Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ ресурстары
Айылдык аймактар бири-бирин муниципалдык менчикти башкарууга үйрөтүп жатышат
2011-жылдын октябрында Жалал-Абад,Баткен жана Ош облустарындагы 28 айылдык аймактын адистери тажрыйба алмашуу максатында Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагына окуу сапары менен барып келишти.
2011-жылдын октябрында Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы 28 айылдык аймактын адистери тажрыйба алмашуу максатында Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык аймагына окуу сапары менен барып келишти.
Сапарга ЖӨБУА, ЕККУ, Мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү жана Көк-Жар айылдык аймактын адистери катышып, өз иштери жана жетишкендиктери тууралуу гана айтпастан, аларга келген катышуучулардан да көп нерсени билишти. Сапар Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) каржылоосу менен Өнүктүрүү саясат институтунун “Ресурстарды эффективдүү башкаруунун эсебинен жаңжалдардын потенциалын азайтуу максатында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында ишке ашты.
Эмне үчүн Көк-Жар айылдык аймагы тандалып алынды? Анткени Көк-Жар айылдык аймагы долбоорго катышкан башка 30 сынамык айылдык аймактар менен шарттары бирдей болгонуна карабастан “Муниципалдык менчикти башкаруу” темасы боюнча бардык “үй тапшырмаларды” аткарууда эң мыкты көрсөткүчтөргө ээ болду. Катышуучулар Көк-Жарга биринчи жолу келди, ошол эле учурда айыл өкмөтү да биринчи жолу өз аймагында ушундай көп сандагы конок-кесиптештерин тосуп, өз тапшырмасын мыкты аткарды.
Көк-Жар айылдык аймагында 6 айыл болгонуна карабастан, райондук борбордон 25 чакырым, облустук борбордон 65 чакырым алыстыкта болсо да анын жетишкендиктери райондук борбордун же кичи шаарлардын деңгээлине туура келет. Бул муниципалдык менчиктеги айрым объекттерге, мисалы, бала бакча, мектеп, музыкалык мектеп, клуб, спорт клубу өңдүү объекттерге барганда маалым болду. Бул объекттер жада калса шаардыкынан артта калбай, жергиликтүү тургундардын бактылуу жүздөрү бул аймакта өнүгүү жана жакшы шарттар түзүлгөнүнөн кабар берип турду.
Айылдык аймактын бюджети 5 миллион сомду түзөт. Мында республикалык бюджеттен алынган гранттардын үлүшү 79 пайызга жетет. Ошол эле учурда делегациянын курамында өз бюджети Көк-Жар айылдык аймактын бюджетинен 2-3 эсе көп болгон айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү да жүргөн. Бирок бюджеттин жана кирешенин потенциалы айылды өнүктүрүүдө дайыма эле чечүүчү фактор болбой турганына сапардын катышуучулары ынанды. Эң негизгиси бул – адамдардын энергиясы, өз жашоосун өзгөртүүгө каалоосу, биримдикте иш алып баруусу, командалык иш жана айылдык аймактын башчысы Байдөөлөт Сатыбалдиевдин күчтүү, сабаттуу башкаруусу.
Айылдык округ өнөр жай борборлорунан алыста жайгашкан, муниципалитеттин олуттуу ресурстары жок, бирок буга карабастан айылдын бюджети салыктардын гана эсебинен эмес, ошондой эле муниципалдык менчиктеги объекттерди ачык аукциондо сатуу жана ижарага берүү өңдүү салыксыз кошумча кирешелердин эсебинен да толукталып турат. Мисалы, акыркы 3 жылда муниципалдык жер тилкелерин сатуунун көлөмү 706 100 сом болгон. Эгерде муниципалитеттин мүлкүн туура пайдаланбаганда бул киреше болбойт эле. Жалпысынан Көк-Жар айылдык аймагында муниципалдык менчиктеги 36 объект бар, алардын отузу толук мамлекеттик каттоодон өткөн. Ушул долбоордун алкагында айылдык аймак өз алдына коюлган бардык тапшырмаларды аткарып, практика жүзүндө бул иш-чарадагы жетишкендиктерин жана жыйынтыктарын көрсөтө алды.
Сапардын катышуучулары айылдык аймактын калк үчүн негизги маалыматтардан тышкары долбоорду ишке ашыруу боюнча атайын доска орнотулган маа лымат такчалары менен тааныша алышты. Доскада муниципалдык менчиктеги объекттердин реестри, жергиликтүү кеңештин менчикти башкаруу боюнча документтердин пакети жана түрдүү токтомдору, объекттердин классификациясы, салыштырмалуу анализдин жыйынтыктары, нормативдик укуктук документтер илинген. Андан тышкары катышуучулар айыл өкмөтүнүн бардык бөлүмдөрүндө болушту. Каржы бөлүмүндө катышуучуларга аймактын киреше жана чыгашалары; жергиликтүү бюджетти толтуруу ыкмалары, чыгашаларды кантип үнөмдөсө болоору тууралуу айтып беришти.
Катышуучулардын көңүлүн “Беркут” маалымат базасы бурду,анын жардамы менен бир күндө 50 справка берилет.
Жер башкаруучулар кабинетинин дубалдарында түрдүү карталар илинип турганы таң калтырды. Бул карталар муниципалдык жана жерке менчик жерлер, Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлери жана жайыттары тууралуу, ошондой эле айылдын башкы планы да бар экен. Себеби башкы план – бул өтө кымбат документ. Айылдык айымактын башкы планын түзүү үчүн 300 миңден 700миң сомго чейин акча төлөш керек.
Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары катышуучуларга кеңеш менен айыл өкмөтүнүн тыгыз кызматташтыгы тууралуу айтып беришти. Көпчүлүк катышуучулар кеңеш менен аткаруу органынын биргелешкен иши сөзсүз оң натыйжа алып келеерине ынанышты.
Мындан тышкары Бүкалча Маматалиева башында турган айылдык бейөкмөт уюмдун АА имаратынын ичиндеги кеңири бөлмөсү жагымдуу элес калтырды. Мындай адамдар тууралуу “дүйнөнү ушулар кармап турат” деп айтышат.Бүкалча эже айылда орун алган бардык окуяларга активдүү гана катышпастан (Бүкалча – айылдык аймактын маданият боюнча кызматкери да, “Айыл келечеги” аялдар кеңешинин төрайымы да, “Үй-бүлө жана аял” комиссиясынын төрайымы да, демократ лидерлер клубунун башчысы да болуп эмгектенет), ошондой эле ынтымак жана тынчтыкты колдоого багытталган өз долбоорлорун ишке ашырып келет. Мисалга “Тынчтыкты каалайт бүт калкым” аттуу долбоорду айтса болот.
Ошондой эле сапардын алкагында муниципалдык менчикти башкаруу тармагында жакшы натыйжаларды көрсөтө алган Тепе-Коргон, Майдан жана Үч-Коргон айылдык аймактарынын өкүлдөрү да өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ишчаранын жыйынтыгын катышуучулардын пикирлери менен чыгарса болот: «Мен ЖӨБ органдарында 30 жылдан ашык иштейм, бирок бул өңдүү иш-чарага биринчи жолу каташып отурам. Биз өзүбүз жана коңшулаш аймактар тууралуу абдан аз биле тургандыгымды бүгүн түшүнүп, көптөгөн ачылыштарды жасап отурам»; «Айыл – бул биздин жашообуздагы эң маанилүү нерсе, биз бардыгыбыз тең ошол жактанбыз, биздин жаныбыз ошол жакка умтулат. Айылды өнүктүрүп, жогорудан буйрукту же жардамды күтпөстөн эле, жер-жерлерде өзүбүз бул багытта иш алып бара беришибиз керек экен».
Иш сапарды уюштурган, өткөргөн, сүрөттөрдү тарткан
жана жазган Гуляим Шамшидинова,
муниципалдык менчик боюнча ӨСИ эксперти
Окшош материалы:
-
№№3(28) / 2014-03-07 Прокуратура башкаруунун аймактык органдарындагы коррупциянын рейтингин жарыялады. Акимиаттар алдыда
-
№№3(28) / 2014-03-07 Сиз муниципалдык менчик тууралуу сурадыӊыз беле? Биз жооп беребиз!
-
№1-2(26-27) / 2014-02-14 Кыргызстанда муниципалдык менчикти башкаруу: жылыштар, көйгөйлөр жана жаӊыча мамиле
-
№4(5) / 2012-04-30 Формуланын жука материясы: ЖӨБ киреше потенциалы категориалдык гранттардын өлчөмүнө кантип таасирин тийгизет
-
№4(5) / 2012-04-30 Билим берүү системасын адам башына каржылоо: кимдин жоопкерчилиги жана акчасы?
-
№4(5) / 2012-04-30 “Чүй облусундагы муниципалитеттердеги ресурстарга тең укуктуу жетүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде этникалык көп түрдүүлүктү башкаруу”
-
№3(4) / 2012-03-30 КАРЖЫЛЫК ЖАКТАН БОРБОРДОН АЛЫСТАТУУ: мифтер жана реалдуу көйгөйлөр
-
№2(3) / 2012-02-29 Муниципалдык менчик: 2012-жылдагы өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлоруу