Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдар аянтчасы коопсуздук маселесин чечти

2016-11-03 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Юрьевка айылдык аймагында 4842 адам жашаса, анын 2031ин аялдар түзөт. Калктын эң көйгөйлүү маселеси – төрөттүн деңгээли бир кыйла жогору болгону менен, бул аймакта мектепке чейинки мекеменин жана балдар оюндары үчүн аянтчанын жоктугу. Буга байланыштуу жаш үй-бүлөлөрдү күн сайын ойго салган маселе – балдар таза абада коопсуз жана мүмкүн болушунча ыңгайлуу шартта кантип жана кайсы жерде ойнойт? Бул маселе чындап көйгөйлүү болгонун дагы бир факт тастыктап турат: айылдын борбордук көчөсүндө эле жүзгө жакын түтүн бар жана мында бир жаштан он жашка чейинки курактагы 150 бала жашайт. Бул квартал негизги көчөгө жакын жайгашкандыктан балдар адатта жол боюнда ойноп, авариялык кырдаал түзүлүп, кээде кырсык да болуп калат. Транспорттун көбөйгөнүнө байланыштуу жолдо кыймыл активдүү, машина балдарды коюп кеткен учурлар бир нече жолу болгон. Тобокелдик жогорку зонада экиден беш жашка чейинки наристелер бар. Элет жергесинде энелердин жаны тынбайт, алар үй тиричилиги менен алек, мал багышат, ошондуктан балдарды такай көзөмөлдөп турууга убактысы жетпейт. Балдар болсо ылай чаң аралаш жерде, арыктарда жана көлмөлөрдө ойноп жүрө беришет. Мындан улам бул көйгөй аймактагы дээрлик ар бир үй-бүлөгө тиешелүү болуп турат.

Бала бакчанын жана оюн үчүн аянтчанын жоктугу көйгөйү дайыма айылдагы чогулуштарда, анын ичинде курултайларда, бюджеттик угуулар маалында көтөрүлүп келген. Акыры башында Камел уулу Актан турган алты демилгелүү жигит чыгып, бул маселени чечмей болушту. Биринчи кезекте алар балдар аянтчасына жер участогун бөлүп берүү тууралуу айылдык аймактын башчысы менен макулдашты. Башчы демилгени колдоп, долбоорду жактырып, ээн, тынч, жолдон алыс жерде жер бөлүп берди. Андан кийин айылдык чогулуш өткөрүшүп, ага 160киши катышты. Кенже курактагы балдары бар ар бир түтүндөн 500 сомдон чогултмай болушту. Акча дале чогулуп жатат, бирок баштапкы сумма бар – ушул күнгө чейин 20 миң сом чогулду.

Бул болсо алгачкы иштерди баштай берүүгө шарт түзүп жатат. Жумуштар ашар ыкмасы менен жүрүүдө – бир күнү Юрьевканын жашоочулары чогулуп, учстокту тегиздеп, ал жерге 5 машина кум төгүштү. Чогулган акчага труба, цемент, эски машине шиналарын сатып алышты. Бул шиналар менен аянтчанын тегерегин тосуп чыгышат. Балдар да жумуштарга тартылышты – алар аянттагы кумда болушунча ойношту. Балдар аянтчасынын курулушу бүтө элек, дагы селкинчектерди, отургучтарды, дөбөлөрдү орнотуп, тегерегин тосуп чыгыш керек.Бирок буга карабастан ата-энелердин көңүлү бир аз да болсо тынчып калды – балдар бул жерди жакшы көрүп, азыртадан эле ушул жерден ойноп жүрүшөт. Ата-энелерде балдардын коопсуздугу үчүн тынчсызданууга негиз жок, анткени бул жакка машине дээрлик келбейт. Экинчиден, балдарга тегеректеги үйлөрдө жашагандар баш-көз болуп турушат. Күн сайын бул жерде элүүгө жакын бала ойнойт. - Менин кичинекей төрт балам бар. Мурда алар жолду кесип өткөндө кырсыкка кабылбаса экен деп тилеп, санаага батчумун. Эми болсо аларды оюн аянтчасында бейкапар калтырып кете берем, анткени коопсуз жерде ойноп жатышканын билем.

Аялым мурда балдарды көзөмөлдөп, ары-бери чуркап, алагды болсо, эми үй тиричилиги үчүн убактысы кенен болуп калды. Балдар ынтымактуу, алар коопсуз жерде көңүлдүү убакыт өткөрүшөт. Албетте коопсуздук жана балдардын өнүгүүсү жагынан алып караганда бала бакча алда канча ишенимдүү болмок. Бирок мурдагыга караганда азыр жакшы болуп калбадыбы, - деп айтат элет тургуну Анарбек ТОЛБАШИЕВ.Жашоочулардын көбүнүн пикири да ушундай. Алар маселени биргелешип чечкен оңой экенине көздөрү жетти. Анын үстүнө бул арзаныраак да түшөт: жергиликтүү жамааттан акчалай салым 20 миң сомду түздү. Ашардын катышуучуларынын эмгек салымы да ушундай эле суммага бааланды. Ошондой эле элеттиктер муну менен токтоп калбастан, баштаган ишин аягына чыгарат деген ишеним бар. Учурда аянтчаны абаттоого, тосмо орнотууга жана түрдүү аттракциондорго акча чогултулуп жатат. Байге фондунун акчасын дал ушул максатта колдоноюн деп турушат. Аны ме- нен катар селкинчек, дөбө, отургуч орнотууга 150 миң сом керек, 70 миң сом тосмонун торчосун сатып алууга кетсе, 15 миң сом кум аянтчасын даярдоого жана жок дегенде бир турник сатып алганга жумшалат. Адамдар бул демилгени кош колдоп беришти жана ишти аягына чыгармайынча алдыга коюлган максаттан баш тартышпайт.

Окшош материалы: