Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органынын коммуникациялык стратегиясы калктын колдоосуна ээ болууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө да жардам берет

2021-05-21 / Жарандардын ЖӨБгө катышуусу
ЖӨБ органынын коммуникациялык стратегиясы калктын колдоосуна ээ болууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө да жардам берет

Талант ЖУМАЗАЕВ, коммуникация боюнча эксперт

ЖӨБ органдары үчүн коммуникациялык стратегия эмне үчүн керек?

ЖӨБ органдары жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү менен, калк үчүн өтө маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн негизги жооптуу жак болуп саналат. Ушул маселелерди чечүү үчүн калктын ЖӨБ органдарына болгон ишениминин деңгээли жогору болушу керек, бул ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын канааттануусунун деңгээлин да жогорулатат. Калктын ишениминин каалаган деңгээлине жетүү үчүн ЖӨБ органдары жарандарга өз убагында, алуучулар үчүн ыңгайлуу форматта ишенимдүү жана толук маалыматты бериши керек.

Бүгүнкү күндө бардык адамдар маалымат дүйнөсүндө жашашат. Адам алган маалыматтын көлөмү күн өткөн сайын өсүүдө. Маалымдоонун жаңы технологиялары пайда болууда жана дээрлик ар бир адам же уюм маалымат булагы болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Азыркы учурда адам ар кандай инновациялык куралдар аркылуу чоң көлөмдөгү маалыматты алууну, иштеп чыгууну, талдоону жана мунун негизинде корутундуларды жасоону үйрөнүүгө аргасыз. Биздин өлкө да четте калбашы керек – Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен калктын жан башына карата Интернетке кирүү боюнча лидерлик позицияны ээлейт жана бул деңгээл 80%дан ашыкты түзөт. Бул 10 кыргызстандыктын 8и Дүйнөлүк желеге кошулганын түшүндүрөт. Маалыматтардын агымы өтө чоң болгон заманбап шартта, жарандар ЖӨБ органдарынан керектүү, толук жана ишенимдүү маалыматты алуусу өтө маанилүү. Коммуникациялык стратегиялар ЖӨБ  органдарына жарандардын маалымдуулук деңгээлин план ченемдүү жана түзүмдүү башкаруу жана ошону менен алдына койгон максаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. 

Коммуникациялык стратегиянын жоктугунан улам ЖӨБ органдары кандай көйгөйлөргө туш болушат? 

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору 50 максаттуу муниципалитетте коммуникациялык стратегияларды иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүнүн биринчи кадамы катары, ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринен турган жумушчу топторду түзүүгө көмөктөшкөн. Коммуникациялык стратегияларды иштеп чыгуу ушул жумушчу топтор менен биргеликте жүргүзүлгөн. Жолугушуу жана талдоо жүргүзүү убагында дээрлик бардык ЖӨБ органдары белгилегендей, калк көпчүлүк учурларда ЖӨБ органдарынын демилгелерин колдобойт, алардын ишин сынга алат, ЖӨБ органдарынан алынган маалыматтан күмөн санашат жана жалпысынан жергиликтүү бийликке ишенбейт. Бирок ошол эле учурда бардык ЖӨБ органдары, өз кезегинде, колдо бар ресурстарды колдонуу менен, жергиликтүү маанидеги маселелерди сапаттуу чечүү үчүн бардык зарыл күч-аракетти жумшап жаткандыгын билдиришет. Жагдайды кабыл алуудагы мындай айырмачылык – калктын ЖӨБО иши жөнүндө маалыматынын жетишсиздигинин кесепети болуп саналат.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору жүргүзгөн социологиялык изилдөө: калк ЖӨБ органдары көрсөтүүчү кызматтар жөнүндө толук маалыматка ээ эместигин жана ЖӨБ органдары алардын жашоосуна тийгизген таасирин жетиштүү деңгээлде түшүнбөстүгүн ачык көрсөткөн. Калк жергиликтүү бюджетти түзүү булактары, бюджетти пландуу бөлүштүрүү туурасында, ошондой эле жергиликтүү бюджетти аткаруу туурасында жетиштүү маалыматка ээ эмес. Ошондой эле изилдөө ЖӨБ органдары тарабынан пландалган жакшыртуулар жөнүндө жана аткарылган иштер жөнүндө калктын маалымдуулугунун төмөнкү деңгээлин көрсөткөн. ЖӨБ органы өз ишин ийгиликтүү аткарган учурда дагы, калк бул тууралуу билбейт. Бул жарандар арасында ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугу төмөн деген жаңылыш түшүнүктү жаратат. Жогоруда айтылгандардын бардыгы калктын ЖӨБ органдарына кайрылуу боюнча так, ыңгайлуу жана жеткиликтүү ыкмаларынын жоктугу менен оорлошот. 

Калк менен байланышты жөнгө салбаган ЖӨБ органдары кандай тобокелдиктерге туш болушу мүмкүн? 

Көпчүлүк ЖӨБ органдары калкка толук маалымат беришпейт, мунун кесепетинде алар калк жергиликтүү өз алдынча башкарууга ишеним көрсөтпөй жана ЖӨБ органдарынын демилгелерин колдобой калуу тобокелдигине туш болушу мүмкүн. Бул, өз кезегинде, экономикалык жыргалчылык деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет, ЖӨБ органынын, ал жакта иштеген адистердин жана ЖӨБ органынын башчысынын беделине доо кетирет. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына карата бул кайрадан шайлануу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт, ошондуктан жергиликтүү кеңештер да калк менен коммуникацияларды башкаруу боюнча ЖӨБ органынын түзүмдүк бөлүмүн уюштурууга кызыкдар болушу керек. 

Коммуникацияларды башкарууну кантип жөнөкөйлөштүрүүгө болот? 

Көпчүлүк ЖӨБ органдары калкка маалымдоо үчүн көнүмүш болгон маалымат тактачаларын гана колдонушат. Бирок коммуникация куралы катары алар өз актуалдуулугун жана натыйжалуулугун жоготкон. Азыркы убакта болжол менен 80% маалыматты кыргызстандыктар Интернеттен, атап айтканда, социалдык тармактар жана коммуникаторлор аркылуу алышат. Биздин өлкөдө эң белгилүү социалдык тармактар Instagram, Facebook жана Odnoklassniki болуп саналат, ал эми эң белгилүү коммуникатор болуп WhatsApp мобилдик тиркемеси эсептелет. Эгерде ЖӨБ органдары социалдык тармактарда маркетинг көндүмдөрүнө жана коммуникаторлордун жана санариптик илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу көндүмдөрүнө ээ болсо, алар өтө натыйжалуу, тез жана эң башкысы көп чыгымсыз калк менен коммуникацияны жолго сала алат. 

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун ишинин алкагында ЖӨБ органдарынын калк менен коммуникациясынын, атап айтканда, WhatsApp, Twitter, Facebook аркылуу калк менен кайтарым байланыш мобилдик механизми аркылуу ЖӨБ органдарынын иши жөнүндө маалыматты жайылтуунун жетиштүү сандагы ийгиликтүү мисалдары ишке ашырылган. ЖӨБ органдары тарабынан иштелип чыккан, калк үчүн керектүү маалыматтар (жөлөкпул, паспорт алуу, кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жөнүндө эскертүү, фандрайзинг жана башка) камтылган электрондук баннерлер же үн билдирүүлөрү калктын (майып адамдар, борбордон алыс жашаган, чет өлкөдө жүргөн ж.б. үчүн) жашоосун кыйла жеңилдетет. Долбоордун ийгилигин көрсөткөн дагы бир мисал,  максаттуу ЖӨБ органдары аймактын жашоочуларынын пикирин билүү үчүн Google-формалардын, ошондой эле QR-коддордун жардамы менен чакан сурамжылоолорду жүргүзүү үчүн онлайн-анкетаны пайдаланып баштаганы болуп саналат (эми ар бир мобилдик телефондо жергиликтүү жамааттын уставын, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын, жарандык бюджетти ж.б. жүктөп алууга болот). 

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору тарабынан сунушталган коммуникациялык стратегияны жана кайтарым байланыш мобилдик механизмин колдонуу өзүнүн “жашоого туруктуулугун” жана зарылдыгын көрсөттү. Бул ЖӨБО жана калктын өзү үчүн универсалдуу куралдар. ЖӨБ органдары аларды өз иши жөнүндө маалымдоо жана кайтарым байланышты алуу үчүн гана эмес, жергиликтүү жамааттын бизнесин илгерилетүү үчүн да колдоно алышат, бул жарандардын жыргалчылыгын гана бекемдебестен, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө оң таасирин тийгизет.

Окшош материалы: