Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жашоочулар жолдун ремонту үчүн акчаны республикалык бюджеттен табышты

2018-09-07 / Инфраструктура

Элеттиктерди эмне түйшолттү? Баш-Кайыңды айылындагы борбордук көчөдө эзелтеден бери ремонт иштери жасалган эмес. Буга жергиликтүү бюджеттеги каражаттын жетишсиздиги себеп болду. Анткени айылдык аймак дотацияда турат. Жашоочулар үчүн шагыл төгүлгөн жолдон машинени айдап өтүү азап болчу. Жолдогу чуңкурлар жашоочулардын машинесин талкалап, аны ремонттогонго оңбогондой акча кетчү. Жол начар болгондуктан көчөдө чаң сапырылып, мектепке жана бала бакчага бараткан балдар ошол чаңды жутуп жетчү.

Айылдардын саны 
 Калктын саны 5 894
Жылдык бюджети   8 817,0 миң сом

Айылдагы жолдор начар болгондуктан АтБашынын район борборуна транспорт да көп каттачу эмес. Бул маселени айыл тургундары ЖӨБ органдары жана райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү менен жолугушууда көп эле жолу көтөрүп келишти. Эң активдүү тургундар депутаттар менен биргеликте райондук мамлекеттик администрацияга кайрылууларды да жазып жүрүштү. Себеби бул маселени жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечүү мүмкүн эмес эле. Бирок бир нече жыл бою маселени чечүүнүн жолдору табылбай келди.

Эмнелер жасалды?

Ошентсе да элеттиктер көздөгөн максатына жетүүнү чечишти. Жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биригип, алар борбордук көчөнүн ремонтуна республикалык бюджеттен 12 миллион сом бөлдүртүп алышты. Акыры Баш-Кайыңды айылындагы узундугу эки километр болгон борбордук көчөгө асфальт төшөлдү. Бирок жол ушунчалык маанилүү болгондуктан адамдар өз салымын да кошууну чечишти. Алар ишембилик уюштуруп, жолдун тегерек четин тазалап турушту. Ошондой эле тургундар жол куруучулардын эмгегине аяр мамиле жасап, асфальт кургаганча жолду колдонбой, түнкүсүн жол курган атайын техниканы кайтарып жатышты.

Жыйынтыгы кандай болду?

Жолго асфальт төшөлгөндөн кийин ары-бери каттаган элеттиктер жыргап эле калышты. Шаркыратмага жана Богошту эс алуу жайына, өтө кооз жерлерди көрүүгө келген туристтердин саны да көбөйдү. Бул ийгиликтүү тажрыйба элеттиктерди шыктандырып, өз күчүнө болгон ишеним артып, жашоо шартты жакшыртуу мүмкүн экенине көздөрү жетти. Алар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө мурдагыдан да жигердүү тартыла башташты. Мисалы, тургундар көчөлөрдү көрктөндүрүү иштерин колго алып, айлана-чөйрөгө, жаңы жолго аяр мамиле жасап, таштандыларды жыйнап калышты. Эми ар жума сайына ишембиликтер өтүп турат. Жогорку класстын окуучулары жана жергиликтүү тургундар суу түтүк трубаларын жана аллеяны жалбырактардан жана башка таштандыдан тазалап келишет.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылдык аймагы Элнура БАЙМАТОВА