Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Хельда” төө буурчагы: Улан ТАЗАБЕКОВдун таржымалы

2025-05-05 / Драйвер адам
“Хельда” төө буурчагы: Улан ТАЗАБЕКОВдун таржымалы

Рыноктун шарттары төө буурчак өстүргөндөрдү алда канча иштиктүү болууга түртүп жатат. Антпесе, дыйкандардын иши жүрүшпөй калат деген тобокелдик бар. Өткөн жылы Талас облусунун талааларына Голландиядан алып келинген төө буурчактын “Хельда” жаңы сорту биринчи жолу себилген. Демилгенин артында германиялык “Фольксман” компаниясы жана анын негиздөөчүсү Улан ТАЗАБЕКОВ турган. Дыйкандар укмуштуудай көп кирешени күтүшкөн, бирок чындык алда канча ачуу болду.

2022-жылы ТАЗАБЕКОВ эксперимент катары “СуперЭлита” деп аталган жогорку категориядагы “Хельда” сортундагы төө буурчактын 500 килограмм үрөнүн чет өлкөдөн алып келип, жакшы түшүм алып, бул тууралуу таластык дыйкандарга кабарлаган. Бул сортту жети жылдык изилдөөдөн кийин Holland Select голландиялык селекциялык компания чыгарган.

“Ошол эле жылы мен Гамбургда өткөн эл аралык айыл чарба форумуна катышкам, ал жерден Министрлер Кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдө төө буурчактын сорту көп жылдан бери жаңыланбагандыктан, жеткирүү көлөмүн көбөйтүүнү мага сунуштаган эле”, – дейт ТАЗАБЕКОВ.

“Биз ошондой эле чет элдик кесиптештерибизден “Лопатка” деп аталган сорттун уругун таап берүүнү өтүндүк, себеби Талас облусунда 30 жылдан бери өстүрүүдө ал монокультурага айланып, бузулуп калган. Бирок расмий аталышын эч ким билбегендиктен, аны табуу мүмкүн болгон жок”, – дейт ал.

Голландиялыктарга Кыргызстанда төө буурчак өстүрүүнүн көп жылдык тажрыйбасы тууралуу айтып бергенден кийин алар сырткы көрүнүшү “Лопаткага” окшош болгон, ак түстөгү “Хельданы” сунушташкан, бирок үч жыл бою “эксперимент” кылыш керектигин айтышкан.

“Министрлер Кабинети Айыл чарба министрлигине жаңы сортту алып келип, аны республикага киргизүү боюнча “Фольксман” компаниясынын ишин коштоону тапшырды, – деп улантты ТАЗАБЕКОВ. – Ошентип, “Хельданын” жети тоннасы алып келинип, анын 1,5 тоннасы сортту сыноодон өткөрүү үчүн мамлекеттик ишканага берилген”.

“ХЕЛЬДА” ЭМНЕСИ МЕНЕН БАШКА СОРТТОРГО КАРАГАНДА ЖАКШЫ?

“Фольксмандын” ишкеринин айтымында, сертификатталган “Хельда” үрөнү дүйнөдөгү эң жогорку сапаттагы үрөндөрдүн бири болуп саналат. Алардын башкы артыкчылыгы – жогорку түшүмдүүлүк: агротехникалык ченемдерди сактаганда бир гектар жерден 3 тоннадан 7 тоннага чейин алууга болот, бул башка сорттордун көрсөткүчтөрүнөн кыйла жогору дегенди билдирет. Мындан тышкары, дал ушул “Хельданы” тамак-ашта жаңы жашыл кабыктар жана аларды консервациялоо үчүн колдонушат, бул анын коммерциялык жагымдуулугун арттырат.

“Тез бышкандыктан европалыктар дал ушул сортту жактырышат, – деп улантат ТАЗАБЕКОВ. – Эгерде “Лопатка” эки саат бышса, “Хельда” жарым саатта даяр болот. Бул ресурстарды – электр энергиясын, газды жана убакытты үнөмдөө дегенди билдирет. Мына ушундай эсептер менен биз аны алып келгенбиз, себеби биз төө буурчактын дээрлик бардыгын экспорттойт эмеспизби”.

ИШКЕ АШЫРУУ КАДАМЫ

Көптөн үмүттөндүргөн мүнөздөмөлөрүнө карабастан, “Хельданы” биринчи жолу жапырт отургузуу кыйынчылыктарга туш болду. Дыйкандар биринчи кезекте буга техникалык жактан даяр эмес болуп чыкты. ТАЗАБЕКОВдун баамында, дыйкандар агротехникалык ыкмаларды колдонуу, жамгыр же тамчылатып сугаруу өңдүү компаниянын сунуштарын аткарышкан эмес.

“Адамдар бир заматта отургузуп, ошол замат сатып, көпкө күттүрбөгөн жыйынтыкты алгысы келет. Алар өздөрүн дыйкан деп аташат, бирок агрономдордун сунуштарын аткарышпайт. Тилекке каршы, мамлекеттик сорт сыноо станциясынын тажрыйбасы да ийгиликсиз болуп калды”, – деп кейийт ишкер.

“Кыргыз сорт сыноо станциясынын” Бакай-Ата филиалынын жетекчиси Өмүрзак БАТЫРБЕКОВ: “Биз “Хельданы” 20 гектар жерге сепкенбиз, бирок түшүмү гектарына болгону 400 кило чыкты. Биз жер семирткичтерди колдонуп, отоо чөптөрдөн арылтып, төрт жолудан сугарып турдук. Эмне үчүн түшүм жакшы болбой калганын билбейм. Биз чымылдыкты – чырмооктун бир түрүн жок кылуу үчүн 130 адамды тартканбыз. Балким, алар отоо чөптү жулуп жатканда кокустан төө буурчактын өсмөсүнө зыян келтирип алган болушу ыктымал. Бизде кымбат баалуу сугат жабдуулары жок, ошондуктан алар сууну арыктан ташып сугарышкан, бул да жыйынтыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн”.

“Мамлекеттик ишкананын стратегиялык катасы мындай болду: алар биз менен фьючерстик келишимде көрсөтүлгөндөй төө буурчакты жыйноо убактысын макулдашкан эмес,  – дейт ТАЗАБЕКОВ. – Себеби, биз алардын түшүмүнүн жарымын сатып алышыбыз керек болчу. Алардын өзүм билемдиги үчүн биз алар менен соттошууга туура келди”.

АКТАЛБАГАН ҮМҮТ, АЧУУ ЧЫНДЫК

ТАЗАБЕКОВ дыйкандар маркетингдин өңүттөрүн да эске алышкан эмес деп эсептейт: “Биз менен фьючерстерди түзүүнү сунуштадык – түшүмдүн 50 пайызынын килограммы 100 сомдон болмок, бул белгиленген бир сатышты кепилдемек. Бирок сатып алган 92 дыйкандын бирөө гана буга макул болду. Калгандары өз алдынча сатууну чечишкен”.

“Агрохолдинг Нуржанов” кооперативи эксперимент үчүн бир убакта үч сортту – “Лопатканы”, “Нирвананы” жана “Хельданы” эккен. Эң мыкты жыйынтыкты “Хельда” гана көрсөттү – гектарына эки тонна түшүм жыйналды. “Биз чыгымдарды кайтарып, акча табалы деп фьючерстен баш тарттык. Үрөндүн килограммын 900 сомдон сатып алып, 200 сомдон сатууну пландаганбыз. Бирок азырынча өстүрүлгөн үрөндөрдүн бир килограммы да сатыла элек”, – деп кооперативдин жетекчиси Маратбек НИЯСАЛИЕВ нааразы болду.

Улан ТАЗАБЕКОВ бул кырдаалды дүйнөлүк рынокто төө буурчактын баасынын арзандашы менен түшүндүрүүдө. “Быйыл төө буурчак сунуштун көптүгүнөн арзандап кетти. Немис аналитиктери килограммы 75-100 сомдон жогору болушу күмөн экенин ырасташты. “Дыйкандардын фьючерстерди түзгүсү келбегени аларды баанын туңгуюгуна алып келди, – деп түшүндүрөт ал. – Биз түшүмдү сатып алууга даярбыз, бирок эми базар баасы менен алмакпыз. Биздин эсеп боюнча, азыр дыйкандардын колунда 90 тоннага жакын үрөн бар”.

“ХЕЛЬДАНЫН” КЕЛЕЧЕГИ БАРБЫ?

Өмүрзак БАТЫРБЕКОВ сорттун келечеги тууралуу баштапкы жыйынтыктар менен эле баалоо эрте деп эсептейт: “Ар кандай жаңы сорттун адаптацияланышы үчүн бир нече жыл талап кылынат. Быйыл түшүмдүүлүктүн төмөндүгүнөн дыйкандар кызыгуусун жоготушту, бирок бир гана ийгилик ыроолобогон сезондон кийин эле корутунду чыгарып, үмүттү үзүп койгон туура эмес. Бир нече жыл мурда биз Түркиядан “Нирвана” сортун алып келгенбиз. Алгачкы жылдары ал дагы чеке жылытпаган жыйынтыктарды көрсөттү, бирок төрт жылдан кийин жакшы түшүм бере баштаган”.

ТАЗАБЕКОВдун пикиринде, “Хельданын” дарамети жогору бойдон калууда. “Жерге улам эле бир сортту отургуза берип, анын сапатын бузулду деген чындыгында туура эмес, – дейт ал. – Немис өнөктөшүм экөөбүз Талас облусундагы топурактын анализин Грециядан өткөргөнбүз. Жердин сапаты жакшы болуп чыкты, буурчак өстүрүү үчүн айрым гана элементтер жетпей жаткан. Биз бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Талас облусундагы өкүлдөрүнө айтып бергенбиз”.

“Хельданын” пайдасынан бышып жетилүүнүн баштапкы баскычтарында аны кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү да кабар берүүдө. “Консервалоо же тоңдуруу боюнча цехтерди түзүү дыйкандарга май айында эле өсүмдүк саадак түрүндө жыйналганда пайда табууга мүмкүндүк берет, – дейт ишкер. – Азыр биз мындай ишкананы түзүү үчүн инвестицияларды издеп жатабыз”.

КҮТҮЛБӨГӨН КЫРДААЛ

“Хельданы” киргизүүгө байланышкан жагдайлар сортту тандоодон баштап, рынокто сатууга чейин алдыдагы иштин бүт чынжырын терең ойлонуштуруу канчалык маанилүү экенин тастыктап турат. Инновация тажрыйбасы ийгиликтүү болушу үчүн бардык тараптардын аң-сезимдүү катышуусу жана жетиштүү убакыт керек. Ошону менен бирге агротехникалык талаптар жана рыноктук тобокелдиктер пайда алуу каалоосу менен тең катарда эске алынууга тийиш.

“Азыр базарда “Лопатканын” килограммы 130 сомдун тегерегинде болсо, “Нирвана” 75 сомго чейин арзандап, ал эми тез өнгөн жана помидор сорттору 100-105 сомдон сатылууда, мунун баары дыйкандардын чыгымдарын араң жаап жатат”, – деп кейийт “Агрохолдинг Нуржанов” кооперативинин башчысы НИЯСАЛИЕВ.

Дыйкан “Хельданы” саткысы келет, себеби алынган үрөн 100 гектар жерге жетмек, бирок дыйкандардын арасында суроо-талап жокко эсе.