Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эгерде жарандар кааласа, ар бир аймакта өзгөрүүлөр мүмкүн болот. Ош облусунун Ноокат районундагы Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү тажрыйбасы

2018-08-20 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Эгерде жарандар кааласа, ар бир аймакта өзгөрүүлөр мүмкүн болот. Ош облусунун Ноокат районундагы Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү тажрыйбасы

2017-жылдын жаз мезгилинде Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) Жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуу моделинин бет ачарын өткөрдү.

Буга кошумча, бюджеттик процесс, максаттуу муниципалитет катары кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана Ош облусунун бардык айылдык муниципалитеттери үчүн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ресурстарына жеткиликтүүлүк тууралуу маалыматтар берилди. Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) башчылары жана алардын орун басарлары катышты. Алардын арасында Ноокат районунун Мирмахмудов атындагы айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Шухраб ГАФАРОВ жана айылдык кеңештин (АК) төрагасынын орун басары Муяссар УЛМАСОВА да болду. Долбоор максаттуу муниципалитеттерди тандап алуу боюнча конкурс жарыялап, ага Мирмахмудов атындагы АА да катышкан эле. Бирок көз карандысыз Конкурстук комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, аталган аймак тандоодон өтпөй калган. Бирок бул жагдай айылдык аймак үчүн ресурстарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жолтоо болгон жок. Көп өтпөй, айыл өкмөтү Долбоордон кайрадан чакыруу алды. Бул жолу Долбоор АӨнү тренингге катышууга чакырды. Андан соң дагы бир тренингге чакыруу келди. Муниципалитеттин атынан АК төрагасынын орун басары Муяссар УЛМАСОВА Долбоордун түрдүү окуу иш-чараларына жигердүү катышып, кызматташтык боюнча ишти уланта берди. Бул иш-чаралар максаттуу болуп тандалган Гүлистан айылдык аймагында өткөрүлүп жатты.
 
Теориялык жана практикалык билимди алган соң Муяссар АӨ башчысы жана айылдык кеңештин (АК) депутаттары менен сүйлөшүп, аларга Гүлистанда өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди. Муяссар ушундай эле иш-чараларды Мирмахмудов атындагы ААда өткөрүүгө колдоо көрсөтүүнү өтүндү. АӨ жетекчилиги жана АК депутаттары бул демилгени колдоого алып, 9 адамдан турган жумушчу топту түзүүнү чечишти. Жумушчу топтун курамына алты айыл башчы, АӨнүн инвестициялар боюнча адиси, АК депутаты жана АК төрагасынын орун басары Муяссар да кирди. Жумушчу топ уюштуруу иштерин талкуулаган соң иш-чараларды өткөрүү боюнча графикти иштеп чыкты. Бул иш-чаралардын алкагында аймактагы алты айылдын ар бириндеги артыкчылыктуу көйгөйдү аныктоо боюн-ча 26 ЖМБА-сессия өткөрүлүп, ага жергиликтүү жамааттардан 342 адам катышты (алардын ичинен 154ү аялдар болду). Калкты тартууга “Ноокаттын жарандык коомун колдоо борбору” бейөкмөт уюму көмөктөштү. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталды: ичүүчү суу, мектепке чейинки билим берүү, жолдор, көчөлөрдү жарыктандыруу, жаңы конуштарга жарык өткөрүү. Бул маселелерди чечүү үчүн эки демилгелүү топ (ДТ) түзүлдү. ДТнын курамына жергиликтүү жамааттын 20 өкүлү, АК депутаттары жана АӨ кызматкерлери кирди. Алардын катышуусу менен артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча Биргелешкен аракеттер планы (БАП) иштелип чыгып, бул Планды айылдык кеңеш бекитип берди. Буга кошумча АК чечими боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (БМжБТ) түзүлүп, ага айылдык кеңештин депутаттары, жергиликтүү жамааттын лидерлери, АӨ кызматкерлери болуп 10 киши кирди.
 
2017-жылдын ноябрь айында Муяссар райондук деңгээлдеги тажрыйба алмашуу сапарына катышты. Гүлистан ААнын базасында Долбоор өткөргөн бул сапар “БАП долбоорун талкуулоо уюштуруу жана өткөрүү практикасы» деген тема-
да болду. Бул иш-чара маалында ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча БАП долбоорун жашоочулар менен талкуулап алышты. Кошуналардын тажрыйбасы менен таанышуу максатын-
да Гүлистан ААда өткөн чогулушка Долбоордун Ноокат районундагы төрт максаттуу муниципалитетинин жана 14 максаттуу эмес аймактарынын өкүлдөрү катышты. Башка ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен кошо коомдук иш-чараларды өткөрүү тажрыйбасын өздөштүргөн соң Муяссар бул тажрыйбаны өз муниципалитетинде колдонууну чечип, бул үчүн айылдык чогулушту уюштурду.
 
Долбоордун окуу жана башка иш-сапарларына катышуу менен, Мирмахмудов атындагы айылдык аймак 2018-жылы гранттык программага ийгиликтүү катыша алды.
 
“Биздин долбоор жетиштүү упай топтоп, конкурс-та жеңген муниципалитеттердин тизмесине киргенибиз тууралуу маалымат биз үчүн күтүлбөгөн, бирок жагымдуу окуя болду. Албетте үмүт бар эле, бирок акырына чейин күмөн сана-
ган болчубуз. Анткени биз баары бир максаттуу муниципалитет эмес элек. Эл арасында мындай долбоорлор адатта “өзүнүкүнө” гана тартат деген пикир айтыла жүрөт эмеспи. Бирок эми биздин аракеттер бекер болбогонун, максаттуу муниципалитет болбосок да ушундай конкурстарда жеңе алаарыбызды билип калдык. Окуудан жана семинарлардан өтүп, максаттуу муниципалитеттер менен мыкты практика боюнча тажрыйба алмашуу сапарларына теңата катышып, өз аймагыбызда Долбоордун тажрыйбасын колдоно алганыбыз үчүн биздин жергиликтүү бюджет 1 млн. сом көлөмүндө грант алат. Бул грант биздин аймактагы мектепке чейинки билим берүүнүн шарттарын жакшыртууга багытталат. Конкурстагы жеңиштен кийин калктын айыл өкмөткө болгон ишеними өстү. Ошондой эле жергиликтүү жамаат менен иш алып баруу жаатында биздин көз карашыбыз да өзгөрдү. Биз жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматтын айкындуулугун камсыз кылганда жана аны калк менен талкуулаганда өз ишибиздин түйшүгүн да кошо жеңилдете турганыбызды түшүндүк. Ошондой эле биз баарын түшүнүктүү жеткиргенди да үйрөндүк: бюджеттин кыскача сүрөттөлүшү диаграммалар менен даярдалат, ал эми презентациялык слайддарды сүрөттөр менен кооздойбуз, Жарандык бюджетти даярдайбыз ж.б. Мындан тышкары Долбоордун арты менен биз эми тыгыз кызматташып, бири-бирибизди бардык иш-чараларга чакырып, маалыматтар жана жаңылыктар менен бөлүшүп калды”, - деп айтты Муяссар УЛМАСОВА.

 

Окшош материалы: