууралуу ЛӨБА менен макулдашат;

3) 1-августка чейин ЛӨБА менен тармактык министрликтердин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт;

4) жооптуу министрлик сүйлөшүүлөрдү техникалык жактан камсыз кылат;

5) ар бир министрлик менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары протокол түрүндө жолжоболоштурулат. Тармактык министрлик протоколго кол коёрдун алдында аны Финансы министрлиги, Юстиция министрлиги, регионалдык өнүгүү жана өз алдынча башкаруулар министри менен макулдашат;

6) 10-августка чейин кол коюлган протоколдор жооптуу министрге, ал эми протоколдун көчүрмөсү финансы министрине тапшырылат;

7) 1-сентябрга чейин Финансы министрлиги менен ЛӨБА ортосунда протокол даярдалат, ага бардык тармактык протоколдордун ичинен бюджетке тиешелүү негизги маселелер кошулат;

8) ЛӨБАнын Думасында жана Министрлер кабинетинде кароодон кийин протоколдун соңку редакциясына премьер-министр жана ЛӨБАнын Төрагасы кол коюп, кийинки жылга мамлекеттик бюджет жөнүндө мыйзам долбоору менен кошо Парламенттин кароосуна жиберилет.

“Өз алдынча башкаруулар жөнүндө” Мыйзамга ылайык, сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине төмөнкү маселелер кириши керек:

  • өз алдынча башкарууларга бөлүнчү жалпы мамлекеттик дотациянын жана максаттуу мамлекеттик дотациялардын көлөмү;
  • эгерде мыйзам менен аныкталбаса, өз алдынча башкаруулардын теңдештирүүчү финансысынын тартиби;
  • эгерде мыйзам менен аныкталбаса, жаңы автономдук функцияларды каржылоонун булактары;
  • мыйзам долбоорлору жана Министрлер кабинетинин эрежелеринин долбоорлору, эгерде долбоорлор өз алдынча башкаруунун ишине байланыштуу болбосо;
  • жаңы бюджеттик жылдын алдында өз ара кызыкчылыкка тиешелүү башка маселелер.

Макулдашуунун жана келишпестиктин протоколу:

  • протоколдун долбоорун Министрлер кабинети бекитип, премьер-министрге кол коюуга жиберет;
  • протоколдун долбоорун ЛӨБАнын Думасы бекитет жана Ассоциациянын Төрагасына кол коюуга ыйгарым укук берет;
  • тараптар протоколго кол койгондон кийин ал Өкмөттүн мамлекеттик бюджетинин долбоору менен кошо Парламентке жиберилет.

Латвиянын администрациялык-аймактык реформасы

1990-жылдан кийин Латвияда 602 өз алдынча башкаруу иштеп жаткан – 495 волость, 68 шаар, 26 район – регионалдык өз алдынча башкаруулар, жети республикалык шаар жана Риганын алты району бар болчу.

2009-жылы жүргүзүлгөн администрациялык-аймактык реформанын натыйжасында 119 өз алдынча башкаруу түзүлгөн: 110 элеттик муниципалитет жана 9 (республикалык) шаар болуп калган.

Администрациялык-аймактык реформа (ААР) – бул өз алдынча башкарууларды реформалоонун бир гана бөлүгү. Башкача айтканда, бийлик системасын, анын ичинде жергиликтүү жана регионалдык башкаруунун масштабында кайра түзүүнүн мындан дагы кеңири тапшырманын бир бөлүгү. ААР жооптуу министрлик менен ЛӨБАнын тыгыз байланышында ишке ашты. Реформанын басымдуу бөлүгүн жооптуу министрлик, ал эми бир бөлүгүн (мисалы, депутаттарды жана кызматкерлерди окутууну) ЛӨБА жетектесе, реформанын кайсы бир бөлүгүн Ассоциация борбордук өкмөт менен кызматташтыкта ишке ашырган.

Жаңы сунуштар

Реформанын уландысы пландалууда. Анын алкагында 2021-жылдан кийин республика боюнча 119 өз алдынча башкарууну 36 кылуу сунушталды. Ошондой эле шайлоодон кийин өз алдынча башкаруулардын функцияларын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кайра карап чыгуу сунушу берилди.

ААРге даярданып жаткан өлкөлөргө сунуштоолор:

  • реформадан кийин финансылык жана администрациялык автономияны киргизүү боюнча чаралар кийинкиге калбашы керек, антпесе колдоого караганда каршылык көбүрөөк болот;
  • бирикмелерге гана көмөк көрсөтпөстөн, ошону менен бирге параллелдүү түрдө кызматташтыкты да өнүктүрүү абзел;
  • өз алдынча башкаруулардын бирдиктүү ассоциацияларын түзүүгө жана бекемдөөгө мүмкүн болушунча көмөк көрсөтүп, реформанын ар бир баскычында алар менен консультацияларды жүргүзүп туруш керек;
  • ар бир өз алдынча башкаруу менен кеңешип, обочодо калышы мүмкүн болгондоруна компенсация берилиши керек;
  • реформа менен кошо айрым функцияларды децентралдаштыруу зарыл.