Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Көпүрөнүн ремонту айылдар ортосундагы коопсуздукту жана байланышты күчөттү

2018-09-07 / Инфраструктура
Көпүрөнүн ремонту айылдар ортосундагы коопсуздукту жана байланышты күчөттү

Элеттиктерди эмне түйшөлттү? Көк-Жар айылдык аймагы дотацияда турган айылдардын катарына кирет. Бул жерде чечилбей келаткан көйгөйлөр өтө көп. Аларды чечүү жолдорун издеп, жашоочулар ар бир айылда демилгелүү топторду түзүш керек деген тыянакка келишти. Бул топтордун башында эң жигердүү адамдар турмай болду.

Айылдардын саны  6 
Калктын саны  20 350 
Жылдык бюджети  22 706,3 миң сом

Ошентип Жийде айылында 11 адамдан турган демилгелүү топ түзүлдү. Айылдын көйгөйлөрүн талдап чыгып, аларды элеттиктердин талкуусуна коюу тууралуу чечим кабыл алынды. Демилгелүү топтун лидери болуп Абдымитал ТАГАЕВ тандалып алынды. Айылдын жалпы чогулушунда актуалдуу көйгөйлөр аныкталып, жалпы иш үчүн ким, канча салым кошо алаары талкууланды. Акчалай салым кошо албагандар, кара күч менен жардам бериши керек эле. Эң көйгөйлүү маселе катары көпүрөнүн абалы аныкталды. Бул көпүрө совет доорунда эле курулуп, сел көп жүрчү. Өрөөндүн жогору тарабында жайгашкан конуштун тургундары дарыядан жанын оозуна тиштеп алып өтүп жүрүштү. Ал эми суу кирген маалда байланыш такыр эле үзүлүп калчу.

Эмнелер жасалды?

Абдымитал ТАГАЕВ башында турган демилгелүү топ көпүрөнүн ремонту үчүн донор издеп жүрүп, долбоор жазды. Натыйжада бул долбоор АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору” деп аталган конкурсунда жеңүүчү деп табылды. Көпүрөнүн ремонтуна жалпы жонунан 1 167 000 сом сарпталды. Долбоордун шарты боюнча долбоордун наркынын 5% же 58 350 сом жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 25% же 291 750 сом жергиликтүү элдин эмгек салымы катары кошулушу керек болчу. Жайыт колдонуучуларынын бирикмеси 178 456 сомду, ал эми демөөрчүлөр 175 050 сомду бөлүп беришти. АРИС тарабынан долбоорду каржылоого 463 394 сом бөлүндү. Айылдын жалпы чогулушунда элдик демилгени ишке ашыруу тажрыйбасы, 2017-жылдан бери жасалган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди. Бул демилгени Жийде айылынын тургундары көтөрүп чыгышкан эле. Алардын катарында жеке ишкерлер, айылдык кеңештин депутаттары жана “Жийде-Булак” бала бакчасынын директору Ч.ЖУСУПОВА бар. Көпүрөнүн туурасы 6 метр, узундугу 38 метр болду. Ал эми жүк көтөрүмдүүлүгү 35 тоннаны түздү.

Жыйынтыгы кандай болду?

Бул көйгөйдүн чечилиши Жийде айылынын тургундары, өзгөчө жаңы конуштардын жашоочулары жана алардын балдары үчүн чоң пайда алып келди. Себеби эми балдар көпүрөдөн эч коркпой, мектепке, бала бакчага кечикпей барып калышты. Мындан тышкары айыл тургундары үчүн жайытка жетүү үчүн шарттар да түзүлдү. Мурда суу кирген маалда жайытка жетүү мүмкүн эмес болчу. Эң маанилүү жыйынтык – адамдар жалпынын кызыкчылыгы үчүн биригишти.

Улам кийинки демилгени ишке ашырган сайын жаңы идеяга кошулган адамдардын да катары калыңдай баштады. Мааракелерди, тойлорду өткөргөндүн ордуна, ошол акчаны жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жумшаган адамдар да чыкты. ЖӨБ органдарынын ишиндеги ачык-айкындуулук жана жоопкерчилик жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Демилгени жашоочулар өздөрү көтөрүп чыккандыктан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу да четте карап тура албай, мүмкүнчүлүгүнө жараша акча бөлө баштады. Баштапкы этабында жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын ролу чабал болчу. Эл айыл өкмөтүндө көйгөйлөрдү чече алгыдай мүмкүнчүлүгү бар болгонуна ишенчү эмес. Бирок бир нече долбоорлорду ишке ашыргандан кийин эл арасында айыл өкмөттүн аброю да бир кыйла көтөрүлдү. ЖӨБ органдарынын жергиликтүү тургундардын демилгелерине реакциясы жакшы болду. Себеби айыл өкмөттүн күчү жана каражаты менен гана маселелерди чечүү мүмкүн эмес эле. Мына ушул жерде элеттиктердин колдоосу абдан зарыл болду. Орозали ИСАКОВ, Жийде айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты: “Мен бул көпүрөдөн көп эле өтүп калдым, өтө кооптуу болчу, көпүрө качан кулап кетет деп корко берчүмүн. Өзгөчө кыш мезгилинде суу тонгон маалда кырдаал өтө коркунучтуу болчу”. Жыпаргүл ОСМОНОВА, Жийде айылынын тургуну, пенсионер: “Бул көйгөй бизди азапка салып келди. Улуу баламдын үйү тиги жээкте турат. Суу кирген маалда апталап байланыша албай калчубуз. Балдар мектепке жана бала бакчага бара албай калчу. Келиним райондогу ооруканада медайым болуп иштейт. Көпүрөнүн айынан жумушка кечиккен күндөрү көп болду. Эми баары жакшы болот”.

Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагы Чолпонай ЖУСУПОВА, Орозали ИСАКОВ