Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эмне үчүн балдар жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышыш керек?

2019-06-18 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
Эмне үчүн балдар жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышыш керек?

Кыргызстанда 2017-жылдан бери “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгеси ишке ашырылып келатат. Бул – БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) долбоору. Аны аткарууга Өнүктүрүү саясат институту да катышууда. Демилгенин негизги максаты – өсүп келаткан муун үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүү катышуусу менен жагымдуу шарттарды түзүп берүү.

Бул демилге көптөн бери эле зарыл болуп жаткан. Бийлик, “чоңдордун көйгөйлөрүнө” башоту менен кирип кеткен коом балдардын муктаждыктарына көңүл бурбай келген. Үй-бүлө, мектеп, өкмөт балдардын окуусу, тарбиясы, келечеги үчүн колдон келишинче чара көрүп жатат деген ой калыптанып алган. Жаштар кантип күн көрүп жатканына, жаш кыргызстандыктардын кандай муктаждыктары бар болгонуна, алардын толук кандуу өнүгүүсүнө эмнелер тоскоол болуп жатканына кызыккандар аз болчу. Республикадагы калктын 40 пайызын түзгөн жаштардын бул багыттагы пикирин улуу муун сураган эмес. Балдар жана өспүрүмдөр өз үнүн жеткире албаганы бул жагдайга терс таасирин тийгизип жатты. Ал арада балдар кыйынчылыктарды эрте куракта эле көрүп өсүп жатат. Көптөр мектепке талкаланган жол менен, караңгы көчөлөрдү аралап барат. Жолбун иттердин талоонуна калган, катуу ылдамдыкта бараткан машиненин алдында калган балдар аз эмес. Элет жергесинде жылытылбаган, суук мектепте, курткасын чечпей билим алган окуучулар бар. Айрым окуу жайларда спорт залдар, китепканалар жок. Күнүмдүк көйгөйлөрдөн тышкары, биздин балдар психологиялык басымга да кабылат. Мисалы, рэкетчилик, буллинг1 өңдүү көрүнүштөр сейрек эмес. Атүгүл айрым кыздар зордук-зомбулуктун курмандыгы да болуп калууда.

Мына ушундай басымда калган, сырын эч кимге айта албаган, боорукер мамиле көрбөгөн бала аргасыз кадамга барат. Республикада өспрүмдөр арасында өз жанын кыйгандардын саны көбөйүп жатат. Ошондуктан ЖӨБ органдарын тартуу менен Кыргызстанда өсүп келаткан муунга колдоо көрсөтүү үчүн ӨСИ жана ЮНИСЕФ жаңы демилгени көтөрүү маанилүү деп чечишти. Бул демилгенин маңызы – балдардын көйгөйүн борбордо эмес, жеринде чечиш керек. Ошентип, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 10 айылдык аймак долбоорго тартылды. Бул айылдык аймактар балдардын жана жаштардын кызыкчылыгында Иш-аракеттер планын даярдашты. Бул планда алардын муктаждыктары жана керектөөлөрү эсепке алынган. Ал эми ошол муктаждыктарды өспүрүмдөр өздөрү 2018-жылы аныктап чыгышкан болчу. Демилгенин бардык катышуучулары өзүнүн алдына максат койду – ар бир балага жана өспүрүмгө жергиликтүү деңгээлдеги негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүүгө жол ачуу. Бул демек коопсуз жана ыңгайлуу чөйрөдө билим алуу, дарылануу жана жашоо, ар тараптан өнүгүү мүмкүнчүлүгү дегенди билдирет.

Бул үчүн балдар өз көйгөйлөрү жана муктаждыктары тууралуу айтканды, алардын кызыкчылыктарына тиешеси болгон чечимдерди кабыл алууга катышканды, өз укуктарын коргогонду, ЖӨБ органдарына өз үнүн жеткиргенди үйрөнүшү керек. Балдар менен ЖӨБ органдары тил табышып, алардын ортосунда ишенимге негизделген мамиле түзүлүшү керек. Себеби балдардын жана жаштардын жаш курагына, улутуна, ден соолугунда жана башка өзгөчөлүктөргө карабастан алардын артыкчылыктарын эсепке алганда гана муниципалитеттер ыңгайлуу болот. Бүгүнкү күндө 10 айылдык аймак алгачкылардан болуп балдардын жана жаштардын кызыкчылыктарын эсепке алган принциптерди жана демилгелерди киргизе алышты. Алар иш-аракеттер планына камтылган көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечип жатышат.

Таш-Булак АА: жол белгилери балдардын коопсуздугунун кепили болууда

Сузак району

Көптөр үчүн Таш-Булак айыл өкмөтүнүн тажрыйбасы пайдалуу болушу мүмкүн. Аталган айыл өкмөтү балдардын жана жаштардын жолдогу коопсуздугуна байланышкан маселени чече алды. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан Таш-Булак айыл өкмөтү өз планына өтө маанилүү маселени киргизген. Бул – жергиликтүү мектептин жанындагы участокко жол белгилерин коюу маселеси. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик Кыргыз Республикасынын райондук ички иштер бөлүмүнө расмий суроо-талап менен кайрылып, жол белгилери кайсы стандарттар боюнча орнотулушу керектигин көрсөтүп берүүнү өтүнүшкөн. Ошондой эле тартип коргоо органдарына окуучулар үчүн жолдогу коопсуздук боюнча лекцияларды өтүүнү сунуш кылышкан. Кийинки кадам беш тонна асфальт сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 23 000 сом бөлүп берүү болду. Машинелердин ылдамдыгын азайтуу максатында жолдун алты жерине – Төрөмаматов, Идирисов атындагы жана Таш-Булак орто мектептеринин жанындагы жолдордун үстүнө калың асфальт төшөлдү. Мындан тышкары айдоочуларга ылдамдыкты азайтыш керектигин эскертип турган жол белгилери орнотулду. “Мектептер машине көп өткөн жолдун маңдайында орун алган. Жол белгилери болбогондуктан кырсык көп катталчу. Бул көйгөйдү көтөрүп чыккан жаштарга, аны чечип берген биздин айыл өкмөткө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Эми балдарыбызды мектепке коркпой эле жиберип калдык”, - деп айтып берди жергиликтүү тургун КАСЫМОВ Муктаржан.

Кызыл-Туу АА: Кызыл-Сеңир айылынын чемпиондору кайсы жерде чоңоюп жатышат?

Сузак району

Кызыл-Туу айыл өкмөтү жергиликтүү жамаат менен биргеликте жаштар үчүн спорт комплексин куруп берди. Кызыл-Сеңир айылынын көптөн үмүт берген жаш спортчулары эми заман талабына жооп берген шаймандар менен жабдылган залдарда күн сайын машыгып жатышат. Мындай шарттарды түзүп берүү үчүн балдардын жана жаштардын кызыкчылыктарын эсепке алган өнүгүү программасы ишке ашырылды. Буга чейин өспүрүмдөр бош убактысын пайдалуу өткөрө алчу жер болгон эмес. Демилгени ишке ашыруу үчүн жаштардын жана элеттиктердин катышуусу менен чогулуштар жана коомдук угуулар өткөн. Бул иш-чараларда жергиликтүү жамаат спорт комплексин куруу үчүн инвестиция тартуунун жолдорун издей баштаган. Айылдын ар бир тургуну бул коомдук ишке өз салымын кошту. Айыл өкмөтү кайрылуу даярдап, мамлекеттик мекемелерди комплексти куруу үчүн каражат бөлүп берүүгө ынандыра алды. Айыл өкмөтү бул спорт комплекси балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн, ошондой эле жаштар арасында кылмыштуулукту азайтуу үчүн өтө зарыл болгонун жүйө келтирди. – Балдар үчүн коркчубуз. Өспүрүмдөр Интернетке көз каранды болуп, телефонду тиктеп эле отуруп калышкан. Себеби мектептен кийин алек болгудай эч нерсе жок эле. Балдар Интернетте желдей тарап жаткан коркунучтуу оюндарга кызыга баштаган. Спорт комплексинин ачылышы балдарды коркунучтуу жана зыяндуу адаттан арылтты. Балдар спорттун ар кандай түрлөрү менен алектенүүдөн тышкары, жаңы досторду табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Себеби спорт комплекстин эшиги кошуна аймактардын балдары үчүн да ачык, - деп кубанычы менен бөлүштү жергиликтүү тургундар.

Жаңы спорт комплекси акысыз экенин белгилей кетиш керек. Кыздар жана балдар үчүн жеңил атлетика, волейбол, баскетбол, ордо, футбол, грекрим күрөшү боюнча ар кандай секциялар ачылды.

Курманбеков АА: “Мээримде” балдар көзөмөлдө

Сузак району

Курманбеков айылдык аймагында жашаган элеттиктерде да балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Бул жерде айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү жамааттын күч-аракети менен Жон-Күңгөй айылында 70 наристе үчүн бала бакча ачылды. – “Мээрим” деп аталган бала бакча ата-энелер үчүн чоң белек болду. Себеби ондогон үй кожойкелеринде жумушка чыгып, муну менен өзүнүн финансылык абалын оңдоп алууга мүмкүнчүлүк пайда болбодубу, - деп кубанычы менен бөлүштү бала бакчанын башчысы СЕМЕТЕЕВ Максат. – Бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнгөн. Бирок оюн аянтчасына акча жетпей калды. Ошондо бала бакчанын башчысы ата-энелер кирген жумушчу топту түздү. Улуулар бардык зарыл болгон иштерди жасашты, бардык коопсуздук чараларын эске алуу менен курулган оюн аянтчасы иштей баштады, - деп айтты айыл өкмөт башчысы БАКИРОВ Даирбек Мейлиевич.

Узун-Кыр АА: спортту сүйгөн жаштар – бул дени сак улут

Ысык-Ата району

Өнөктөш мамилелерди түзүп, ишенимди бекемдөө үчүн, жаш кыргызстандыктар менен ЖӨБ органдарынын эриш-аркак иши үчүн “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесин киргизүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык аймагы үчүн өтө пайдалуу иш болуп калды. Бул жерде күнүмдүк көйгөйлөрдү жана балдар менен өспүрүмдөрдүн муктаждыктарын изилдеп чыгышкандан кийин негизги маселе – бош убакытты өткөрүү үчүн аянт болбогону экенин аныкташты. – Биздин жаштар арасында өтө көп таланттуу спортчулар бар. Алар балдардын спорт мектебинде спорттук шаймандарды жаңыртып берүүнү өтүнүштү. Каражат издеп айыл өкмөтү түрдүү мамлекеттик структураларга кайрылган. Акыры өтүнүч жетип, жактырылган. Республикалык бюджеттен бизге 200 000 сом бөлүп беришти. Бул акча спорттун улуттук жана башка түрлөрү менен машыгуу үчүн залды, жуунучу бөлмөнү ремонттоого жумшалган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик да четте карап турбастан, 300 000 сомго олимпиадалык килемди жана атайын күрөш маталарын белекке берди. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик чакан футбол аянтчасынын курулушуна 2 300 000 сом бөлүп берди. 2018- жылы заманбап шаймандар менен жабдууланган бул объект курулуп бүтүп, колдонууга берилди.

Көп өтпөй Эркин күрөш федерациясы юниорлор арасында эркин күрөш боюнча мааракелик эл аралык турнирди өткөрдү. Бул турнир Ленин орденинин жана Кызыл Эмгек Туусунун кавалери К.Бегалиевдин элесине арналды. Спорт майрамдын катышуучулары арасында Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн спорт мектебинин окуучулары да болушту. Турнирди жогорку деңгээлде өткөрүп алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 15 000 сом бөлүндү. Жыл сайын балдардын спорт мектеби өз окуучуларын түрдүү райондук, облустук жана эл аралык таймаштарга, спартакиадаларга катыштыруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде чыгашалардын атайын беренеси каралган. Айталы, 2018-жылы Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн спорт мектебинин эркин күрөш боюнча спортчулары төрт эл аралык жана үч республикалык турнирге катышты. Алар жалпысынан 20 байгелүү орунду ээлеп, жакшы жыйынтыкты көрсөтө алышты. Муну менен аларга артылган үмүттү жана чыгымдалган 28 миң сомду акташты. Ушул тапта күрөш боюнча секциялардан тышкары бул жерде дзюдоисттердин жана жаш футболчулардын машыгуулары өтүп турат. Спорт мектебине барам деген балдардын саны да жылдан жылга көбөйүүдө. Мына ушундай ийгиликтүү тажрыйбасы менен бөлүштү айыл өкмөт башчысы.

Юрьевка АА: балдар жана улуулар үчүн гигиена сабактары

Ысык-Ата району

Юрьевка айыл өкмөтүндө “Балдар менен жаштарга ыңгайлуу Кыргызстан” демилгесинин катышуучулары да жакшы жыйынтыкка жете алышты. Алардын Иш-аракеттер планында артыкчылыктуу маселе балдар арасында гигиенаны сактоо үчүн шарттарды түзүп берүү болду. Руслан Шаботоев атындагы орто мектептин окуучуларында танапис маалында, дене тарбия сабагынан кийин, тамактанаар алдында ж.б. учурларда колдорун чайкап алууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. – Мектептеги даараткана сыртта жайгашкан, ал эми кол жуугуч экинчи кабатта. Ошондуктан балдар адатта колдорун чайкап алуу үчүн бул жакка келгенге үлгүрбөй калчу. Мунун натыйжасында окуучулар арасында сарык менен ооругандар пайда болду, - деп бөлүштү көйгөйү менен ата-энелер. – Балдардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн эскирген канализациялык түтүктөрдү мүмкүн болушунча тезирээк алмаштырып, жаңы септик коюш керектигин баары эле түшүнүп турду. Айыл өкмөтү бул ишке зарыл болгон адистерди тартып, чыгашалардын сметасын чогуу түзүп чыгышты.

Юрьевка айылдык кеңешинин депутаттары демилгени колдоого алып, ремонт иштерин каржылоо жөнүндө сунушту жактырышты, - деп билдирди Юрьевка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы КУЛЖИГИТОВА Чолпон. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 22 750 сом бөлүнөөр замат август айынын соңунда курулушчулар ремонт иштерин жасай башташты. Көп өтпөй алар канализациялык түтүктү алмаштырып, септикти оңдоп, мектептин биринчи кабатында кол жууганы дагы бир раковина орнотконун айтышты. Бирок мугалимдер гигиенаны сактоого байланышкан маселе биротоло чечиле электигин белгилешүүдө. 600 окуучу билим алган мектеп үчүн мындай сандагы кол жуучу жай жетишсиз. Буга байланыштуу айыл өкмөтү мектептин администрациясы менен биргелешип дагы бир нече жерге жуунучу жайларды орнотуу үчүн каражат булактарын издеп жатышат.

Кочкорбаев айылдык аймагында балдардан жана жаштардан катчу сыры жок

Сузак району

Кочкорбаев айылдык аймагынын айыл өкмөтү калк менен иштөөнүн жаңы ыкмасын тапты. Муниципалитеттин аткаминерлери Буденовка жана Кеңеш орто мектептеринин окуучулары үчүн Ачык эшик күнүн өткөрүштү. Экскурсия АӨ башчысы Э. К. КЕРИМКУЛОВдун иш бөлмөсүнөн башталды. Айыл өкмөт башчы жасаган иши, кандай маселелерди чечээри тууралуу балдарга кенен айтып берди. Өз кезегинде өспүрүмдөр таштанды тазалоо, мектептеги спорт залда спорттук шаймандардын жетишсиздиги, бош убакытты пайдалуу өткөрүү үчүн аянтчанын жоктугу өңдүү айылдагы көйгөйлүү маселелер качан жана кантип чечилээрин сурашты. Бул күнү айыл өкмөтүндөгү бардык бөлмөлөрдүн эшиктери ачык болду. Балдар жооптуу катчы Л.Э.СҮЙҮНТБЕКОВА менен жолугушуп, ал өзүнүн кызматтык милдеттери тууралуу айтып берди: документтерди кантип жүргүзөөрүн, жашоочуларга үй-бүлөнүн курамы, малдын саны тууралуу маалымкатты кантип берээрин айтып, айылдык аймактын жашоочулары тууралуу бардык маалыматтар сакталган чарба жүргүзүү китептерин көрсөттү. Экскурсия маалында окуучулар мамлекеттик сатып алуулар жана инвестицияларды тартуу боюнча адистин, социалдык жана экономикалык маселелер, статистика боюнча адистердин иши, салык инспектору жана мал доктур менен таанышты. Бир сөз менен айтканда, бул күн болочок кесипти тандоо көз карашынан алып караганда абдан пайдалуу болду. Жаш экскурсанттар айыл өкмөтүнө келгенге чейин ЖӨБ органдарынын иши тууралуу, алар кандай тапшырмаларды аткараарын билбегенин мойнуна алышты. Ачык эшик күнү бардыгы үчүн пайдалуу болду. Катышуучулар жамаатты өнүктүрүп, адамдарга пайда алып келүү үчүн эриш-аркак иштеш керек деген тыянакка келишти.

Багыш АА: бардык балдар үчүн спорт комплекси

Сузак району

Жалпы максат ийгиликке жеткирээрин тастыктаган дагы бир мисал бар. Багыш айылдык аймагынын айыл өкмөтү, жергиликтүү жамаат жана эмгек мигранттары жаштар үчүн спорт комплексинин курулушу үчүн биригишти. Алгач каражат чогултуу үчүн “Багыш айылынын жаштары” фонду түзүлгөн. Орусияда иштеп жүрсө да, кичи Мекенине жардам берүүнү чечкен элеттиктердин акчасы бул фонддо топтолуп турган. Айыл өкмөтү өз кезегинде спорт комплексине курулуш материалдарын сатып алуу жана курулуш иштери боюнча алектенип, фонддун жана калктын алдында отчет даярдаган. – Биз жергиликтүү мектеп үчүн спорт комплексинин курулушуна финансылык жардам көрсөткөнү үчүн жердештерибизге ыраазыбыз. Эми балдардын жакшы, жылуу залы бар. Бул жерде дене тарбия сабактары өтүп, балдар спорт менен машыга алышат. Жакында эле бул жерде республикалык олимпиада өттү, - деп кубанычы менен бөлүштү айыл өкмөтүнүн кызматкери.

Ырыс АА: бала кезден тартып эле өз укуктарыңды билүү маанилүү

Сузак району

Балдардын жана жаштардын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен өнүгүү программасын ишке ашыруунун алкагында Ырыс айыл өкмөтү адамдардын укуктары тууралуу жаштарга маалымат берүү үчүн ОПЦ менен биргеликте иш-чараларды өткөрүп келатат. Бул өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды болтурбоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана милицияга ишенимди арттыруу үчүн жасалып жатат. Өзгөчө жаштар арасында ЖӨБ органдарына жана тартип коргоо органдарына ишенбестик маселесине дебаттар арналды. Бул дебаттар элеттиктер арасында кызуу талкууга алынды. Катышуучулар үч топко бөлүнүштү: 1 – “Жаштар”, 2 – “Айыл өкмөтү”, 3 – “Милиция”. Бул үч топ кезек-кезеги менен ар бир топтун позициясын жана кемчиликтерин талкуулап, андан соң ролдору менен алмашып турушту. Талкуу эки айлампа менен өттү. Биринчи айлампада курамына өспүрүмдөр, ОПЦ жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кирген катышуучулар терс жана оң көрүнүштөрдү карашты. Соңунда ар бир тарап бир суроого жооп бериши керек эле: милиция кызматкеринин, бийлик өкүлүнүн, жабырлануучунун ордунда болсоң эмне кылаар элең? Дебаттардын соңунда өз укуктары тууралуу маалымат алган айрым өспүрүмдөр ЖӨБОдо жана тартип коргоо органдарында практикадан өтүүнү чечишти. Айыл өкмөтү профилдик окуу жайларга уюштурган экскурсиялар, балдардын “Шанс” театрфорумунун оюнун чогуу көрүү да абдан пайдалуу болду. Өзгөчө райондук ички иштер бөлүмүнө сапар да кызыктуу болду. Бул жерде өспүрүмдөр жарандардын коопсуздугу үчүн жооп берген структура кантип иштей турганын “ичинен” көрө алышты.

Новопокровка ААда жаштар эми убактысын кызыктуу өткөрө алышат

Ысык-Ата району

Новопокровка айылдык аймагынын жаштар сарайы – элеттиктердин башын бириктирчү, ЫсыкАта району боюнча аймактагы жалгыз борбор. Бул жерде кыздар үчүн бий ийрими өзгөчө белгилүү. Ийримдер хореографияга, пластикага үйрөтөт. Бул азыр гана ушундай жерге айланды. Ал эми мурда бул айылда өспүрүмдөрдүн мектептен кийинки бош убактысын пайдалуу өткөрүү көйгөйү баш ооруткан маселе эле. Кыздар үчүн бош убакытты өткөрүүгө пайдалуу иш-чаралар болбогону алардын муктаждыктарын изилдеп жаткан маалда аныкталган. Жаштар сарайында көптөн бери эле 10 ийрим иштеп жаткан: эркин жана грек-рим күрөшү, машыктыруучу залдар, балдар үчүн секциялар. Бирок бул жагынан алып караганда кыздар үчүн алгылыктуу эч кандай ийримдер түзүлбөптүр. Бий залын ачкандан баштап, кыздарда бош убактысын чыгармачылыкка жана музыкага арноо үчүн мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Элеттиктердин айтымында, Жаштар сарайы такыр ээнсиребейт: бул жерде “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы” темасына дил баяндарга сынак өтүп, ага жергиликтүү орто мектептерден 8-11-класстарынын окуучулары катышты. Жеңүүчүлөр залкар жазуучунун чыгармаларын мыкты билээрин далилдеп, бул үчүн баалуу байгелерди алышты. Мыкты деп табылган дил баяндар Айтматов атындагы эл аралык фондго жиберилди.

Балдар менен ЖӨБ органдарынын мамилелери тууралуу окуялардын топтомун ӨСИнин кызматкери Гузель ЖАНАЛИЕВА даярдады

Окшош материалы: