Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кочкор аймагындагы бала бакчада кошумча тайпа ачылды

2018-11-07 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Кочкор аймагындагы бала бакчада кошумча тайпа ачылды

«Наристе-И» бала бакчасынын таржымалы СССР кулаганга чейин эле башталган. Бала бакчанын берилген жетекчиси жана идеялык дем берүүчүсү ТОКТОРБАЕВА Ишенбүбү көптөн бери бапестеп келаткан кыялын орундатуу чечими бул окуяга башат болду. Токторбаеванын кыялы көпчүлүк элеттиктердин кыялына үндөш болуп чыкты. Ошол кезде элет жергесинде бала бакчаны ачуу ишке ашпай тургандай болчу. Ыктымал тоскоолдуктарга жана кыйынчылыктарга карабастан Ишенбүбү Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылдык аймагынын Большевик айылында мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга бел байлады. Айылда мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү идеясын дагы төрт аял колдоого алышты. Алардын биргелешкен аракети менен 1970-жылы курулган имарат бала бакча үчүн өткөрүлүп берилди. Элеттиктердин колдоосу менен имаратта жеңил ремонт жасалып, алгачкы 25 бала кабыл алынды.

Башында иш жолго салынып калгандай болгон эле. Бирок СССР урагандан кийин өлкөдө орун алган өзгөрүүлөр бала бакчаны да кыйгап өткөн жок. Бала бакча 1995-жылы каражаттын жоктугунан улам жабылып, 2007-жылга чейин ачылган эмес. Бирок Ишенбүбү ТОКТОРБАЕВА үмүтүн үзгөн эмес жана баштаган ишин улантуу максатында имаратты сактап калууга жан үрөп келди. Арадан өтө көп убакыт өткөнүнө карабастан, Ишенбүбү жергиликтүү жамаатка бала бакчанын ишин жандандырууну сунуштады. Ошентип, айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мекеменин ишин кайра баштоо тууралуу жашоочулардын демилгесин колдоого алды. Бул айылда 450 үй-бүлө жашайт. 2128 адамдын 1128и – аялдар. Бүгүнкү күндө бала бакчада эки тайпа бар жана мында 62 бала тарбияланат. Жыл сайын бала бакчага кирүүгө 50дөн ашуун бала кезекте турат. Көпчүлүк ата-энелер балдарын чоң ата-чоң эненин колуна таштап, чет өлкөлөргө иш издеп кетүүгө мажбур. Бул көрүнүш, албетте, калктын бала бакчаны кеңейтүүгө муктаждыгын күчөттү. Кары адамдар балдарды эртели-кеч көзөмөлдөп жүрө алышпайт, алардын толук кандуу өнүгүүсү үчүн витаминдүү тамак менен камсыздай алышпайт. Балдар үйдө жүрүп жаракат алган учурлар болбой койбойт. Айталы, Майрамбек уулу Умардын апасы менен чоң энеси аны бакчага орноштура алышкан эмес, себеби кезеги жетпей койгон эле. Көп өтпөй Умардын энеси баланы кемпирдин колуна таштап, чет өлкөгө иш издеп кетүүгө мажбур болгон. Умар өз курагындагы башка балдардай эле абдан кыймылдуу болуп, колго токточу эмес. Ошондуктан чоң энеси бир топ эле кыйналды. Умар үч жолу колун чыгарып алып, натыйжада дарыгерлер сөөгү өсүп кетсин деп колуна металлдан конструкцияны коюп беришти. Мындай кырсыктар көбөйгөндүктөн айыл тургундары 30 балага жаңы тайпа ачуу үчүн кошумча бөлмөнү маселесин көтөрүп чыгышты.

2017-жылдын жаз мезгилинде Кочкор айылдык аймагынын ЖӨБ органдары швейцариялык долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн конкурска өтүнмө берген. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Кочкор айыл өкмөтү максаттуу муниципалитет болбосо да, Чакан гранттар программасынын жеңүүчүсү деп табылды. 2018-жылдын 16-январында Көк-Жар айылдык аймагынын ЖӨБ органдары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан грант тар программасы-2018 конкурсуна катышуу үчүн артыкчылыктуу долбоорду тандап алуу боюнча айылдык чогулуш өткөрүшкөн. Ишенбүбү ТОКТОРБАЕВАнын өжөрдүгү жана максатка умтулгандыгы «Наристе-И» бала бакчасынын ишин илгерилетүүгө жардам берди. Бала бакчадан тышкары чакан футбол аянтчасынын курулушу жана таштанды чыгаруу маселелери да каралган болчу. Мектепке чейинки билим берүү көйгөйү ЖМБАнын жыйынтыгы боюнча аймактын Биргелешкен аракеттер планында да артыкчылыктуу маселелердин бири катары чагылдырылган. Демилгелүү топтун лидери жана андан кийин долбоордун жетекчиси болуп Жумагүл КУРМАНБАЕВА тандалды. Ал райондогу эң жигердүү аялдардын бири, Кочкор районунун ден соолук комитетинин төрайымы. Жумагүл КУРМАНБАЕВА буга чейин ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында өткөрүлгөн бир катар тренингдерге максаттуу муниципалитеттин – Кочкор айылдык аймагынын өкүлү катары катышканын белгилей кетүү зарыл. Бул тренингдер ага ушул долбоорду ишке ашыруу процессинде алган билимин колдонууга мүмкүнчүлүк берди. Жумагүл – элеттиктер ЭҮЖӨБОЖ долбоору максаттуу муниципалитеттер үчүн өткөргөн тренингдерде алган билимин иш жүзүндө колдонууга аракет жасап жатканынын далили.

Кошумча тайпаны ачууну максат кылган бала бакчанын башчысы Токторбаева Ишенбүбүнүн жолунда бир топ тоскоолдуктар жана кыйынчылыктар болду. Бирок «Бала бакчада кошумча тайпаны ачуу» деп аталган долбоор Курманбаева Жумагүл башында турган демилгелүү топтун колдоосу менен ишке ашты. Демилгелүү топтун жана биргелешкен мониторинг боюнча топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана бала бакчанын тарбиячылары киришти. Бала бакча иштей баштагандан тарта балдардын ата-энелери туруктуу негизде өтө чоң колдоо көрсөтүп келатышат. Андан кийинки жылдары мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр имараттын тегерек четин тосмолоп чыгууга жардам беришти. Ошол кездеги губернатор бала бакчага керебеттерди, шкафтарды, отургучтарды, столдорду сатып алууга көмөк көрсөткөн. Андан соң бала бакчанын жамааты “МерсиКо” эл аралык уюмунан 200 000 сомго грант утуп алып, зарыл болгон жабдууларды сатып алган. Жакында эле Нарын облусу боюнча 10 жеңүүчүнүн ичинен Кочкор районундагы төрт бала бакча Жапон өкмөтүнөн грант алды. Алардын арасында “Наристе-И” бала бакчасы да бар. Муну менен катар ЭҮЖӨБОЖ долбоору каржылап берген кошумча тайпа үчүн жабдуулар маселелеси да чечилип жатты. Бул тарбиячылар үчүн да, балдардын ата-энелери үчүн да кубанычтуу кабар болду.

2018-жылдын 21-ноябрында кошумча тайпанын салтанаттуу ачылышы болот. Учурда бардык курулуш-ремонт иштери бүтүп, кызматкерлердин штаты эки жумушчу орунга көбөйдү – дагы бир тарбиячы жана анын жардамчысы ишке алынды. Долбоордун жалпы баасы 1 100 000 сомду түздү, анын ичинен 1 млн. сомду Чакан гранттар программасы берсе, 100 000 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Гранттык долбоорду ишке ашыруу процессинде жумуштарды сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылды. Айыл өкмөтүнүн кызматкери мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча Долбоор уюштурган тренингге катышты. Кочкор айыл өкмөтү өткөргөн конкурстун жыйынтыгы боюнча “КочкорСтройСервис” компаниясы жеңүүчү деп табылды. Гранттык долбоордун алкагында төмөнкүдөй иштер жасалды: жер иштери, жертөлөө, кирпичтен дубал тургузулду, чатры жабылды, электрмонтаж иштери жүргүзүлдү, имараттын ичи жасалгаланды, сантехника жана терезелер-каалгалар орнотулду. Ошентип, жарандардын үнү жетип, жергиликтүү жамааттын демилгесин ЖӨБ органдары колдоого алды. Натыйжада кошумча тайпаны кошкондо, кийинки жылы бала бакчадагы тамактанууга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгашаны жергиликтүү бюджетке киргизүү маселеси да чечилди.

Айнура ТУРСУНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын ассистенти, ӨСИ

Окшош материалы: