Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Жамааттар кантип жолдордун ремонту, электр менен жабдуу жана атүгүл .... жердин жоктугу өңдүү маселелерди чечип жатат
Ноокат районундагы Гүлистан айылдык аймагынын чегинде 20 миңге жакын адам жашайт. Аталган аймактын Фрунзе айылындагы Кызыл-Сай жаңы конушунун калкынын саны 6500 адамды түзөт, башкача айтканда 920 үй-бүлө жашайт. Булардын басымдуу бөлүгү жаш үй-бүлөлөр. Бул турак жай массивинде инфраструктурага байланыштуу чечилбей жаткан көйгөйлөр көп: ички жолдордун абалы начар, электр жарыгы өчүп турат, мектептер, бала бакчалар, балдар үчүн коопсуз оюн аянтчала- ры жок. Ал арада айылда 3-4 балалууүй-бүлөлөр аз эмес. Жумушсуздуктун деңгээли болсо жогору.
Жергиликтүү бюджет чектелүү болгондуктан айыл өкмөтү аталган көйгөйлөрдү өз алдынча чече албай келет. Буга байланыштуу жашоочулар айылдын көйгөйлөрүн өз алдынча жана биргелешип чечмей болушту. 1996-жылы эле “Абад дала” жамааты түзүлгөн. Уюмдаштыруу чогулушуна 154 киши катышкан, алардын арасында айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери бар. Бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүнүн жардамы менен калк көйгөйлөрдү аныктоонун усулдарын өздөштүрүп, аларды талкуулап, эң артыкчылыктууларын тандап алууну үйрөнүштү. Биргелешкен иштердин натыйжолдордун начар абалы, электр энергиясына байланышкан көйгөйлөр, ичүүчү суунун жетишсиздиги жана балдарды тарбиялоо үчүн шарттардын жоктугу бүгүнкү күндө жашоочулар үчүн артыкчылыктуу маселе катары табылган. Андан соң демилгелүү топту түзүшүп, биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышты. Топ жамааттын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен иш алып барды. 1998- жылы жалпы узундугу 1 км 400 метр болгон жолдун ремонту (шагыл төгүү жолу менен) ушул алгачкы демилгени ишке ашыруунун жыйынтыгы болуп калды. Калктын өз салымы 168 миң сомду түздү. Андан кийинки мезгилдерде 2001-жылга чейин “Абад дала” жамааты өз демилгеси менен жана “Каунтерпарт инт.” уюмунун колдоосу алдында жалпы узундугу 2,1 км болгон айылдын жети көчөсүн оңдоп чыкты. Бул долбоордун жалпы баасы 272 миң сомду түздү. Бул суммадан 25 миң сомду жашоочулар өздөрү чогултушту. 2002-жылдан 2006-жылга чейинки мезгил аралыгында электр жарыгына байланышкан маселени чечишти. Бул үчүн үч трансформатор, 70 устун орнотулуп, 14 км аралыкка кабель тартып келишти. Натыйжада бардык көчөлөргө жарык жетти. Мында чыгымдардын жалпы суммасы 1 млн. 254 миң сомду түздү. Ал эми калктын жеке салымы бул сумманын 70% түздү. Баса, бул сумма акча каражаттарынан гана эмес, өз күчү менен жүргүзүлгөн иштердин баасынан да куралды. Калган 30% айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен бөлүп берди. 2006-жылы АРИС программасынын колдоосу менен жергиликтүү жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке киргизе башташты. Натыйжада 1,2 км болгон участокто суу түтүгү курулду.
Жогоруда саналган демилгелерди ишке ашырууда жана көйгөйлөрдү өз алдынча чечүү тажрыйбасын топтоодо жергиликтүү жамаатта биргелешкен аракеттер менен көптөгөн ийгиликтерге жетсе болот деген түшүнүк калыптанды. 2005-жылдан тартып “Абад дала” жамаатынын мүчөлөрү арык тарамын тазалоо жана жакшыртуу, сууну үнөмдүү пайдалануу, лотокторду куруу боюнча иштерди башташты. Ошондо да калк 55 миң сом чогултуп, бул акчага лоток үчүн траншея казып чыгышты. Учурда аны орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул үчүн цемент, шагыл, торчо жана башка материалдарды жергиликтүү тургундар өз каражатына сатып алышты. Кызыл-Сай турак жай массиви Ноокат-Кызыл-Тейит трассасына жакын жерде жайгашкан. Жолдун экинчи бетинде жергиликтүү тургундардын айыл чарба жерлери орун алган. Ошондуктан бул жерде дайыма автотранспорттун жандуу кыймылы байкалат. Жаңы конуштун тегерегинде балдар аянтчасы болбогондуктан балдар жолдун боюнда ойногон учурлар да аз эмес. Бул болсо ар кандай кырсыктарга себепчи болууда. Ошондуктан жергиликтүү тургундар Гүлистан айыл өкмөтүнө кайрылып, балдар аянтчасынын курулушуна байланышкан маселени чечип берүүнү өтүнүштү. Анткен менен бул участокто муниципалдык жерлер жок, ошондуктан участокту бөлүп берүү мүмкүн болгон жок. Бирок мындай жооп жергиликтүү активисттерди токтото алган жок– алардын бири жеке жер участогунан 300 чарчы метр бөлүп берип, ал жерде балдар аянтчасынын курулушу башталды. Жамааттын аракети менен эки жылдын ичинде бул жерде өз колу менен жасалган оюн конструкциялары пайда болду. 2017-жылы жашоочулар Гүлистан айылдык кеңешине тротуардын курулушуна каражат бөлүп берүү жана жарыктан- дыруу маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышты. Натыйжада жергиликтүү бюджеттен бул максатта 50 миң сом бөлүндү. Кызыл-Сай турак жай массивинде жана жалпысынан Гүлистан айылдык аймагында болгон өзгөрүүлөр райондогу башка калктуу конуштар үчүн мисал болуп калды. Айталы, Бостон участогунун тургундары Жаңы-Абаддын жашоочулары менен биргелешкен аракеттерди мобилдештирүү жолу менен ички жолдордун 2,5 километрин ремонттоп, асфальт төшөп чыгышты. Жашоочулардын өз салымы 40% түздү (2,5 млн. сом). Айыл өкмөтү ички резервдерден каражат таап берди. Элеттиктер жергиликтүү бюджетке байланышкан маселелерди ачык талкуулай башташты. Жергиликтүү жамаат менен айыл өкмөтүнүн кызматташуусу активдешти.
Жергиликтүү бийлик жарандардын демилгесин колдой баштады. “Жергиликтүү жамаат өз көйгөйлөрүн аныктоого, аларды чечүү жолдорун издөөгө жигердүү катышыш керек. Анткени бул маселелер биринчи кезекте алардын өздөрүнө тиешелүү. Бул мисалдар менен биз ушул өңдүү долбоорлорду аткарууга жергиликтүү органдарды кантип тартса болоорун көрсөткүбүз келди”, деп айтты “Жаңы-Абад” жамаатынын аксакалы Мамадалы ажы. “Биз, бейөкмөт уюмдар, жамааттын уюштуруучулук маселелеринин башында туруп, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүн тартып, алардын ортосунда көпүрөнүн милдетин аткарып, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам беришибиз керек”, - деп ишенет Ноокат ЦПГОнун кызматкери А. АБДУРАИМОВ. “Биз “Абад дала” жамаатынын ишинин мисалында күч – бирдикте деген сөз канчалык туура болгонуна ынандык. Биз жарандарыбыздын мындай де- милгелерин ар тараптан колдоого милдеттүүбүз”,-деп сөзүн жыйынтыктады Гүлистан айылдык аймагынын юристи А. ЭРКЕБАЕВ. Мындай пикирлер бизге чоң дем берет, биз мындан ары да тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Байге каражатын биз балдардын оюн аянтчасына жабдууларды сатып алууга жана мындан ары да жол-жоболоштурууга багыттайбыз. Ал жерде жыгачтан жасалган аттракциондор турат. Учурда алар коопсуздук техникасынын талаптарына жооп бербейт. Эки жыл ичинде баары эскирди – жаңы, заманбап конструкцияларды орнотууга мезгил жетти.
Абдували ХУДАЙБЕРДИЕВ, “Абад дала” жамаатынын башчысы, Гүлистан айылы
Окшош материалы:
-
№12 (146) / 2023-12-10 Шаар тургундарына караганда элеттиктер коомдук бюджеттик угууларга көбүрөөк катышат, бирок экөөндө тең бюджеттик маалыматты аралыктан алууга мүмкүнчүлүгү бар
-
№5 (127) / 2022-06-01 Жемиштүү өнөктөштүккө карай жол: Кыргызстандын жарандары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ортосундагы өз ара мамилелердин эволюциясы
-
№4 (126) / 2022-05-09 Демилгелүү бюджет: жарандардын бюджеттик процесске катышуусунун кийинки этабы
-
№3 (125) / 2022-04-23 Кичи коомдук кеңеш – мигранттардын маалымат жардамчысы
-
№3 (125) / 2022-04-23 Жергиликтүү бюджеттин долбоорун гендердик өңүтүнө өзгөчө көңүл буруп талкуулоо
-
№2 (124) / 2022-02-14 Аялуу адамдарга кам көрүү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдети
-
№2 (124) / 2022-02-10 ЖӨБ органдары жарандардын пикирине көбүрөөк кулак төшөй башташты, буга жооп катары жарандардын бюджеттик процесске катышуусунан алган канааттануусу да көбөйүүдө
-
№2 (124) / 2022-02-10 Бюджеттик процесске катышуу ЖӨБ менен жарандар ортосундагы ишенимди “цементтейт”