Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө донордук жардам

2012-01-31 / ЖӨБ ресурстары

Өлкөдөгү саясий тенденцияларга байланыштуу 2008-2010-жылдардагы кыймылсыздыктан кийин 2011-жылдын ичинде бул тармакка донордук жардам активдешти.

 

Асылбек Чекиров, Өнүктүрүү саясат институту
 
Өкмөттүн жаңыртылган структурасында Курулуш жана аймакты өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттик түзүлдү. Ал логикага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча иштерди координациялашы керек. Өлкөдөгү саясий тенденцияларга байланыштуу 2008-2010-жылдардагы кыймылсыздыктан кийин 2011-жылдын ичинде бул тармакка донордук жардам активдешти. 2012-жылга карата көпчүлүк донорлордо жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата бир топ пландары бар. Олуттуу долбоорлорду БУУнун Өнүктүрүү программасы, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги, АРИС жана башка донордук уюмдар ишке ашыра баштады. Андыктан бул багыттагы донордук жардамдын сапат жана координация маселеси бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу. 
 
Аймакты өнүктүрүү маселесин чечүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мындан аркы өнүгүүсү, аны экономикалык, каржылык, инфраструктуралык потенциалы менен түздөн-түз байланышта. Белгилүү болгон кыйынчылыктардан улам жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүлүшү, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү, муниципалдык инфраструктураны колдоо эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын донордук жардамы алкагында чечилип келгенин моюнга алуу керек. Аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жаатындагы донордук жардамдын масштабы билим берүү, саламаттык сактоо, каржы сектору өңдүү маанилүү тармактарды колдоо менен барабар. Андыктан айрым байкоолор кызыктуу жана пайдалуу болмокчу.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түрдүү баскычтарында донордук жардамдын философиясы ар кандай кабыл алынып келген. Көп учурда бул ошол кездеги абалдан, андан тышкары координациялоо жана донорлор берген каржы ресурстарын башкаруу маселелериндеги жалпы тенденциядан көз каранды болгон. Ошол эле учурда донордук жардамдын бардык агымын эки багытта РЕСУРСТАР бөлүп кароого болот. 
 
Биринчиси,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен эл аралык каржы институттарынын жана уюмдардын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун алкагында көрсөтүлгөн донордук жардам. Эреже боюнча мындай макулдашуунун демилгечиси болуп КРнын Өкмөтү чыкса да, иш жүзүндө эл аралык уюмдар биздин өкмөткө маселени чечүүнүн тиги, же бул жолдорун “олуттуу түрдө сунуш кылат”. Алдыда кызматташуунун мындай түрүнө кенен токтолобуз.
 
Экинчисии, өлкөдөгү абалды өз алдынча анализдөөнүн негизинде жана өз программаларынын, пландарынын алкагында негизинде эл аралык уюмдар көрсөткөн жардам. Донордук жардамдын бул багытынын таасирин жана жыйынтыгын баалоо жеңил эмес. Анткени адатта бул долбоорлорду ишке ашырып жаткан уюмдар реалдуу жыйынтыктарды көрсөтүүдө, же биргелешип баа берүүдө мамлекеттик уюмдар менен байланыш түзүүгө көп ашыкпайт. Мындай аракетти адегенде төмөнкү себептер менен түшүндүрүүгө болот: жардамдын мындай түрү толугу менен гранттык деп эсептелет жана мамлекет алдында эч кандай милдеттемеге ээ эмес. Донор долбоордун максатын, дизайнын жана аны ишке ашыруу методун өзү каалагандай тандайт. 
 
КРда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаңыдан түзүлө баштаган, тажрыйбанын, бул тармакта иштеген адамдардын жетишсиздиги байкалган алгачкы баскычта мындай практика өзүн өзү актаган. Жада калса эл аралык уюмдардын жардамы менен КРдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу акыркы жылдардагы көйгөйлөргө карабастан көпчүлүк КМШ өлкөлөрү үчүн реформалардын үлгүсү болуп калды. Ушул тапта Кыргызстанда ЖӨБнун белгилүү бир үлгүсү бар. Бул айрым жерлеринде өзгөртүлөөргө мажбур болсо да, жалпысынан биздин коомдун кулк-мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана салттарына жооп берет. Жаңы түшүнүккө ээ саясатчылардын жана алардын ЖӨБ системасындагы реформаларды улантуу ниети менен аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн донордук жардам түшүнүгүнө өзгөртүү киргизү зарыл болот. 
 
Адегенде КР өкмөтү менен макулдашуунун негизинде ишке ашырылган долбоорлор үчүн “донордук жардамды координациялоо” термини эмнени түшүндүрөөрүн аныктап алуу зарыл. Бул терминди түшүнүүгө ылайыктуу бир нече моделдер бар:
 
1) өлкөгө мындан да натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн өзү уюшулган донордук уюмдар, 
 
2) аралаш форма. Мында донорлор менен мамлекет колдоонун багытын макулдашып, белгилүү бир макулдашуулардын алкагында иш алып барат,
 
3) координациялоодо башкы ролду мамлекет алып, донордук жардамды өз стратегиясына ылайыкташтырат. 
 
Белгилей кетчү жагдай, Мамлекеттик инвестициялар программасынын (МИП), өзгөчө үч жылдык циклге эсептелген жана Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, БУУ, ДВФ, Швейцария, Германия, Британия, Европа комиссиясынын биргелешкен аракетинин негизинде Өлкөгө стратегиялык жардамдын алкагында ишке ашырылган долбоорлор боюнча донордук жардамды координациялоодо олуттуу ийгиликтер жетишилди. Мында албетте КР Өкмөтүнүн ролу күчтүү болгонун эч ким танбайт, бирок каражаттын эффективдүү колдонулушуна кызыкдар болуп, адатта биздин өкмөттү координациялоо маселесинде тез аракеттенүүгө түрткөн донордук уюмдардын демилгесин да өзгөчө белиглеп коюу зарыл. Ушул тапта мамлекет экинчи модель менен иш алып барууга дилгирлигин көрсөтүп жатканы, айрым учурларда үчүнчү моделге да өтүп жатканы байкалбай койбойт. Мындай аракет өзүн өзү актайт жана ал келечектүү. Кандай аргументтер бар?
 
Кыргызстан жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө тиги же бул моделди сынап көргөн учурду башынан өткөрдү. Жада калса айрым бир эксперименттердин полигонуна да айланган мезгил өттү. Ортодогу көйгөйлөргө карабастан жалпысынан бизде ылайыктуу модель колдонулат, анын эң жакшы жетишкендиктерин 2007-2008-жылдары көрдүк жана эч ким ошол позицияларга кайтууга жана реформаларды улантууга тоскоол болбойт. Мамлекет белгилүү бир стратегияларга даярдыгын билдирүү жана донордук жардамды өз кызыкчылыгына жараша колдонуу укугуна ээ.
 
Белгилүү бир мезгилден тарта МИП боюнча каржылык жардамдын бөлүгү кредиттик негизде бөлүнө баштады, бул болсо ушул каражаттар канчалык максаттуу колдонулуп жатканын тыкыр текшерүүнү талап кылат. 
 
Жалпысынан турукташып калган ЖӨБ моделине ээ болуу менен тиги, же бул маселедеги деталдарга өзгөчө көңүлдү буруу керек. Мисалы, мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизми, муниципалдык тейлөөлөрдүн сапатын баалоо, бюджеттик процессти жакшыртуу, ЖӨБОнун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу жана жалпысынан муниципалдык кызматты өнүктүрүү ж.б. ЖӨБ системасынын туруктуулугун мүнөздөгөн ушул жана башка маселелер донордук уюмдар тарабынан так таасирди талап кылат, ал болсо идеянын өзүнө терс таасирин тийгизбеши керек.
 
Донордук ресурстардын эффективдүүлүгүн олуттуу деңгээлде түшүргөн дагы бир көйгөй бар. Адатта долбоорду түзүүдө белгилүү бир эреже сакталат. Ошол эле учурда донорлор долбоордук циклдин бардык тепкичтеринде мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусуна кызыкдар. Долбоорлорду башкы стадиясында талкуулоодо биздин өкмөттүн ага карата кызыкдар жана профессионалдык мамилеси долбоордун ийгиликсиз ишке ашуусун алдын алып, тиги же бул көйгөйлүү маселени чечүүдө керектүү басым жасоого шарт түзмөк. Тилекке каршы практика мамлекеттик органдар көйгөйдү баалоо стадиясында гана эмес, максатты, жалпы дизайнди, ресурстарды бөлүштүрүү стадияларында да аракети пассивдүү экенин көрсөтүүдө. Адатта иштин кызыкчылыгына каршы келген, жабдуу, автотранспорт жана чет өлкөгө сапар өңдүү бир мүнөттүк жыргалчылыктын айынан өлкө үчүн маанисиз чечимдер кабыл алынып калууда. 
 
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө донордук жардамдын таасирине келе турган болсок, аны колдонууда айрым жерлерине басым жасоо керек. Жамааттардын демилгеси боюнча өнүктүрүүгө (ЖДӨ) байланышкан акыркы 10-12 жылдагы долбоорлор 
менен ашкере алектенүүнү мисал катары келтирсек болот. Чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусунун пайдасын жана маанисин түшүнүү менен, дагы бир нерсени моюнга алышыбыз керек: жарандардын ашкере активдүүлүгүнө дайыма эле ЖӨБ органдары адекваттуу жооп кайтарбайт. Мунун бир нече себеби бар: каржылык ресурстардын жоктугу, ЖӨБОнун кызматкерлеринин төмөнкү потенциалы ж.б. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү активдүүлүгү менен донорлор тарабынан уюштурулган жарандык топтордун жогорку активдүүлүгү долбоорлорду аткарууга ресурсу жана тажрыйбасы жетишсиз ЖӨБ органдары менен уюшкан жамаат топторун бири-бирине каршы туруусуна түртөт. ЖӨБ органдарын долбоорду ишке ашыруу стадиясына кошуу максатка ылайык болмок. Мында жарандардын тажрыйбасы колдонулуп, ЖӨБ менен калк ортосундагы байланыш бекемделмек.  Өз учурунда ЖДӨ концепциясына артыкчылык берүү таза суу менен калкты камсыз кылуу маселесинде көйгөй жараткан.
 
Балким өкмөттүн 2012-2014-ж.ж. Орто мөөнөттүү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу аракети донордук уюмдардын жардамысыз ишке ашпай калышы мүмкүн. Ошентсе да программага жакынкы убакытта артыкчылыктуу болот деп күтүлгөн тапшырмалар киргени кубандырат жана донорлордун тиги, же бул багыт боюнча жардам көрсөтүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө негиз болот. 
 
Ушундан улам суроо жаралат: мындай донордук жардамдын жалпы координациясын ким аткарат? Бүгүнкү күндө бул маселелер боюнча КР Өкмөтүнүн толук кандуу өкүлү катары КРнын Каржы министрлиги чыгып жатат. Кызматкерлердин аздыгына карабастан жалпысынан бул функцияларды аткарууда, бирок чектелүү өлчөмдө. Каржы министрлиги үчүн башкы максат макулдашуулардын каржылык процедураларын көзөмөлдөө, программаларды биргелешип каржылоону камсыздоо, сатып алуулар процедурасына жана отчеттуулукка 
көз салуу. Объективдүү себептерден улам Каржы министрлиги долбоордун максатына жана тапшырмаларына таасир эте албайт. Ошол эле учурда Каржы министрлиги мамлекеттик органдарды долбоордун циклдеринин баарына катышууга мажбурлай албайт.
 
Ушундан улам бүтүм пайда болот: бул маселелер жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашырууга укугу бар башка мамлекеттик органдардын карамагына кириши керек. Жакында бул ролду Курулуш жана аймакты өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттик (КАӨМА) аткарууга камданып жатканына байланыштуу ал төмөнкүлөргө ээ болушу керек: 1) бул иш үчүн (өкмөттөн) мандатка ээ болуу, 2) уюмдун потенциалы координацияны жүргүзө алаарына донорлордун ишеними, 3) эл аралык уюмдардын аброю, 4) уюмдун өзүнүн активдүүлүгү.
 
Ошондой эле КАӨМАга төмөнкү ыйгарым укуктар берилиши керек: 1) донордук уюмдар менен КР өкмөтүнүн атынан сүйлөшүү, 2) долбоорду даярдоодо иш же эксперттик топторду түзүү, 3) долбоордун аткарылышына жана негизги индикаторлорго жетүүдө мониторинг жүргүзүү.
 
Мамлекеттик инвестициялар программасынын тышында Кыргыз Республикасына түздөн түз эл аралык уюмдардан түшкөн донордук жардамды координациялоо маселеси өзгөчө талкууну жаратат. Буга чейин белгиленгендей, бул жардам адатта донордук уюмдардын өзүнүн максаттуу программаларынын алкагында гранттык негизде түшөт. Албетте жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө бул эл аралык умдардын салымы өзгөчө. Бирок мындай уюмдардын ишмердүүлүгүн координациялоо алардын долбоорлорунун өзгөчөлүктөрүнө жана каржылоо булактарына байланыштуу келечектүү эмес. Ошону менен бирге дал ушундай долбоорлордо бирин-бири кайталаган программалар жана иш-чаралар, көпчүлүк учурларда кайсы бир белгилүү дисциплиналардын тиги же бул абалын чечмелөөдө карама-каршылыктар да кездешет. Андыктан толук координациялоону камсыздабаса да, бери дегенде долбоорлорго багыт берүү зарыл. Бул иш Курулуш жана аймакты өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттиктин атынан такай өткөрүлүп турган жолугушуулар учурунда аткарылып турса болот.  Ар бир долбоор мамлекеттик органдар же ЖӨБОнун оң реакциясына кызыкдар. Донорлорду долбоордун дизайнын түзүүдө агенттик менен байланыш анын ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыздай турганына ынандыруу керек. Ошол эле учурда агенттик майдалануу жана өзүнө кандайдыр бир артыкчылыктарды берүүнү талап кылуу деңгээлине түшпөшү керек. Мындай аракет донорлордун ишенбестигин жаратып, келишимдин кийинки тагдырына кесепетин тийгизиши ыктымал. 
 
Белгилей кетчү жагдай, 2011-жылы донордук жамааттар тарабынан ушундай долбоорлорду координациялоо боюнча өз аракеттери көрүлгөн. Адегенде донордук агенттиктердин туруктуу маалыматтык жолугушуулары өткөрүлүп турган, кийин аларга гранттык долбоорлордун аткаруучулары кошулган. 2012-жылы бул практика эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт сектордун гана каалоосу менен гана уланып турбастан, жаңы түзүлгөн Курулуш жана аймакты өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттик тарабынан да координациялык катышуусу болгону максатка ылайыктуу.

 

Окшош материалы: