Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамкаттоо менен ачык баарлашуу

2011-12-30 / ЖӨБ ресурстары

Мырзаев мамлекеттик каттоонун айылдык аймактар менен тыгыз кызматташтыгы жөнүндө кеңири айтып берип, бардык суроолорго жооп берди.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 50гө жакын өкүлдөрүнүн Көк-Жар айылдык аймагына тажрыйба алмашуу боюнча сапарынын алкагында бир топ кызыктуу жолугушуулар, курч талаштар, жемиштүү талкуулар болду. Ноокат районунун МРО жетекчисиТүгөлбай Мырзаев менен ачык баарлашуу катышуучуларга чоң пайда алып келди. Мырзаев мамлекеттик каттоонун айылдык аймактар менен тыгыз кызматташтыгы жөнүндө кеңири айтып берип, бардык суроолорго жооп берди. Суроолор жана жооптордун мүнөзү талкуунун гана катышуучуларына эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка өкүлдөрүнө да кызык болот.

Суроо. Мамлекеттик кызматтан маалымат алууда жана материалдарды көчүрүүдө атайын белгиленген баалар барбы?

Жооп. Тарифке ылайык 79 сом төлөнөт, плюс кошумча нарк салыгы (КНС); А4 форматындагы материалды көчүрүү - 15,43 сом, КНС менен кошкондо жана ар бир кийинки баракка кошумча 1 сомдон кошулат; эгерде А3 форматында болсо, анда бир көчүрмөсү 17,34 сом, плюс КНС, кийинки копиялары 2 сомдон, плюс КНС.

Суроо. Мамлекеттик актыларды такыр эле албай койсо болобу?

Жооп. Мамлекеттик актыларды мыйзамдуу ээси болуу үчүн сөзсүз алуу керек. Себеби бүгүнкү күндө бул документ укугун тастыктаган жалгыз документ болуп эсептелет. Мисалы, мектеп администрациясынын атынан алардын аймагынан коммерциялык объекттерди алып таштоо тууралуу өтүнүчтөр көп түшө баштады. Эгерде Мамлекеттик акт жок болсо, каалаган адам бул жерлерди ээлей алат жана ошол аймакта соодагерлик менен алектене алат. Мамактылар анын ээсин басып алуудан сактап, муниципалдык менчикке болгон ээликти тастыктаган негизги документ болуп эсептелет.

Суроо. Бир Мамакт канча турат?

Жооп. Бардыгы объектке жана анын көлөмүнө жараша болот. Иш көлөмү эсептелген атайын тарифтик торчо бар. Андыктан объекттерге баалар ар кандай болот. Бирок, мисалы, Көк-Жар айылдык аймагы боюнча бир объекттин орточо баасы үчүн Мамлекеттик акт болжол менен 5-6 миң сом болду. Юридикалык тараптар үчүн укукка болгон толук каттоо, кыймылсыз мүлк менчигин аныктоо 643 сом болот (плюс НДС) (башкача айтканда бул укукту каттоого гана), ал эми Мамлекеттик акт мындан кымбат турат, анткени жер аныктоо иштерин талап кылат.

Суроо. Алдын ала каттоонун негизинде Мамлекеттик актты алууга болобу?

Жооп. Алдын ала каттоонун негизинде Мамлекеттик актты алууга болбойт. Бул үчүн укукту аныктай турган документтердин жетишпей жаткан бөлүктөрүн чогултуу керек: өкмөттүн токтому, соттун чечими, же сатуу-сатып алуу тууралуу келишим.

Суроо. Чарбалык эсептеги уюм болгондон кийин силер бааларды өз алдыңарча белгилеп, айыл өкмөттөрүнө жеңилдиктерди бере аласыздарбы?

Жооп. Бардык бааларды биз Монополияга каршы комитет менен макулдашабыз жана бардык маалыматтар маалымат такчаларында илинип турат. Албетте айрым нерселерди өз алдыбызча белгилей алабыз,бирок мыйзам алкагында.

Суроо. Араванда бир объекттин мамлекеттик каттоосу 15 200 сом турса, Көк-Жарда 5 миң сом экен. Мындай айырма кайдан чыкты?

Жооп. Тарифтерге коэффициент белгиленет,мындан тышкары баалар объекттин көлөмүнө, иштин өлчөмүнө да көз каранды болот. Балким сиз өтө чоң объекттин мисалында айтып жатасыз.

Суроо. Көпчүлүк райондук объекттерди каттоо бөлүмдөрүндө муниципалдык менчиктеги объекттердин каттоо картасынын көчүрмөсүн беришпейт. Бул жашыруун маалыматпы?

Жооп. Жашыруун эмес, биз мындай маалыматты берүүгө милдеттүүбүз, бирок буга акча төлөнүшү керек. Жашыруун объекттер бар, бирок ал мамлекеттик менчиктегилер.

Окшош материалы: