Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджеттеги чектөөлөрдү жалпы аракеттер менен жеңебиз

2017-10-24 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Көпчүлүк элеттик муниципалитеттердин, дотацияда турган айыл өкмөттөрдүн алдында ичүүчү суунун жана сугат суунун жетишсиздиги, ички жолдордун начар абалы ж.б. өңдүү маселелер курч турат. Ошондуктан бул маселелерди чечүүгө жергиликтүү калкты тартуу зарылчылыгы пайда болду. Элеттиктердин колдоосу алдында бул көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун аныктоо жеңил болот. Биз буга таза суу менен камсыздоо боюнча долбоордун үстүнөн иштеп жатып ынандык.

Кара-Суу айылдык аймагынын Мантыш айылында жайгашкан 500 чарчы метрге жалгыз скважина жана резервуар Ак-Талаа, Мантыш жана Кызыл-Дөбө айылын толугу менен камсыздоого жөндөмсүз. Айыл өкмөттүн кызматкерлери, ТСКАКБ жана айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү тургундарды тартышты. Бул иштердин процессинде 2016-жылдын жай мезгилинде резервуардан үч километр аралыкта турган булакта үч айылдан 123 жигиттин күчү менен ашар жолу аркылуу тереңдиги 1,5 м болгон траншеяны казышты. 529 миң сом көлөмүндө тартылган инвестициялардын эсебинен суу түтүк трубалары жана башка жабдуулар сатып алынды. Булак суусу резервуарга түшүп, муну менен бул айылдарда жашаган 4123 адамды, үч бала бакчаны жана эки мектепти ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйү 65-70% чечилди. Мунун баары жергиликтүү калк эгерде бардык кызыкдар жактардын катышуусу менен биргелешкен иш жөнгө салынса, ийгилик сөзсүз болот деп ишенүүгө жол ачат. Өз отчетторунда айыл өкмөтү айыл дотацияда турганын, буга байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгонун ачык мойнуна алып келген. Калк буга түшүнүү менен мамиле жасап, соңку учурларда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү тургундардын активдүүлүгү жогорулаганы байкалат. Айталы, 2016-жылы айылдык аймактын Ак-Талаа, Орток, Мантыш, Кара-Мойнок жана Кызыл-Дөбө айылдарынын тургундары техниканы ижарага алуу үчүн 321 миң сом чогултушту, 210 адам ашар жолу менен Сөөк айылындагы узундугу 8 км болгон жолду оңдоп чыгышты. 2017-жылы Кызыл-Дөбө айылынын тургундары 200 миң сом чогултушту жана 75 киши өз күчү менен 4,5 км талаа жолун оңдошту. Мындан тышкары “Кызыл-Алыш” каналынын атайын техникасы үчүн жетүүгө оор болгон участокторунун 2,5 километри колго тазаланды. Андан келген сууга дээрлик 1100 гектар жер сугарылат. Бул жумуштарга 135 киши катышты.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу калкта жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жоопкерчилик сезимин пайда кылып, өз эмгегине аяр мамиле жасоого үйрөттү. Анткени аны аткарууга өз каражаттарын чыгарышты, өздөрү курулуш жана ремонт иштерине катышты. Албетте көп нерсе айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин, СПАнын жана ТСКАКБнын иш-аракеттеринен көз каранды. Алар багыт көрсөтүп, уюштуруу иш чараларына жардам бериши керек. Бул болсо сөзсүз түрдө жалпы иштин жыйынтыктарына таасирин тийгизет. Жогоруда белгиленгендей, Кызыл-Дөбө айлында ичүүчү суу менен камсыздалгандык болгону 65-70% түзөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө совет жылдары эле курулуп, азыр иштебей турган суу ал-__ гыч мунараны калыбына келтирүү үчүн инвестиция тартуу эң курч маселе болуп турат. Ушул тапта “Ассалам” фонду колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Бирок реконструкциялоонун масштабы ири көлөмдөгү каражатты талап кылат. Ошондуктан донорлорду издөө иштери уланууда. Мындан тышкары Кызыл-Дөбө айылынын жашоочулары суу алгыч мунарадан 136 үй бүлө жашаган жана мектеп, бала бакча орун алган айылга чейин 500 метр траншеяны кол менен казып чыгууга даярдыгын билдиришти. Эгерде биз ушул конкурстун байгесин утуп алсак, суу чыгаруу үчүн насос сатып алмакпыз. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте аймакты толук суу менен жабдуу көйгөйүн чечиш керек. Мындан тышкары жалпы иш жарандардын жергиликтүү маанидеги түрдүү маселелерин чечүүдө азыркыдан да күчтүү активдүүлүгүнө көмөктөшөт, аларда айылдын турмуш шарттарын мындан ары да жакшыртууга болгон умтулуусунбекемдейт. Бул жергиликтүү демилге айылдык аймактагы башка айылдардын жашоочулары арасын-да дагы колдоо табат деп терең ишенип турабыз.

Болот САДЫКОВ,

Кызыл-Дөбө айылынын башчысы

Окшош материалы: