Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
Аярлуулук картасынан баштап каржылоого чейин: Непал тоолуу жана алыскы аймактарды кантип колдоп жатат
Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты Лидия БУДИСА даярдаган серептин негизинде
Кыргызстан – бийик тоолуу өлкө. Тоо ландшафты өлкөнүн өнүгүүсүнүн бардык өңүттөрүнө таасирин тийгизип, чакырыктарды да, мүмкүнчүлүктөрдү да жарата алат. Бирок чакырыктарга туура жооп кайтаруу, көйгөйлөрдү чечүү жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн бийик тоолуу жана жетүүгө оңой болбогон аймактарды өнүктүрүү боюнча даректүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу зарыл. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында бийик тоолуу, жетүүгө оңой болбогон, алыскы жана чек арага чектеш аймактарды башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү каралган. Ошондуктан бул маселе 2025-жылдын 18-мартында бекитилген Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына киргизилген: программанын экинчи артыкчылыктуу багыты, анын ичинде бийик тоолуу жана жетүүгө оңой болбогон аймактарды өнүктүрүү аркылуу жетишилет.
Ошентип, тапшырма Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдына коюлду. Министрлик Өнүктүрүү саясат институтунун катышуусу менен 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана чек арага жакын аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгууда. Программанын аналитикалык бөлүгүн даярдоо жана бул жаатта мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо максатында министрлик аталган аймактардын социалдык-экономикалык абалына жана аярлуулугуна талдоо жүргүзүп, ошондой эле Мамлекеттик программанын алкагында сунуштарды негиздөө үчүн жумушчу топту түздү. Ошол себептен бул маселе башка тоолуу өлкөлөрдө кандай чечилип жатканын түшүнүү үчүн Институттун консультанты Лидия БУДИСА эл аралык практиканы, анын ичинде Швейцариянын, Непалдын, Норвегиянын жана Грузиянын тажрыйбаларына сереп жасап чыкты. Тема Кыргызстандын көптөгөн жергиликтүү жамааттарынын жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын козгойт, ошондуктан “Муниципалитет” журналы тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү башка өлкөлөр кантип башкарары жөнүндө макалалардын сериясын ачкан эле. Бул жолу Непалдын тажрыйбасы сунушталат (сериянын башталышын журналдын 2025-жылдын октябрь айында чыккан санынан (№168) окуй аласыз, анда Грузиянын тажрыйбасы жөнүндө макала чыккан).
Непал – географиясы татаал, жетүүгө оңой эмес, инфраструктурасы кымбат болгондуктан аймактардын өнүгүүсү чектелүү тоолуу өлкө. Ошол эле учурда өлкөдө өзүнчө “тоолор жөнүндө мыйзам” да, тоолуу калктуу конуштардын бирдиктүү тизмеси да жок. Мунун ордуна тоолуу райондорду өнүктүрүү саясаты өз ара байланышкан бир нече системалардан турат: улуттук пландоо, климатка ыңгайлашуу, табиятты коргоо программалары жана формуланын негизинде жергиликтүү бийлик органдарын ачык-айкын каржылоо бар. Бул тажрыйба муниципалитеттерге жана алыскы аймактарды колдоодо ачык-айкын жана болжолдоого боло турган ыкманы издеген өлкөлөр үчүн пайдалуу боло алат.
“Тоо жөнүндө мыйзамы” болбогон тоолуу райондор:
Непал алыскы аймактарды өнүктүрүүнү кантип пландаштырат, каржылайт жана колдойт
Непал – тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон аймактар өлкөнүн олуттуу бөлүгүн түзгөн мамлекеттердин бири. Муниципалитеттер үчүн бул бир эле учурда бир нече көйгөйлөргө туш болуу дегенди билдирет: инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу кымбатка турат, кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө кыйынчылыктар бар, миграция жогорку деңгээлде, тышкы жардамга көз карандылык бар жана климаттык тобокелдиктердин таасири күчтүү. Мындай шартта тоолуу райондорду өнүктүрүү саясаты өзгөчө туруктуу эрежелерге муктаж болот: ким колдоо алат, кандай негизде алат, инвестицияларды кантип пландап, жыйынтыктарды кантип өлчөш керек.
Кызыгы, Непал бир ири мыйзамдын же “тоолор боюнча” бир атайын органдын жолуна түшкөн эмес. Өлкө тандап алган ыкманы өз ара байланышкан механизмдердин жыйындысы катары мүнөздөөгө болот. Ал улуттук өнүктүрүү пландарына, мамлекеттик мониторинг системаларына, климаттык саясаттарга, жаратылышты коргоо программаларына жана жергиликтүү бийлик органдарына фискалдык трансферттерге таянат. Иш жүзүндө бул өзүнчө мыйзам түрүндө (Грузиядагыдай) таризделбесе да, тоолуу жана алыскы аймактарды колдоонун толук кандуу системасын түзөт.
Тоолуу райондорду өнүктүрүүнү ким координациялайт?
Непалда пландоонун борбордук түйүнү – бул Улуттук пландоо комиссиясы (УПК). Ал улуттук пландарды иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн жооп берет. УПК жолдорду куруу же мектептерди башкаруу менен тикелей алектенбейт, бирок жалпы артыкчылыктарды белгилеп, тоолуу жана алыскы аймактарды камтыган мамлекеттик программалар өлкө боюнча кандайча ишке ашырылып жатканына көз салат.
Мамлекеттик программаларга мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы мониторинг жана баалоонун улуттук принциптерине (2018-жыл) жана өлкөдө мониторинг жана баалоо системасын акырындык менен кеңейтүүчү жана формалдаштырган жаңы укуктук жоболорго негизделет. Муниципалитеттер үчүн бул бир нерсени билдирет: отчеттуулукка жана жыйынтыктарды өлчөөгө коюлган талаптар өзүнчө долбоорлорго “кошумча” болбостон, пландоонун жана каржылоонун жалпы циклине киргизилген.
Ошол эле учурда тоолуу аймактар климаттык жана табиятты коргоо саясатына да камтылган. Климатка ыңгайлашуунун буга чейинки программалары – NAPA (2010) жана LAPA – улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде аярлуулукка карата мамилени өнүктүрүүдө маанилүү этаптар болуп калды. Булар кийинчерээк узак мөөнөттүү алкакка алмаштырылган, Улуттук ыңгайлашуу планы (УЫП, 2021–2050) учурда иштеп жатат, ал аярлуу бийик тоолуу жана анын айланасындагы аймактарга басым жасайт.
Баш кеңсеси Катмандуда жайгашкан Интеграцияланган тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор (ICIMOD) өзүнчө орунду ээлейт. Ал мамлекетке изилдөө иштерине гана эмес, практикалык аспаптарга – аярлуулук профилдерге, жамааттардын катышуу моделдерин сыноого, тобокелдиктерди талдоого жана улуттук стратегияларды иштеп чыгууга жардам берүүдө. Бул муниципалитеттер үчүн маанилүү: өлкөдөгү айрым дайындар жана методикалар министрликтердин ичинде эмес, изилдөө-аналитикалык платформалар аркылуу түзүлөт жана “сыналып”, андан ары пландоодо колдонулат.
Непалда тоолуу жана алыскы аймактар кантип аныкталат?
Непалда тоолуу конуштардын бирдиктүү кодификацияланган тизмеси жок. Мамлекет бир нече бири-бири менен кесилишкен алкактарды колдонот.
Биринчи алкак – өлкөнүн үч экологиялык зонасына физиографиялык классификациясы: Химал (тоолор), Адырлар жана Тераилер (түздүктөр). Ал бардык расмий документтерде колдонулат жана регионалдык талдоо үчүн негизги “каркасты” түзөт. Бул логиканын алкагында Химал негизги тоолуу аймак катары каралат, бирок иш жүзүндө колдоо чаралары тоолуу аймакка гана эмес, аярлуу райондордун кеңири топтомуна тиешелүү.
Экинчи алкак – аярлуулуктун программалык критерийлери. Алар бийиктикти жана рельефти алыстык, кызмат көрсөтүүлөргө жетүү убактысы, жакырчылык жана экологиялык морттук менен айкалыштырат. Иш жүзүндө бул “тоолуулук” жалгыз критерий эмес экенин билдирет: негизги маселе – бул аймактын канчалык аярлуу экендиги жана аны өнүктүрүүнүн баасы жана татаалдыгы канчалык жогору.
2021-2050-жылдарга Климатка ыңгайлашуунун улуттук планы максаттуу аймактарды тандоого ка-рата мамилени формалдаштырат. Ал бийик тоолуу райондорго жана табигый коркунучтарга көбүрөөк дуушар болгон, ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгү чабал болгон чектеш аймактарга инвестиция тартууга артыкчылык берет. Аймактык жана жергиликтүү бийлик органдары артыкчылыктуу муниципалитет-терди жана варддарды (жамааттарды) аныктоо үчүн аярлуулукту баалоону колдонушат деп күтүлүүдө.
Непалдагы аярлуулуктун критерийлери географияны гана камтыбай турганы маанилүү. Документтерде жана практикада факторлордун үч тобу колдонулат: географиялык, социалдык-экономикалык жана экологиялык.
Географиялык факторлор адатта бийиктиктен жана эңкейиштен башталат. Бийиктиги 2000 метрден жогору болгон аймактар көп учурда өнүктүрүүгө чоң чыгымдарды талап кылган аймактар болуп эсептелет, ал эми 3000 метрден бийик аймактар климаттык жана өзгөчө кырдаалдар программаларында өтө аярлуу жана көбүрөөк артыкчылыктуу деп эсептелет.
Социалдык-экономикалык факторлор жакырчылыкты жана азык-түлүктөн корголбогонун эске алат. УПКнын жакырчылык карталарына ылайык, жакырчылыктын чегинде жашаган калктын үлүшү жогору болгон аймактар аныкталып, аларга социалдык-экономикалык программаларда көбүрөөк көңүл бурулушу мүмкүн.
Аймактын алыстыгы негизги кызмат көрсөтүүлөргө жетүү убактысы аркылуу бааланат, мисалы, медициналык пунктка, мектепке же базарга жөө жетүүгө 2-3 саат кетет. Жол программаларында ар кандай аба ырайы болгон жолдон бир күндөн ашык убакыт жол жүрүүчү аймактар алыскы деп эсептелиши мүмкүн. Бул колдоону административдик статуска гана эмес, ошону менен бирге чыныгы жашоо шарттары менен байланыштырууга мүмкүндүк берет.
Экологиялык аярлуулукка мөңгү көлүнүн жарылуу, жер көчкү жана кургакчылык тобокелдиктери кирет. Бул факторлор климатка ыңгайлашуу пландарында жана долбоордун негиздемелеринде жигердүү катышат.
Дагы бир маанилүү критерий – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун институционалдык жөндөмү. УПК жүргүзгөн мониторингдин алкагында кошумча колдоо жана техникалык жардам жиберүү үчүн административдик жөндөмү төмөн муниципалитеттер аныкталат.
Бул артыкчылыктарды аныктоо системасы бир эле маалда ийкемдүү жана татаал болууда. Ийкемдүүлүк ар башка провинциялардын реалдуулуктарын эске алууга мүмкүндүк берет, бирок мыйзам менен бекитилген бирдиктүү улуттук индекс болбогондуктан, чечимдердин бирдей эместиги жана өзгөрүлмөлүүлүгү тобокелдикти жаратат.
Ар кандай деңгээлдердеги башкаруу кантип түзүлгөн?
2015-жылдагы федералдык реформадан кийин тоолуу райондордогу долбоорлорду аныктап, ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик негизинен жергиликтүү өз алдынча башкарууга жүктөлгөн. Муниципалитеттер жана элеттик муниципалитеттер долбоорлорду мыйзамда белгиленгендей биргелешкен пландоо жол-жоболору аркылуу иштеп чыгышат. Алар долбоорлорду сунуштап, жергиликтүү ресурстарды бөлүп, трансферттерди алышат. Провинциялар сунуштарды бириктирип, техникалык жактан начар муниципалитеттерге жардам беришет. Федералдык министрликтер программаларга эрежелерди, стандарттарды жана жалпы координацияны белгилешет.
Жарандардын катышуусу маанилүү элемент бо-луп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иши жөнүндө мыйзам (2017) муниципалитеттерди варддардын деңгээлинде жолугушууларды өткөрүүгө милдеттендирет. Бул жолугушууда тургундар артыкчылыктуу багыттарды сунуштап, талкуулашат. Бул сунуштар пландарга жана бюджеттерге кирет. Анткен менен, тышкы баалоо катышуу көп учурда формалдуу бойдон кала берээрин жана ресурстарды иш жүзүндө бөлүштүрүүгө дайыма эле таасир эте бербестигин көрсөтөт. Ошол эле учурда катышуу ээлик кылуунун жана жоопкерчиликтин реалдуу механизмине айланган жерде, мисалы, колдонуучулардын комитеттери аркылуу долбоорлордун туруктуулугу жогору болот.
Муниципалитеттер үчүн бул тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө акча гана эмес, ошону менен бирге долбоорлорго курулуштан кийин да жашоого мүмкүндүк берген, тейлөөнү, башкарууну, коомчулуктун катышуусун жана отчеттуулукту камсыз кылган институционалдык механизмдерди талап кылат дегенди билдирет.
Долбоорлор кантип тандалат жана чечимдер кантип негизделет?
Непалдагы долбоорлорду сунуштоо жана бекитүү системасы улуттук пландар менен тыгыз байланышта. Жергиликтүү пландарда жолдордун, көпүрөлөрдүн, суу менен жабдуунун, жантаймаларды турукташтыруунун, чакан медициналык мекемелердин долбоорлору, жашоо үчүн каражат жана климатка ыңгайлашуу камтылат. Провинциялар бул долбоорлорду ири программаларга бириктиришет, ал эми федералдык деңгээлде туризм, токой чарбасы жана табигый кырсыктын тобокелдигин азайтуу сыяктуу тармактарда улуттук программаларды колдойт.
Непалдын мүнөздүү өзгөчөлүгү – тоолуу райондордогу долбоорлор аярлуулук аркылуу негизделүүгө тийиш. Мисалы, мөңгү көлүнүн жырылышынан улам суу ташкыны тобокелдиги бар өрөөндө жол курулуп жатса, коркунучтар көрсөтүлгөн карталарга шилтеме жасап, долбоор коопсуздукту жана жеткиликтүүлүктү кантип жогорулатарын көрсөтүш керек. Медициналык пункттар жана мектептер жетүүгө кеткен убакыт, калктын жана объекттердин катышы менен негизделет. Ал тургай, бирдиктүү индекс болбосо да, далилдерди күтүү жол-жобого киргизилген.
Өнөктөштөр маанилүү ролду ойнойт. Дүйнөлүк банк, АӨБ, БУУӨП жана ICIMOD тобокелдиктерди баалоо аспаптарын жана аярлуулук профилдерин киргизип жатышат, алар юридикалык күчкө ээ болбосо да, адатта пландоого жана трансферттерге таасир этет. Бул дайындарды системалуу колдонууга акырындык менен өтүүнү калыптандырат.
Каржылоо кандайча иштейт: негизги механизм – формулаларга негизделген трансферттер
Непалдагы тоолуу жана алыскы райондорду өнүктүрүүнү каржылоо жалпы бюджеттик системага киргизилген. Негизги булагы – федералдык бюджет, ал өкмөттөр аралык салыктык трансферттер аркылуу бөлүштүрүлүп турат. Жаратылыш ресурстары жана финансы боюнча улуттук комиссия (NNRFC) аралыкты, калктын санын жана салык дараметин эске алып, кайра бөлүштүрүү формулаларын белгилейт. Натыйжада, алыскы муниципалитеттер жеткиликтүү түзөң аймактарга караганда жан башына бир кыйла жогору трансферттерди алышат. Системада төрт негизги аспап колдонулат. Биринчиси – теңдештирүү гранттары. Бул формула боюнча бөлүштүрүлгөн, финансылык отчеттуулуктун стандарттуу эрежелери сакталса, салыштырмалуу ийкемдүү колдонууга боло турган акчанын ири агымы. Гранттар бийиктикти жана алыстыкты так эске алышат жана муну менен кызмат көрсөтүүлөрдүн жана инфраструктуранын кымбаттыгынын ордун толтурушат.
Экинчиси – шарттуу гранттар. Алар да аярлуулук критерийлери боюнча бөлүштүрүлөт, бирок максаттуу пайдаланууну жана талаптарды тармактык министрликтер аныктайт. Бул билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, инфраструктураны, ал эми кээде экономикалык өнүгүү чараларын каржылоого мүмкүндүк берет. Бул үчүн мындай багыттар белгилүү бир жылдын улуттук пландарына киргизилүүгө тийиш.
Үчүнчүсү – кырсыктарга же экстремалдуу географиялык обочолонууга байланыштуу өзгөчө муктаждыктарга багытталган атайын гранттар. Алар долбоордук сунуштарды жана федералдык деңгээлде кароону талап кылат.
Төртүнчүсү – биргелешкен гранттар, алар кошо каржылоого дем берет: федералдык үлүш жергиликтүү салым ырасталгандан кийин гана келет. Бул агрокайра иштетүү, энергетика же чакан инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу жамааттын же жергиликтүү бийликтин катышуусу талап кылынган долбоорлор үчүн өзгөчө маанилүү.
Бул төрт аспаптан тышкары, трансферттик агымдарда дайыма эле байкала бербеген, бирок тоолуу аймактар үчүн маанилүү болгон тармактык субсидиялар жана стимулдар да бар. Алардын арасында чакан ГЭСтерге жана күн системаларына суб-сидиялар, тоолордогу жолдорду жана учуп-конуу тилкелерин күтүүгө кошумча каражаттар, айыл чар-басына жогорулатылган субсидиялар жана туризм менен ишкердик үчүн жеңилдетилген схемалар бар.
Непал ошондой эле насыяга жеткиликтүүлүктү колдоо үчүн финансылык механизмдерди да колдонот. Жеңилдетилген насыя боюнча пайыздарды субсидиялоо программасы 2025-жылы кайрадан каралып чыккан. Борбордук банк (Nepal Rastra Bank) алыскы муниципалитеттерди кошо алганда, айылдык жана аз камсыз болгон топтор үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жардам берген артыкчылыктуу жана жакыр секторлорго насыя берүү талаптарын белгилейт. Бирок бул механизмдер атайын тоолор үчүн гана иштелип чыккан эмес; алардын натыйжалуулугу финансылык инфраструктуранын болушуна жана адамдар менен бизнестин насыяларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.
Бюджеттик дайындардын негизинде Гималайдын бийик тоолуу муниципалитеттерине киши башына трансферттер жылына болжол менен 110-130 АКШ долларын түзөт. Бул болжолдуу сан жана булактар чектөөлөрдү белгилешет: алыскы райондордогу калктын дайындары дайыма эле так боло бербейт, ал эми каражаттарды өздөштүрүү кескин айырмаланат. Ошого карабастан, ал системага орнотулган кайра бөлүштүрүүнүн масштабын көрсөтөт.
Мониторинг жана баалоо: кагаз жүзүндө күчтүү система жана ишке ашыруудагы көйгөйлөр
Непалда тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы пландоонун жалпы улуттук циклине киргизилген. УПК беш жылдык пландар, Климатка ыңгайлашуунун улуттук планы жана Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча жылышты көзөмөлдөө үчүн жооп берет. Жергиликтүү бийлик органдары жылыш жөнүндө отчетторду даярдоого милдеттүү, андан кийин отчеттор провинциянын жана федералдык деңгээлде бириктирилет.
Мониторинг индикаторлордун ар кандай деңгээлдерин колдонот. Булар салымдын көрсөткүчтөрү (ассигнование жана каражаттарды өздөштүрүү деңгээли), натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү (канча мектеп курулду, жолдор километри, чакан ГЭСтер), ошондой эле таасирдик көрсөткүчтөрү (мисалы, кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн өзгөрүүсү, электрлештирүү, жакырчылыкты азайтуу, миграция) болушу мүмкүн. Мындай структура система кайсы жерде иштеп жатканын, ал эми кайсы жерде курулуш же каржылоо туруктуу жакшы жагына өзгөрүүлөргө алып келбегенин көрүүгө мүмкүндүк берет.
Улуттук пландардын орто мөөнөттүү серептери өлкөдө мектептердин, медициналык пункттардын, жолдордун сапаты жогорулап, электрлештирүүнүн деңгээли көтөрүлүп, жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жаатында жылыш бар экенин көрсөтүүдө. Бирок ошол эле учурда ажырым кала берүүдө: инфраструктуранын сапаты жана долбоорлордун туруктуулугу бийик тоолуу провинцияларда чабал, ал жакта кирешелер төмөн жана жаштардын миграциясы күчтүү. Мамлекет муниципалитеттердин административдик жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө инвестицияларсыз ишенимдүү трансферттер болсо да, каражат аз колдонулуп же таасири төмөн долбоорлорго багытталышы мүмкүн экендигин моюнуна алат.
Тышкы серептер жана изилдөөлөр эки негизги чакырыкты баса белгилейт. Биринчиси – алыскы муниципалитеттердин татаал долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөндөмүнүн чабалдыгы. Экинчиси – донордук демилгелердин фрагментациясы: өзүнчө пилоттук аймактар жакшы иштешет, бирок адатта масштабы кеңейбейт, ажырымдар жана бирин-бири кайталоо болуп турат.
Непалдын тажрыйбасынан Кыргызстандын муниципалитеттери үчүн эмнелер маанилүү?
Непалдын тажрыйбасы көрсөткөндөй, тоолуу жана алыскы аймактарды колдоо өзүнчө “тоо жөнүндө мыйзам” болбосо дагы, башкаруунун жалпы системасына киргизилиши мүмкүн. Бул үчүн үч шарт талап кылынат.
Биринчиси – пландоонун так алкагы, мында бирдиктүү максаттар жана бирдиктүү документтер бар, аларга тоолуу аймактар камтылган. Непалда бул ролду беш жылдык пландар жана узак мөөнөттүү ыңгайлашуу планы аткарат, ал эми координациялоону УПК камсыз кылат.
Экинчиси – аралык жана бийиктик сыяктуу объективдүү факторлорду эске алган формулага негизделген каржылоо. Дал ушул нерсе каражаттардын бөлүштүрүлүшүн алдын ала божомолдоону мүмкүн кылат жана субъективдүү чечимдерди кабыл алуу тобокелдигин азайтат.
Үчүнчүсү – долбоорлорду негиздеп, артыкчы- лыктуусун аныктоо үчүн колдонулган дайындар жана аярлуулук критерийлери менен иштөө. Бир дагы индекс болбосо да, долбоор жеткиликтүүлүк жана тобокелдик өңдүү реалдуу көйгөйлөрдү чечип жатканынын далилдерин мамлекет күтөт.
Ошол эле маалда Непалдын тажрыйбасы да чектөөлөрдү көрсөтүп турат. Система кагаздын бетин-де жакшы көрүнүшү мүмкүн, бирок жыйынтыктар муниципалитеттердин сапаттуу долбоорлорду даярдоо, аларды башкаруу жана туруктуулукту камсыз кылуу жөндөмүнөн көз каранды болот. Бул дарамет чабал болгон жерде акча сөзсүз эле жашоону жакшы жагына өзгөртүп жибербейт.
Корутунду
Непал бири-бирин толуктап турган аспаптардын жыйындысы аркылуу тоолуу райондорду өнүктүрүүгө умтулууда. Улуттук пландоо комиссиясы алкактарды белгилейт жана жылышты көзөмөлдөйт. Климат жана экологиялык саясат аярлуу аймактарга узак мөөнөттүү көңүл бурууну камсыз кылат. Формулага негизделген финансылык трансферттер каражаттарды алыскы муниципалитеттердин пайдасына бөлүштүрүлүшүн камсыздайт. Жарандардын катышуусу жергиликтүү пландоо системасына киргизилген, бирок иш жүзүндө адатта формалдуу бойдон кала берүүдө. Мониторинг жана баалоо көзөмөл үчүн негиз түзөт, бирок жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жана дайындардын сапатын жогорулатууну талап кылат.
Тоолуу аймактарды колдоонун адилеттүү жана ачык системасын издеген муниципалитет-тер жана өлкөлөр үчүн Непалдын негизги сабагы – бөлүштүрүүнүн жана пландоонун туруктуу механизмдери өз-өзүнчө долбоорлорго караганда маанилүү. Ошол эле маалда ийгилик жергиликтүү бийлик органдарынын ресурстарды реалдуу өзгөрүүлөргө жумшоого канчалык жөндөмдүү болгонуна жана каржылоо аяктагандан кийин жыйынтыктарды сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө жараша болот.
Кыргызстан үчүн Непалдын тажрыйбасынан “даяр чечимдер” эмес, мында республиканын шартында колдонула турган бир нече практикалык принциптер пайдалуу болмок.
- Биринчиден, Непал тоолуу жана алыскы аймактарды колдоо сөзсүз эле өзүнчө “тоо жөнүндө мыйзам” менен таризделбесе да боло турганын көрсөтүп турат. Тоолуу аймактар улуттук пландоого жана бюджеттик эрежелерге киргизилген модель иштейт. Кыргызстан үчүн бул аярлуулук индексин параллелдүү институттарды түзбөстөн, мамлекеттик башкаруунун жана бюджет түзүүнүн иштеп жаткан системасынын ичинде жумушчу аспапка айландырса болот дегенди билдирет.
- Экинчиден, Непалдын негизги механизми – кызмат көрсөтүүнүн алыстыгын, шарттарынын татаалдыгын жана наркын эске алуу менен жергиликтүү бийлик органдарына трансферттерди формуланын негизинде бөлүштүрүү. Кыргызстан үчүн бул бир жүйөнү билдирет: индекс “артыкчылыктуу айылдардын” тизмесине гана эмес, ошондой эле талаш-тартыштарды азайтуу үчүн да райондор менен аймактардын ортосунда каражаттарды бөлүштүрүүнүн түшүнүктүү формуласына да байланышы керек.
- Үчүнчүдөн, Непал жөн гана бийиктикти эмес, “аярлуулук” түшүнүгүн кеңири колдонот. Критерийлерге жеткиликтүүлүк, табигый кырсыктардын тобокелдиктери, жакырчылык жана жергиликтүү бийлик органдарынын долбоорлорду ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү кирет. Кыргызстан үчүн бул сиздин индекстин толук алкагынын тууралыгын тастыктайт: айыл эмне үчүн артта калып жатканын жана эмне үчүн дал ошол жакка чаралардын топтомун жөнөтүү керектигин география түшүндүрбөйт.
- Төртүнчүдөн, Непалдын тажрыйбасы көрсөткөндөй, жергиликтүү бийликтин долбоорлоо жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрү чабал болсо, акча болгон учурда да тоолуу аймактарды өнүктүрүү илгерилебейт. Кыргызстан үчүн бул маанилүү тыянак: айылдардын ичинен артыкчылыктуусун тандап алуу менен бирге аймактарга жана райондорго техникалык колдоо көрсөтүү – долбоордук өтүнмөлөрдү даярдоо, сатып алууларды коштоо, сапатты көзөмөлдөө жана пайдаланууну пландаштыруу зарыл.
- Бешинчиден, Непал чечимдерди “далилдүү” кылууга аракет кылып жатат: долбоорлор кызмат көрсөтүүлөргө жетүү убактысы, тобокелдиктердин карталары, аярлуулуктун көрсөткүчтөрү менен негизделет. Кыргызстан үчүн бул аярлуулук индекси жөн гана таблица эмес, коомго чечимдерди түшүндүрүүгө жардам берген система болушу керек дегенди билдирет: эмне үчүн бул айыл артыкчылыктуу, кандай көйгөйлөр аныкталды жана кайсы чаралардын топтому дал ошол жерде логикалуу.
- Акыры, Непалдын сабагы – жашоочулардын пландоого катышуусу маанилүү, бирок мунун өзү сапатка кепилдик бербейт. Ошондуктан Кыргызстанга көрсөткүчтөр жана ачык дайындар артыкчылыктардын “каркасын” бергендей, ал эми жергиликтүү консультациялар ресурстарды бөлүштүрүүнүн өзөгүн алмаштырбастан, керектөөлөрдү тактоого, дайындарды тастыктоого жана каталарды болтурбоого жардам бергендей системаны куруу пайдалуу болот.
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин жеринде түшүндүрүүгө жардам берди
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Ош облусунун Ноокат району: туризм – өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерине карабастан пландалган өсүш
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району: туризмге инвестиция тартуу туристтердин санынын көбөйүшүнө жана бул тармактагы жумуш орундарынын өсүшүнө алып келет
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Райондун СЭӨПсы аймактын келечегин божомолдоого кантип жардам бере алат?
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кеминде жайкы туристтик сезонду салтанаттуу түрдө ачышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Ат-Башы: өнүккөн келечекке карай өкмөттүн, бизнестин жана коомдун тандеми
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району: туризмдин өсүшүнөн улам пайда болгон экологиялык тобокелдиктер азайтылып жатат
















