Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары азыркыдан дагы компетенттүү, билимдүү болуп, лидердик көндүмдөрүн жакшыртууга тийиш. Жергиликтүү жамааттар мурдагыдан да жигердүү, демилгелүү жана патриот болушу керек

2020-01-13 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

Саясатчылар жана коомдук ишмерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун келечеги тууралуу көп сөз кылышат.

Өзгөчө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодексти даярдоо процесси башталгандан бери мунун тегерегинде кеп-сөздөр да күч алды. Аны менен катар болочоктогу Кодекстин философиясынын чордонунда жергиликтүү жамаат турат. КР Конституциясында дал ушундай деп бекитилген. Ушул тапта Конституцияга ылайык, жергиликтүү жамаат калктуу конуштун аймагында бийликтин субъектиси болуп саналса да, иш жүзүндө шайлоодон башка бул бийликти ишке ашыруучу аспаптарга ээ эмес. Кодекс бийликтин жүгүн бөлүштүрүп берет, аны ЖӨБ органдарынын мойнуна да, жергиликтүү жамаатка да тең даражада бөлүштүрөт. Эмне үчүн моюнга, эмне үчүн жүк түрүндө? Себеби бийлик – бул жоопкерчилик, ал жеңил болбойт. Ошондуктан бүгүнкү күндө ЖӨБ органдары жана жергиликтүү бийлик бири-бирин кандай кабыл алаарын, келечекте бири-биринен эмнелерди күтүп жатканын билүү өзгөчө маанилүү маселе болуп турат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жергиликтүү жамааттын жана ЖӨБ органдарынын 200гө жакын өкүлү катышкан фокус-топторду өткөрдү1.

Бул сурамжылоо маалында ЖӨБ органдарынын кызматкерлери дагы да компетенттүү, билимдүү болгусу келээри, өзүнүн лидердик сапаттарын жакшыртууну каалай турганы; ал эми жергиликтүү жамаат алардан ачык-айкындуулукту күтөөрү белгилүү болду. Эки тарап тең жергиликтүү жамааттар дагы да жигердүү, демилгелүү жана патриот болсун десе, жарандар өз кезегинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү катары өз укуктары жана милдеттери тууралуу билимин тереңдетүүнү каалайт экен.

Бүгүнкү күндө ЖӨБ тууралуу жалпы элес

Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн ою боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негизги көйгөйү – финансы каражаттарынын тартыштыгы эмес, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын билим деңгээлинин төмөндүгү, ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин компетенттүүлүгүнүн жетишсиздиги, лидерлердин аздыгы жана жалпысынан ЖӨБ органдарында адам капиталынын чабалдыгы. ЖӨБ органдарынын өздөрү болсо мындай көйгөй бар экенин мойнуна алышат. Бирок муну артыкчылыктуу көйгөй деп эсептешпейт экен: алар бул көйгөйдү ачык-айкындуулуктун жетишсиздиги, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандарды тартуунун чабалдыгын жана жалпысынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чабалдыгын бир катарга коюшкан. Бир тарап гана көрүп жаткан көйгөйлөр бар. Айталы, жарандар ЖӨБ органдары бизнести жана жаштарды көп жакшы колдобойт, салык чогултуу менен гана алек деп эсептешет. Өз кезегинде ЖӨБ органдары гана иш үчүн шарттар начар болгонун айтышат. Анткен менен эки тарап тең ЖӨБ органдарынын абалында позитивдүү нерелерди көрүп турушат. Айталы, ЖӨБ органдары өзүнүн күчтүү жагы деп өнүктүрүү программасын эсептесе, жарандар ачык-айкындуулук өстү деп белгилешет.

ЖӨБдөн келечекте күтүлгөн жалпы үмүттөр

ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү компетенттүүлүктү, билим деңгээлин жогорулатууну, лидердик сапаттарды өнүктүрүүнү өз максаты деп эсептешет. Бирок жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү үчүн буга караганда жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандарды тартуу, ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугун күчөтүү андан да маанилүү деп ойлошот. Ушундай эле тең даражада эки тарап тең муниципалитетти ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн жергиликтүү жамааттардын абалын жакшыртуу зарыл деп эсептешет. Бирок жергиликтүү бюджеттердин жетиштүү болгону ЖӨБ органдары үчүн да, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү үчүн да артыкчылыктуу маселе эмес. Бул болсо эки тарап тең биринчи кезекте башкаруунун сапатына жана ЖӨБ органдары менен жарандардын өз ара байланышына көңүл буруу менен басымды туура коюп жатканынан кабар берет. Кызыгы, эки тарап тең чечим кабыл алган бардык деңгээлдерде жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын коргоо жөндөмдүүлүгүн ЖӨБ органдарында күчөтүш керек деп эсептешет. Ошондой эле ЖӨБ органдары ишкерлерди көбүрөөк колдоп, өнүктүрүү программаларын жакшылап даярдап чыгыш керек деген пикир бар. Өз кезегинде жамааттар ЖӨБ органдары калктын аярлуу катмарларына жана азчылыктарга колдоо көрсөтүү маселесине көбүрөөк көңүл бурса деп каалашат.

Бүгүнкү күндө жамаат тууралуу жалпы элес

Жергиликтүү жамааттын абалына баа берүүдө эки тарап бир пикирге келди: жергиликтүү жамаат адатта пассивдүү, кайдыгер, ачык эмес. Көпчүлүк жарандар өз көйгөйүн чечүү менен алек, жалпы көйгөйлөргө жана муктаждыктарга көңүл бурбайт. Ошол эле маалда жарандар өз укуктарын да унутпайт, жергиликтүү өз алдынча башкаруудан өтө көп нерсени талап кылып жатып, өз милдеттерин унутта калтырышат. Кызыгы, “укуктарын колдонгонду билишет, жоопкерчилигин “унутуп калышат” деген пикирди ЖӨБ органдарына караганда жергиликтүү жамаат көбүрөөк айткан. Эки тарап тең болуп жаткан көрүнүштөрдүн себебин билим-баамдап турат: жумушсуздуктун кесепети, миграция, жаңжалдардын көбөйүшү. Бирок ЖӨБ органдары “жарандар ЖӨБ органдарынын иши тууралуу көп жакшы маалыматка ээ болбогондуктан жамаат кайдыгер жана ишенбейт” деген пикирде. Ошондой эле жамаат миграциянын айынан айыл эли карып баратканын, жаштардын баары кетип калып, кары адамдар талаптагыдай камкордукка алынбай жатканын айтып кейишти.

Келечекте жамааттан жалпы күтүлгөн үмүттөр

Жергиликтүү жамааттан күтүлгөн үмүттөр: алар жигердүү, демилгелүү жана патриот болушат дешет. Жарандар бюджеттик чыгашаларды жана жергиликтүү кеңештин ишин көзөмөлдөө өңдүү өз укуктарын гана эмес, салык жана салыктык эмес төлөмдөрдү өз убагында төлөп туруу өңдүү милдеттерин да аткаруу зарыл экенин түшүнүп калышат. ЖӨБ органдары жарандар айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасайт деп күтсө, жарандар “сөздөн ишке өтөлү” дешет.

Жалпы тыянактар

  • ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди сапаттуу чечүү үчүн билим жана компетенция аз болуп жатканын баамдап турушат.
  • ЖӨБ органдарына караганда жергиликтүү жамаатты калк карып баратканы, социалдык биримдиктин болбогону көбүрөөк тынчсыздандырат, аярлуу топторду жана этностук азчылыктарды коргоо зарыл экенин белгилешет.
  • Жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышып, жигердүү болуш керектигин, мекенге азыркыдан да көбүрөөк күйүш керектигин баамдап турат.
  • Эки тараптын тең “өнүгүү жолунда тоскоолдук жараткан негизги себеп бюджеттин абалы эмес” деп эсептейт, бирок бюджеттин абалын оңдош керек деген пикирге кошулушат.

1 Жалпысынан 27 фокус-топ өткөрүлгөн, алардын жыйынтыктары үч облуста жалпылаштырылган. Алар: Нарын, Ош, Чүй

 

Окшош материалы: