Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандар ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасына көз салууда

2018-11-07 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун (ЭҮЖӨБОЖ) ишке ашыруунун алкагында 2018-жылы 38 гранттык долбоор ишке ашырылды. Алардын ичинен долбоорлордун 80% жакыны жыйынтыктоо баскычында турат. Гранттык программанын өзгөчөлүгү – каржылоо үчүн долбоорлорду жамааттар өздөрү тандашкан. Бул үчүн ЖӨБ органдары адегенде жарандардын муктаждыктарын изилдеп чыгып, андан соң жарандар менен биргелешип көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча ишаракеттер планын иштеп чыгышкан. Ошондон кийин демилгелүү топтор инвестициялык долбоорлорду даярдашкан.

Долбоорлорду ишке ашыруу жыйынтыктала баштаган этабында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору сурамжылоо жүргүзүп, “жарандар бул иштердин натыйжаларын билеби, алдыга коюлган максаттардын прогрессине, жетишкендиктерине көз салып турушабы?” деген суроолорду узатышты. Сурамжылоого катышкандардын 28% ЖӨБ органдарынын жетекчилери, 39% ЖӨБ органдарынын кызматкерлери, ошондой эле 31% биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (мындан ары – БМжБ топтору) өкүлдөрү түздү. Жүргүзүлгөн сурамжылоодо алынган маалыматтарды иштеп чыккандан кийин бир маанилүү тыянак келип чыкты – сурамжылоонун катышуучулары максаттуу муниципалитеттерде жасалып жаткан долбоорлор тууралуу билишет. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү долбоорлордун ишке ашырылуусуна жүргүзүлгөн мониторингге катышат. Сурамжылоого катышкандардын 83% аткарылган жана ишке ашырылган долбоорлордун келечектеги туруктуулугу боюнча консультациялар зарыл экенин белгилешти. Түзүлгөн БМжБ топтору гранттык долбоорду ишке ашыруунун сапатын көзөмөлдөп турууга жардам берет: сурамжылоого катышкандардын 81% ашыгы БМжБ топтору өзүнүн айылдык аймагында жасалган иштерге канааттанат.

Бирок 13% БМжБ топтору өз билимин жана потенциалын жогорулатышы керек деген пикирде. Долбоорлордун туруктуулугу жана инвестициялардын мындан аркы тагдыры – эртеңки күндүн маселеси. Инфраструктура иштеши керек. Ошондуктан респонденттердин 73% ашыгы долбоорлорду колдоо үчүн каржылоонун негизги булагы жергиликтүү бюджет болоорун белгилешти. 15% ашыгы донордук каражаттарды тарта алабыз деп ишенсе, катышуучулардын 8% жакыны мындан аркы каржылоо жергиликтүү жамааттын салымынын эсебинен жүзөгө ашырылышы керек деп эсептейт. Гранттык программанын башка бир өзгөчөлүгү – ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн инвестицияларды башкаруунун башкалардан айырмалуу машыктыргычына айланды. Финансы каражаттары көпчүлүк гранттык программаларда болуп келгендей подрядчыга же жеткирүүчүгө түз жиберилбестен, жергиликтүү бюджеттерге түшөт. Ушундан улам ЖӨБ органдары долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бардык операцияларды мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна ылайык жергиликтүү бюджеттер аркылуу жүзөгө ашырышы керек. Ошондуктан сурамжылоонун катышуучуларын мамлекеттик сатып алуулар маселеси тынчсыздандырары таң калычтуу эмес. Алар мамсатып алуулар Порталы менен иштөөдөгү кыйынчылыктар, ошондой эле көйгөйлөр бар экенин белгилешет. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” КР Мыйзамынын катаал талаптарын респонденттердин 60% ашыгы белгилешти. 16% АӨ адисинде сатып алуулар боюнча билим жана тажрыйба жетишсиз болгонун айтса, 16% мамсатып алуулар Порталы менен иштөө үчүн Интернетке жеткиликтүүлүк көйгөйлүү маселе экенин белгилейт. Бирок ЖӨБ органдары сатып алуулардагы кыйынчылыктарды жеңип келүүдө. Себеби ЭҮЖӨБОЖ Долбоору бардык максаттуу муниципалитеттерге өз адистерин КР Финансы министрлигине караштуу Окуу борборунда мамсатып алууларды окутуу үчүн жиберүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ошондуктан процесс өз нугунда жүрүүдө, ал эми долбоорлор ишке ашырылып жатат. Подрядчы уюмдардын иш сапаты сурамжылоого катышкандардын 55% канааттандырса, 32% жарым-жартылай канааттанат, ал эми 2% гана канааттанбайт.

Султан МАЙРАМБЕКОВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын адиси, ӨСИ

Окшош материалы: