Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Драйвер адам
Базар-Коргон районунун акиминин орун басары Асель САНСЫЗБАЕВА: жалпы районго багыт көрсөтүү үчүн өзүңдү шыктандырыш керек
Асель САНСЫЗБАЕВА 22 жылдан бери мамлекеттик кызматта эмгектенип келатат. Акыркы төрт жылдан бери Базар-Коргон районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары кызматын аркалап келет. Асель калктын аярлуу катмарын колдоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм боюнча демилгелерди координациялайт. Маегинде ал райондун беш жылдык Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) жана ишке эмнелер шыктандырып жатканын айтып берди.
– 2024-2029-жылдарга районду өнүктүрүү программасы буга чейинки программалардан эмнеси менен айырмаланарын айтып берсеңиз.
– Буга чейинки пландар бир жылга иштелип чыкчу. Өткөн жылдан бери EGED Программасынын алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен программа беш жылга даярдалды. Программа ошондой эле маалыматтарга таянып, божомолдорду жасап, калктын жана бизнестин пикирин эске алат. Ошондуктан соңку программа – бул Координациялык кеңеш аткарчу иш-чараларга мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген комплекстүү программа.
– Координациялык кеңеш сизге программаны иштеп чыгууга канчалык жардам берди?
– Программаны даярдоодо эки тарап – мамадминистрациядан Жумушчу топ жана коомчулуктан Координациялык кеңеш иштешти. Өткөн жылы биз кеңештин курамына талапкерлерди тандоо боюнча конкурс жарыялаганбыз. Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, ишкер коомчулуктун, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын өкүлдөрү, аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, көз карандысыз тышкы эксперттер катышты.
Жумушчу топ биринчи кезекте өзүнүн ишин жасап, андан соң Координациялык кеңешке жактырууга жана ыктымалдуу сунуштарды алуу үчүн берген. Координациялык кеңеш ошондой эле пландалган иштерге мониторинг жүргүзүүгө катышат.
Анткен менен, программаны иштеп чыгууда негизги ролду тажрыйбалуу адистери бар жергиликтүү мамлекеттик администрацияга таандык. Ошондой эле жоопкерчиликти эстен чыгарбаш керек – бийлик жарандардын алдында программанын жыйынтыктары үчүн жооп берет, ошондуктан аны иштеп чыгуу процесси көзөмөлгө алынууга тийиш. Бирок бул бизге бардык тараптар өздөрүнүн бакубатчылыгы үчүн өнүгүүгө өз салымын кошо алышы үчүн бизнес жана жамаат менен жигердүү иштешүүгө жолтоо болбойт.
– Программада кандай маанилүү иштер каралган?
– Биз туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасадык. Бул жерде биз өзгөчөлөнгөн жокпуз, себеби, жалпы республика ушул маселелерге көңүл бурат. Бирок бизде өзгөчө себеп бар – Базар-Коргон району жаңгак токойлору менен белгилүү. Токойдун эң кооз бөлүгү Арстанбап айылдык аймагында жайгашкан. Биз бул аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө, экологияны жакшыртууга, “жашыл” технологияларды киргизүүгө ниеттенип жатабыз. Мисалы, азыр биз Базар-Коргон районунун логотибин түзүүнү пландап жатабыз. Биздин аймактын визуализациясы болушун каалайбыз. Бул бизге товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү таанытууга жардам берет. Логотипти иштеп чыгууну биз Өнүктүрүү саясат институту аркылуу өнөктөшүбүздөн – EGED Программасынан өтүндүк, себеби бизде мындай иштерге адис жалдоого каражат жок болчу.
Заманбап артыкчылыктары бар саякатчылар-дын эс алуу жайлары деп аталган рест-поинт-тердин шарттарын жакшыртууну каалайбыз. Мындай жерлерде сөзсүз түрдө даараткана, кафе, электромобилдерди кубаттоо мүмкүнчүлүгү бар май куюучу жай, ысык жана муздак суу болушу керек. Мунун баары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү бар адамдар үчүн ыңгайлуулуктарды – пандустар-ды орнотууну, башка инклюзивдүү шарттарды түзүүнү эске алуу менен жасалышы керек. Биз долбоорду жергиликтүү ишкерлер менен талкуулап, аларга ишке катышууну сунуштаганбыз.
– Кандай “жашыл” технологиялар райондо пайдалуу боло алат?
– Биз күн панелдерин – энергиянын альтернативалык булактарын орнотууну пландап жатабыз, бирок азырынча алар жайгашчу жерлерди так аныктай элекпиз. Мындан тышкары, Кызыл-Үңкүр айылында эки чакан ГЭС курулуп жатат, азырынча курулуш иштери бүтө элек.
– Базар-Коргон районунда өз ара жардамдашуу топтору жакшы иштеп жатканы белгилүү – бул эмнеге байланыштуу?
– Базар-Коргон районунда 30га жакын өз ара жардамдашуу тобу бар, алар негизинен көчөнүн, коңшу жамааттын чегинде түзүлөт. Бул көптөн бери келе жаткан демилгелер, эгер жаңылбасам, Кыргызстанда бардык жерде иштеп жатат, бирок ийгилигинин деңгээли да ар башкача. Бизде бул топтор “тамыр алып кетти”, себеби алар жалпы маселелерди чечкен кошуналардын бирикмелери, ал эми биздин аймакта коңшулук салттардын тамыры терең жана азыркы заманда да сакталып келет. Коңшулар акча чогултушат, өз фонддорун түзүшөт, каражаттарды ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө, анын ичинде социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жумшашат. Айрым топтор ушунчалык алдыга кеткендиктен, эл аралык донорлордун программаларына да катышып келишет. Биз бирикмелер муктаждарга гана жардам бербестен, жалпысынан бул бейформал институт жергиликтүү жамаатты бекемдеп жатканын көрүп турабыз. Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды да, аярлуу абалда турган аялдарды да колдошот.
– Бул топтор районду өнүктүрүү программасына кантип катыша алышат?
– Алар башкача катышыша алышат. Мисалы, биогумусту – органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө тартылса болот. СЭӨПга “Эрайым” аялдар коомдук бирикмеси менен кызматташуу киргизилген. Биз алар менен меморандумга кол коёбуз, анын алкагында аялдар биогумусту чыгаруунун технологиясын үйрөнүшөт. Жер семирткич – дыйкандар үчүн дайыма суроо-талапка ээ болгон керектүү продукт.
Мындан тышкары, райондо Сейдикум айылынын тургуну Мавлюда ИМИНОВА түзгөн “Сейдикум Био” аялдар кооперативи беш жылдан бери иштеп келе жатат. Кооператив ар дайым жаңы нерсени издеп, муну менен жумуш орундарынын санын көбөйтүп келет. “Сейдикум Био” ошондой эле суюк биогумусту жана компостту чыгарат. Бирикменин негизги иши – айыл чарбасы. Буга чейин ага 50дөн ашык аял тартылган. Бир нече күнөсканалар бар, алар көчөттөрдү, жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүшөт, түшүмдү сатышат.
– Иштеген аялдар адатта бала бакчаларга муктаж жана эреже катары Кыргызстанда бала бакчалар жетишпейт. Базар-Коргон районунда жаңы билим берүү мекемелери курулабы?
– Биздин райондо бала бакчалар менен камсыздоо 40 пайызды түзөт. Бирок биз бул көрсөткүчтү 60 пайызга чейин көтөргүбүз келет. СЭӨПда биз ушундай өсүшкө умтулуп жатабыз. Ага кантип жете алабыз? Учурда иштеп жаткан бакчалардагы уктоочу орундарды оптималдаштыруу жана жаңы мектепке чейинки мекемелерди куруу аркылуу жетсек болот. Мектепке чейинки мекемелер ата-энелерге жумушта жүргөндө балдарын мектепке даярдоого жардам берет.
– Социалдык келишимдер сыяктуу мамлекеттик программаны райондук маанидеги программага кантип көчүрөсүз?
– Социалдык келишим – бул аз камсыз болгон үй-бүлө менен мамлекеттин ортосунда түзүлгөн макулдашуу. Долбоор 2022-жылы башталган. 2024-жылы социалдык келишимдин негизинде республика боюнча 20 миңден ашуун үй-бүлө жардам алган. Базар-Коргон районунда өткөн жылы 1134 социалдык келишим ишке ашырылган. Жарандар өз ишин ачуу үчүн 100 000 сомдон алышты. Үстүбүздөгү жылы сумманы 150 000 сомго чейин көбөйтүү күтүлүүдө, азыр биз мындай колдоого муктаж үй-бүлөлөр менен иш алып баруудабыз. Бул жөлөк пул менен жашоого көнсө да, өз алдынча акча табууну каалаган адамдар үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк.
– Жумушуңузда сизди эмнелер шыктандырып турат?
– Реалдуу жыйынтыктарды көргөндө бул мага негизги мотивация болуп берет. Биз демилгелерди ишке ашырсак, жумуш орундарын түзсөк, инфраструктураны өнүктүрсөк, адамдардын жашоо шартын жакшыртсак, бул ишти андан ары уланта берүүгө шыктандырат.
– Сизге жана районуңузга ийгилик каалайбыз!
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Блогер Айбек САИПОВдун Базар-Коргон районунун Координациялык кеңеши жана жалпы өлкө үчүн идеялары
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 “Хельда” төө буурчагы: Улан ТАЗАБЕКОВдун таржымалы
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кайыркүл КАЗЫЛАЕВА: “туура” айыл чарбасын түзсө болот. Агротармакты өнүктүрүүдө жергиликтүү бийликтин ролу
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Ишкер Күлүкан КЕМЕЛОВА, Кемин району: СЭӨП өндүрүмдүүлүгү жогору мал чарбачылыгын жана гастрономиялык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет