Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Пандемия шартында Латвия – Кыргызстан онлайн байланышта

2020-05-11 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Пандемия шартында Латвия – Кыргызстан онлайн байланышта

Сүрөт ӨСИнин архивинен алынды, 2019-жыл

Латвиянын ЖӨБ органдары пандемия маалында өкмөттүн күчү менен өз жарандарын кантип колдоп жана коргоп жатканын кыргызстандык кесиптештерине айтып беришти

2020-жылдын 13-майында Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” Долбоорунун колдоосу жана КР ЖӨБ Союзунун катышуусу менен видеоконференция өттү. Анын жүрүшүндө Кыргызстандагы шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөт башчылары Латвия муниципалитеттеринин жетекчилери менен баарлашып, өз көйгөйлөрү менен бөлүшүп, кесиптештеринин тажрыйбасы менен жакындан тааныша алышты. Азыркыдай оор кризис маалында өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкарууга көбүрөөк ишенип, көрсөткөн колдоосу да масштабдуу болушу керектиги, муну менен жарандарды тезирээк, сапаттуу, ишенимдүү жана ийгиликтүү түрдө коргоп, колдой алаары конференциядан алынган башкы сабак болду. Кризис шарттарында Латвиянын өз алдынча башкаруусунун иш тажрыйбасында эмнелер көбүрөөк кызыгууну жаратты? Бул өлкөдөн дагы эмнелерди үйрөнүүгө болот?

Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору 

Латвиянын жана Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык өлкөлөрдөгү башка башкаруу органдарындай эле COVID-19 пандемиясы кошо ала келген чакырыктарга туруштук берип жатышат. Пандемия шарттарында ЖӨБ органдарынын ролу өзгөчө. Себеби алар башкаруунун алдыңкы катарында турушуп, эл менен түздөн-түз иш алып барышат. Мындай оор кырдаалда жарандардын кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча жакшы коргоо үчүн мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күч-аракеттерин бириктирүү зарыл болгону айдан ачык. Кыргызстандын ЖӨБ органдарынын жетекчилерин бир топ суроолор кызыктырды: Муниципалдык кызматчылардын маянасы кантип төлөнүп жатат? Кризис маалында жардамга муктаж адамдардын саны канчалык көбөйдү? Эгерде салык каникулу жарыяланса, бюджеттин киреше бөлүгүнө кандай колдоо көрсөтүлөт? ЖӨБ органдары өкмөттөн кандай мөөнөткө зайым алса болот? Мигранттар кайтып келиштиби жана алардын маселеси кантип чечилүүдө? Туристтер келбеген шарттарда Рига абалдан кантип чыгууда? Кризис шарттарында ЖӨБ органдарына кандай ыйгарым укуктар жетишпей жатат? Өкмөт көрүп жаткан чаралар тууралуу ЖӨБ органдарын маалымдоо үчүн кандай каналдар колдонулду? Эпидемия ЖӨБ органдарынын, муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын өздөрү үчүн иштин жаңы регламенттерин талап кылып жатабы?

Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясынын төрагасы Гинтс КАМИНСКИС бул маселе боюнча премьер-министрге телефон чалганын, эки күндөн кийин эле Ассоциация пандемия маселеси боюнча өкмөттүн жабык жыйынына катышып калганын айтып берди: “Биз үчүн мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар шарттарындагы ишин координациялоо процессине жергиликтүү өз алдынча башкарууну кайтаруу өтө маанилүү маселе эле. Мамлекет жана башкаруунун элге эң жакын бөлүгү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирдиктүү организм катары иштеп кеткени өтө зарыл болчу”.

“Өкмөт – ЖӨБ” байланышы

Латвияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу улуттук саясатта олуттуу ролду ойнойт. Анткен менен бул өлкөдө да өкмөт мурдагыдан тыгыз өз ара аракеттенүү зарыл болгонуна көңүл бурду. Көрсө, 2013-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруулар коллегиалдык мамлекеттик органдардан жана өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар шартындагы ишине байланышкан комиссиялардан чыгарылган экен.

Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясынын төрагасы Гинтс КАМИНСКИС бул маселе боюнча премьер-министрге телефон чалганын, эки күндөн кийин эле Ассоциация эпидемия маселеси боюнча өкмөттүн жабык жыйынына катышып калганын айтып берди: “Биз үчүн мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар шарттарындагы ишин координациялоо процессине жергиликтүү өз алдынча башкарууну кайтаруу өтө маанилүү маселе эле. Мамлекет жана башкаруунун элге эң жакын бөлүгү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирдиктүү организм катары иштеп кеткени өтө зарыл болчу”. Латвиянын өз алдынча башкаруусу адамдар мамлекетке ишене тургандай өз ара байланыш системасын түзө алышты. Маалымат жеткирүү өзөктүк мааниге ээ – Латвиянын ар бир жашоочусу ЖӨБ органдарынан маалымат алып, ошого ишенет. Себеби айрым мамлекеттик структураларга караганда жарандардын ЖӨБ органдарына болгон ишеними салттуу түрдө жогору. Өкмөттүн чечими тууралуу маалыматты адамдарга жеткирүү процесси дайыма эле убакытты алчу. ЖӨБ органдары элге тезирээк жете алышат, аларга өзгөчө кырдаалдар шартында өзүн кандай алып жүрүү керектиги тууралуу зарыл болгон маалыматтарды жеткире алышат. Бийлик менен жарандардын ортосундагы түз, тикелей байланыш өтө маанилүү жана ЖӨБ органдары гана муну кыска убакыт ичинде камсыз кыла алышат. Латвияда ЖӨБ органдары мамлекеттик органдарга караганда кырдаалга өтө тез реакция жасашты, атүгүл кээде өкмөткө караганда катаалыраак чараларды көрүштү.

Ассоциация ЖӨБ органдарына өкмөттүк түзүмдөр менен түз байланыш каналын уюштуруп берди. Бардык ЖӨБ органдары үчүн финансы, саламаттык сактоо, бакубатчылык (биздеги Социалдык өнүктүрүү министрлиги), ички иштер министрлери менен туруктуу видеоконференцияларды өткөрүп турат. Мисалы, билим берүү министри менен конференцияга ЖӨБ органдарынын миңге жакын жетекчилери жана кызматкерлери кошулуп, түзүлгөн кырдаал, өкмөт көрүп жаткан чаралар, өнүгүүнүн келечеги тууралуу маалыматты түз алышты. Бул мындай конференцияны өткөрүүнүн биринчи тажрыйбасы болчу жана байланышка кошулгандардын 30% маалыматты көп жакшы уга албай калышты. Ушундан улам Ассоциация да, жергиликтүү өз алдынча башкаруулар да байланыш каналдарын чукул арада оңдошуп, андан кийин конференциялар үзгүлтүккө учураган жок. Өз убагында байланышка кошула албагандар үчүн Ассоциация конференцияны жазып алып, мындай талкуулардын бардык материалдарын ачык булакта сактап коёт.

ЖӨБ органдары менен видеоконференция маалында Латвиянын финансы министри жергиликтүү бюджеттер кыскарбай турганын бир нече жолу ачык жарыялаганы өтө маанилүү болду.

Ички иштер министри менен жолугушууда мыйзамдардын сакталышын кантип камсыз кылса болот, коомдо кылмыштуулуктун санын кантип азайтып, социалдык туруктуулукту кантип камсыздоого болот деген маселелер талкууланды. Латвиянын премьер-министри ошондой эле ЖӨБ Ассоциациясынын кеңешчилери жана түзүмдөрү менен жолугушуп, алар менен кризис шарттарында ЖӨБдүн ишин, кризистен кийинки жашоону да талкуулашты. 

ЖӨБ органдары менен видеоконференция маалында Латвиянын финансы министри жергиликтүү бюджеттер кыскарбай турганын бир нече жолу ачык жарыялаганы өтө маанилүү болду.

Гинтс КАМИНСКИС мындай пикирде: “Кризис – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн чоң мектеп, себеби күн сайын жаңы кырдаалга туш болуп, жаңы сабактарды үйрөнөбүз. Биз иштин шарттарын, институттарды, мыйзамдарды кантип өзгөртүшүбүз керектигин ийне-жибине чейин билишибиз керек. Эгерде ЖӨБ органдарынын өздөрүндө суроолор пайда болсо, алар аны Ассоциацияга узата алышат. Ассоциацияда бул суроолордун баары жалпылаштырылып, министрликтерге берилет. Андан соң жалпылаштырылган жооптор бирикменин сайтында жарыяланат. Бул сайтта COVID-19 пандемиясы шартында ЖӨБ органдарынын иштөө маселелерине арналган атайын бөлүм бар”.

Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясынын сайтында Латвиянын ЖӨБ органдарынын көптөгөн документтери жана кабыл алган чечимдери жайгаштырылган. Бул документтерди төмөнкү шилтеме боюнча орус тилинде да окуй аласыз: https://likumi.lv/p/ru/covid-19

Жер-жерлерде бизнести колдоо

Латвиянын Өз алдынча башкаруулар ассоциациясынын төрагасынын кеңешчиси Андра ФЕЛДМАНЕ буларды айтып берди: “Латвияда жергиликтүү өз алдынча башкаруулар пандемия шартында бизнестин көйгөйлөрүн көз жаздымында калтырган жок. Атүгүл өз алдынча башкаруулар адамдар жумуш орундарын жоготуп, кирешесиз калуу коркунучу бар экенин баамдап, ишкерлер колдоого өтө муктаж болгонун өкмөткө биринчилерден болуп жеткирип турушту. Өзгөчө кырдаал киргизилген алгачкы күндөрү дүрбөлөңдү болтурбай, бизнеске үмүт берип, перспективага жол көрсөтүү өтө маанилүү болчу. Өкмөт ыкчам реакция жасады – өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин эле эки күндөн соң иш токтоп турган маалда маянаны төлөп берүү үчүн бизнеске материалдык жардам берилери айтылды. Адегенде бул жеңилдиктер салык карызы болбогон компанияларга гана берилген. Бирок андан кийин 1000 еврого жетпеген карызы бар ишкерлердин баарына жеңилдиктер бериле баштады. Мамлекеттик бюджеттен айлык акыны кошо каржылоо айына 700 еврону түзөт жана кадимки маянанын деңгээлинен 70 пайыздан ашпайт. Жеке ишкерлер жана автордук сыйакы алган адамдар кризис маалында жөлөкпул да алышты. Бардык жөлөкпулдардан киреше салыгы алынбайт жана социалдык чегерүүлөр болбойт. Андан кийин Мамлекеттик кирешелер кызматы (КР Мамлекеттик салык кызматынын аналогу) үч жылдын ичинде салык карыздарын төлөө боюнча салык каникулу болот деген фактыны тастыктады”.

ЖӨБ органдары инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен пайызсыз зайым ала алышат. Бул максатта бөлүнгөн каражаттардын жалпы көлөмү 150 миллион еврону түздү. Бул оңой эмес каражат курулушка, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жана жер-жерлерде экономиканы жандандыра ала турган башка долбоорлорго жумшалмакчы. Подрядчыларды жана субподрядчыларды “тартып кете алган” курулушка артыкчылык берилет. Кризистен жапа чеккен бардык компаниялар “Алтумс” (Altums) мамлекеттик финансылык өнүктүрүү институтунан насыя кепилдиктерин жана айланма капиталга насыяларды ала алышат. Насыялардын суммасы – 15 миллион еврого чейин, ал эми төлөө мөөнөтү 25 жылга чейин болот.

Латвиянын ЖӨБ органдары өлкөнүн Социалдык министрлигинен төмөнкү маселелер боюнча методикалык жардам алып турат: Чукул кырдаалга кандай реакция жасаш керек? Кызмат көрсөтүүлөргө муктаждар менен байланышты кантип сактап туруш керек? Үй-бүлө менен сөздү кантип башташ керек? Кандай жардамды сунуш кылса болот? Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерин кантип алдын алууга болот?

ЖӨБ органдары жергиликтүү бизнести колдоо үчүн сатып алуулардын чынжырчасын уюштурушту. Бул үчүн полиция бекеттери, балдар мекемелери үчүн коргоочу каражаттарды, муктаждарга азык-түлүктөрдү жеринде сатып алышты. Өкмөт ЖӨБ органдарына мүлккө салыктын ставкасын азайтууга мүмкүнчүлүк берди. Себеби бул да жарандарга жана бизнеске оор кырдаалда жардам болот. Ошондой эле кризистик кырдаалда калган ишканаларга жана жарандарга муниципалдык менчикти жеңилдетилген шартта ижарага алууга уруксат берилди. Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу бардык чарба субъекттерине жеңилдетилген түрдө ижараны бере алышат. Бирок коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы мурдагыдай эле деңгээлде сактала берет. Бул болсо коммуналдык кызматтарды көрсөткөндөрдү колдоо максатында жасалды.

Азыр Латвиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу 2020-жылдын күз мезгилинде болот деп күтүлүп жаткан пандемиянын экинчи толкунуна даярданып, акыркы эки айда кетирген каталарын кайра кайталабоо үчүн стратегияларды түзүп жатат.

Калктын аярлуу катмарларын колдоо

Саламаттык сактоо тармагына карата Латвиядагы ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары ден соолукту коргоо объекттерине жана кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен чектелет. Мындан улам ЖӨБ органдарына пандемия шарттарында аралыктан камсыз кылуу милдети жүктөлдү. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ЖӨБ органдарына кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну багыттоо, мисалы кароого муктаж адамдар үчүн жардамчынын кызмат көрсөтүүлөрүн даярдоо милдети жүктөлдү.

Латвиянын региондору кризис маалында аймактык өнүгүүнү токтотушкан жок. Аралыктан чогулуп, муниципалитеттерди өнүктүрүү долбоорлорун талкуулашты. Маданий мурасты колдоо боюнча долбоорлор ишин улантууда, аралыктан иштөө форматы үчүн жарамдуу долбоорлорду уюштуруунун жаңы формалары изделип жатат.

Латвиянын Өз алдынча башкаруулар союзунун саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү (бакубатчылык) боюнча кеңешчиси Илзе РУДЗИТЕ өз алдынча башкаруулардын Латвиянын Бакубатчылык министрлиги (КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аналогу) менен кызматташтыгы жемиштүү болгонун белгилейт. Мисалы, балалуу үй-бүлөлөргө, карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга социалдык кызматтарды аралыктан көрсөтүүнү уюштуруу маселеси оң жагына чечилген. Латвиянын ЖӨБ органдары өлкөнүн Социалдык министрлигинен төмөнкү маселелер боюнча методикалык жардам алып турат: Чукул кырдаалга кандай реакция жасаш керек? Кызмат көрсөтүүлөргө муктаждар менен байланышты кантип сактап туруш керек? Үй-бүлө менен сөздү кантип башташ керек? Кандай жардамды сунуш кылса болот? Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерин кантип алдын алууга болот? Саламаттык сактоо министрлиги менен ЖӨБ органдары бир топ маселелерди чечип алышты: Тобокелдиктерди кантип азайтууга болот? Эпидемия маалында эмнелерди жасаса болот, ал эми эмнелерге тыюу салынган? Жашоочулар, жергиликтүү жамааттар арасында түшүндүрүү иштерин, маалымат жеткирүүнү кантип ишке ашырууга болот? Илзе РУДЗИТЕ: “Вирустан коргоочу каражаттардын тартыштыгы көйгөйгө айланды. Биз ЖӨБ органдарына социалдык мекемелердин кызматкерлерин тесттен өткөрүп, коргоо тууралуу өтө көп маалымат берип турдук, айрым адамдар тест тапшыруу жана коргонуу талаптарына көнбөгөндүктөн ортодо пайда болгон талаш-тартыштарды чечүүгө жардам бердик. Азыр Латвиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу 2020-жылдын күз мезгилинде болот деп күтүлүп жаткан пандемиянын экинчи толкунуна даярданып, акыркы эки айда кетирген каталарын кайра кайталабоо үчүн стратегияларды түзүп жатат. Бир топ адамдар жумушсуз калаарын түшүнүп турабыз. Кайсы бир мезгил аларды жөлөк пул менен кармай алабыз. Бирок колдоо көрсөтүүнүн башка чараларын ойлонушубуз керек. Мисалы, жакырчылыкты жеңүү боюнча чаралар, турак жайга субсидиялар өңдүү варианттар каралууда. Адамдарга колдоо көрсөтүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, кризистен чыгып жатканда ким кандай жоопкерчиликти өзүнө алаарын тактайбыз”.

Аймактын өнүгүүсү токтогон жок

Канчалык парадоксалдуу угулбасын, бирок кризис – бул жаңы долбоорлордун мезгили. Видзем аймагын пландоо боюнча төрага, Паргауя (Pārgaujas novads) муниципалитетинин төрагасы Хардис ВЕНТС кризис маалында аймак өнүгүү долбоорлоруна электрондук добуш берүү үчүн жаңы платформа даярдаганын белгиледи: “Биз аймактагы жарандардын көңүлүн өнүгүү долбоорлоруна бурууга аракет кылып жатабыз, аларды долбоорлорго добуш берүүгө үндөп жатабыз. Мисалы, аймакты өнүктүрүү боюнча маданий долбоорлордун бири үчүн 12 миң адам добуш берген”.

Латвиянын региондору кризис маалында аймактык өнүгүүнү токтотушкан жок. Аралыктан чогулуп, муниципалитеттерди өнүктүрүү долбоорлорун талкуулашты. Маданий мурасты колдоо боюнча долбоорлор ишин улантууда, аралыктан иштөө форматы үчүн жарамдуу долбоорлорду уюштуруунун жаңы формалары изделип жатат.

Энергияны үнөмдөө боюнча семинарлар дээрлик күн сайын өтүүдө. Эстония менен чогуу узундугу 1600 километр болгон “Токойдогу чыйыр жол” аттуу кызыктуу долбоорду даярдадык. Бул долбоорду ийгиликтүү таанытып, эки метрдик социалдык дистанцияны бузбастан адамдарды бул маршрутту басып өтүүгө түрттүк. Бул долбоорду блогерлер аркылуу таанытуу ыкмасын таптык. “Буюртма боюнча транспорт” долбоорун ишке ашырдык. Бул да жакшы жыйынтык берүүдө. Мисалы, аймактагы 26 муниципалитеттин 12синде коронавирус менен ооруган бир да адам жок, калган аймактарда ооругандардын саны ондон ашпайт. Валмиере регионунун борбордук шаарында гана 21 адам ооруп калды.

Паргауя муниципалитетинде аралыктан окутуу шарттарында балдар үчүн акысыз тамактанууну сактап калууну чечтик – үй-бүлөлөргө талондорду таратып бердик, ал талонду көрсөтүп, жергиликтүү дүкөндөрдөн азык-түлүк алса болот. Муну менен үй-бүлөлөрдү да, жергиликтүү ишкерлерди да колдоп жатабыз.

Хардис ВЕНТС мындай деп эсептейт: “Кризис – бул күн сайын өтө ыкчам чечишибиз керек болгон көйгөйлөр. Бирок оң жактары да бар экен. Мисалы, тынч маалда кийинкиге калтырып жүргөн иштерди жасоого стимул пайда болду. Аны менен бардык элдик өндүрүшкө, маданий баалуулуктарга, китепканалардагы китептерге инвентаризация жүргүзүп, адамдар келбегенден пайдаланып, муниципалдык мекемелерди оңдоп чыктык”.

Китепканаларды да жабууга туура келди. Бирок муниципалитет адамдарга китептерди аралыктан буюртма менен алып туруу мүмкүнчүлүгүн берди, китепканачылар белгиленген бир убакытта окурмандардын аты жазылган китепти китепкананын алдында таштап коюшат, жашоочулар ошол жерден алып кетишет. Мектептеги тамактануунун ордуна ата-энелерге азык-түлүк салынган баштыктар жеткирилип турду, муну менен үй-бүлөлөргө колдоо көрсөттүк. Бизнеске жана жумушчуларга колдоо көрсөтүү үчүн Ливаниде кыймылсыз мүлк үчүн салыкты, ижара акысын төлөө мөөнөтүн узарттык.

Кризис маалында ЖӨБдүн мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү

Ливани муниципалитетинин (өнөр жай шаары жана 5 волость бар, 12 миң адам жашайт) төрагасынын орун басары Гинта КРАУКЛЕ буга чейин муниципалитетте эч ким мындай иш шарттарына туш болбогонун белгиледи: “Күн сайын буга чейин эч кабыл албаган чечимдерди кабыл алууга мажбурбуз. Адатта кеңеш алууга мүмкүнчүлүк болбой калат, жардамды кайдан сураарыбызды билбейбиз. Чечимдерди да ыкчам, координацияланган түрдө кабыл алышыбыз керек болот. Бул чечимдер креативдүү, жоопкерчиликтүү жана ийгиликтүү болууга тийиш. Ошондуктан мисалы, 9-мартта, Латвияда өзгөчө кырдаал расмий жарыланаарына үч күн калганда эле мекемелерибиздин биринде карантин чараларын киргиздик. Карантин кары-картаңдар жашаган пансионатта киргизилди. Себеби алар вирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору топко киришет эмеспи”.

Мектептерди жана бала бакчаларды жаап, окуучуларды аралыктан окутууга өткөрүү оор болду. Ошол учурда Е-класс системасы кирип калганы бизге жардам болду. Бул системада ата-энелер, балдар жана мугалимдер тапшырмаларды алып, маалымат алмашып, бааларды көрө алышат.

Китепканаларды да жабууга туура келди. Бирок муниципалитет адамдарга китептерди аралыктан буюртма менен алып туруу мүмкүнчүлүгүн берди, китепканачылар белгиленген бир убакытта окурмандардын аты жазылган китепти китепкананын алдында таштап коюшат, жашоочулар ошол жерден алып кетишет. Мектептеги тамактануунун ордуна ата-энелерге азык-түлүк салынган баштыктар жеткирилип турду, муну менен үй-бүлөлөргө колдоо көрсөттүк.

Бизнеске жана жумушчуларга колдоо көрсөтүү үчүн Ливаниде кыймылсыз мүлк үчүн салыкты, ижара акысын төлөө мөөнөтүн узарттык. 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлери күн сайын ар кандай кырдаалды моделдештирип жатышат, бул азырынча боло элек, бирок ыктымалдуулугу жогору болгон кырдаалдар. Мисалы, Карылар үйүндө вирусту жуктургандар болбогонуна карабастан, эгерде ушундай кырдаал түзүлсө, коргонуунун бардык чаралары даярдалган.

Гинта КРАУКЛЕ: “Биз дайыма ар кандай көйгөйлөргө даяр турабыз, биз даярдыксыз болбой отурганга жол бербешибиз керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун, арак ичимдиктеринин таасири алдында адекватсыз жүрүм-турум болушу ыктымал деген тобокелдиктерге өтө көп убакыт жана көңүл буруп жатабыз. Бул үчүн апта сайын мониторинг жүргүзүп, ушундай тобокелдиктер бар болгон үй-бүлөлөр тууралуу маалымат алмашып турабыз. Мындай үй-бүлөлөрдө кырсык болбошу үчүн өз жоопкерчилигибизди сезебиз”.

Жарандар бийлик менен түз байланышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган шарттарда муниципалитет жашоочуларга маалымат жеткирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат. Жарандар менен ыкчам байланыш үчүн шаардагы ар бир подъездин алдына кызматкерлердин телефону жазылган чоң плакаттарды илип чыгышты. Мунун натыйжасында адамдар көп маселелерди телефон аркылуу эле бүтүрүп алышты. Шаардын борборуна орнотулган чоң монитор актуалдуу маалыматтарды чыгарып турат, жергиликтүү гезиттер адамдарды туруктуу жана толук кабарландырып жатат, Интернетте видеоконференциялар өткөрүлүүдө. Жергиликтүү думанын (биздеги жергиликтүү кеңеш) ишин кайра карап чыгышты – мурда жыйын өтүп турса, азыр электрондук талкуу жана добуш берүү жүрүп жатат.

Кыргызстандагы ЖӨБ органдарынын жетекчилерин “Муниципалдык кызматчылардын иш шарты канчалык өзгөрдү?” деген суроо кызыктырды. Гинта айым биринчи кезекте регламенттер өзгөргөнүн билдирди: “Жашоочуларга маалымат берип, аралыктан иштеп жатабыз. Биз жашоочулар менен мэрдин байланышуусу үчүн канал түздүк, апта сайын мэр “Фейсбуктан” тургундардын суроолоруна жооп берип турат. Буга чейин Латвияда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка өткөрүү зарылдыгы тууралуу көп эле сөз болуп келген. Кризис бизди бул багытта ыкчам иш алып барууга түрттү. Айрым ЖӨБ кызматчылар эки командага бөлүнүп алып, аралыктан иш алып барышууда”.

Гинта КРАУКЛЕ өзгөчө кырдаалда ыкчам чечим кабыл алып, финансы жагынан жардам берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга көбүрөөк укуктарды жана ыйгарым укуктарды берүү зарыл деп эсептейт. Аны менен катар мамлекет муниципалитеттерди вирустан коргонуучу каражаттар менен камсыз кылууга даяр эмес болчу. Мындан улам жергиликтүү бюджеттер күтүлбөгөн чыгымга учурады. “Дал ушул өз алдынча башкаруу эң көп жана маанилүү иштерди жасап жатат. Вирусту жайылтпоо боюнча жигердүү ишибиздин натыйжасында Латвияда коронавирустан ооругандардын саны аз. Кээде биз өзүбүздү жалгыз калгандай сезебиз. Бирок жакшы жагы – бизде ЖӨБ ассоциациясы бар, бул бирикмеден өтө көп нерсени алып жатабыз. Өзгөчө министрлер менен видеоконференциялар абдан жардам берүүдө, биз өз суроолорубузга жооп алгандыктан жалгыз болбогонубузду сезебиз”.

Бул маселеде Гинта айымды Латвиядан жана Кыргызстандан кесиптештери колдошту. Өзгөчө кырдаалда эң маанилүүсү – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине бут тоспоо, ашыкча бюрократияны азайтуу, чечим кабыл алууда көбүрөөк эркиндик берүү, ЖӨБ органдарына ишеним артуу. Эгерде бир адам ката кетирсе да, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бүтүндөй системасы жарандарын оор абалда калтырбайт. Ушундан улам Кыргызстанда жана Латвияда гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да бийликтин башка институттарына караганда жергиликтүү өз алдынча башкарууга адамдар көбүрөөк ишенишет.

"Латвия-Кыргызстан онлайн байланышта" видеоконференциясын толугу менен төмнкү шилтеме боюнча көрсөңүз болот: https://www.youtube.com/watch?v=tLwvonh3ahk