Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Блогер Айбек САИПОВдун Базар-Коргон районунун Координациялык кеңеши жана жалпы өлкө үчүн идеялары

2025-05-05 / Драйвер адам
Блогер Айбек САИПОВдун Базар-Коргон районунун Координациялык кеңеши жана жалпы өлкө үчүн идеялары

Айбек САИПОВ – жигердүү блогер жана Базар

КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН КУРУЛУШУ

Базар-Коргон шаарын модернизациялоо боюнча атайын долбоор иштелип чыгып, ага 600 млн сом талап кылынууда. Бул сумманын ичинен 450 млн сому паркты реконструкциялоого, калганы жолго жана тротуарларга, суу менен камсыздоого, жарыктандырууга каралган. Кичи райондордун инфраструктурасын түзүү үчүн өзүнчө бюджет талап кылынат.

Жер фонду чектелүү болгон шарттарда вертикалдуу курулушка, башкача айтканда көп кабаттуу үйлөрдү курууга өтүү сунушталып жатат, ал үчүн 36 гектар жерди калктуу конуштардын категориясына которуу зарыл. Ошондой эле Базар-Коргон районунда жеке менчикте 20 гектардан 30 гектарга чейинки көлөмдө өзүнчө участоктор бар, аларды мамлекетке кайтарып, жаңы заманбап кичи райондорду түзүү үчүн пайдаланууга болот.

ИНФРАСТРУКТУРА

Бишкек-Ош жолунда авариялык абалда турган көпүрөнүн ордуна узундугу 1 км болгон жаңы көпүрөнү куруу зарыл. Жаңы көпүрө Орто-Сай жана Базар-Коргон айылдарынын ортосундагы маанилүү байланыштыруучу звено болуп калмакчы.

Мындан тышкары, Нарын менен Базар-Коргондун ортосундагы (узундугу 45 км) аймакты толук сугаруу үчүн атайын канал куруу сунушталып жатат. Бул долбоорду ишке ашыруу Ноокен жана Базар-Коргон райондорун сугат суусу менен натыйжалуу жабдууга мүмкүндүк берет. Ушул тапта Базар-Коргондогу суу ресурстарынын 50 пайызга чейинкиси Ноокенге багытталып, натыйжада суу тартыш болуп жатат.

Ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын районундагы Нарын дарыясынан Сузакка чейин суу түтүгүн куруу менен калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо долбоору да сунушталууда. Бул долбоорду ишке ашыруунун болжолдуу баасы 48 миллион АКШ долларын түзөт.

АЗЫК-ТҮЛҮК КООПСУЗДУГУ

Буудай Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун өзөгүн түзөт. 2022-жылдагы маалыматтар боюнча буудайдын көлөмү 136 миң тоннаны түзгөн. Данды 100% камсыз кылуу боюнча программа бар. Буудай өндүрүүнүн толук цикли анын өздүк наркын килограммын 11,9 сомго чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул программаны ишке ашыруу үчүн 361 миң гектар жерди тартып, 173 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу талап кылынат.

Өсүмдүк майынын учурдагы өздүк наркы литрине 96 сомду түзөт, орточо кирешеси литрине 15 сомдун тегерегинде болот. Сунушталган программаны ишке ашыруу менен өздүк наркты 46,5 сомго чейин азайтса болот, кошумча наркты эске алуу менен баасы литрине 61,6 сомду түзөт. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн 106 миң гектар жерди ишке берип, 61 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу зарыл.

Кыргызстанда өндүрүлгөн канттын өздүк наркы бүгүнкү күндө килограммы 12,5 сомду түзсө, базар баасы 20-25 сомго жетет. Кант тармагын өнүктүрүп, аны туруктуу иштетүү үчүн 170 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу зарыл.

Ушул тапта Кыргызстан туздун импортуна 95% көз каранды, бул чек аралар капысынан жабылып калса, азык-түлүк кризиси болот деген тобокелдикти жаратууда. Тогуз-Тородо аш тузун өндүрүү боюнча завод куруу сунушталууда, бул ички керектөөлөрдү камсыз кылууга жана тышкы жеткирүүлөрдөн көз карандылыкты кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын президенти Садыр ЖАПАРОВ Айбек САИПОВдун сөзүн колдоп, буларды белгиледи: “Ооба, Базар-Коргон шаарын өлкөнүн башка чакан шаарлары менен катар өнүктүрүүнү уланта бермекчибиз. Буга чейин чыгарылган жарлыкка ылайык, ал жерге заманбап кичи райондор курулат. Ошондой эле Бишкектеги эркин экономикалык аймагында туздуу эритмелерди өндүрүү боюнча завод куруу пландалып жатат. Жаңы завод суткасына 60 тоннага чейин продукция чыгарып, Кыргызстандын тузга болгон муктаждыгын толугу менен жаба алат. Анын 20 тоннасы ички рынокко, ал эми калган 40 тоннасы экспортко кетет. Бул долбоорду ишке ашырууга эки жылга жакын убакыт жумшалат”.

Айбек САИПОВ өзү сунуш кылган маселелерди чечүүгө умтулуп, Базар-Коргон районунун Координациялык кеңешинин мүчөсү катары өз ишин уланта бермекчи. Кеңештин башка мүчөлөрүндөй эле анын ыйгарым укуктарына райондун Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планында каралган иш-чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү кирет. САИПОВ чакан кадамдарды жасап отуруп, олуттуу жыйынтыктарга жетүүгө болот деп ишенет.