Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасында Европанын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу хартиясына кошулган алгачкы европалык эмес мамлекет болуу мүмкүнчүлүгү барбы?

2020-11-14 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Кыргыз Республикасында Европанын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу хартиясына кошулган алгачкы европалык эмес мамлекет болуу мүмкүнчүлүгү барбы?

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун буйрутмасы менен жана Өнүктүрүү саясат институтунун материалдары боюнча даярдалды.

2020-жылдын 15-октябрында Европанын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу хартиясы[1] 35 жылдык мааракесин белгиледи. Хартияга 1985-жылы 15-октябрда Страсбургда Европа Кеңешине мүчө мамлекеттер кол коюп, 1988-жылы 1-сентябрда мыйзамдык күчүнө кирген. 

Хартиянын максаты – жарандарга баарынан жакын жана алардын күнүмдүк турмушундагы шарттарга тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо. Бул документтин авторлорунун ниети боюнча, Хартия Европа Кеңешинин негизги принциптерин реалдуу мазмунга толтурушу керек болчу: Европада демократиялык аңсезимди колдоо жана адам укуктарын бул сөздүн кеңири маанисинде коргоо. Хартиянын негизги багыты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын автономиясынын даражасы чыныгы демократиянын негизги критерийи болгонун көрсөтүү[2].

Хартияга кол койгон өлкөлөрдүн катарында Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер гана эмес, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптерин карманган Орусия Федерациясы, Грузия, Армения, Азербайжан, Молдова жана Украина өңдүү өлкөлөр да бар. Жогорудагы тизмеден көрүнүп тургандай, бул өлкөлөрдө башкаруу формасы – президенттик, парламенттик же аралаш, ошондой эле мамлекеттин түзүлүшү – федеративдик же унитардык. Бирок бул жагдайлар Хартияга кошулуу тууралуу чечимге таасирин тийгизбейт. Өлкө жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга укугун тааныйбы – мына ушул гана маанилүү.

Буга байланыштуу бир нече суроолор жаралат: Конституциясында бул укук белгиленген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет катары Кыргыз Республикасы Хартияга кошула алабы? Республика Хартияга кол койгон мамлекеттердин талаптарына жооп бере алабы? Хартия жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү саясатын аныктоодо Кыргызстандын эркиндигин чектеп койбойбу? Бул техникалык жактан мүмкүнбү? Бул үчүн эмнелерди жасаш керек? Бул суроолорго жоопторду кийинки макаладан окуй аласыз. Ал эми макала акыркы суроого жооптон башталат.

Эмне себептен Кыргыз Республикасы Европанын ЖӨБ Хартиясына кошулса болот?

Биринчи жолу бул маселе коомдук мейкиндикте 2018-жылы “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу” аттуу Форумда талкууланган[3]. Форумга КР Жогорку Кеңеши, КР Өкмөтү жана КР ЖӨБ органдары катышкан болчу. Форумда Европа Кеңешинин жергиликтүү жана регионалдык бийликтеринин Конгрессинин атынан Европа Хартиясы боюнча эл аралык эксперт Келменд ЗАЯЗИ баяндама жасаган. Эксперт өлкөлөр кандай негизги себептер боюнча Хартияга кошуларын санап берген.

Аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Хартияга кошулуу менен КР Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү эл аралык коомчулукка маанилүү белги бергендей болот: өлкө эң жогорку эл аралык стандарттар боюнча аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Хартия финансы каражаттарынын булагы болуп саналбайт, бирок Хартияга кошулган мамлекет Хартиянын принциптерин карманган өлкөлөрдөн аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча жаңы техникалык жардам алышы мүмкүн.

Европанын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу сунун Хартиясы эл аралык келишим болуп саналат, бул келишимде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери жана стандарттары аныкталган.

Көпчүлүк мамлекеттер Хартияны жергиликтүү демократиянын негизи катары таанышкан. Хартия өкмөттөргө ЖӨБдү реформалоонун планын иштеп чыгууга, ички мыйзамдарында бекитүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын саясий, административдик жана финансылык эркиндигин кепилдеген юридикалык ченемдерди практикада колдонууга жардам берет. Бул укуктук аспап мамлекетке эң жогорку демократиялык стандарттарды жана борбордук өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоо принциптерин карманууга көмөктөшөт. Хартияга кошулуу реформа жүргүзүп жаткан маалда Өкмөт үчүн багыт көрсөтүүчү ролду аткарат. Мындай жол менен Хартия саясий системанын туруктуулугун камсыз кылып, жарандар менен өкмөт ортосундагы ишенимди бекемдөөгө көмөкчү болот.

Келечекте Европа Хартиясын ратификациялоо жана киргизүү Европа Кеңешинин министрлер комитети менен Европалык ынак кошуналык саясат тууралуу жаңы келишимди түзүүгө өбөлгө болот.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ассоциациялары жана союздары аркылуу башка өлкөлөрдүн ЖӨБ органдары менен өнөктөш мамиле түзүп, Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана регионалдык бийликтеринин Конгрессинде байкоочу макамына ээ болушат. Бул болсо келишимге кол койгон башка мамлекеттер менен билим жана тажрыйба алмашуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүктү түзөт.

Хартия жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышына байкоо жүргүзгөн натыйжалуу аспап болуп саналат. Себеби Хартиянын администраторлору берген жардам мыйзамдарды жана алардын Хартияга шайкеш аткарылышын текшерүүгө жол ачат. Бул жагынан алып караганда ЖӨБ органдары үчүн Хартия эл аралык деңгээлдеги кандайдыр бир укуктук калканч катары кызмат өтөйт.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мындан аркы өнүгүүсү тууралуу маселе буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу. Башкаруу системасынын ишинин сапатына жарандардын нааразылыгы 2020-жылдын октябрындагы окуялар маалында ачык билинди. Бул окуялар мамлекеттин биринчи жана маанилүү милдети жер-жерлерде жашоо шартын жакшыртуу керек экенин көрсөттү. Бул процессте эң негизги жооптуу башкаруу органы – бул ЖӨБ. Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине берген баасынан алардын жалпысынан мамлекеттик бийликке берген баасы да көз каранды.

Эл менен түздөн-түз байланышта болуп, ЖӨБ органдары жарандарга чоң көлөмдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип, маалымат менен камсыздап турат. Ошол себептен жарандардын көбүндө ЖӨБ органдары тууралуу калыптанып калган пикир бар. Жарандар ЖӨБго карата позитивдүү да, негативдүү да эмоцияларды сезет. Көпчүлүк адамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу турмуш шарттарын жакшы жагына өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп эсептегени менен, акыркы жылдары скептикалык маанайдагылардын катары калыңдап баратат. Жарандардын ЖӨБ органдарын кабыл алуусу көп жагынан элдин жалпысынан бийликти кандай кабыл алаарын чагылдырып турат. Себеби дал ушул ЖӨБ органдары элдин элесинде бийликтин жалпылаштырылган образы болуп турушат.

Сынчыл маанайдагылардын саны көбөйүп жатканын дагы бир жагдай менен түшүндүрсө болот: жылдан жылга жарандардын ЖӨБ органдарынан күткөнү жана суроо-талабы өсүүдө, муну менен катар жашоодон негизинен эле көптү күткөндөр да көбөйүүдө. Экинчи жагынан ЖӨБ органдарынын жарандардын муктаждыктарын толук канааттандыруу мүмкүнчүлүгү чектелүү болууда.

Жарандардын ЖӨБ органдарына карата мамилеси менен жергиликтүү бюджеттердин жыйынды көлөмүнүн ортосунда түз байланыш бар: жергиликтүү бюджеттердин кирешеси канчалык жогору болсо, жарандардын ЖӨБго карата мамилеси да ошончолук жакшы болот, бюджеттин кирешеси аз болсо, мамиле да ошончолук начар болот. Бюджет аралык мамилелер саясатындагы, борбор менен аймактар ортосунда финансыны бөлүштүрүүдөгү өзгөрүүлөрдүн кесепеттери өтө тез жана айкын түрдө элдин баасын алды. Бир нече айдын ичинде эле жарандар ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана ишинин сапаты начарлаганына реакция жасашат. Ал эми мындай начарлоо жергиликтүү бюджеттерди каржылоо жетишсиз болгон учурда башталат. 1-диаграмма элдин мындай реакциясы дароо байкаларын жылдан жылга көрсөтүп келатат. Бул өтө маанилүү саясий салыштырма. Себеби жергиликтүү бийликтин ишине нааразычылык жалпысынан бийликке болгон нааразычылыкка алып келет. Бул 2010-жылы өтө жакшы билинген эле. 2008-2009-жылдары ыйгарым укуктары да, бюджети да кескин түрдө кыскарып, ЖӨБ органдарынын чабалдыгы жер-жерлерде жашоо оңолбогондуктан элдин нааразылыгына себепчи болгон. Ошондуктан жергиликтүү бюджеттерди жетиштүү деңгээлде каржылабай коюу социалдык туруктуулукка коркунуч жаратып, бийлик үчүн кооптуу болот.

1-диаграмма. ЖӨБ органдарына терс эмоцияларды сезген жарандардын үлүшүнүн динамикасы жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин динамикасы, 2015-2020-жылдар.

Ошентип, Хартия мамлекетке туура мыйзамдык жана практикалык чечимдерди тандап алууга жардам берет. Муну менен Хартия ЖӨБ органдарынын жарандардын керектөөлөрүнө жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн күчтөндүргөндөн тышкары, жалпысынан бийликке болгон ишенимди арттырууга жана социалдык туруктуулукту бекемдөөгө жардамчы болот.

Европанын ЖӨБ Хартиясына кошулуу үчүн Кыргыз Республикасынын кандай техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар?

Хартияга кошулуу эч кандай финансылык чыгымды талап кылбайт. Себеби анын алкагында Хартиянын аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн органдар түзүлгөн эмес (бирок бул маселе талкууланып жатат). Жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана анын ичинде Хартиянын маселелерин караган негизги орган – Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана регионалдык бийликтеринин Конгресси. Конгресс – бул өкмөт аралык уюм эмес, бул Европа Кеңешинин түзүмүндө уникалдуу мүнөзгө ээ болгон өкүлчүлүктүү орган. Конгресстин пленардык отурумдары жылына бир жолу – мартта өтүп турат.

1-сүрөт. Хартияга кошулуу процесси

Хартияга кошулуунун техникалык процессин 1-сүрөттөн көрө аласыз: бул процесс өлкөнүн өз саясий эркин билдирүүсүнөн башталат – тышкы иштер министри Европа Кеңешинин Башкы катчысынын дарегине расмий кат жазат. Жалпак тил менен айтканда, биринчи этабында Хартияга кошулуу ниетин билдирүү гана жетиштүү болот. Андан соң бир нече кадамдарды жасаш керек. Ошолордун биринде Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана регионалдык бийликтеринин Конгресси өлкө Хартиянын принциптерин ага кошулгудай сактайбы – мына ушуга баа берет.

Маанилүү суроо – Кыргыз Республикасы европалык эмес мамлекет болсо да Европа Кеңешине мүчө өлкөлөр кирген өкүлчүлүктүү органдын бир бөлүгү боло алабы? Чынында эле мындай учур болгон эмес. Бирок, мисалы, Хартияга кошулган Кавказ өлкөлөрү толук маанисинде европалык деп саналбайт. Ошондуктан мында формалдуу тоскоолдуктар жок. Атүгүл, Европалык ынак кошуналык саясат башка өлкөлөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана интеграцияга багытталган. Ал эми Хартия Кыргыз Республикасына карата бул саясатты ишке ашыруунун эффективдүү аспабы болуп калышы ыктымал.

Европанын ЖӨБ Хартиясы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү саясатын аныктоодо Кыргызстандын эркиндигин чектеп койбойбу?

Европа Хартиясынын жоболорун мыйзамдарда жана мамлекеттин укук колдонуучулук практикасында кабыл алуу балким, келечекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды унификациялоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кандайдыр бир жалпы моделинин пайда болушуна алып келиши ыктымал. Бирок бул бардык мүчө мамлекеттерге жергиликтүү өз алдынча башкаруунун моделин бирдиктүү үлгү боюнча түптөө талабы коюлат дегенди билдирбейт. Эч мындай болбойт! Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздерин, концепциясын бекитүү менен, Хартия ошол эле маалда улуттук мыйзамдарда анын өзүнчө жоболорун чечмелөө үчүн бир кыйла эркиндик берет. Унификациялоо дегенде ар бир мамлекеттин улуттук айырмалуулугун урматтоо менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун демократиялык стандарттарын гармонизациялоо дегенди түшүнүш керек[4]. Мындан тышкары узак мөөнөттүү келечекте иштелип чыккан жана кабыл алынган бирдиктүү стандарттардын сакталышы муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана аймактардагы адамдардын турмуш шартын жакшыртат.

Кыргыз Республикасы Европанын ЖӨБ Хартиясынын талаптарына жооп береби?

Европа Хартиясынын 12-беренесине ылайык, Хартияга кошулуш үчүн мамлекет анын I бөлүгүнүн бери дегенде 12 пунктуна шайкеш келүүгө тийиш. 2018-жылы Кыргыз Республикасында экспертиза жүргүзүлүп, өлкөнүн Европанын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Хартиясына кошулуу мүмкүнчүлүгү жана максатка ылайыктуулугу текшерилген[5]. КР Констиуциясына, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамга жана башка мыйзамдарга жасалган баштапкы баалоо көрсөткөндөй, КРнын мыйзам чыгаруу базасы Европанын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Хартиясына дээрлик толугу менен жооп берет. Хартиянын 36 беренесинин ичинен 30у үчүн Кыргызстанда колдонуудагы мыйзамдар бар, алар Хартиянын негизги принциптерин аткаруу үчүн укуктук шарт түзүп берүүдө.

Мисалы, Европанын ЖӨБ Хартиясынын 2-беренесине ылайык, “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциби ички мыйзамдарда жана мүмкүн болушунча мамлекеттин Конституциясында таанылууга тийиш”. Бул талапка Кыргызстан толугу менен жооп берет, себеби КР Конституциясында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деп аталган өзүнчө 8-бөлүк бар. Ошондой эле 2011-жылдын 15-июлунда кабыл алынган №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзам бар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну тааныган жана анын өнүгүүсүн жөнгө салган дагы башка мыйзамдар бар. Алар: КР Бюджеттик кодекси, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” КР Мыйзамы жана башкалар.

Хартия жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга укугу кеңештер же чогулуштар аркылуу жүзөгө ашырылышын, алар эркин, жашыруун, тең, түз жана жалпы добуш берүү жолу менен шайланган мүчөлөрдөн турушун талап кылат. Кеңештердин же чогулуштардын аларга отчеттуу болгон аткаруучу органдары болушу мүмкүн. Кыргызстанда бул принцип толугу менен сакталат. Себеби жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча бардык чечимдерди жергиликтүү кеңештер кабыл алат, ал эми алардын аткаруучу органдары – мэриялар жана айыл өкмөтү бар.

Европанын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Хартиясынын 6-беренеси ЖӨБ органдарына өзүнүн ички административдик түзүмдөрүн өз алдынча аныктап алуу мүмкүнчүлүгү аркылуу ЖӨБ органдарынын уюштуруучулук эркиндигин бекиткен. Ошону менен катар жергиликтүү керектөөлөргө шайкеш келүү шарты жана эффективдүү башкарууну камсыз кылуу негизги талап бойдон кала берүүдө. Бул жобо логикалуу жана туура, себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштелип чыккан түзүмүн алдын ала макулдашуудан өткөрүү же баалоо зарылчылыгы түрүндө шарттардын жоктугу ЖӨБ органдарынын алдында турган тапшырмаларды эффективдүү чечүү үчүн өзүнүн административдик каражаттарын аныктоодо жетиштүү даражада эркиндик бар болгонун тастыктайт. Кыргыз Республикасында бул принцип жалпы жонунан сакталууда: КР Өкмөтү ЖӨБ органдарынын штаттык санын, штаттык ырааттамасын жана административдик кызматтардын классификациясын бекиткени менен, адистерди аныктоо укугу ЖӨБ органдарынын өздөрүнө берилген. ЖӨБ органдары ошол муниципалитеттин муктаждыктарына жана керектөөлөрүнө жараша адистерди ишке алат, ал эми бул чечимди жергиликтүү кеңештердин депутаттары карап чыгып, бекитишет (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пункту).

Башка бир мисал – Хартияда ЖӨБ органдарынын персоналынын статусун жогорку квалификациядагы кадрларды тандоо камсыз кылыш керек деп белгиленген. Кадрларды тандоо процесси алардын жеке жетишкендиктерин жана компетенттүүлүгүн эске алуу принциптерине таянышы керек. Бул үчүн кесипкөй даярдыктан өтүүгө, эмгек акысына жана кызматтан көтөрүлүүсүнө тийиштүү шарттар түзүлүшү абзел. Кыргыз Республикасында бул талап “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамы аркылуу аткарылууда. Аны менен катар, аталган мыйзамдын 2-главасынын 17-беренесинин 3-бөлүгүндө мындай деп белгиленген: “Карьералык пландоону уюштуруу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштөөсү, конкурстук тандоо, ротациялоо тутумунун жол-жоболорун сактоо, кызматчынын дараметин жогорулатуу, кызматчынын ишин баалоо, кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүү менен камсыз кылынат”.

ЖӨБ органдарынын иш шартына коюлган формалдуу талаптардан тышкары Хартиянын преамбуласы жарандардын коомдук иштерге катышуу укугун белгилейт. Кыргыз Республикасында бул укук акыркы жылдары жаңы жана бир кыйла кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болду.

Кыргызстандын түрдүү муниципалитеттеринин аймактарында ишке ашырылган өз долбоорлорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту салыштырмалуу анализ жүргүзүп келатат. Бул анализдин жыйынтыктарына ылайык, акыркы жылдары жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруу-да жергиликтүү жамааттын катышуу активдүүлүгү жогорулаганы белгилүү болду. Мисалы, эгерде мурда жарандардын катышуусу бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү менен чектелип келсе, акыркы жылдары коомдук угуулардын түрлөрү бир кыйла башкача болуп калды. Эми айылдык аймактарда суу же таштанды чыгаруу үчүн тарифтер боюнча, бюджеттин аткарылышы боюнча угуулар, мектептерде класстык сааттар, мектептин бюджети боюнча угуулар ж.б. өтүп жатат. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкарууга катыша аларын жана муну кылышы керектигин түшүнө баштады. Себеби дал ушул ЖӨБ органдары аркылуу алар өз муниципалитетинин аймагын, аны көрктөндүрүү иштерин башкара алышат жана жалпысынан турмуш тиричиликти камсыздоону уюштурушат.

Бюджет боюнча коомдук угуулар практикасы Кыргызстанда 1999-жылы башталган. Ошондон тартып 2018-жылга чейин жарандардын жергиликтүү деңгээлде бюджет боюнча коомдук угууларга катышуусунда туруктуу өсүш байкалып келди. Ал эми 2018-жылы Кыргыз Республикасы үчүн рекорддук 20 пайыздан ашты. КР Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылы коомдук угууларды 330 ЖӨБ органы өткөргөн. Угуулар негизинен элет жергесинде өткөн, ал эми катышуучулардын саны 28 миңден ашкан. Алар жергиликтүү бюджеттерге 3 миңден ашык сунуш киргизишкен[6].

Айрым элеттик муниципалитеттердин финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн адистеринин жана жетекчилеринин айтымында, 2019-жылы Жарандык бюджет[7] олуттуу ролду ойноду. Жарандык бюджет да кеңири укуктук базага ээ:

  • 2016-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • 2017-жылдын 26-декабрындагы №166-Б Кыргыз Республикасынын Жарандык бюджетин түзүү методикасы;
  • КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-сентябрындагы №452 Токтому менен бекитилген Бюджеттик ачык-айкындуулуктун муниципалдык индексин баалоо методикасы;
  • Жарандык бюджетти жергиликтүү бюджеттер боюнча түзүү боюнча методикалык окуу китеби[8] (web-багытындагы тиркеме).

Атүгүл жарандардын коомдук иштерге катышууга болгон укугу 2019-жылы каржылоо булагына да ээ болду: ЖӨБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы № 01-18/84 Буйругу менен “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуунун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” Типтүү жобо бекитилген.

Эмесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын Европанын ЖӨБ Хартиясынын принциптерине шайкештигине жасалган баалоонун баштапкы жыйынтыгы муну көрсөттү: Кыргызстанда Хартияга кошулган Борбор Азиядагы биринчи мамлекет жана биринчи европалык эмес мамлекет болууга уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул өлкөнүн бийлиги үчүн олуттуу тышкы саясий жетишкендик болуп бере алат, Кыргызстанды кеңири континенталдык өңүттөн алып караганда Испания жана Италиядан баштап Грузия менен Орусия Федерациясына чейинки эл аралык жамааттын алдында регионалдык лидер позициясына чыгарууга шарт түзөт.

 

_________________


[1] Европанын Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун хартиясы 1985-жылы Европа Кеңешинин жергиликтүү жана регионалдык бийликтери тарабынан кабыл алынган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги негизги принциптерди аныктаган эң маанилүү көп тараптуу документ болуп саналат. Булак: https://ru.wikipedia.org/wiki/Европейская_хартия_местного_самоуправления

[3] 3 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын “Кыргыз Республикасынын аймактарын комплекстүү өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын ролу” аттуу Форуму, 2018-жылдын 3-июлу, Бишкек шаары: http://dpi.kg/ru/library/full/281.html

[5] Өнүктүрүү саясат институту Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги (SDC) аркылуу Швейцариянын Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында 2018-жылы Кыргыз Республикасына консультант Келменд ЗАЯЗИни чакырган. ЗАЯЗИ – Түштүк-Чыгыш Европанын жергиликтүү башкаруу органдарынын ассоциациялар биримдигинин аткаруучу директору, Европа Кеңешинин Жергиликтүү жана регионалдык бийликтеринин Конгрессинин Европа Хартиясы боюнча көз карандысыз консультанттар тобунун мүчөсү.

[6] Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жарандарды эмне менен шыктандыра алат? / Кыргыз Республикасынын жарандарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата ишеним деңгээлин, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу шарттарына канааттануусун изилдөөнүн жыйынтыктары. – Бишкек: Өнүктүрүү саясат институту, 2020.

[7] Жарандык бюджет (ЖБ) - бюджеттик маалыматтын жеткиликтүү жана жөнөкөй түрүндө баяндалышы. Ал жарандарга, анын ичинде атайын билими болбогондорго мамлекеттин финансысы тууралуу маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет. Толук маалымат алуу үчүн: www.gb.minfin.kg

[8] “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында даярдалып, басылып чыкты. Шилтеме: http://dpi.kg/ru/library/full/296.html