Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кол-Чаты айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу

2018-09-07 / Инфраструктура

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Бүлөлү айылдык аймагы тоо боюнда жайгашкан. Климаты суук, кышы узак жана оор болот. Аба ырайына байланыштуу жазгы талаа иштери да кеч башталат, ал эми айыл чарба продукциясы аз өлчөмдө гана сатып алынат. Аймактын жалпы аянты 20435 км2 түзөт жана деңиз деңгээлинен 2050 метр бийиктикте жайгашкан. Кол-Чаты айылында 62 кожолук же 275 киши жашайт. Айыл тургундары дарыянын суусун колдонуп келишет. Жазында жаан-чачындан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, суу булганып, ичүүгө жараксыз абалга келет жана дарыядан суу ташыган балдардын коопсуздугуна да коркунуч жаралат. Кышында дарыянын жээктери тоңуп, сууну алып чыгуу оор болуп калат. Ошол эле маалда айыл төмөн жакта жайгашкандыктан, жогорку айылдардагы мал сууну булгап, дарыя таштандыга толуп, мунун айынан жугуштуу оорулар да чыккан учурлар бар. Айыл өкмөтүндө акчанын жоктугунан улам бул көйгөй жылдан жылга чечилбей келди. Бул маселени жергиликтүү элдин күчү менен чечүү үчүн демилгени айылдык лидерлер колдоого алышты (Б. АРТЫКОВ ж.б.).

Айылдардын саны  4 
Калктын саны  2043  
Жылдык бюджети 38373,4 миң сом

Эмнелер жасалды?

Жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте чогулуш өткөрүлүп, анда ар бир үй-бүлөдөн 1000 сомдон чогултулуп, ашар жолу менен тийиштүү жумуштар жасалды. Айылдагы лидерлердин арасынан атайын топ түзүлүп, 62 үй кожолуктан 62 000 сом чогултулду. Долоно-Булак участогунан айылга чейин ашар жолу менен узундугу 4,2 км болгон чуңкур казылып, акча каражаттарын каржылоонун (смета) эсеби жүргүзүлдү. Айыл өкмөтү зарыл бол гон курулуш материалдарын (полиэтилен трубаларын, цементти, цемент шакекчелерин ж.б.) сатып алуу үчүн кошумча каржылоону табуу милдетин өзүнө алды. Райондук миграция жана жумуштуулук борбору менен биргеликте айыл өкмөтү коомдук иштерди каржылоо боюнча долбоорду даярдап чыкты. Натыйжада 43 000 сом алынып, бул акча курулуш материалдарын сатып алууга жумшалды. Ошондой эле ар бир үй кожолук ашарда иштеген элеттиктерге кезектешип ысык тамак жасап турушту (62 үй кожолук азык-түлүк түрүндө болжол менен 37 000 сом сарптады).

Жыйынтыгы кандай болду?

Бул демилгенин натыйжасында 62 үй кожолук таза суу менен туруктуу камсыз болду. Социалдык объекттердин жана турак үйлөрдүн санитардык-гигиеналык абалы оңолду. Балдар арасында жугуштуу ооруларын жуктуруп алгандардын саны азайды. Дарыядан суу алып жатып кулап кетет деген коркунуч да жоголду. Демилгенин натыйжасында үйбүлө мүчөлөрү убактысын үнөмдөп калышты. Бир адам туруктуу иш менен камсыздалды. Үйлөрдүн тегерегиндеги чарбактар иштетилип, түшүмдүүлүк да жогорулады.

Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айылдык аймагы Акбермет ТОКТОСУНОВА