2017-05-11 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы максаттуу муниципалитеттер менен Швейцариянын өнүгүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы каржылаган, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – Долбоор) жети жылдык кызматташуусунун натыйжасында 41 элеттик жана бир шаардык муниципалитетте чогулуштар жана коомдук угуулар (КУ) өндүү бир топ коомдук иш-чаралар өткөрүлдү. Калктын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу формасы катары коомдук иш-чаралар түз демократиянын саясий-укуктук аспабы жана жергиликтүү бийликтин ишинин легитимдүүлүгүнүн социалдык ресурсу болуп эсептелет. Ар бир өткөрүлгөн чогулуштун жана КУнун натыйжасы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдары тарабынан чечим кабыл алууга тикелей таасирин тийгизет. Ошондуктан бардык талап кылынган жол-жоболорду аткаруу жана иш-чаралардын жыйынтыктарын туура тариздөө, көтөрүлгөн жана талкууланган бардык маселелерди, эң негизгиси – чогулуштун же КУнун Протоколуна (мындан ары – Протокол) түшкөн сунуштарды объективдүү чагылдыруу коомдук ишчараларды өткөрүү процессинде өтө маанилүү учур болуп эсептелет.
Долбоордун максаттуу муниципалитеттеринде чогулуштарды жана КУларды өткөрүү практикасы көрсөткөндөй, ЖӨБ органдары коомдук ишчараларды протоколдоштуруу процессине жетиштүү көңүл бурушпайт. Ошондуктан протоколдор сапатсыз толтурулат, аларда эмне үчүн чогултулду жана жыйынтыгы кандай болду деген негизги идея жок. Мисалы, кээде Протоколго узун баяндамалар же сөз сүйлөгөндөрдүн отчеттору беш жана андан ашык барак болуп автоматтык түрдө көчүрүлөт. Бирок алар боюнча эч кандай талкуулар жана чечимдер көрсөтүлбөйт. Башка бир учурларда тескерисинче, иш-чаранын реквизиттерин жана программасын гана киргизип коюшат, эң негизгисин кургак тил менен, кыска жана үзүп-үзүп баяндап, эч нерсе тиркелбей калат (сөз сүйлөгөндөрдүн баяндамалары, докладдары). Мындай протоколдордо эң негизгилерин табуу мүмкүн эмес: жергиликтүү жамаат тарабынан кандай маселелер көтөрүлдү, кантип жана эмнелер талкууланды, кандай чечимге келишти жана кантип жыйынтыкталды. Ошондуктан протоколдорду окуп жатканда чогулуш же КУ көйгөйдү объективдүү талкуулоонун ордуна формалдуу түрдө өттү, алдын ала белгилүү чечимдерди формалдуу жактыруу үчүн колдонулду деген ой кетет. Б.а., коомдук иш-чараларды өткөрүү максатына жетпей калды.
Протоколдо коомдук иш-чараларга “ЧЕЙИН”, “ПРОЦЕССИНДЕ” жана “АНДАН КИЙИН” бардык даярдоо иштеринин жыйынтыктары чагылдырылышы керек. Бул даярдык канчалык жакшы даярдалса, чогулуш же КУ ошончолук конструктивдүү өтөт. Ал эми жакшы түзүлгөн Протокол кайтарым байланышты камсыздап, ЖӨБ органдары тарабынан андан ары туура жана эффективдүү чечимдерге карай шилтенген алгачкы кадам болуп эсептелеь. Бирок практикада ар кандай болуп калат. Мисалы, бардык даярдык иштери жана иш-чара процесси жогорку деңгээлде өткөнү менен, Протоколдо анын бири да чагылдырылбашы мүмкүн. Бул ЖӨБ органдары тарабынан компетентсиз чечимдерди кабыл алуунун себепчиси болуп калат. Демек бардык жасалган иштер майнапсыз жана пайдасыз болуп, эң негизгиси жергиликтүү жамаатка зыянын тийгизет. Коомдук иш-чараларды өткөрүү жол-жобосу жакшы уюштурулган даярдоо иштеринен (маалымат өнөктүгү, баяндамаларды, презентацияларды, программаларды даярдоо ж.б.) башталат. Мында иш-чаранын регламентине көз сала турган алып баруучуну тандап алуу өтө маанилүү иш. Ошондон протоколдоштуруунун сапаты көз каранды болот. Анда кезек-кезеги менен, бир темадан экинчисине “секирбестен”, башына кайтып барбастан маселенин маңызы так баяндалат. Ошондо калк тарабынан өтө маанилүү маселелерди жана сунуштарды каттап калууга мүмкүнчүлүк болот.
“КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна жарандардын катышуусу” окуу материалдар жыйнагындагы практикалык окуу китебине ылайык, эптеп даярдалган, начар өткөрүлгөн жана кайтарым байланышсыз калган коомдук иш-чаралар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадырын кетирет, ЖӨБ органдары менен калк ортосундагы ишенимди талкалайт, жарандар менен бийликтин кызматташуусунун эффективдүүлүгүн азайтат1. Коомдук иш-чаралардын Протоколун түзүү жолжобосун регламенттештирген негизги документ болуп Кыргыз Республикасында иш кагаздары боюнча Типтүү нускама (мындан ары – Типтүү нускама) эсептелет. Ал 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 340, 2015-жылдын 10-мартындагы № 108 токтомдоруна ылайык). Бул документтин 3-главасында (“Уюштуруу-тескөө документтеринин айрым түрлөрүн даярдоо жана тариздөө”) №3 “Протокол” пункту менен атайын бөлүм бар. Анда Протоколду түзүү тартиби, структурасы жана мазмуну менен таанышып чыгууга болот. Бул бөлүмдө Протоколду жазуу боюнча техникалык нускамалар көрсөтүлгөн. Анда да “баяндамалар менен жарыш сөздөрдүн негизги мазмуну протоколдун текстине жайгаштырылат же ага тиркелет; тиркелген учурда текстке “Жарыш сөздүн тексти тиркелет» деп жазылат.
Токтом (чечим) протоколдун текстинде толук басылат; зарыл болсо добуш берүүнүн жыйынтыгы келтирилет” деп белгиленген. Башкача айтканда, Протоколдо баяндамачынын текстинин негизги маңызын өтө кыска бериш керек, же баяндамачынын толук тексти өзүнчө Протоколго тиркелиши керек. Бирок Протоколдун өзүндө чогулуш же КУ процессинде жергиликтүү жамаат тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелерди жана сунуштарды сөзсүз түрдө чагылдырыш керек. Коомдук ишчараны өткөрүүнүн негизги максаттарынын бири мына ушунда камтылган. Ошентип ар бир коомдук иш-чара ЖӨБ органдарынын ишин пландоо үчүн чоң мааниге ээ. Ал эми туура жолго коюлган иш өндүрүшү, анын ичинде чогулуштарды жана КУну протоколдоштуруу ЖӨБ органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн, калктын муктаждыктарына жана артыкчылыктарына жооп кайтарууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Мына ушул максатта Типтүү нускамадагы протоколду тариздөөнүн үлгүсүнүн жана “Коомдук иш-чаралар (чогулуштар, жыйындар жана коомдук угуулар) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун формасы катары” практикалык окуу китебинин негизинде сунуштама катары чогулуштун Протоколунун үлгүсүн иштеп чыктык. Ал КУну протоколдоштуруу процесси үчүн да жарайт. Бул үлгүдө өткөрүлгөн чогулуштардын жана коомдук угуулардын негизинде Долбоордун максаттуу муни-ципалитеттеринин материалдары чогултулду. Тиркемедеги айылдык аймактын аталышы жана адамдардын аты-жөндөрү ойдон чыгарылган. Үлгү үчүн ар бир тема боюнча талкууланган маселелердин ичинен 4-5 мисал гана келтирилген. Реалдуу практикада алардын саны бир топ болушу мүмкүн.