Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кайыркүл КАЗЫЛАЕВА: “туура” айыл чарбасын түзсө болот. Агротармакты өнүктүрүүдө жергиликтүү бийликтин ролу

2025-05-05 / Драйвер адам
Кайыркүл КАЗЫЛАЕВА: “туура” айыл чарбасын түзсө болот. Агротармакты өнүктүрүүдө жергиликтүү бийликтин ролу

Кайыркүл КАЗЫЛАЕВА – айыл чарбасында жана экология тармагында билим менен практикалык тажрыйбасын уникалдуу айкалыштырган эксперт. Эки жогорку билими, К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университеттин магистратурасы жана жеке ишкердик сапаттары ага талап кылынган аналитикалык серептерди, агрардык процесстерди жакшыртуу үчүн практикалык сунуштарды даярдоого катышууга мүмкүндүк берет.

Кайыркүл “Агровэй” холдингин башкарат, айыл чарба тармагында иштеген эл аралык долбоорлор менен кызматташат. EGED Программасынын консультанты болуп саналат, анын колдоосу менен Кыргызстандын бардык райондорунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары (СЭӨП) иштелип чыккан. “Муниципалитет” журналына берген маегинде Кайыркүл агросекторду туруктуу өнүктүрүүгө алып келе турган стратегиялык жана операциялык башкарууга карата кесипкөй көз карашы менен бөлүштү. 

– Кайыркүл, ар кайсы райондордо айыл чарбасында кандай жалпы көйгөйлөрдү белгилөөгө болот? 

– Негизги көйгөйлөр жерди пайдалануунун натыйжалуулугунун төмөндүгү, өндүрүштү көп жакшы механизациялабоо сыяктуу факторлор менен байланышкан. Кургакчылык жана абанын адаттан тыш ысышы айыл чарбасын ого бетер аярлуу кылып жатат. Бүгүнкү күнгө чейин жерди иштетүүнүн жана айдоонун эскирген ыкмалары колдонулуп келет. Каржылоого жетүүдө көйгөйлөр бар, бул технологияларды жаңыртууну жана заманбап агротехнологияларды киргизүүнү кыйындатууда. Мындан тышкары, Кыргызстанда дыйкандар үчүн тобокелдиктер чийки затты сатуу менен байланышкан. Кепилденген сатуулар үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүү зарыл. Бул маанисинен алып караганда маркетинг стратегиясы, суроо-талапты жана рыноктун толуктугун талдоо маанилүү. 

– СЭӨП турукташып калган айыл чарба профилине көңүл бурат. Ошол эле учурда мамлекет өзүнүн агрардык өнүгүү саясатында райондоштурууну – экономикалык жактан пайдалуу айрым өсүмдүктөрдү өстүрүүнү сунуш кылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары базарда суроо-талап болбой, туш келди айдоого жол бербеш үчүн бул маалыматты дыйкандарга жеткирип жатышабы?

– Бул жерде бир көйгөй бар: жердин олуттуу бөлүгү жеке менчикте жана мамлекет айыл чарба өндүрүшүн жөнгө сала албайт, ал болгону сунуштарын гана бере алат. Бул саясат жакшы кабыл алынышы үчүн кыргыз дыйканына кошунасынын, досунун, кооперативдин оң тажрыйбасы керек. Антпесе, ал тобокелге барбайт.

Мисалга буурчакты алып көрөлү. Кыргызстандын Талас облусунда төө буурчак 1994-жылы түрк ишкерлери жергиликтүү климат төө бурчакты өстүрүү үчүн ойдогудай туура келерин аныктаганда өстүрүлө баштаган. Алар дыйкандарга үрөн берип, андан кийин өстүрүлгөн түшүмдү сатып алышкан. Бул төө буурчакты жапырт түрдө көбөйтүүгө жол ачкан. Ошентип, Талас облусу 30 жылдан бери төө буурчак өстүрүүгө адистешип келатат. 2016-жылы региондогу бардык айдоо жерлеринин жарымы төө буурчакка бөлүнгөн. Бул жергиликтүү экономикага оң таасирин тийгизип, калктын олуттуу бөлүгүн жумуш менен камсыз кылды.

– Бирок бир эле өсүмдүктү узак убакыт бою өстүрө берүү топурактын күрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет деген чынбы?

– Чындыгында эле төө буурчак Талас облусунун бренди болуп калды. Бирок дыйкандар адатта кыска мөөнөттүү кирешеге багыт алып, келечек жөнүндө ойлонбостон, жерди талаптагыдай кароосуз эксплуатациялоону уланта беришүүдө. Ресурстарды сарамжалсыз пайдалануу жана агротехникалык туура эмес мамиле түшүмдүүлүктү төмөндөтөт, демек, келечекте киреше да азаят. Дыйкандар продукцияны өстүрүүнү улантышууда, себеби ал киреше алып келүүдө жана экспорт үчүн талап кылынгандардын катарына кирет.

Талас облусунун дыйкандары төө буурчак менен гана алектенбеши керек деп ойлойм. Же болбосо, бир түрдүү өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн төмөндөтпөө үчүн топурактын сапатын жакшыртуунун үстүнөн да иштөөгө тийиш. Жерди которуштуруп айдоо, төө буурчакты көп жылдык чөптөр жана дан өсүмдүктөрү менен кезектешип отургузуу абдан маанилүү. Бул сатуу үчүн жөн гана өндүрүш болбостон, масштабдуу түрдө экономикалык жактан негизделген иш болууга тийиш. “Бул багытта кандайдыр бир иштер жүрүп жатабы?” деген суроо туулат? 

– Төө буурчакты өнөр жай максатында өстүрүү учурунда чийки затты терең иштетүү боюнча ишкана пайда болгон жок. Кошумча нарк экономикага көбүрөөк пайда алып келмек да. 

– Жыл сайын облуста 90 миң тоннага жакын төө буурчак өндүрүлүп, негизинен Түркия менен Орусияга экспорттолот. Эң мыкты мезгилде Кыргызстан Талас облусунун жардамы менен дүйнөдөгү төө буурчакты экспорттогон он өлкөнүн катарына кирген. Кызыгы, таластыктар өздөрү төө буурчакты жешпейт, аны өздөрүнө ыраа көрбөгөнү үчүн эмес, болгону тамакка кошуп жегенди көп жактыра беришпейт. Төө буурчакты кайра иштетүү боюнча ишкананын жоктугу буга байланыштуу болушу мүмкүн, себеби бул маселеде ишкерлердин кызыгуусу, адистердин болушу жана, албетте, инвестициялар да керек. 

– Талас облусунда дагы кандай өсүмдүктөрдү өстүрсө болот? Дыйкандар төө буурчактан тапкандай кирешени дагы башка кайсы жерде таба алмакчы? 

– Совет доорунда эле Айтматов районунда жогорку сапаттагы көчөттөрдү өстүргөн питомниктер болгон. Балким, бул тармакты жандандыруу төө буурчакка альтернатива болуп бере алат. Мындан тышкары, Талас облусу Кыргызстанда картошка үрөнчүлүгүн өнүктүрүү боюнча лидерлердин бири болгон. Үрөнчүлүктү өнүктүрүү өсүмдүктөрдүн олуттуу илдеттерсиз жана зыянкечтерсиз өсүшүнө көмөктөшкөн өзгөчө климаттык шарттар менен негизделген. Бирок, убакыттын өтүшү менен, бул багыттагы аракеттер жокко чыгып калды, бул алдынкы үрөн өндүрүүчүлөрдүн ишин токтотуу менен байланыштуу болгон деп боолгоп турам. Анын үстүнө, дыйкандарды өтө кирешелүү буурчактын “эйфориясы” ээлеп алды, ал эми картошка жана дан эгиндери төө буурчактан алда канча арзан болуп чыкты.

Картошка өстүрүү жана чакан кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү альтернативалык багыттар болуп бере алмак. Сөзсүз эле ири заводдорду куруунун кажети жок – аз кубаттуулуктар менен деле бул маселени чечүүгө болот, бирок ошол эле учурда продукциянын кошумча наркы жогоруламак. Казакстан менен коңшулук өз брендинин алдында продукцияларды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн ачууда. Анын үстүнө азыр тез татым жасаган кафелер көбүрөөк, жарым фабрикаттарга суроо-талап өсүүдө. Бул кайра иштетүүчүлөргө жигердүү иш-аракеттер үчүн шарттарды түзүп жатат.

Жакында эле Айтматов районунда айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча семинар өттү. Семинарды EGED Программасынын алкагында Өнүктүрүү саясат институту уюштурган. Дыйкандар семинарга абдан жигердүү катышып беришти. Алар экономикалык пайда менен айыл чарбасынын узак мөөнөттүү туруктуулугун кантип тең салмактоого болоруна кызыгуусун билдиришти. Дыйкандар бийлик менен биргеликте туура чечим таба алышат деп үмүттөнөм. 

– EGED Программасынын колдоосу менен СЭӨП даярдалган башка райондордо айыл чарба маселелеринде эмнелерге көңүл буруп жатышат?

– Башка райондордун да өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда – бул пахта өстүрүү. Район уникалдуу, себеби бул жерде сертификацияланган органикалык пахта өстүрүлүп, ал чет өлкөлөргө экспорттолуп келет.

Баткен облусунун Кадамжай районунда күрүч өстүрүлөт, ал болгону ушул гана райондо өсүп келет. Ак-Турпак айылдык аймагы өзгөчө айырмаланып турат, бул жерде Ак-Турпак деп аталган сорттогу күрүч аянты 3000 гектарга жакын жерде өндүрүлөт. Төрт ай бою тынымсыз иштеген дыйкандар үчүн бул кирешенин негизги булагы болуп саналат. Түшүм жергиликтүү базарларда сатылып, Өзбекстан менен Тажикстанга экспорттолот. Жергиликтүү бийлик ошондой эле күрүчтү кайра иштетүүчү ишканалардын ачылышына көңүл буруп, бул үчүн жер бөлүп берүүдө.

Кадамжайда күрүчтөн тышкары алма, мөмө-жемиштер өстүрүлөт. Багбандар башкалар менен тажрыйба алмашып келет. Бул жерде сугаттын заманбап технологиялары колдонулат. Продукциялар тоңдурулуп, рынокто суроо-талап жогору болгонго чейин сакталат.

Кадамжай районунда дыйкандар мал чарбачылыгы менен да алектенишет, бирок ал жерде сүттү кайра иштетүүчү заводдор жок – сүт азыктары үй шартында даярдалат. Ошондуктан райондун сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу үчүн дарамети бар. Азыр ал жакка сүт азыктары негизинен Бишкектен, Оштон алып келинет. Эгерде сүт заводу райондун өзүндө курулса, бул чыгымдарды азайткандан тышкары, дыйкандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бирок азыркы учурда ишкерлер мындан эч кандай пайда көрүшпөйт. Балким, базар азырынча көп жакшы өнүгө элек, же өз өндүрүшүнүн артыкчылыктары жөнүндө чектелген маалыматтын таасири тийип жаткан болушу мүмкүн, же болбосо сүт азыктарына суроо-талап чындыгында эле чектелүү. Туура маркетингди түзүп, сүт азыктарынын пайдасы жөнүндө маалымдаса, балким, бул суроо-талаптын өсүшүнө көмөктөшмөк. Баткен облусунун жашоочуларында кальцийдин жетишсиздиги байкалат, 35 жаштан ашкан жаштардын да тишинин абалы начар же такыр эле жок. Райондук бийликтин ролу даректүү маалымат берүүдө болушу мүмкүн, ЖӨБ органдары максаттуу түрдө мындай өндүрүштөрдү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзө алмак.

– Сиздин баамыңызда, агрардык тармактын кайсы багыты жалпы Кыргызстан үчүн туура келмек?

– Кыргызстандагы климат экологиялык жактан таза азыктарды өз бренди менен өндүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүп берүүдө. Бул классикалык мааниден алып караганда, сөзсүз эле органикалык продукция болгону шарт эмес, органикалык дыйканчылыктын принциптерин кармануу, химикаттарды колдонуудан алыс болуу жана жергиликтүү продукциянын негизинде кошумча нарк түзүү маанилүү.

– Агротармакты өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатында кандай оң жыйынтыктарды көрүп жатасыз?

– Мамлекет дыйкандарга ар кандай колдоо түрлөрүн, анын ичинде жеңилдетилген насыяларды сунуштап, ири чарбаларга жана кооперативдерге биригүүнү сунуштап жатат. Бирок адатта дыйкандар бири-бирине ишеним артканга көнбөгөндүктөн чогуу иштегенден кооптонушат. Көптөр кирешелеринин бир бөлүгүн жоготуп алабыз же өнөктөштөр милдеттенмелерин аткарбай коюшат деп чочулашат.

Бирок ири чарбалар продукцияны бир топ көлөмдө өндүрүп, сата алышат жана бул кайра иштетүүгө жана экспорттоого мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат.

Буга чейин дыйкандар түшүмүн убагында сата албагандыктан бир нече жолу жоготууга учурашкан жана көп нерсе текке кеткен. Азыр мамлекет соода-логистикалык борборлордун курулушун ачууга түрткү берип жатат, бул борборлордо продукция чукул арада сатып алуучуларды табууда.

Көрүп турганыбыздай, мамлекеттин колдоосу дыйкандардын иши үчүн реалдуу шарттарды түзүүгө жардам берүүдө. Бирок дыйкандардын өздөрү да мамилесин өзгөртүп, жигердүү болуп, айыл чарбасы жөн эле жерди иштетүү эмес, чыныгы бизнес да болуп берерин эстен чыгарбаганы маанилүү.

– Дыйкандарга баарынан да эң жакын турганы – бул жергиликтүү бийлик. Алар кантип мамлекеттик саясатты натыйжалуу жеткире алышат?

– Жергиликтүү бийлик дыйкандарды багыттап, аларга практикалык колдоо көрсөтүү менен айыл чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойной алат. Алар дыйкандарга конкреттүү өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн артыкчылыктарын жана дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын билиши үчүн тренингдерди жана маалыматтык жолугушууларды уюштура алышат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары бир заматта эле чоң киреше алып келбеген, бирок топурактын келечектеги абалы жана региондун экологиясы үчүн пайдалуу болгон өсүмдүктөрдү өстүрүүнү чечкендерге атайын стимулдарды жана субсидияларды бере алышмак. Ошондуктан, муниципалдык да, райондук денгээлде да башкаруу органдары өнүгүүнү пландап жатканда топурактын сапатын, курамын, өзгөчөлүктөрүн жана абалын билип, эске алганы маанилүү.

Жергиликтүү бийликтин дагы бир милдети – айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн өндүрүш аянттарын жайгаштырууну пландаштыруу. Мисалы, бийлик дыйкандарга топурактын түшүмдүү болушу үчүн ар кандай өсүмдүктөрдү кезектешип которуштуруп айдоо канчалык маанилүү экендигин көрсөтө алат.

Дагы бир милдет – инфраструктураны жакшыртуу – анын ичинде “гринфилддерди” түзүүгө болот – кайра иштетүү бизнесин, логистикалык борборлорду, продукцияны сактоочу жайларды жана башка ушул сыяктуу объектилерди курууга инфраструктура жана бардык документтер менен камсыздалган инвестициялар үчүн жер тилкелери, мисалы, тамчылатып сугаруу сыяктуу инновацияларды киргизүүнү колдоо.

Мындан тышкары, муниципалитеттер калкка сүт азыктары сыяктуу жергиликтүү азык-түлүктөрдүн пайдасы жөнүндө жигердүү маалымат бере алышат, бул дыйкандардын кирешесин көбөйткөндөн тышкары, региондогу адамдардын саламаттыгын чыңдоого жардам берет. Эгерде жергиликтүү бийлик жана дыйкандар биргелешип иштешсе, айыл чарбасы пайдалуу гана эмес, узак мөөнөттүү келечекте туруктуу болуп, жалпы коомго пайда алып келет.