Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ишкер Күлүкан КЕМЕЛОВА, Кемин району: СЭӨП өндүрүмдүүлүгү жогору мал чарбачылыгын жана гастрономиялык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет

2025-05-05 / Драйвер адам
Ишкер Күлүкан КЕМЕЛОВА, Кемин району: СЭӨП өндүрүмдүүлүгү жогору мал чарбачылыгын жана гастрономиялык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет

Чүй облусунун Кемин районунда 2025-2027-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы даярдалды. Координациялык кеңештин экономикалык маселелер боюнча төрагасынын орун басары Күлүкан КЕМЕЛОВА болуп саналат. Программаны иштеп чыгууда анын негизги максаты дыйкандардын иши үчүн шарттарды түзүү болгон.

Райондун тургундарынын 80% мал чарбачылыгы менен алектенет, бирок Күлүкан белгилегендей, алар бул ишти илгерилетүү үчүн колдоого муктаж. Көпчүлүгү кырдаалды өзгөртүүнү каалабайт, мурдагыдай эле сүттү көп деле бербеген кадимки малды багышат. Бирок заман өзгөрүп жатат. Эгерде адам өз ишине чындап кызыкдар болсо, анда ал түрдүү булактардан малдын жогорку өндүрүмдүү породаларын көбөйтсө болору жөнүндө уккан чыгар. Кадимки жана асыл тукум уйларды багуу менен тоюттандыруунун ортосунда айырма анчалык деле чоң эмес, бирок пайданын көз карашынан алып караганда бир нече эсе жогору.

КЕМЕЛОВА дыйкандарга багыт берип, аларды окутуу, малдын пайдасы көбүрөөк түрүн кантип тандоо керектигин, эмне менен тоюттандырып, кантип багып, кантип ветеринардык көзөмөл жүргүзүү керектигин көрсөтүп бериш керек деп эсептейт. Ал адамдардын кирешелүү чарба жүргүзүү үчүн кандай гана болбосун бир планы бар болсо деп каалайт.

Күлүкан КЕМЕЛОВАнын ишкерликке алып келген өзүнүн чоң жолу бар. Үй-бүлөсү мал бакчу, адегенде бордоп семиртип келсе, андан кийин сүтүн алууга өтүшкөн. Башкалардай эле ал сүттү литрин 17 сомдон (мурдагы эле баада) сатып жүргөн, бирок ал акча жемге өп-чап жетчү. Ошондо кайра иштетүү идеясы келип, бул үчүн насыя алууга туура келди.

Күлүкан бир нече жылдан бери уйларды уруктандыруу үчүн жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонуп келет. “Голштин” жана “швиц” породалары алда канча көп эсе сүт бере баштады, швиц уйлары берген сүт да кыйла майлуу болуп чыкты.

Ошентип, КЕМЕЛОВАнын үйүндө чакан цех пайда болуп, ал жерден сүт азыктарын даярдай баштаган. Сүттү ал базарда сатчу. Азыр бул цех патенттелген “Экопродукт” бренди менен сүт азыктарын чыгарган “Мол сүт” ЖЧКсына айланды. Кемин шаарында анын фирмалык дүкөнү бар жана ал жердеги продукциялар ошол замат сатылып кетет.

Өзүнүн шыктандыруучу тажрыйбасы менен Күлүкан эч ашыкча суроосуз Координациялык кеңештин курамына кошулган. Ага социалдык-экономикалык программаны иштеп чыгуунун экономикалык бөлүгү тапшырылган. Буга кошумча КЕМЕЛОВА мамлекеттик уюмдар менен иштешкенди билет, буга чейин ал жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган жана маанилүү маселелерди чечүү ыкмаларын иштеп чыккан. Ал донордук уюмдарга өтүнмө жиберүүгө, бизнес-пландарды даярдоого жана акчаны “сууруп чыгууга” жардам берип келген.

Координациялык кеңешке киргенде Күлүкандын айыл чарбасын өнүктүрүү багытын мындан ары да кармана бериш керек деген ишеними ого бетер бекемделди. Ошондуктан ал жергиликтүү бийлик органдарына, тактап айтканда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына дыйкандар менен көбүрөөк байланышып, мал чарбачылыгы боюнча кеңештерди берүүнү сунуштап келет.“Жогорку өндүрүмдүү уйлар болбосо, дыйкандар тоютка да, мал багууга да кеткен чыгымдарын актай албай, бир орунда жыла алышпайт”, – дейт Күлүкан.

Кемелованын айтымында, ал тургай азыр деле сүттү өткөрүү дээрлик пайда алып келбей калды. Дыйкандар жогорку өндүрүмдүү уйларга өтмөйүнчө бул кырдаал оңолчудай эмес.

Ушул тапта КЕМЕЛОВА өзүнүн чакан ишканасында күнүнө эки жүз литрге чейин сүттү иштете алат, бирок ишкананын кубаттуулугу бир тоннага чейин иштетүүгө жетмек. Жазында ал жаңыланган өндүрүштү ачканы жатат. Ишти кеңейтүү үчүн КЕМЕЛОВА райондук өнүктүрүү фондуна жана Айыл чарба министрлигине өтүнмө жиберген. Фонд жыйырма миллион сомдук насыяны жактырды, ал эми мекеме азырынча анын бизнес-планын карап жатат.

Күлүкандын пикири боюнча, туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны гана эмес, ашкананы дагы жакшыртуу зарыл. “Бул жерде баары эле туризмди өнүктүрүү жөнүндө айтып жатышат. Ал эми ашканасыз кайсы туризм болмок эле? Адам дайыма жегиси келип турат. Ал эми башка өлкөгө келген адам, биринчи кезекте, жергиликтүү ашкана менен таанышып, андан кийин гана калганына өтөт”, – дейт ал.

Күлүкан өзү да бул багытта көптөн бери иш алып барууда. Анын ышкысы – байыркы улуттук суусундуктар жана тамактар. Ал сүзмө, чөбөгө, уйдун сүтүнөн кымыз жана карын май өңдүү салттуу азыктарды таанытууга көп убактысын сарптап келатат. Карын май – бул табигый идиште – малдын карынында сакталган сары май. Анын айтымында, мындай идиште май узак убакытка чейин сакталып, табигый жыпар жытын жана даамын жоготпойт.

“Мен продукциямдын сапатын тастыктаган сертификаттарды алдым. Мага уйдун сүтүнөн жасалган кымыздын жаңы негиздөөчүсү болгонумду да айтышты, – дейт ишкер айым. – Штрихкоддор жана таңгактар бекитилди, болгону өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү гана калды”.

“Биздин район ушул убакытка чейин “ук-тап” жүргөндөй. Талкуулар жаңыдан башталып жатканда Координациялык кеңеш айылдарга барып, элдин пикирин укту. Көйгөйлөр көп, бардыгы эле өзгөрүүлөрдү көксөп турушат. Биз 113 пункттан турган үч жылдык программаны түздүк, эгерде алар ишке ашса, экономика 50%га көтөрүлөт. Бул баарыбыз үчүн ушундай бир түрткү болуп бермек...”, – деп сөзүн жыйынтыктады Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.

Күлүкандын айтымында, ийгилик кыска мөөнөттүү тапшырмаларды аткарууда гана эмес, жергиликтүү демилгелерди мамлекеттик өнүктүрүү саясаты менен шайкеш байланыштырууда жатат.