Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өз алдынчалыкка ээ болгон өз алдынча башкаруу

2019-11-22 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Өз алдынчалыкка ээ болгон өз алдынча башкаруу

"Латвиядагы өз алдынчалыкка ээ болгон өз алдынча башкаруу" макаласынан үзүндү. Автору: Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси

2019-жылдын 29-сентябрынан 4-октябрына чейин ЖӨБдү өнүктүрүүдөгү тажрыйба алмашуу үчүн Латвияга жумушчу сапар уюштурулду. Бул тажрыйба алмашуу сапарына Ош (Ылай-Талаа жана Көк-Жар АА), Нарын (Кара-Суу жана Жерге-Тал АА), Чүй облустарындагы (Петровка жана Кызыл-Туу АА) муниципалитеттердин айыл өкмөт башчылары, КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү, Ысык-Көл райондук мамадминистрациясынын башчысы жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү катышты.

Тажрыйба алмашуу сапарынын дагы бир күнү Паргауя шаарына болду. 

Паргауя (Pargaujas – “Гауя чоң өзөнүнүн ары жагында” деп которулат1) шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун төрагасы Хардийс ВЕНТС тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларын Кардарларды тейлөөчү жалпы борбордо (Кыргызстандагы аналогу – Бирдиктүү терезе) тосуп алды. Сталбэ жергесинде орун алган Борбор жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүү максатында ачылган: “Бул Борбор географиялык жактан муниципалитеттин чок ортосунда жайгашкан. Башында ал спорт залга караштуу филиал катары пландалган эле. Бирок соңку реформалардан кийин биз аны калкты тейлөөчү негизги борборлордун бирине айландырууну чечтик. Муниципалитеттин аймагында жалпы жонунан ушундай үч борбор бар жана ар биринде аткаруучу директор иштейт. Бул жерге тургундар коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөп, атүгүл ооруп калса, эмгекке жарамсыздык баракчасын алса болот. Ал эми мамлекеттик мекеменин бирдиктүү түйүнү булардын баарын бизден эле ала алат. Ошентип биз адамдарга убактысын жана ресурсун үнөмдөп, кызмат көрсөтүүнү жеринде жана ыкчам алууга жардам беребиз. Учурда борбордо кызмат көрсөтүүлөрдүн онго жакын түрү бар, буларды биз мамлекет менен чогуу жасайбыз. Бирок муниципалитетке байланышкан бардык чечимдерди өз алдынча кабыл алабыз”, - деди Хардийс ВЕНТС мырза.

Борбордун бөлүмчөлөрү жана бөлүмдөрү жарандардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө даяр. Мисалы: Борбордо спорттук зал бар, ал жерде өткөн жылы капиталдык ремонт жасалып, төшөлмөсү жана жылуулук системасы жаңыланган; залда массаж кабинети, жуунуп, кийим которуу үчүн бөлмөлөр бар.

Борбордо Латвиянын китепканаларынын бирдиктүү түйүнүнө мүчө болгон китепкана да бар. Бул түйүн аркылуу каалаган китепти алууга болот – эгерде кайсы бир китеп болбой калса, анда түйүн аркылуу суратым жиберилип, аны китепкананын башка түйүнүнөн табаары менен, китепканачы өзү барып, окурман үчүн алып келип берет. Китептерди толуктап, окурмандардын өтүнүчүн канааттандырууга жыл сайын 2000 еврого жакын акча сарпталат. Мисалы, сапардын катышуучуларга барган маалда китепканачы ордунда болгон эмес, себеби ал муниципалдык транспортко отуруп алып, 10 км алыстыктагы калктуу конушка китеп издеп кеткен экен. Ошондой эле китепканада коммуналдык эсептерди төлөгөнгө да жардам беришет.

Муниципалитеттин турмуш тиричилигин камсыз кылуу боюнча чарбанын бөлүгү үчүн жооп берген коммуналдык чарба (кызмат көрсөтүү) бөлүмү керектөөчүлөр менен келишимдерди түзөт, инфраструктура, коммуникация, жергиликтүү жолдор, жылуулук, суу жана канализация үчүн жооп берет. Мезгилге байланган айрым кызмат көрсөтүүлөрдү муниципалитет тендердин негизинде сатып алат. Мисалы, кыш маалында кар күрөө боюнча кызмат көрсөтүү жыл бою 4-5 кызматкерди кармап, техниканы тейлегенге караганда бир кыйла арзанга түшөт. Техникалык персоналды кошкондо штатта он кызмачы бар.

Социалдык бөлүм (ага камкорчулук органы да кирет), ал муниципалдык орган да болуп саналат жана муниципалитеттин аймагында өзүнүн тикелей милдеттерин гана аткарат. Миң адамга бир социалдык кызматкер деп эсептелинген. Бүгүнкү күндө муниципалитетте калкты тейлеген үч социалдык кызматкер, Департаменттин жетекчиси, үй-бүлөлөр жана балдар менен иштеген эки адис жана техникалык жардамды уюштуруучу иштейт. Оор кырдаал түзүлгөн учурда бардык социалдык кызматкерлер чогулуп, маселени акылдашып чечишет. Мамлекеттик кызмат да бар, ал жактан өзүнчө акы үчүн муниципалитеттин кызматкерлерин ишке тартууга болот. Мисалы, ордунан жыла албай жаткан пенсионерди жуунтуу үчүн аптасына бир жолу кызмат көрсөтүүнү сатып алса болот. Бул иш үчүн атайын машине келет. 

Чөнтөгү жука үй-бүлөлөргө материалдык жардам берилет: үч айга эки куту таратылат, анын ичинде азык-түлүк жана жууп-тазалоочу каражаттар болот. Бир кутуда ун, кумшекер, консерва, май, коюлтулган сүт, макарон, кара күрүч, буудай акшагы, күлмайда, кургак сүт болсо, экинчи кутуга кийим жуучу гель, шампунь, самын ж.б. салынат.

Паргауя муниципалитети ошондой эле жармаңке-көргөзмөлөр аркылуу жергиликтүү ишкерлерди колдоо жана окутуу боюнча иштерди жүргүзүп турат (мисалы, Ишкерлер күнү муниципалитет аларга орундарды сатып алып берет, ал эми ишкерлер бул үчүн муниципалитеттин брэнди катары чыгышат). Мындан тышкары өз алдынча башкаруу гранттык конкурстарды өткөрүп турат. Ар бир каалоочу конкурска катыша алат, ал эми байге катары бизнести өнүктүрүү үчүн колдоого ээ болот же чакан бизнесинин коммерциялык ишин баштай алат, ALTUM программасы боюнча мамлекеттин колдоосуна ээ болот (комиссиянын мүчөлөрү катары катышат) жана жергиликтүү ишкерлер үчүн берилген “Паргауя крайында жасалган” соода маркасын алышат.

Мындан тышкары биринчи орун үчүн жеңүүчү 3000 евро, экинчи орун үчүн 2000 евро, ал эми үчүн орун үчүн 1000 евро алып, бизнесин өнүктүрүүгө жумшай алат. Бул иш-чараларды уюштурууга, өткөрүүгө кеткен чыгым, анын ичинде байге фонду жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнөт. Эгерде өткөн жылдын жеңүүчүсү өзүнүн кайсы бир долбоорун ийгиликтүү ишке ашыра алса, анда кийинки жылы да конкурска катышуу укугуна ээ болот. Албетте, байге каражатты кантип колдонгонун биз текшерип турабыз”, - деп айтып берди муниципалитеттин башчысы.

Жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдар да ЖӨБ органдарынын көңүл сыртында калбайт. Алар үчүн долбоорлордун конкурсу өткөрүлүп турат. Конкурстун жалпы байге фонду 4000 еврону түзөт. 

Ар бир долбоорго 500 еврого чейин каржылык жардам калктын демилгелүү топторуна жана коммерциялык эмес уюмдарга берилет. Конкурска өз алдынча башкаруунун бардык жашочулары катыша алат жана ал сөзсүз эле бейөкмөт уюмда иштеши керек деген талап жок. Мисалы, бир нече адам өз ара чогулуп, отургучтарды же селкинчектерди орнотууну чечти дейли. Алар бир долбоор үчүн 500 еврого чейин алышы мүмкүн. Эгерде алардын демилгеси ийгиликтүү ишке ашып кетсе, өз алдынча башкаруу бюджетин көбөйтүүнү караштырат. Жалпы жонунан алганда, өз алдынча башкаруу иш-чараларды, жаштар жана башка бирикмелер үчүн кайрымдуулук концерттерин, калктын айрым бир топтору үчүн түрдүү салтанаттарды жарым-жартылай же толук каржылай алат. Негизги максаты – адамдар өздөрү кызыкдар болуп, процессти ишке ашырууга катышууга тийиш. Ар бир демилгени атайын комиссия карап чыгат. Эгерде баасы 4000 евродон ашкан кандайдыр бир өзгөчө демилге чыкса, анда депутаттар бул маселени жыйында карап, эгерде колдоо тапса, бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизишет.

 

______________