Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көпүрө жайлоого жол ачты

2018-09-07 / Инфраструктура
Көпүрө жайлоого жол ачты

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Мазар, Сары-Ой, Секи-Булак, Өрдөш жайлоолоруна жетүү үчүн 5 км сай аралап суу кечип барабыз. 2016-2017-жылдары кар калың түшүп, жаз келгени кар эрип 5 км сай аралаган жолдорубузду суулар жеп кетип, ички жайлоого жана дыйкандардын үлүш жерине барганга мүмкүнчүлүк болбой калды. Жаз алды менен дыйкандар өздөрүнүн үлүш жерлерине барып айдоолорун тырмап, сугарышып, ирээтке келтирүү маалында каттам үзүлүп техникалар жете албай калды. Мындан сырткары карапайым калк жаздоолорго көчө албай айыл үчүн өтө көйгөйлүү маселе жаралды. Ак-Тал айылынын тургундары үчүн алгылыктуу шарттарды түзүп берүү зарыл болду. Мындан тышкары айыл өкмөтү дотацияда тургандыктан, жергиликтүү элдин көйгөйүн чечип берүү үчүн калктын өзүнүн каражатын тартуу керек болчу.

Айылдардын саны  1 
 Калктын саны 1 334  
Жылдык бюджети 4 368,2 миң сом

Эмнелер жасалды?

Бул маселени чечүү үчүн жашоочулар өздөрү демилгелүү топ түзүүнү чечишти. Бул демилгелүү топ суу жеп кеткен Көтөрмө-Арык участогундагы жолго барып, абал менен жеринде таанышты. Демилгелүү топ ал жерге кете турган чыгымдын баарын дыкат эсептеп чыкты. Активисттер айыл өкмөтү менен чогуу эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолду оңдогонго кетчү чыгымдарды санап берди. Ошентип демилгелүү топ акча чогултуп, көпүрөнүн курулушуна киришти. Айыл өкмөтү дагы четте карап турбастан 200 литр күйүүчү май ды бөлүп берди. Жалпысынан бул көпүрөнү салганга 100 000 сом акча жумшалды. Натыйжада туурасы узундугу 8 метр, туурасы 4 метр болгон көпүрө курулду. Бул көпүрөдөн машине да, адам да өтө алат.

Жыйынтыгы кандай болду?

Бул демилгени ишке ашыргандан кийин эл өз маселесин өзү эле чече алат деген ишеним пайда болду. Ошол эле маалда ЖӨБ органы да мүмкүнчүлүгүнө жараша финансылык жана материалдык жардам көрсөтүп турду. Ишке ашырылган демилгеде башкы жыйынтык – жергиликтүү көйгөйлөрдү элдин, жалпы жамааттын күчү менен биргелешип чечүү. Ошентип эл өз маселелерин өзүнүн күчү менен, кеңешип, акылдашып чечүүсү үчүн өбөлгөлөр жаралды. Арстанбек НАРМАТОВ, Ак-Тал айылынын тургуну, Өрдөш жайлоосунда жер үлүшү бар дыйкан: “Бул көйгөй көптөн бери эле бизге терс таасирин тийгизип келаткан. Катуу жаан жааганда жана суу киргенде жолдор жарактан чыгып, ремонтту талап кылчу. Ар бир жолу таштардан көпүрө жасап чыгаар элек. Көпүрө курулгандан кийин бул маселе чечилди. Эми нөшөрлөгөн жамгырдан кийин таш издөө, тыгылып калган машине үчүн техниканы жалдап келүү деген баш оорудан арылдык”. Адылбек МААКЕЕВ, Ак-Тал айылынын тургуну, айдоочу:

“Жыл сайын Өрдөш өрөөнүндөгү үлүш жерлерден дыйкандардын чөптөрүн тартып келебиз. Көтөрмө-Арык участогуна жеткенде жолдор начар болгондуктан чөптөрүбүз ооп кетип, жерге түшүп калган учурлар көп эле болду. Жерде калган чөптү машинеге жүктөп, бир топ эле убара болдук. Бул көпүрө курулгандан кийин жол жүрүү бир кыйла жеңил болуп калды. Убакытты үнөмдөп, көздөгөн жерибизге тез эле жетип калдык. Бул демилгени ишке ашыргандардын баарына ыраазычылыгымды билдирем”. Бозугул АКМАКАЗИЕВ, Ак-Тал айылынын тургуну, чабан: “Мен он жылдан бери чабан болуп элге кызмат көрсөтүп келатам. Биз бул жолдон анда-санда гана өтүп жүрчүбүз. Жол начар абалда болгондуктан 100 км айланма жол менен жайлоого көчүп барчубуз. Быйыл ушул жол менен жайлоого көчүп бардым. Бул жаңы салынган көпүрө убактымды үнөмдөдү, экинчиден, акча да аз кетти, көздөгөн жерибизге да тез эле жетип алдык”.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылдык аймагы КАБЫЛБЕК уулу Марлис