Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эстониядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу

2017-05-09 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Эстониядагы жергиликтүү  өз алдынча башкаруу

Эстония муниципалитеттердин санын үч эсе азайтууну пландоодо.Жергиликтүү советтердин депутаттарына жаш курагынан жана жарандыгынан тышкары башка талаптарды коюшпайт. Жергиликтүү советтердин жыйналыштары он-лайн режиминде көрсөтүлөт. Эстониянын тажрыйбасынан Кыргызстан дагы кандай сабактарды алса болот? Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы (ШӨКБ) каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) алкагында уюштурулган окуу сапарынын катышуучулары ушул суроого жооп издешти. Сапарга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР финансы министринин орун басары, КР Финансы министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы, КР Өкмөттүк аппаратынын кызматкерлери, ЖӨБЭММА, айыл өкмөт башчылары, ЖӨБ Союзунун кызматкерлери, ошондой эле Долбоордун өкүлдөрү 2017-жылдын 23-апрелинен 29-апрелге чейин Эстония Республикасында окуу сапары менен болушту. Сапар жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн оң тажрыйбасын, башкаруу органдарынын жарандар, борбордук бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетин үйрөнүү максатында уюштурулду

Кыргызстан үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү өтө маанилүү жана актуалдуу тема. Кээде бардык кыйынчылыктар аныкталып, эсептер аткарылгандай көрүнгөнү менен, негизги максатка – күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкарууга жете элекпиз. Мындай учурларда бир нерсе айкын: реформаларды илгерилетүү үчүн аларды башка өлкөлөрдүн мисалында көрүү зарыл. Мындай учурларда кимдин тажрыйбасы зарыл маалыматты бере аларын аныктап алуу алда канчамаанилүү болот. Мында окшош маданият, салттар, тил жана албетте тарых чоң ролду ойнойт. Дал ошондуктан Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында уюштурулган окуу сапары Прибалтиканын чордонунда – Эстония Республикасында өттү. Эстониянын тажрыйбасын үйрөнүүнүн алкагында Кыргызстандын делегациясы төмөнкүлөр менен таанышты:
 
  • Эстониянын мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу системасы менен;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана милдеттери менен таанышты.
  • Мында маморгандар менен ЖӨБдүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратуу, ЖӨБго мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду;
  • ЖӨБдүн кирешелери менен чыгашаларын, бюджеттер аралык мамилелерди, теңдештирүү системасын кошкондо муниципалдык финансыны башкаруу маселелери менен;
  • борбордук өкмөт менен ЖӨБ органдарынын атынан сүйлөшүү процесстеринде Ассоциациялардын ролун кошкондо, Жергиликтүү жана аймактын өз алдынча башкаруу ассоциацияларынын иши менен;
  • Эстониянын административдик-аймактык реформасы (муниципалитеттерди ирилештирүү) менен;

Эстониянын айрым шаарларынын (Маарду, Раквере, Пайде, Таллин шаарлары) ЖӨБ органдарынын иши менен таанышты. Кыргызстандан барган делегация Эстониянын Шаарлар ассоциациясынын (Союзунун) кеңсесинде, Эстониянын Административдик реформалар министрлигинде, Эстониянын парламентинде, ошондой эле Маарду, Раквере, Пайде, Таллин шаарларынын мэрияларында болушту. Кыргызстандыктар Эстониянын Шаарлар союзунун директору жана кызматкерлери, административдик реформалар боюнча министр, парламент депутаты, шаар мэрлери жана алардын кызматкерлери менен жолугушту. Беш күн бою көптөгөн жолугушуулар уюштурулуп, окуу сапарынын катышуучулары эстониялык кесиптештерине түрдүү суроолорду узатып, реформанын артыкчылыктары менен кемчиликтерин, алар башынан өткөргөн кыйынчылыктарды талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. ЖӨБ органдарынын чарбалык ишине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жана калкты тейлөөгө тиешелүү маселелер, жарандардын жеринде чечим кабыл алууга, бюджеттик процесске катышуу практикасы талкууланды. 

Программа Кыргызстан менен Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өнүгүү жолдорун салыштырууга жардам берди. ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргоого карата мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ассоциациялар) ортосундагы сүйлөшүү процесси катышуучулар арасында өзгөчө кызыгууну жаратты. Ошондой эле муниципалитеттердин саясий, административдик жана финансылык өз алдынчалуулугу, билим берүү, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо чөйрөлөрүндө өз алдынча башкаруу аткарган, бирок республикалык бюджеттен каржыланган функциялар, республикалык бюджеттен каржыланган муниципалитеттерди теңдештирүү механизмдери, ошондой эле электрондук башкаруу системасы кызыгууну пайда кылды.

Жарым кылымдан ашык убакыт бою Кыргызстан жана Эстония бирдиктүү мамлекеттин курамында болуп, экономикасы пландалып, Москвадагы борборго толугу менен баш ийип келген. Бирок Союз жоюлгандан бери 25 жылдан ашык убакыт өтүп, СССРге мүчө болгон мамлекеттер ар башка жолго түшүштү. Эстония эмнеге жете алды жана кандай мамлекеттик реформалар жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө жардам берди? Буга узак жана көп күчтү талап кылган эмгек гана көмөктөштү. Эстонияда ЖӨБдүн өнүгүү тарыхы Кыргызстан-га караганда бай болгонун белгилей кетүү зарыл. Эстониянын Шаарлар ассоциациясы 1920-жылы эле негизделгени, үч жылдан кийин жүз жылдык мааракесин белгилей турганы эле канча нерседен кабар берип турат! Бүгүнкү Эстония – бул экономикалык пландан алганда да, административдик-аймактык жактан да ыкчам өнүгүү жолуна түшкөн өлкө. Эстония Республикасынын аймагы чоң деле эмес – 45 227 чарчы километр, калкынын саны – 1 352,3 миң киши.
Эстония – демократиялык парламенттик мамлекет, мында негизги бийлик парламент мүчөлөрүнүн – рийкикогу (эстон тилинен “мамлекеттик чогулуш” деп которулат) жана аны менен катар парламент төрагасынын колунда топтолгон. Ушуну менен бирге өлкө президенти башка мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди орнотууда жана колдоодо, өлкөнүн жана анын жарандарынын биримдигин бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Өлкө парламентинин мүчөлөрү партиялык тизме боюнча төрт жылдык мөөнөткө шайланышат. Бирок өзүн өзү көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Калкынын саны анча көп эмес өлкө үчүн депутаттардын саны бир топ эле көп болгонун жана 101 кишиден турганын белгилей кетүү зарыл. Эстон парламентарийлери өздөрү да жакынкы келечекте мандаттардын санын кыскартуу зарылчылыгы тууралуу коомчулуктун пикирин колдошот.
Эстониянын Шаарлар ассоциациясынын эксперттеринин баамында, Эстония Республикасынын түптөлүү этаптарында жергиликтүү өз алдынча баш-каруу системасын бекемдөө маанилүү ролду ойногон. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө азыркы Мыйзам 1993-жылы, ал эми Жергиликтүү өз алдынча башкаруу Советтерине шайлоо жөнүндө Мыйзам 1996-жылы кабыл алынган. Эстонияда 213 муниципалитет бар, алардын отузу шаар болсо, 183ү – элеттик волосттор. Жергиликтүү бийлик аткаруучу органдын – мэриянын же волость администрациясынын жана мыйзам чыгаруучу органы – воликогунун (жергиликтүү совет) колунда топтолгон. Эстониянын эли төрт жылда бир жолу жергиликтүү депутаттарды шайлайт, ал эми алар болсо өз кезегинде мэрди же волосттук старостаны шайлашат. Ушуну менен бирге депутаттыкка талапкерлерге үч гана талап коюлат. Талапкер 18 жашка толуп, жоюлбаган соттуулугу болбой, Эстониянын жараны болушу керек. Мындан башка кошумча талаптар жок.
Башкача айтканда билимине, иш тажрыйбасына, өзгөчө жөндөмдүүлүктөрүнө минималдуу талаптар коюлган эмес. Эгерде талапкердин, атүгүл, орточо билими жана кайсы бир чөйрөдө минималдуу иш тажрыйбасы болбосо кандай болуп калат деген суроого эстон саясатчыларынын жообу даяр. Алар мындай талапкерди калк колдобой турганын айтышат. Анткени депутат алардын кызыкчылыгын коргоп, дискуссияга түшүп, муниципалитеттин өнүгүүсүнө тиешелүү маанилүү маселелерди талкуулап, бюджетти кабыл алышы керектигин, демек билимсиз жана компетентсиз адам болууга акысы жок экенин ар бир шайлоочу түшүнүп турат. Мындай жөнөкөйлөштүрүлгөнталап шаар мэринин, волосттук старостанын кызматына өзүн көрсөткөн талапкерлерге да коюлган. Аткарылган иш тууралуу мэр жыл сайын жергиликтүү депутаттарга отчет берип турат. Ал эми калкты маалымдоо тууралуу айта турган болсок, мында баары бир кыйла жөнөкөй. Биз үчүн көнүмүш болуп калган чогулуштар, коомдук угуулар Эстонияда чанда гана өтүп калды. Эстония Республикасы электрондук түзүлүштөрдү жана бүткүл дүйнөлүк интернет желесин колдонууда Евробиримдиктин аймагындагы эң алдыда бараткан өлкөлөрдүн катарына кирет.
Муниципалитеттер, анын ичинде Маарду, Раквере жана Таллин шаарлары жергиликтүү советтердин жыйналыштарын он-лайн режиминде көрсөтүп турат. Ошондуктан ар бир жашоочу эл өкүлдөрү эмне тууралуу сүйлөшүп, кандай маселелерди талкуулап жатканын көрө алат. Эстонияда бир нече жылдан бери жарандардын электрондук кайрылуу жана кайра байланыш системасы иштеп келатат. Өз даттанууларын, сунуштарын жана ой пикирлерин жергиликтүү жашоочулар администрацияга электрондук почта менен жибере алышат же шаардын мэриясынын же волосттун администрациясынын социалдык тармактагы баракчасына жаза алат. Мэриянын кызматкерлери бардык түшкөн кайрылууларды, даттанууларды, сунуштарды карап чыгып, даттануунун себебин жоюу үчүн тийиштүү кызматтар арасында бөлүштүрүшөт. Андан кийин аткарылган иш тууралуу маалымат кайра эле башкаруу органынын сайтында жайгаштырылат. Система жолго салынган жана иштеп жатат. Анткен менен улам өсүп жаткан керектөөлөр кошумча ресурстарды талап кылат. Ал эми алар болсо дайыма чектелүү. Ошондуктан башкаруу систе- масы улам өркүндөтүлүп, аны оптималдаштыруу – бул бүгүнкү күндө Эстониядагы реформалардын башкы темасы. Айталы, 2016-жылдын июнь айын-да Эстониянын парламенти “Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын административдик реформасы жөнүндө” Мыйзамды кабыл алган. Ал ошол эле жылдын 1-июлунда күчүнө кирген. Бул Мыйзамга ылайык, муниципалитеттер биригиши керек жана бир муниципалитеттин аймагында жашаган адамдардын минималдуу саны 5 миң кишиден кем болбошу керек.
Муниципалитеттерди ирилештирүү процессинде Өкмөт 2017-жылдын соңунда 213 муниципалитеттен 75 же 78ди түзүүнү пландоодо. Мындай реформаларга зарылчылык бир нече себептерден улам жаралды. Биринчи кезекте бул демографиялык кризиске байланыштуу. Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле Эстониянын калкынын саны жыл сайын кыскарууда, ал эми жашоочулардын орточо жаш курагы улам жогорулап жатат. Айрым бир учурларда миңден бир аз ашкан сандагы адамдарды тейлеген ЖӨБ органынын аппаратын күтүү чыгашалуу жана пайдасыз болууда. Ошону менен бирге жашоочулардын саны 5 миңден аз муниципалитеттердин саны Эстониядагы ЖӨБдүн жалпы санынан 81% түзөт. Муниципалитеттин бюджети эки негизги салыктын эсебинен – киреше жана жер салыктарынан түзүлөөрүн эске алганда, жергиликтүү казынага акча жылдан жылга аз түшүүдө. Жергиликтүү бюджеттин каражаттары ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин маянасына жана шаардын/волосттун минималдуу муктаждыктарына араң эле жетүүдө. Дал ошондуктан реалдуу экономикалык пайда табуу үмүтүндө бир нече муниципалитетти бириктирүү аркылуу аларды оптималдаштыруу маселеси курч турат. Бир нече бюджеттерди бириктирүү менен олуттуу маселелерди чечип, бюджеттик акчаны масштабдуу долбоорлорго инвестициялап, жаңы жумуш орундарын түзүп, ЖӨБдүн функцияларын талаптагыдай аткарууга жол ачылат.
Административдик реформа тууралуу Мыйзамды аткаруунун өзүнүн так мөөнөттөрү бар болгондуктан, Эстониянын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкарууга эки жолду сунуштады: биринчиси – негизги критерийлерге жетүү үчүн кошуна муниципалитеттердин ыктыярдуу бирикмесин караштырат. Мындай учурда жергиликтүү бюджетке кошумча каражат түшөт. Ал эми ыкты- ярдуу биригүүнү каалабагандар жаңы чек аралар жана жаңы жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү (муниципалитеттер) тууралуу борбордук өкмөттүн чечимдерин кабыл алууга мажбур болушат. ЖӨБ органында бир жылдан кем эмес иштеген жана муниципалитеттердин биригүүсүнүн натыйжасында иш орундарынан ажырай турган ЖӨБ органдарынын жетекчилери (мэрлер, волосттук старосталар (КРдагы АӨ башчыларынын аналогу) жана советтердин төрагалары) үчүн компенсация каралган. Алар жаңы түзүлө турган ЖӨБ органында ишке орношушу мүмкүн. Мындан тышкары жаңы кабыл алынган Мыйзамга ылайык, 2018-жылдын 1-январынан тартаөлкөнүн уезддик управалары (КРдагы райондук мамлекеттик администрациялардын аналогу) жоюлат. Ушуну менен бирге управалардын милдеттери тармактык министрликтер жана ЖӨБ органдары ортосунда бөлүштүрүлөт.
Уезддердин өздөрү болсо административдик бирдик катары сакталып кала берет. Мында дагы мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү калат жана алар калкка зарыл кызматтарды көрсөтүүнү улантышат. Бул уезддик борборлордо кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана мекемелер менен бөлүмдөрдү борбор калаадан элеттик шаарлардын жана волосттордун жашоочуларына жакыныраак көчүрүүгө жардам берет. Муну менен мамлекеттик түзүмдөрдүн кеңселери мурдагыдан да мобилдүү жана жеткиликтүү болуп калат.Мындай “позитивдүү” божомолго карабастан өкмөттө да, жеринде да реформаларга каршы чыккандар аз болгон жок. Жашоодогу өзгөрүүлөр, өзгөчө административдик-аймактык бирдиктерде реформалар кандайдыр бир деңгээлде кооптуу болгонуна карабастан эстон өкмөтү жана ЖӨБ мындай өзгөрүүлөрдүн оң натыйжасын жарандар жакынкы келечекте сезээрине ишенишет. Эстонияда ЖӨБдүн ыкчам жана этап-этабы менен өнүгүүсүн эске алуу менен, географиялык абалында, бюджетте, шаарларды жана волостторду кошкондо муниципалитеттердин этностук курамында айырмачылыктар көп болгонуна карабастан алар кандай багытта баратканына, өз кызыкчы-лыктарын коргогонуна жана мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөрдө мунаса таап жатканынатаң каласың. Мындай учурда бир гана жооп бар – ЖӨБго эки өзөктүк уюм жардам берүүдө. Алар: Эстониянын Шаарлар ассоциациясы жана Элеттик волосттор ассоциациясы. Алар да административдик-аймактык реформалардын натыйжасында биригүү алдында турушат. Себеби көптөгөн волосттук управалар шаарлар менен биригип, муниципалитеттин бир аймагына ээ болушат.
Эстониянын Шаарлар Ассоциациясы (ЭША) ЖӨБ системасын өнүктүрүүдө жалпысынан маанилүү ролду жана муниципалитеттердин өз алдынчалуулугуна, өнүгүүсүнө укуктарын коргоодо өзөктүк ролду ойнойт. Жети кишиден турган Башкаруу Ассоциациянын ишин жетектейт, өкмөт менен сүйлөшүүлөрдө ЖӨБдүн кызыкчылыктарын коргойт жана кварталына 2 жолудан кем эмес аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу отчет берүү үчүн Башкаруунун мүчөлөрүнүн чогулушун өткөрүп турат. Ушуну менен бирге ЭША төрт жылда бери дегенде бир жолу (воликогунун депутаттарын шайлоо ортосундагы мезгил) аткарылган жумуштар тууралуу ЭШАнын бардык мүчөлөрү алдында отчет беришет. ЭШАнын иши шаарлардын мүчөлүк төгүмдөрүнүн – Ассоциация мүчөлөрүнүн эсебинен каржыланат. Ошондой эле Элеттик волосттордун ассоциациясы да маанилүү ролду ойнойт, алар да Эстониянын борбордук бийлиги менен сүйлөшүү процесстерине катышат.
Бек ЖЕКШЕМБИЕВ, Чүй облусундагы Юрьевка АӨ башчысы: “Мени мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жасаган мамилеси өзгөчө таң калтырды. Б.а., алардын Конституциясында жазылгандай, мамлекет муниципалитеттердин саясий, административдик жана финансылык өз алдынчалуулугу үчүн реалдуу шарттарды түзүп берген. Муниципалитеттер мыйзамдарга жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыгына ылайык функцияларды гана аткарышат. Мамлекеттик органдардан ашыкча тапшырмалар түшпөйт экен. Маморгандардын жана ЖӨБ органдарынын бардык маселелери (функциялары жана ыйгарым укуктары) ажыратылган жана эң негизгиси –финансылык жактан бекемделген. ЖӨБго жаңы тапшырмаларды берүү зарылчылыгы пайда болгон учурда мамлекеттик органдар Ассоциациялар менен биргеликте жаңы функцияны өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү тууралуу чечим кабыл алып, бул кайсы каражаттардын эсебинен каржыланарын, ким аткарарын ж.б. чечишет. Муниципалитеттер кадрдык маселелерди өздөрү чечишет: кимди ишке алыш керектигин чечип, мэрия аппаратынын (волосттун) түзүмүн жана штаттык санын аныктап, өздөрүнүн муниципалдык кызматчылары үчүн айлык акынын өлчөмүн белгилешет. Муну менен өз ишине тиешелүү бардык маселелер боюнча толук көз карандысыздыкка ээ экен”.
 
Нурбек АЛИМБЕКОВ, КР Жогорку Кеңешинин депутаты: “Электрондук башкаруу менен камсыздалган кайрылуунун электрондук формалары аркылуу жеринде чечим кабыл алууга жарандардын катышуусу жогорку деңгээлде болгонун белгилегим келет. Эстониянын бүтүндөй аймагы жогорку ылдамдыктагы жана сапаттуу интернет менен камсыздалгандыгы жергиликтүү жашоочуларга муниципалитеттердин, мамлекеттик органдардын бардык жыйналыштарына жана чогулуштарына электрондук режимде эркин катышууга мүмкүнчүлүк берет экен. Көпчүлүк мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр электрондук режимге өткөрүлгөн. Калк дагы өз мэрине же депутаттарга кайрылганда көп учурда социалдык тармакты колдонот. Мындай ыкма чындап эле өзүн актайт.
Анткени элетрондук башкарууда муниципалитеттер, б.а. ЖӨБ органдары жана жарандар биринчиден, убакытты, финансыны жана башка ресурстарды үнөмдөйт. Экинчиден, бардык маалыматтар жарандарга жеткиликтүү, ар бир жаран ага зарыл болгон кызмат көрсөтүүүчүн өзүнө ыңгайлуу болгон учурда кайрыла алат. Ал баласын бала бакчага кезекке тургуза алат же болбосо кайсы көчөлөрдүн кесиишинде жол бузулганын айта алат ж.б. Бул чыныгы “Бирдиктүү терезе” кызматы.
Эстонияда электрондук Өкмөт системасы мыкты иштейт: ар бир жаран тууралуу бардык маалымат алардын электрондук (биометрикалык) паспортторунда сакталган, бул маалымат бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жеткиликтүү, алар конкреттүү жаран жана берилген кызмат көрсөтүү, суроо-талапка же даттанууга реакция жасоо тууралуу зарыл маалыматтарды ыкчам алалышат.Шайлоодо электрондук добуш берүү процессин жакшы тажрыйба деп эсептейм. Мында ар бир жаран шайлоо участогуна келип отурбай эле, үйүнөн мобилдик телефон аркылуу добуш бере алат. Менимче, Кыргызстанда бул багытта ишти күчтөндүрүү зарыл. Себеби бул кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн кыскартып, алардын сапатын арттырат, жарандарга ЖӨБ органдарын кошкондо бийликтин ар бир жашоочу – салык төлөөчү алдындагы реалдуу отчеттуулугун сезүүгө жол берет".
 
Бакыт САТЫБЕКОВ, КР Финансы министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы: “Мага интернетти колдонуу аркылуу (электрондук дарек, социалдык тармактар) калк менен өз ара аракеттенүү кантип жүзөгө ашырылып жатканы өзгөчө жакты. Таллин шаарында электрондук ID же мобилдик ID колдонуу менен электрондук кызмат көрсөтүүлөр кантип иштегенин көрүү абдан пайдалуу болду. Эстонияда көргөндөрдүн ичинен бизде электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү жана калк менен кайра байланыш системасын жайылтуу керек деп эсептейм. Өз ишимде мен чечим кабыл алуу процесстерине жарандарды тартуунун элементи катары интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, калк менен өз ара аракеттенүү боюнча Эстониянын ЖӨБ органдарынын усулдарын колдонууга үгүттөйм".
 
Кенжебек БОКОЕВ, КР Жогорку Кеңешинин депутаты: “Программа абдан каныккан жана мазмундуу болду. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген уюштуруучуларга ыраазылыгымды билдирем. Советтер Союзу урап, эгемендик алган күндөн бери Эстония жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө ушунчалык алдыга кеткенине кубанычтамын. Бирок эки өлкө тең бир мамлекеттин курамында болуп, алардын басып өткөн жолу, өнүгүү линиясы дээрлик бирдей болчу. Биз да өз өлкөбүздө бюджеттөөнүн эки деңгээлдүү системасына өттүк жана децентралдаштыруу чөйрөсүндө реформаларды илгерилетүүгө, административдик-аймактык реформаны жүргүзүүгө аракеттенип жатабыз. Мага административдик реформа тууралуу атайын Мыйзамды кабыл алуу менен административдик реформаны илгерилетүүдө Эстония тандаган жол абдан жакты. Биз да бул тууралуу ойлонуп көрүп, ушундай Мыйзамды иштеп чыгышыбыз керек деп эсептейм.Балким ошондо бизде да реформалар тез ишке ашмак.
Эң негизгиси – бийлик мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары ортосундагы өз ара мамилелер системасын туура түзө алган. Б.а., саясий, административдик жана финансы чөйрөлөрүндө өз маселелерин чечүүдө муниципалитеттерге автономдук өз алдынчалуулукту толугу менен берип, алардын маселелерин жана жоопкерчилигин так ажыраткан. Албетте биздин өлкөдө да ЖӨБ органдарынын ый- гарым укуктарын ажыратуу жана аларга мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү чөйрөсүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынып жатат. Бирок, тилекке каршы, биз каалагандай тез илгерилебей келүүдө.
Эстонияда мындай өнүгүүдө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациялары (шаарлардын, волосттордун) керектүү жана маанилүү ролду ойноду. Алар борбордук бийлик менен муниципалитеттер ортосунда ортомчу катары чыгып, көптөгөн позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизип, өз алдынча башкаруулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргой алышты. Кыргызстан бул институтка өзгөчө көңүл бурушу керек, Муниципалитеттер ассоциациясынын ишин күчөтүү зарыл. Анда өзгөчө статусу жана жогорку потенциалы болушу абзел. Ошондуктан Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган реформаларды илгерилетүү жаатында көптөгөн аракеттерди жумшап, бир топ иштерди жасашыбыз керек”.