Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бюджетти сарптоо боюнча чечим кабыл алуу процессине барган сайын көбүрөөк жарандар тартылууда

2018-02-16 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Бир нече жыл мурда эле түштүк аймактын көптөгөн жарандары үчүн “бюджеттик маселе”, “чечим кабыл алуу процесси” деген сөз айкашуулары түшүнүксүз болчу. Коомдук уюмдардын узактан берки ишинин жана бир топ донордук каражаттардын жардамы менен барган сайын көбүрөөк адамдар социалдык мобилдешүүнүн маңызын, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү максатында жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине тартылуунун маанисин түшүнө башташты.

Үлгү болчу Кулатов атындагы айылдык аймак Т.Кулатов атындагы айылдык аймак облус борбору, Ош шаарынан 84 км жана Ноокат райондук шаарынан 45 км аралыкта жайгашкан. Жашоочулар Баткен облусуна караган, жакыныраак жердеги Кызыл-Кыя шаарына көбүрөөк катташат. Айыл чарба жерлеринин жалпы аянты 29 154 га түзөт. Калктын саны – 19 881 киши, үй кожолуктардын саны – 3493. Аймактын курамына беш айыл кирет. Алар: Кызыл-Булак, Таш-Булак, Баглан, Кожо-Арык, Ак-Терек, ошондой эле расмий статусу жок кыштактар да бар. Аймакта он мектеп бар, анда үч миңден ашуун бала билим алат.
 
Мектептердин бирин ушул жылы куруп, колдонууга беришкен. Курулуштун бюджети болсо 12 миллион сомду түздү. Аймакта беш бала бакча бар, жакында алардын бири – 75 орундуу бала бакча ачылат. Бир нече жыл мурда аймак дотацияда турчу. Бирок жергиликтүү кеңештин депутаттары ачык-айкын башкаруу боюнча окуудан өткөндөн кийин аймак башчысына ишенбестик көрсөтүп, анын ордун башка адам ээлеген. Бул жылы Нуридин МАДИМАРОВ төрт жылдык мөөнөткө кайрадан шайланды. Бул жылдар аралыгында аймакта көптөгөн оң жагына өзгөрүүлөр болду. Элеттиктер өз жетишкендиктери менен сыймыктанышат. Мисалы, 2013-2016-жылдар аралыгында аймактын бардык айылдарын бойлой узундугу 17,5 км болгон жолду оңдоп чыгышты.
 
Жергиликтүү администрацияга караштуу курулуш жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Сапарбек БОЙДОНОВ белгилегендей, эгерде мурда жолдо жүрүүгө 45 мүнөт убакыт кетсе, азыр 10-15 мүнөт эле болуп калды. Бул айылдык аймактын чегинде Кызыл-Кыя цемент заводу жарым-жартылай орун алган. Бир нече жыл мурда талкуу учурунда заводдун салыктык чегерүүлөрү Кызыл-Кыя шаарынын бюджетине гана эмес, аймактын да бюджетине түшүп туруш керек деген чечим кабыл алынган. Чечим 2012-жылы ишке ашып, ошол замат жергиликтүү бюджеттин көлөмүнө таасирин тийгизген. Бирок акыркы эки жылдан бери КНС жокко чыгарылгандан тартып бул сумма азая түштү. 2014-2015-жылдары жалпы жергиликтүү бюджет 70 миллион сомду түзсө, 2017-жылы болгону 45 млн. сом болду.
 
Жарандар жергиликтүү бюджеттин максаттуу пайдаланылышына таасир тийгизе ала турганын далилдеген дагы бир мисал: бийлик жергиликтүү май куюучу станция куруу ниетин билдиргенде адамдар нааразы болушуп, өз вариантын – бала бакча ачууну сунушташкан. 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин каражатына жана грантка “Жаша, балалык таңы” бала бакчасы ачылган. Анын башкалардан айырмачылыгы – бала бакчада кошумча киреше алып келген иш катары кондитердик цех да иштейт. Бала бакчанын директору, 35 жылдык мугалимдик тажрыйбасы бар Канышай БОБУЛОВА мектепке чейинки мекемени өндүрүш менен айкалыштыруу ийгиликтүү болгонун айтат: “Эски имаратты ремонттоп, жаңы ашкананы кургандан кийин биз кондитердик цехти да ачтык. Биз буюртма алып, нан, токоч (алманы өз бакчабызда өстүрөбүз), коржик, булочка жасайбыз.
 
Ал эми майрам күндөрү бизге тортко заказ беришет. Ай сайын балдардын туулган күнүн өзүбүз жасаган торт менен белгилеп турабыз. Мындай өндүрүш кызматкерлерибиздин айлык акысына кошумча акча болуп турат, ал эми бизде 16 киши иштейт. Бала бакчага 60 бала келет. Ата-энелер ай сайын бир балага 450 сомдон төлөп турат. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен да ар бир балага 9 сомдон бөлүнүп турат”.Жарандардын катышуусунун оштук үлгүсү 2013-жылдын февраль айында мурдагы мэрдин тушунда Ошто өткөн алгачкы коомдук угуулардын бири дале эсимде: 500дөн ашуун адамды облустук администрациянын караңгы, жылытылбаган залына чогултушкан эле. Сууктан улам колу-бутубуз тоңуп калган. Мэрия туура видеотасманы көрсөтүп, өткөн жыл үчүн отчет берген. Андан кийин элге сөз беришти: микрофонго жеткен адамдар жергиликтүү маселелерди чечип берүүнү өтүнүп жатышты.
 
Сөз сүйлөгөндөр балдар мекемелерин ачууну, өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн мекемелерди колдоп берүүнү, орто адистиктеги мекемелердин материалдык-техникалык базасын күчтөндүрүүнү, жер алдында өтмөктөрдү, көп ярустуу токтотмолорду курууну ж.б. суранышкан. Суукка жана убакыттын тардыгына шылтап, Гүлгакы МАМАСАЛИЕВАнын сөз сүйлөөсү үчүн болгону үч мүнөт беришкен. Ошонун өзүндө да Г.МАМАСАЛИЕВАнын сөзүн орто жолдон бөлүп, кол чаап, кыйкырышып, пикирин айтууга бут тосушкан эле. Айрым жарандар залдан чыгып кеткенче шашылышкан. Г. МАМАСАЛИЕВА жарандык сектор бюджеттин ачык-айкындуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө маселени бир нече жолу көтөрүп келгенин белгилеген: “Биз каражаттар натыйжасыз сарпталып жатат деп айткан жокпуз. Биз жарандар жергиликтүү бюджетти талкуулоого жигердүү катышышы керектигин айтып жатабыз”,-деген активист мэрияга жана шаардык кеңешке калк алдында дагы да ачык болууну сунуштаган.
 
“Жергиликтүү ченемдик укуктук актыларга коомдук экспертиза жүргүзүш керек”.Суроолор көп болуп, адамдар аларды кагазга жазып, бийлик өкүлдөрүнө берүүгө умтулушкан. Бийлик өкүлдөрү болсо бир нерселерди убада кылып, кагаздарды чогултуп алып, шаң менен залдан чыгып кеткен. Бул угуулар мына ушинтип жыйынтыкталган. Болгону нааразычылык кала берген: бийлик шаардыктардын муктаждыктарына кулак төшөгөн эмес жана кайдыгер бойдо кала берген. Ушул жылдын ноябрь айынын этегинде “Ош ш. мэриясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө мыйзамды ишке ашыруусу” долбоорунун, ЕККУнун Оштогу Программалык кеңсесинин каражатына, “Интербилим” Эл аралык борборунун Оштогу филиалынын көмөгү менен калаада кезектеги коомдук угуулар өттү. Бул жолу зал көлөмү жагынан чакан болгону менен, жарык туш тараптан тийип, ичи жылуу болду, катышуучулар үчүн чай тыным уюштурулуп, түшкү тамак да берилди. Жолугушууда калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты талкууга алынды.
 
Филиалдын менеджери Гүлгакы МАМАСАЛИЕВА үч жыл мурда “КРда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзам кабыл алынып, ага ылайык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине кошулган кызматтарды гана көрсөтө алаарын белгиледи. Кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизүүнү ведомстволор аралык комиссия чечет. Комиссиянын курамына сөзсүз түрдө жарандык жана бизнес жамааттын өкүлдөрү кириши керек. Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (ЖӨБО) өздөрүнүн кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүн иштеп чыгып, бекитүүгө жол берет. Бул үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары, керектөөчүлөрдүн бирикмелери жана союздары суроо-талап менен кайрылышы керек жана ыйгарым укуктуу орган 30 күндүк мөөнөт ичинде же өзгөрүүлөрдү реестрге киргизет же болбосо баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.
 
Эгерде баш тартса, анда ведомстволор аралык комиссияга, өкмөткө же сотко кайрылса болот. Шаар жашоочуларынын керектөөлөрүн аныктоо максатында 1300 шаардыктын катышуусу менен изилдөө жүргүзүлгөн. Шаардыктар негизинен жолдордун начар абалына, жумушсуздукка, миграциянын терс кесепеттерине, суунун начар сапатына, коммуналдык кызматтардын канааттандырбаган ишине ж.б. даттанышкан. Төмөнкүдөй сунуштар болгон: “Коопсуз шаар” программасын киргизүү; балдардын жана окуучулардын коопсуздугуна байланышкан иштерди күчөтүү; ачыкайкындуулук, отчеттуулук жаатында коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу; шаардыктардын эс алуусун жана бош убактысын натыйжалуу өткөрүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуу; медициналык мекемелердин акынын негизинде кызмат көрсөтүүлөрү боюнча шаардыктарга маалымат берүүнү жакшыртуу.
 
Эксперттердин жардамы менен муниципалдык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүнө инвентаризация жүргүзүлүп, 12 кызмат көрсөтүүдөн турган кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри түзүлгөн: анын жетөө акыга жана бешөө акысыз. Угууларда шаардыктарга негиздеп берүү менен бул кызмат көрсөтүүлөрдү реестрге киргизүү маселеси каралды. Акынын негизинде кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн арасында төмөнкүлөр көрсөтүлгөн: шаардын көчөлөрүндө 970 сомдон 3 522 сомго чейинки баадагы жарнама баннерлерин жайгаштырууга уруксат берүү, жашаган жеринен (15 сом) жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө (20 сом) аймактык кеңештердин маалымкат берүүсү, соода жүргүзүү укугу менен квитанцияны, соода аянтын берүү (10 сом), көтөргөн жүгүнө жараша машинелердин базардын аймагына кирүүсү үчүн жыйым (30-50 сом) ж.б. МАМАСАЛИЕВА бул суммалар негиздүү болгонун жана монополияга каршы комитети менен макулдашылганын кошумчалады. Жаңы кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулоодо курч дискуссия байкалды.
 
Себеби сурамжылоонун жүрүшүндө төмөнкүдөй сунуштар айтылган: муниципалдык бала бакчаларда орундарды кеңейтүү, муниципалдык мектеп транспортун уюштуруу, тез меди- циналык жардам машинелеринин санын көбөйтүү, аярлуу үй-бүлүлөрдө өскөн балдар үчүн маданий жайларга барууга талон берүү Дагы бир жүрөк ооруткан тема – окуучулар үчүн коомдук транспорт. Белгилүү болгондой, окуучулар үчүн коомдук транспортто жол акы кадимки күндөрү 1 сом, майрам жана дем алыш күндөрү 4 сом турат. Ата-энелер маршруткалардын айдоочулары балдарды түртмөлөп, кааласа 1 сом эмес, 3-5 сом да талап кылаарын айтып даттанышкан. Көпчүлүк мектептерде балдар 2-3 нөөмөт менен окушат. Айдоочулар балдарды кечки саат алтыдан кийин маршруткага отургузбай койгон учурлар да болот. Мындан улам балдар көчөдө көпкө туруп калууга мажбур болушат.
 
Ал эми кыш мезгилинде ушунун айынан сукка да урунушат. Балдар өздөрүн айдоочулар алдында коргой алышпайт, ал эми ата-энелер бул маселени чечүү жолдорун таппай убара. Ошондуктан сурамжылоо маалында дээрлик бардык ата-энелер жергиликтүү бийликтен мектеп транспортун бөлүп берүүнү өтүнүшкөн. Угууларда мэриянын жана шаардык кеңештин өкүлдөрү азырынча мэрияда мындай кызмат көрсөтүүнү уюштурууга мүмкүнчүлүгү болбогонун, себеби жыл сайын мэрия окуучуларды ташуу боюнча автотранспорттук ишканаларга компенсация катары белгилүү бир сумманы бөлүп берээрин айтышты. Өткөн жылы бул сумма 17 миллион сомду, бул жылы 12 миллион сомду түзгөн. Бул сумма керектөөлөргө жасалган анализдин негизинде түзүлөт. Активисттер бул компенсация ачык-айкындуулук жана отчеттуулук жагынан алып караганда бир топ суроолорду жаратарын, автотранспорт ишканалары менен ишти күчөтүш керектигин айтышты.
 
Чыңалууну азайтуу үчүн жарандарга бюджеттик маселелер боюнча көбүрөөк маалымат берип туруш керек. Тилекке каршы, угууларда акынын негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен чогулган каражаттын ачык айкындуулугу жана аны андан ары бөлүштүрүү маселеси козголгон жок. Эксперт Жалалбек БАЛТАГУЛОВ акынын негизиндеги кызмат көрсөтүүлөр бара-бара акысыз болуп, аларга кеткен чыгашалар мекемелердин бюджетине кошулушуна жетиш керектигин белгиледи. Эксперт мындай чечим социалдык чыңалууну жоготууга көмөктөшөт деп ишенет. Муниципалдык ишканалар коммерциялык уюмдарга айланбастан, элге кызмат кылышы керек. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү да өнүктүрүү зарыл. Электр энергиясы, газ жана таштанды чыгаруу үчүн тарифтер реестрге кирбейт. Себеби бул коммуналдык кызматтар мэриянын бюджетинде эмес. Эксперт БАЛТАГУЛОВ бул мамилелер жарандык-укуктук болгонун жана мэрия тарифтердин көлөмүнө таасир тийгизе албай турганын эскертти. Коммуналдык кызматтардын ишин талкуулоо көрсөткөндөй, ушул кезге чейин кызматтар менен алуучулар ортосунда келишим түзүлбөй келет. Бул келишимде кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана сапаты көрсөтүлүш керек болчу. Келишим түзүү талабын коюуда демилге көтөрүү, нааразылар болсо сотко кайрылуу сунушу берилди.
 
Жергиликтүү аткаминерлердин коммерциялашуусу – кооптуу тенденция Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаты – жарандардын жашоосун жакшыртуу боюнча жергиликтүү маселелерди чечүү. Ал эми жеке иш керчилик менен алектенүү алардын компетенциясына кирбейт. Бул тууралуу Ошто декабрдын башында өткөн “Жергиликтүү демилге: бүгүн, эртең” аттуу форумда айтылды. Иш-чараны Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып келаткан “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту уюштурган. Кыргызстанда 453 айылдык өкмөтү бар, алардын басымдуу бөлүгү дотацияда турат. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бизнес менен алектене алышабы? Бул бюджетти толтуруу аракетиби же акыйкатсыз атаандаштыкпы?” – акыркы мезгилде ушул өңдүү суроолор жарандарды ойлондуруп келет. Бир нече жылдан бери көптөгөн долбоорлордун иши ЖӨБОнун ролун күчөтүүгө, жарандардын ишенимин жогорулатууга жана алардын бюджеттик маселелерге катышуусун күчөтүүгө багытталып келатат.
 
Андан соң ЖӨБдүн коммерциялашуусу өңдүү көйгөй жаралды – аткаминерлер пайда табууга багытталган ишкердик ишинде ашыкча активдүүлүктү көрсөтө башташты. Өзүнүн бизнес активдүүлүгүн алар дотациядагы райондордо жашаган адамдардын турмуш шартын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджетти байытуу ниети менен түшүндүрүп келишет. “Ошентип, жергиликтүү бюджеттердин каражаттары түрдүү инвестицияларга, мисалы, айыл чарба техникасын сатып алууга, курулуш материалдарын жана азык-түлүк продукциясын өндүрүүгө сарпталат. Баш- кача айтканда, аткаминерлер өз багыты боюнча иштегендин ордуна, тагыраак айтканда, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, жолдорду куруу, таштанды чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу маселелерин чечкендин ордуна пайда алууга кызыкдар болуп калышты”, - деп түшүндүрдү Өнүктүрүү саясат институтунун программалык менеджери Бектур ОРОЗБАЕВ. Ченемдерге ылайык, идеалдуу ЖӨБ органынын ишинин 25 пункттан турган тизмесинде “аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” бар.
 
Эксперттердин баамында, дал ушул пункт ишкердик менен алектенүүгө үндөө катары чечмеленип келет. Бирок мыйзамдарды билбегендин натыйжасында бюджеттик каражатты максатсыз сарптоо көрүнүшү орун алууда. ЖӨБдүн бизнес менен алектенүүсү жеринде жеке ишкердиктин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. Ченемдик актыларга ылайык, ЖӨБ жергиликтүү бизнесмендер үчүн шарттарды түзүүгө милдеттүү. Коммерциялык ишкердик деген шылтоо менен кирешенин бир бөлүгү кымырылып, бюджетке түшпөй калышы ыктымал. Аткаминерлердин бизнести уюштуруусу коррупциялык байланыштардын өсүшүнө жана бекемделишине алып келет. Көзөмөл функциясы прокуратурага жүктөлгөнү менен, коомчулукта да ЖӨБдүн ишине таасир тийгизүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок иш жүзүндө бул оор. Буга өзгөчө элет жергесинде мыйзамдарды билбегендик себеп болууда.
 
Эксперттер жарандарга көбүрөөк активдүүлүк көрсөтүп, коомдук угууларга катышып, кызыкчылыктарын жергиликтүү депутаттар аркылуу жеткирип, ЖӨБдөн көбүрөөк ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту талап кылууну сунушташат. ЖӨБ органдары элге кызмат кылуу үчүн түзүлгөн. Тескерисинче болбошу керек. ЖӨБ органдары коочулукту өз ишинин жыйынтыктары тууралуу кабардар кылып, бул маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздап берүүгө милдеттүү. Мисалы, бул үчүн такталарга маалыматтарды илип, жолугушууларда отчет берип, жалпыга маалымдоо каражаттарына кабар берип турууга милдеттүү. КР Конституциясынын 110-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүү мүмкүнчүлүгү. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамда ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон муниципалдык менчикти өз каалоосу боюнча сатып алат, ээлик кылат, пайдаланат жана тескей алышат.
 
Эксперт эч бир мыйзамда ЖӨБ жеке бизнес менен алектене алат деп жазылбаганын, бирок айрым бир жерлери ЖӨБ органдарына кээ бир кызматтарды көрсөтүүгө жол берээрин белгиледи. Жарандык кодекс мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар формасындагы коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жактарды түзүүгө уруксат берет. Ошондуктан Жарандык кодекс коммерциялык эмес уюмдарга (мэрияларга, айыл өкмөттөрүнө) бул алардын уставдык максаттары үчүн зарыл болгондуктан гана ишкердик иши менен (муниципалдык иш каналар аркылуу) алектенүүгө уруксат берет. Ал эми уставдык максат бирөө эле – бул жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү. Эксперт мыйзамдарда ЖӨБ органдарынын коммерциялык ишке катышуусунун жол-жобосун так жазыш керек деп эсептейт. Бирок азырынча бул ишке аша элек. Ал жергиликтүү кеңештердин депутаттары сабаттуу болуп, жергиликтүү бийлик калкка кызмат кылышы керек деп эскертти.
 
Алга карай кадам 8-декабрда Ошто өткөн “Укуктук билим күнү” аттуу жармаңке жарандардын кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөргө даттанууларын жана дооматтарын билдире ала турган, баарлашууга шарт түзгөн ишчаралардын бири болду. “Интербилим” Эл аралык борборунун филиалы уюштурган жармаңке 35 мамлекеттик уюмдун, муниципалдык ишканалардын жана бейөкмөт уюмдардын башын бириктирди. Бир нече саатка созулган жармаңкеге 300дүн тегерегинде адам катышты. Келгендер төмөнкү тармактардагы адистерге суроолорду узата алышты: шаар курулушу, социалдык коргоо, шаарды тазалоо, суу жана электр менен камсыз кылуу, билим берүү, мүлккө укуктарды каттоо, документтерди алуу, юстиция, укуктарды коргоо. Консультанттар ачык болуп, кеп-кеңештерин аяшкан жок. “Энсан Диамонд” фондунун кызматкери Алима КАДЫРОВА белгилегендей, адамдар адистер менен бетме-бет сүйлөшүп, толук консультацияларды алышты: “Бийлик элге жакын болуп калды.
 
Адамдар байланыш үчүн телефон номурлары менен алмашып, таратып берме материалдар менен таанышып чыгышты. Жармаңке кайсы бир түрүндө адамдар жана уюмдар үчүн коммуникациялык аянтча болуп калды”. Алима КАДЫРОВА адамдар кандай маселелер боюнча укук коргоо уюмдарына кайрылышкан айтып берди. Алар: аялдарга укуктук билим берүү, балдар үчүн жөлөкпул алуу, чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жумушка орношуусу, үйбүлөсү жана кичинекей балдары болгон учурда чукул альтернативалык кызмат өтөө, мүлктүк маселелер боюнча сот иштери. Зарылчылык болгон учурда жарандарды башка адистерге жиберип жатышты. Жармаңкеге катышууга бардыгына текши чакыруу жиберилгени менен, тилекке каршы, катыша албаган кызматтар да болду. Мисалы, “Ош ТЭЦ” муниципалдык ишканасынын, “Көрктөндүрүү жана жашыл чарбасы боюнча Ош комбинаты” мамлекеттик ишканасынын, Муниципалдык менчикти башкаруунун өкүлдөрү келген жок. Мэриянын өкүлдөрү жана уюштуруучулар келечекте ушул өңдүү иш-чаралар туруктуу өтүп, кадыресе көрүнүшкө айланат деген үмүтүн билдиришти. Себеби мындай иш-чаралар ведомстволордун ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, коррупцияны азайтууга жана калктын ишенимин бекемдөөгө көмөктөшөт.
 
Сахира НАЗАРОВА Макала алгач center.kg 2017-ж. сайтында жарыяланган, журналга автордун уруксаты менен басылууда

 

Окшош материалы: