Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаш үй-бүлөлөр үчүн таза суу

2018-09-07 / Инфраструктура

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Бүлөлү айылдык аймагы тоо боюнда жайгаш Байзак айылдык аймагынын Таш-Арык участогунда 65 үй кожолук жайгашкан. Бул жерде 165 адам жашайт жана алар таза сууга жетпей азап чегип келишет. Басымдуу бөлүгүн жаш үй-бүлөлөр түзөт жана алардын балдары да кичинекей. Мындан улам көйгөй өтө курч турат, себеби турмуш тиричиликте гана ыңгайсыздык жаратпастан, ошону менен бирге балдардын саламаттыгына да коркунуч келүүдө. Байзак айыл өкмөтүндө калкты таза суу менен камсыз кылуу планы бар. Бул көйгөй жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде артыкчылыктуу катары аныкталган.

Айылдардын саны  1  
Калктын саны 6 166 
Жылдык бюджети  13 132,0 миң сом

Эмнелер жасалды?

Таш-Арык участогунда демилгелүү топ ЖӨБ органдары менен биргеликте жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр да жүрдү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен курулуш иштеринин бир бөлүгүн каржылоо үчүн каражат бөлүп берүү маселеси чечилди. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн жалпы жонунан 75 адам тартылды. Таш-Арык участогу айылдын жаңы конушу болуп эсептелинет. Ал конушта негизинен жаш үй-бүлөлөр жашайт. Алардын үйбүлөлүк бюджети чектелүү болгондуктан бул нерсе да долбоорду ишке ашырып жатканда эсепке алынды. Таш-Арык участогун таза суу менен камсыз кылуу үчүн жалпысынан 657 миң сом сарпталды. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 300 миң сомдон тышкары, донордук каражаттар да тартылды. ПРООНдун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы 192 миң сомго ун жана май берди. Бул азыктүлүктөр долбоордун алкагында жер иштери үчүн акы катары 19 социалдык жактан аярлуу адамга берилди. Бул адамдар айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адисинин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусу менен тандалып алынган. Мындан тышкары Таш-Арык участогунун жашоочуларынын акчалай салымынын арты менен узундугу 3 км жердин алдынан жалпы суммасы 165 миң сом болгон пластиктен түтүктөр өткөрүлдү.

Жыйынтыгы кандай болду?

Таш-Арык участогунда чуңкур казылып, суу түтүк трубалары төшөлдү. Учурда таза суу берилип жатат. Суу берүүчү колонкалар орнотулгандан кийин иштер толугу менен жыйынтыкталат деп айтса болот. Бул үчүн кошумча каржылоо булактары изделип жатат. Ошондой эле бул колонкаларды сапаттуу жабдуу да зарыл болуп турат. Жумуштарды жасап жаткан маалда ачык-айкындуулук камсыздалып, бардык иштер тууралуу калкка толук маалымат берилгени маанилүү жыйынтык болуп саналат. Жумуштар башталганга чейин бул аймактагы жашоочулар менен чогулуштар өткөрүлдү. Ал эми жумуштарды жасап жатканда процесске мониторинг жүргүзүлдү. Анын соңунда жашоочуларга отчет берилип, бул болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы ачыктыгын камсыздап, жарандардын жергиликтүү бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатты. Демилгелерди ишке ашыруу маалында сууну керектөөчүлөрдүн саны өстү. Абоненттердин саны өссө, жеткирүүчү – ТСКАКБнын да кирешеси көбөймөкчү. Сууну бере баштагандан кийин жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө элдин катышуусу да күч алганы байкалды. Аны менен катар, көчөлөргө жарык берүүнү, көпүрөлөрдү куруп берүүнү өтүнгөн адамдардын да саны өстү. Калкты таза суу менен камсыз кылуу көпчүлүк ЖӨБ органдары үчүн артыкчылыктуу маселе болгондуктан, демилгеге карата реакция да активдүү болду. Айталы, долбоор кантип ишке ашырылып жатканына кызыгып, социалдык тармактарга чыгаруу үчүн материал сурап кайрылгандар да көбөйдү. Долбоор тууралуу видеобаянды Нарын телерадиокомпаниясы “Аймактардын турмушу” аттуу берүүдө көрсөттү. Ал эми жергиликтүү администрация долбоор тууралуу маалыматты “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.

Нургүл ЭШЕНОВА: “Бул көйгөй Таш-Арык участогуна адамдар отурукташа баштаганда эле чыгып, дээрлик он жыл бою чечилбей келген. Биз таза сууну жай-кыш дебей жарым километр аралыктан ташып келчүбүз. Эми суу үйдүн жанынан чыгып, түйшүгүбүз жеңилдей түштү”. Нурбек КУДАЙБЕРГЕНОВ: “Биз бул маселе тууралуу беш жылдан бери эле айтып келатабыз. Көйгөй актуалдуу деп таанылганы менен, долбоорду каржылай баштоо үчүн добушубуз жетишсиз болчу. Эми таза суу келип, Таш-Арык участогунда жашоо бир кыйла оңолуп калды”.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Байзак айылдык аймагы НАСЫБАЛЫ уулу Каныбек