Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчик

2011-12-30 / ЖӨБ ресурстары

ӨСИнун иш тартиби төмөнкүдөй болгон

Өнүктүрүү саясат институтунун иши муниципалдык мүлктү башкарууну жакшыртууга, муну менен катар башкаруу айкын, акыйкат болуп, жергиликтүү бюджеттин кирешесин көбөйтүүнүн эсебинен жамааттын бардык мүчөлөрүнө пайда алып келүүгө багытталган. ӨСИнун иш тартиби төмөнкүдөй болгон:

• 30 сынамык аймакты жана долбоорду ишке ашыруу үчүн бул аймактагы жооптуу адистерди тандоо;

• 30 менторду сынамык аймактагы муниципалдык менчикти башкарууга үйрөтүү;

• 30 сынамык муниципалитеттеги муниципалдык менчикти башкаруунун сапатын анализдөө, анын негизинде ар бир сынамык аймактагы долбоорду ишке ашыруу боюнча чаралардын индивидуалдык пландарын иштеп чыгуу;

• 30 сынамык аймактагы адистерди жана жамааттын өкүлдөрүн (ар бир айылдык аймакта тренингге 25тен ашуун адам катышты, ал эми жалпысынан 800дөн ашуун адам окутулду) окутуу (тренингдер);

• коңшу “шефтик” алдындагы 72 аймакта 30 ментор менен биргеликте окутуу; ар бир тренингге 15ке чейин адам катышты, ал эми жалпысынан 1000ге жакын адам катышты;

• “үй тапшырмаларын” аткаруу – жеринде, 30 сынамык аймакта өткөн темаларды практика жүзүндө ишке ашыруу;

• алынган билимди бекемдөө үчүн жеринде консультацияларды өткөрүү жана кыска мөөнөттүү тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыктарын баалоо;

• үч облуста проблемаларды аныктоо жана аларды чечүүнүн кийинки жолдорун тактоо үчүн жумушчу форумдар;

• окуу сапарлар – тажрыйба алмашуу, ийгиликтүү аймактын жетишкендиктерин башка элеттик муниципалитеттерде жайылтууу, муну менен муниципалдык өз ара кызматташтыкты өркүндөтүү;

• муниципалдык өз ара кызматташтыктын принциптерине негизделген долбоорлорду жамааттын кызыкчылыгы үчүн ишке ашырууда эки айылдык аймакка конкурстук негизде субгранттык колдоо көрсөтүү;

• жыйынтыктарды жайылтуу үчүн Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында финалдык форумдар;

• долбоордун жыйынтыгы тууралуу коомчулукту маалымдоо үчүн Бишкек жана Ошто пресс-сессиялар.

Долбоордун натыйжалары

Бардык эле муниципалитеттер – долбоордун катышуучулары “үй тапшырмасына” берилген тапшырмаларды аткара алган жок. Буга айылдык башкармалыктын кызматкерлеринин ишинин көптүгү жана аймак жетекчилигинин кызыгуусунун төмөндүгү негизги себеп болду. Ошентсе да муниципалдык менчикти башкаруу тажрыйбасы көпчүлүк муниципалитеттер үчүн алгачкы болгонун эске алганда алынган жыйынтыктар долбоордун ийгиликтүү болгонунан кабар берет. Долбоордун жүрүшүндө анын катышуучулары– сынамык жана анын шефтигиндеги айылдык аймактар бир нече тапшырмаларды аткарды.

I тапшырма. Мамлекеттик менчиктен муниципалдыкка өткөрүлүп берилген объекттер тизмеси менен реалдуу түрдө кабыл алынган объекттердин тизмесинин

ортосундагы айырманы аныктоо. Айырмачылыктын себептерин тактоо

Бул тапшырманын маңызы боюнча, муниципалиттер муниципалдык менчикти түзүүдө аларга эмне берилгенин, ошол эле учурда кайсы себептер менен алар жоголгонун, жоголгон менчикке карата муниципалитеттин саясаты кандай болушу керектигин аныкташат. Бул тапшырманы 15 айылдык аймак, башкача айтканда сынамыктардын жалпы санынын 50 пайызы аткарды.

Анализ көрсөткөндөй, муниципалдык менчиктеги объекттердин саны алар пайда болгон учурга салыштырмалуу көбөйгөн . 1996-жылы Өкмөт өзүнүн №531 токтому менен 30 муниципалитетке 504 объектти берген, ал эми 15 жылдан кийин, 2011-жылдын ноябрына карата айылдык аймактардын менчигине 897 объект өткөн. Башкача айтканда өсүш 78 пайызды түзгөн. Бул оптимисттик маанайды жаратат: элеттик муниципалитеттер жарандардын менчигин сактап гана калбастан,аны көбөйтө да алышкан! Бирок чындыгында кырдаал башкача: иш жүзүндө кийин берилген 422 объекттин көбү бул токтомго кирбей калган. Бул балким 1996-жылы өкмөткө бардык объекттер боюнча маалыматты бурмалап берген жергиликтүү адистердин айынан болушу мүмкүн.

Бул объекттер Өкмөттүн №531 токтомуна кирбей калса, алардын башка укуктук документтери болбосо,элеттик муниципалитеттер аларды кантип жана кандай негизде өзүнө өткөрүп алганы тууралуу суроого адистер түрдүү жоопторду беришет:

• көпчүлүк объекттер токтомдун негизинде колхоздордон айыл өкмөтүнө автоматтык түрдө өтүп кеткен, бул мыйзамдуу;

• де-факто муниципалдык болуп калган, бирок кандайдыр бир укук берген документтери болбогон мурдагы совхоздук объекттерге байла ныштуу бул объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарып берүү өтүнүчү менен муниципалитеттер Өкмөткө кайрылышы керек (тилекке каршы көп менторлор жана муниципалитеттердин адистеден угушту);

• эл аралык донор уюмдардын эсебинен же башка ыкмалар, мисалы, ашар жолу менен курулган жаңы объекттерде болсо алуу-берүү актылары бар, алардын негизинде мындай объекттер муниципалдык менчикке берилген;

• ал эми эч кандай укук берүүчү документке ээ болбогон объекттерге байланыштуу маалыматтарды муниципалитеттер түрдүү булактардан (архивдерден) издеши керек, себеби ар бир объект кимдир бирөө тарабынан курулган жана кимдир бирөө ага ээлик кылган, ушундан улам керектүү документтер сөзсүз табылат.

Бардык муниципалитеттердин негизги каталарынын бири – муниципалдык менчиктеги объекттерди эсептөө жана инвентаризациялоодо укугун аныктоочу жана укугун тастыктоочу документтер көз жаздымда калат. Ал эми бул документтерде жалпысынан объектти кеңири мүнөздөгөн маалымат гана эмес, анын өзөгүн түзгөн бөлүктөр да болот. Белгилүү болгондой объект, мисалы, мектеп имарат жана курулуштардан гана турбастан, анын курамына жер же жер тилкелери да кириши мүмкүн. Мында объектти түзгөн бөлүктөрү өзүнүн мүнөздөмөлөрүнө ээ болот, алар объектти сапаттуу эсепке алууда сөзсүз зарыл болот.

II тапшырма. Муниципалдык менчиктин укугунун мамлекеттик каттоодогу абалын аныктоо

Тапшырманын маңызына ылайык, муниципалитеттердин көңүлүн муниципалдык менчикти башкаруудагы өзгөчө көйгөйлүү маселеге буруу. Бул – муниципалдык менчиктин укугун каттоодогу төмөнкү деңгээл өңдүү көйгөй. Бул өз кезегинде муниципалдык менчикти экономикалык негизде колдоно албоого, атүгүл аны жоготуп алуу коркунучуна түртөт. Бул тапшырманы 18 айылдык аймак аткара алды, башкача айтканда катышкандардын 60 пайызы.

Эгерде долбоордун башында алынган жыйын тык менен анын аягында көрсөтүлгөн жыйынтыкты салыштырсак, муниципалдык менчиктин укугун каттоого байланыштуу олуттуу жылыштар байкалганын көрүүгө болот. Мисалы, долбоордун башында 29 айылдык аймак алардын менчигинде 900 объект болгонун айтышкан. Бирок долбоордун аягында 18 айылдык аймак аларда укуктары катталган 579 объект болгонун аныктаган. Бул муниципалдык объекттер азайды дегенди түшүндүрбөйт, бул болгону муниципалитеттер кырдаалды реалдуу баалай баштаганын жана колунда чындыгында эмне болгонун так билип калды дегенди түшүндүрөт.

Акыркы 10 жылда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттик (ЖӨБИУА) донордук уюмдардын колдоосу менен муниципалитеттерди өзүнүн муниципалдык менчиктеринин укуктарын каттоого түртүп жатты. “2009-жылы биз бардык айылдык муниципалитеттерди кыдырып чыгып, муниципалдык менчиктеги объекттердин толук тизмесин берүүнү өтүндүк. Бирок, тилекке каршы, ушул күнгө чейин көңүл жылытаарлык жыйынтыктарды көрө элекпиз. 1999-жылдын башынан бери ЖӨБИУА муниципалдык менчик боюнча түштүктөгү үч облуста беш тренинг өткөрдү, ошентсе да маселе чечилбеген бойдон турат”, - дейт агенттиктин өкүлү.

Негизинен маселе жергиликтүү каттоо органдарына мамлекеттик каттоо боюнча кызматты төлөө үчүн зарыл болгон каражаттын жергиликтүү бюджетте болбогонунан улам чечилбей келатат. Көпчүлүк муниципалитеттер каражат таап, өз объекттерин каттоодон өткөрүү зарылдыгын түшүнүп турат, ал эми Өнүктүрүү саясат институту бардык муниципалитеттерге буга байланыштуу чыгашаларды бюджетке киргизүүнү дайыма сунуштап келет. Ошондой эле системалык каттоодо муниципалдык менчик “алдын ала каттоодон” гана өткөнүн, ал муниципалдык менчиктин укуктарына кепилдик бербей турганын эстен чыгарбаш керек. Муну бардык муниципалитеттер көңүлүнө алып, бул маселени кыска мөөнөттүн ичинде чечүүгө аракет жасашы керек.

Менчик укугуна толук каттоого гана кепилдик берет. Практика көрсөткөндөй, көпчүлүк муниципалитеттер каттоо үчүн документтерди тапшырып коюп эле андан өттүк деп жаңылыш эсептешет. Бирок мындай каттоону толугу менен соңуна чыккан деп айтууга болбойт.

Долбоордун бир катышуусун мындай суроо берди: “Бизде муниципалдык менчикте 50 объект бар. Эгерде биз ар бир объектке каттоо карточкасын улам суроо жолу менен алып отурсак бул бизге кымбатка түшүп калат. Бирок карточкалар – болгону жөнөкөй маалымат. Толук каттоо – бул чоң каражатты талап кылган, айыл көтөрө албай турган чыгымдар. Эмне кылышыбыз керек?”. Суроону ар тараптуу караса болот: кайсынысы чыгымдуу – каттоо үчүн каражат коротуубу, же менчик укугу сакталбай калгандын айынан аны жоготуп алуубу?

Бирок жалпысынан муниципалдык менчиктеги объектти каттоо үчүн кеткен чыгаша тууралуу суроо көп жылдардан бери ачык калып келүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматы – чарбалык уюм жана тиешелүү акы төлөнбөсө өз ишин аткара албайт. Бирок мындай кырдаалда да Мамлекеттик каттоо ийкемдүү ыкмаларды таап, айрым ЖӨБ же муниципалитеттер тобу менен каттоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анын үстүнө жергиликтүү каттоо органдары жергиликтүү муниципалитеттерге жардам ирээтинде алардын объекттерин толук каттоону эң төмөнкү баа менен ишке ашырганы тууралуу мисалдар бар.

Муниципалитеттер мамлекеттик каттоо боюнча чоң ишти жасашы керек болуп турат. Анткени 30 сынамык айыл өкмөттүн 12си гана жарым-жартылай каттоодон өткөн (4 гана аймак 100 пайыз толук каттоодон өткөн). Үч облустагы 18 сынамык элеттик муниципалитет 342 объектисин толук каттоодон өткөрүшү керек, бул болсо жалпы 572 объекттин 60 пайызын түзөт. Бүгүн бул объекттер “абада асылып” турат. Мыйзам боюнча, айылдык округдун аймагында жайгашкан жана мамлекеттик же жеке менчик деп эсептелбеген объект автоматтык түрдө муниципалдык менчик деп эсептелинет. Бирок юридикалык жагынан алып караганда, бул укук катталган эмес, андыктан сот тарабынан корголбойт жана мындай объекттер дайыма кооптуу абалда турат. Эмне кылыш керек? Албетте эч ким муниципалитеттерден эртең эле социалдык объекттерди тартып албайт, бирок эч ким аларга коргоо тууралуу кепилдик да берген жок. Анын ичинде мамлекет да бербейт. Мамлекет жада калса каалаган учурда өз убагында шаарлар өз менчигине өткөрүүгө жетишпей калган кинотеатрларды тартып алган сыяктуу эле объектти мамлекеттик менчикке өткөрүп алуу тууралуу токтом чыгарып коюушу мүмкүн.

III тапшырма. Өзүнүн айылдык аймагындагы объекттерди инвентаризациялоо

Максат – муниципалдык менчикте кандай объекттер, канчоо, каерде жана кандай абалда болгону билүү. Ушул кезге чейин көпчүлүк айылдык аймактар мындай маалыматка ээ эмес. Өзгөчө кароосуз калган имараттар жана курулуштар, анын ичинде турак-жайлар, курулуп бүтө элек объекттер жайгашкан жер участкалары, эркин жаткан жер тилкелери боюнча. Инвентаризация боюнча иштер ошол аймактын жана анын адистеринин карамагындагы иштер, бардык нерсе алардын ишти түшүнүп, ага болгон кызыгуусунан көз каранды, ал эми мүмкүнчүлүктөр дайыма табылат. Анын үстүнө инвентаризация жүргүзүүгө негизинен адамдык ресурстар керек, ал эми бул болсо ар бир муниципалитетте бар. Бул иште чоң каражаттын деле кереги жок. Бул ЖӨБОнун түздөн-түз функционалдык милдети. Инвентаризация жүргүзүлбөгөн,калк маалымдар болгон реестр өтпөгөн жерде коррупция башталат. Бул процесс биринчи кезекте муниципалдык менчиктин чыныгы ээси деп эсептелген жергиликтүү жамаат үчүн абдан зарыл. Азырынча бул тапшырманы 5 гана муниципалитет аткарды: Ош облусунун Көк-Жар, Зулпуев, Дөң-Булак, Мырзаакы айыл аймактары жана Жалал-Абад облусунун Сакалды айылдык аймагы.

Кайсы бир объектти көз жаздымда калтыруу менен муниципалитет ар бир курулуштун жери болгонун унутуп коюп жатканын эстей жүрүү зарыл. Ал эми жер – аймактын негизги ресурсу, аны бюджетти толтуруу үчүн башкарып, андан пайда алыш керек.

IV тапшырма. Муниципалдык менчиктеги объекттердин реестрин даярдоо жана анын муниципалитет тургундары үчүн ачык болушун камсыздоо

Бул тапшырманын мааниси – муниципалдык менчик тууралуу маалыматты жарандар үчүн ачык жана айкын кылуу. Анткени муниципалдык менчикке айылдык аймактын бардык тургундары ээлик кылат, андыктан ар ким өз менчиги тууралуу маалыматка алуу укугуна ээ. Элеттик муниципалитеттер ачыктыкты даңазалашты – сынамык аймактардын 76 пайызы, же 23ү реестр даярдап, аны жарандар үчүн ачык кылышты. Мында 17 муниципалитет реестрди кайра түзүп чыкты, 4 айылдык аймак ресстрлердин эски формасын берди, ал эми экөө объекттер боюнча маалымат гана топтошту. Бүгүнкү күндө реестрлердин стандарттык формасы киргизилген, ал 6 бөлүмдөн турат жана объекттер тууралуу бардык маалыматты камтыйт.

V тапшырма. Айылдык аймактын муниципалдык менчигиндеги объекттерди классификациялоого даярдоо, аларды кеңеште бекитүү

Тапшырманын максаты – объекттерди милдеттүүлүгүнө жараша топтоштуруу – милдеттүү, кошумча жана ашыкча. Бул болсо кийин ар бир топко карата башкаруу саясатын аныктоо үчүн керек. Милдеттүү объекттерди жакшы абалында, өз максатында гана колдонуу, булардын баасын түшүрбөш керек. Кошумча объекттер жамааттын керектөөлөрүнө жараша колдонуу. Ал эми ашыкча объекттерди жергиликтүү бюджетке кошумча пайда киргизүү үчүн сынактын негизинде сатуу же ижарага берүү. Бул тапшырманы 17 аймак аткара алды, башкача айтканда катышуучулардын 60 пайызы.

VI тапшырма. Муниципалдык менчиктеги объектке укук берген жергиликтүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу

Бул да ресурстарды ачык жана акыйкат башкаруунун негизги бөлүгү – ачык жана ар бирине маалым болгон эрежелерди иштеп чыгуу менен гана аларды акыйкат колдонуу мүмкүн болот. Бул тапшырманы 50 пайыздан ашуун айылдык аймак аткара алды.

Мындай документ болбосо элеттик муниципалитеттер кыймылсыз мүлк объекттерин колдоно албайт– аларды сатып, же ижарага бере албайт. Ошентсе да айылдык аймактар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген мындай эрежелердин жана процедуралардын жок болгонуна карабастан бул иштерди аткарып келгени долбоордун алкагында белгилүү болду. Бул болсо муниципалитет жарандарынын укугун бузат жана муниципалдык мүлктү жана жерди колдонууда коррупциянын өнүгүшүнө алып келет.

Оң үлгү – Жалал-Абад облусунун Мады айылдык аймагында акыркы бир нече жыл ичинде 30га жакын жер аукциондору өткөн. Мында бул аймактын жергиликтүү бюджетине муниципалдык жерлерди сатуудан олуттуу киреше түшкөн. Жер сатуу ишчарасы учурунда анын айкындуулугун, таза өтүүсүн камсыздоодо жергиликтүү кеңештин ролу өтө чоң. Ошондой эле Көк-Жар айылдык аймагы 2009-жылдан 2011-жылга чейин муниципалдык жерлерге ачык аукцион өткөрүп, 703 400 сом өлчөмүндө киреше тапкан:

Муниципалитеттерге тапшырма берилип жатканда бир нерсе эске алынды: бир тапшырманы бүтө элек жатып, кийинкиге өтүү мүмкүн эмес болчу. Башкача айтканда ар бир аракет логикалык түрдө мурдагы аракеттен көз каранды болчу. Долбоордун башында көпчүлүк аймактар өз карамагындагы менчик,анын мүнөзү тууралуу элес-булас билчү. Долбоордун аягында алар бул тууралуу толук маалыматка ээ болду. Бул көптөр үчүн кыйынга турду: өз мүлкүн ирээтке келтирүү, эсеп жана инвентаризация иштерин аягына чыгаруу, объекттер боюнча акыркы маалыматты алуу, Мамлекеттик каттоо менен тыгыз иштешип, ар бир объектке укук берген жана укугун аныктаган документ алуу. Бул иштерди аткарып бүткөндөн кийин бардык 30 айылдык аймакта объекттердин саны өсөөрүнөн күмөн санабайбыз. Мисалы, Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен айылдык аймагында Мамлекеттик кызмат менен маалымат такташылып бүткөндөн кийин объекттердин саны көбөйгөн: эгерде башында 29 болсо, кийин 120 болгон.

Документация сапаттуу даярдалган, тапшырмалар өз убагында аткарылып турган, эң жемиштүү сынамык айылдык аймактарды да белгилей кетүү зарыл. Долбоордун чемпиондору Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтү жана Ош облусуна караштуу Араван районунун Коргон айыл өкмөтү болду.

Гуляим Шамшидинова,

муниципалдык менчик боюнча ӨСИ эксперти

Окшош материалы: