Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аймактарды өнүктүрүү
ӨСИ Душанбедеги регионалдык конференцияда дайындар жана өнүгүү тууралуу диалогго катышууда же стратегиялык максат катары орто тап: жакырчылыкка каршы риторикадан экономикалык мобилдүүлүктүн күн тартибине чейин
Надежда ДОБРЕЦОВА, Артур САРКИСОВдун катышуусу менен
2025-жылдын 24-25-сентябрында Душанбеде “Чечимдер үчүн дайындар” аттуу регоиналдык конференция өттү. Конференцияны Тажикстан өкмөтүнүн колдоосу менен Дүйнөлүк банк жана Британиянын Тышкы иштер жана Шериктештиктин иштери боюнча министрлиги уюштурган. Муниципалитеттер “жакырчылыкка каршы күрөш” жөнүндө айта берип көнүп калышты, бирок Душанбеде сүйлөшүү башкача нукта өттү: шаарлар менен айылдар ураандарга эмес, дайындарга таянып орто тапты кантип “өстүрүүдө”. Иш жүзүндө ЖӨБ органдары тескеген үч тездеткичке көңүл бурулат: туруктуу дайындар жана чыгашалардын артыкчылыктуулугун аныктоо үчүн СЭӨПнын алгоритмдери; жумуш орундарынын жана салыктык базанын булагы катары аялдардын катышуусунун “экономикалык логистикасы” (бала бакчалар −› коопсуз транспорт −› бизнести оңой баштоо); климаттык соккуларга амортизатор катары адаптивдүү социалдык коргоо. Бул мэр менен айыл өкмөт башчысы эртең өздөрүнө бере турган суроолор, убадалар менен эмес, сандар менен жооп берүүгө мүмкүндүк берген каражаттар тууралуу макала.
“Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын (EGED) алкагындагы негизги окуялардын бирине айланган конференция Борбордук Азия өлкөлөрүнөн эки жүзгө жакын катышуучуну, өкмөттөрдүн, илимий борборлордун, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултту. EGED Программасы бир нече жылдан бери дайындар жана далилдер адилеттүү жана инклюзивдүү өнүгүүнүн аспабы болушунун үстүнөн иштеп келет. Программа чөлкөмдөгү өлкөлөргө кыйла натыйжалуу башкарууну калыптандырууга, ресурстарды ачык-айкын бөлүштүрүүгө жана саясаттын отчеттуулугун түзүүгө жардам берип келет.
ӨСИ EGED Программасын ишке ашыруучу жана өнөктөшү болуп саналат. Программа экономикалык өнүгүү жаатындагы ӨСИнин экспертизасын бекемдөөгө гана эмес, ошону менен бирге жаңы регионалдык байланыштарды курууга, мамлекет, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөрдүн диалогу үчүн аянтча түзүүгө да мүмкүндүк берет. ӨСИ үчүн бул Борбор Азиялык региондогу эл аралык кызматташуу гана эмес, ошондой эле Кыргызстанда субулуттук пландоону колдоодон баштап, мамлекеттин чечимдерине мониторинг жүргүзүүгө жергиликтүү жамааттарды тартууга чейинки системалуу ишти улантуу да болуп саналат.
Чечимдерди кабыл алуу процессинде дайындар бизге эмне үчүн керек: дайындар отчеттордогу сандар гана эмес, башкаруучулук технология катары да
“Чечимдер үчүн дайындар” жөнүндө толук жана татаал сүйлөшүүдө да жөнөкөй нерсени айтуу маанилүү: дайындар жыштыгы жана кайталанышы болгондо чечимге айланат (биз иштин кечээки абалын эмес, бүгүнкүсүн көрө алабыз, дайындарды динамикада салыштыра алабыз), гранулярдуулук же деталдаштыруу (биз облусту же жалпысынан регионду эмес, калктуу конуштарды, махаллаларды жана кварталдарды айырмалайбыз) жана практикалык колдонулушу (дайындардын ар бир бирдиги, метрика бюджеттик жана долбоордук циклдеги конкреттүү кадамга “даректелген”). Дал ошондуктан Душанбедеги регионалдык диалог абстракттуу тезистер менен алмашуу катары эмес, “чечимдердин инженериясын” салыштыруу катары жаңырды, анда кожолуктар арасында телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоолор жана инфраструктуранын мейкиндик катмарлары бирдиктүү чынжырга биригет: көйгөйлөрдү эрте мөөнөтүндө алдын алуудан баштап, бюджеттик чыгашалардын артыкчылыктарына чейин (пленардык дискуссиянын материалдарынан жана Адамас ИЛКЕВИЧУИСтин кириш сөзүнөн алынды).
Конференциянын бардык сессияларын бириктирген суроо жөнөкөй жаңырды: бизге дайындар эмне үчүн керек? Катышуучулар издеп жаткан жооп алда канча татаал. Далилдер базасыз жана сандык дайындарсыз региондордун деңгээлинде натыйжалуу пландоону куруу мүмкүн эмес, ал эми болжолдоо – келечекти моделдөө, эртеңки күндү калыптандыруу андан да кыйын болот. Мамлекет адамдарга кайсы жерде жана кандай формада жардам керектигин так билбесе, негизги топторду коргоо мүмкүн болбойт. Мамлекеттик ишканаларды жана атаандаштык чөйрөнү реформалоо да далилдерди талап кылат, талдоо аркылуу гана инвестицияларга жана жумуш орундарын түзүүгө кандай тоскоолдуктар бут тосуп жатканын түшүнүүгө болот. Климатка тиешелүү да ушуну айтса болот; табияттагы өзгөрүүлөрдү системалуу түрдө эсепке алып, алдын ала болжолдоодо гана аларга жооп кайтарууга болот. Дайындар көзгө илинбегенди көрүүгө жардам берет. Мисалы, экономикада аялдар үчүн тоскоолдуктар адатта көзгө көрүнбөйт, бирок жумуштуулук, ресурстарга жеткиликтүүлүк же ишкердикке катышуу статистикасы аркылуу айкын болот.
Региондор үчүн дайындардын пайдалуулугунун үч деңгээли
Муниципалдык команда “мунун баары бизге эмне үчүн керек?” деп сураганда, жообу үч тепкич сыяктуу курулган. Биринчи баскычы – операциялык муктаждык: жөлөкпулдар, кезектер, бейтапканалар боюнча күнүмдүк статустар; экинчиси – стратегиялык: мектепти, ФАПты, көпүрөнү кайсы жерге жайгаштырыш керек жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү кантип өзгөрөт; үчүнчүсү – эскертүүчү же болжолдоочу: түшүмдүүлүк он пайызга аз болсо же энергиянын баасы жыйырма пайызга көтөрүлсө эмне болот; биз бул муктаждыктарга канчалык тез жана жакшы жооп бере алсак жана дайындардын бул тепкичтеринен канчалык “көтөрүлсөк”, ошончолук аз чечимдер “азиздей сыйпалап” кабыл алынат жана акча жашоонун траекториясын өзгөрткөн чекиттерге ошончолук көп түшө баштайт (Искандарбек МАМАТОВдун (КР Экономика жана коммерция министрлиги) материалдарынан жана Габриэла ИНЧАУСТЕнин Дүйнөлүк банктын өндүрүмдүүлүк жана башкаруудагы дайындар жөнүндө сүйлөгөн сөздөрүнөн алынды).
“Өсүш тепкичтери” болбогон эмгек рыногу: эмне үчүн жакшы маянасы бар вакансиялар аз жана потенциал каякка кетүүдө
Дүйнөлүк банк билдирген дайындардын чоңойтуучу айнеги аркылуу Борбордук Азиядагы регионалдык эмгек рыногуна көз чаптырсак, жагымсыз чындык ачыкка чыгат: Борбордук Азиядагы эмгекке жарамдуу калктын 45,3 миллион адамынын 7,1 миллиону гана “орточо кирешелүү” эмгек акы төлөнгөн жумушта иштешет, ал эми 20,3 миллионго жакыны жумушсуз. Бул статистика формалдуу эмес экономиканын туруктуулугун, көндүмдөрдүн өнөкөт жетишсиз каржыланышын жана миграцияга туруктуу каалоону жакшы түшүндүрүп турат; ошол эле учурда айрыкча орто тапка кирбеген кожолуктардагы аялдар мурдагыдай эле жумушчу күчүндө аз көрсөтүлөт, бул аялдардын жумуш менен камсыз болушун жөн гана “социалдык тема” эмес, чындыгында эң аз колдонулган экономикалык резервге айландырып жатат, анын ачылышынан өндүрүмдүүлүктүн динамикасы жана муниципалдык бюджеттердин салык базасы көз каранды.
Жакырчылык менен күрөштүн ордуна күн тартибинде орто тапты кеңейтүү турат
Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү үчүн көптөн бери созулуп келаткан жана көйгөйлүү маселе – жакырчылыктын деңгээли. 2020-жылдагы пандемиянын экономикага тийгизген оор кесепетинен кийин пайда болгон нес абалдан чыкканы менен, чөлкөмдөгү өлкөлөрдөгү жакырчылык олуттуу көйгөй бойдон кала берүүдө. Ал эми Европадагы жана Борбордук Азиядагы Жакырчылык жана теңчилик маселелери боюнча глобалдык бөлүмдүн (Дүйнөлүк банк) практикасынын жетекчиси А.НАРОЯНдын баамында, жакырчылык көйгөйүн чечүү дагы эле кол жеткис максат бойдон калып жатат. Дагы деле үй-бүлөлөрдүн кирешеси мигранттар которгон акчадан көз каранды, бул болсо үй-бүлөлөрдү глобалдык тобокелдиктердин алдында аяр абалда калтырып, ал эми орто таптын саны жай өсүүдө.
Мындан тышкары, кимдер орто тапка кирет жана жакырлар менен орто таптын ортосундагы чекти киреше гана аныктайбы деген суроо дале ачык бойдон калууда. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкынын 25 пайызга жакыны киреше орто таптын чегин аныктоодо негизги фактор эмес деп эсептейт. Көптөгөн жамааттар жакырчылыкты “уят” катары кабыл алганы да кырдаалды татаалдаштырып жатат; жакыр болуу жана жакыр деп аталуу уят жана кабыл алынгыс көрүнүш. Мындай стигма жакырчылыкты калыс өлчөө ишин кыйындатып жатат.
Коомдук жана мамлекеттик дискурста жакырчылык менен күрөшүүнүн парадигмасы, философиясы орто тапты кеңейтүү философиясына алмашып жатканы көңүлдү бурат, бул болсо саясий мамлекеттик сөздүктө да чагылдырылат. Маселен, Тажикстанда Жакырчылык менен күрөшүү кеңеши Орто тапты кеңейтүү кеңеши деп өзгөртүлгөн. Бул жакырчылык көйгөйү канчалык курч болгонун жаап-жашыруу аракетиби же иштин жаңы ыкмаларына чындап өтүүбү – буга баа берүү азырынча кыйын, бирок коомго берилген белги ачык жаңырды – дал ушул орто тап улуттун таянычы жана ресурсу болуп саналат.
1-сүрөт. Борбордук Азия өлкөлөрүндө жашаган калктын курамында жакыр, аяр абалдагы, орто жана бакубат катмарларынын үлүшү

Булак: Дүйнөлүк банктын кызматкерлеринин эсептөөлөрү. Дайындар кожолуктардын бюджеттерин улуттук репрезентативдүү изилдөөсүнөн алынды (Кыргызстан үчүн KHIS). Казакстан үчүн дайындар ECAPOV маалымат базасынан алынды.
Орто тап үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тобунун киреше деңгээли гана эмес, бул алардын соккуларга туруштук берүүсү (жумушунан айрылганда “финансылык коопсуздук жаздыкчасы” барбы), адамдык капиталдын сапаты (билим жана көндүмдөрдүн горизонту кандай) жана формалдуу рынокторго камтылуусу (насыяга, укуктардын корголушуна, инфраструктурага жеткиликтүүлүк). Конференциянын баяндамачылары орто таптын кеңейиши жөнүндө сөз кылганда, алар иш жүзүндө “даректүү субсидиялардан” мобилдүүлүк пакеттерине өтүүнү сунушташты1: балдардын эрте жашта өнүгүүсү, жалпы жана жеткиликтүү кесиптик билим берүү, аялдардын жумуштуулугу жана чакан бизнес үчүн болжолдоого мүмкүн болгон эрежелер – бул ар бир компонентти өз-өзүнчө алганга караганда көбүрөөк натыйжа берет (А. НАРОЯНдын баяндамасынан алынды, Дүйнөлүк банк).
Бул маңызынан алып караганда конференциянын катышуучулары жакыр, өтө аяр абалдагы топтор жөнүндө айтып жатып, жардамдын түрлөрүнө гана эмес, ошону менен бирге адамдарды бул категорияга кошуунун жана чыгаруунун өзгөчөлүктөрүнө да токтолуп, тажрыйбасы, практикалары, калктын аярлуу катмарын коргоонун жана колдоонун системалуу ыкмалары менен бөлүшүштү. Чөлкөмдөгү бардык өлкөлөргө аярлуу топторду колдоо программаларын башкаруунун санариптик ыкмаларын киргизүүнү тездетүү мүнөздүү, бирок ӨСИнин кызматкерлери санариптик ыкмаларды киргизүүнүн пайдасын талкуулоодо санариптештирүү тобокелдиктерин баалоого жана башкарууга өтө аз көңүл бурулганын байкашкан. Бул өзгөчө социалдык коргоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндө ачык көрүнүп турат (бул тууралуу кененирээк “Санариптештирүү коркунуч жаратабы? Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органдары үчүн санариптештирүү жөнүндө саясий ой толгоолор” деп аталган макаладан окуй аласыз// “Муниципалитет”, №№7-8, 2023, (http://municipalitet.kg/ky/article/full/3053.html).
Жакырчылык жана экономикалык өсүш темасына өткөн талкууну жыйынтыктап жатып, А.НАРОЯН орто тапты кеңейтүүнүн маанилүү факторлорун мындайча туюндурду:
- социалдык коргоо чөйрөсүндө адамдардын орто таптан жакырчылыкка өтүшүн алдын алуу чаралары зарыл;
- жакырчылыктан чыгуу үчүн материалдык жардам гана эмес, ошону менен бирге комплекстүү пакеттик чаралар көрүлүүгө тийиш;
- келечектеги экономикалык мобилдүүлүктүн өзөгүн түзгөн билим берүүнү өркүндөтүү жаатында күч-аракеттер талап кылынат;
- эмгек рыногунда бизнеске стимулдарды берип, инвестицияларды тартуу аракеттери зарыл.
Орто тапты калыптандыруу жаатындагы күч-аракеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттеринде кантип чагылдырылса болот: мэрге суроолор
Окурманды жалпы сөздөр менен чаташтырбоо үчүн орто таптын айланасындагы бардык окуяны Кыргызстандын ар бир жашоочусу мэрге же айыл өкмөт башчысына даректей ала турган жөнөкөй суроолорго которууга болот: биздин шаарда же айылда кырдаалдын кандайдыр бир даражада кескин өзгөрүүсүндө – экономикалык олку-солкулукта канча кожолук өтө оор абалда калуу коркунучунда турат жана аларда финансылык “камсыздандыруу”, “коопсуздук жаздыгы” барбы?; жергиликтүү бюджеттин канча үлүшү менен биз “мобилдүүлүк пакетин” колдойбуз – бала бакчалардан баштап кесиптик окутууга чейин силер “орточо кирешелүү” жумуш орундарынын өсүшү үчүн эмнелерди жасап жатасыңар; бул суроолорго жооптор “жакырчылык менен күрөш риторикасын” орто тапты чындап кеңейтүү күн тартибинен бөлүп турат. (А. НАРОЯНдын материалдары боюнча, Дүйнөлүк банк; “Муниципалитеттин” редакциялык тажрыйбасы).
Аялдар – бул стратегиялык резерв, бул резервди ишке тартууга убакыт келди
Жакырчылык менен күрөшүү жана экономикалык өсүштү тездетүү көз карашынан алып караганда аялдар Борбордук Азияда толук пайдаланылбаган чоң резерв бойдон кала берүүдө. Аялдарды өндүрүштүк экономикага интеграциялоо жана алардын экономикалык мобилдүүлүгүн жогорулатуу жакырчылыкты кыскартып, орто тапты кеңейтүүдө чечүүчү фактор боло алат. Бул жерде Өзбекстандын тажрыйбасы кызыктуу: мында мамлекет үй-бүлөлүк бизнеске, устаттыкка же устачылыкка жигердүү колдоо көрсөтүп, ошондой эле аялдардын билим алуусу үчүн пайызсыз насыя берүүдө, мунун натыйжасында ЖОЖдордогу орундардын 52 пайызын кыздар ээлейт. Ал эми жалпысынан Өзбекстандын өкмөтү аялдарды колдоого жыл сайын 1,5 миллиард долларга жакын каражат бөлүп турат. Бул жерде күчтүү рычаг иштейт – эрте курактагы балдар үчүн инфраструктура бар, себеби мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин масштабы кеңейген жерде аялдардын формалдуу экономикага кайтуусу үчүн тоскоолдуктар да азаят жана бул кирешенин өсүү траекториясында ошол замат чагылдырылат. Өзбекстан Республикасынын ишке орноштуруу жана жакырчылыкты кыскартуу министринин биринчи орун басары Марат ЖУРАЕВдин баамында, дал ушул нерсе Өзбекстандагы мектепке чейинки программалар менен камтуудагы таасирдүү секирикти түшүндүрөт. Ошону менен бирге расмий баалоо боюнча, бул динамиканын толкунунда миллиондон ашык аял билим алууга кайтып, кесипти өздөштүрүп, акча таба башташты. Башкача айтканда, бала бакчага болгон “социалдык” суроо-талапты эмгектин экономикалык сунушуна айландырууга мүмкүнчүлүк болду. Өндүрүмдүүлүктүн логикасына таяна турган болсок, аялдардын жумушка орношуусу – бул адилеттүүлүк маселеси гана эмес, бул ошону менен бирге “өсүш инженериясы”: Борбордук Азияда жогорку өндүрүмдүүлүктөгү жумуш орундары жетишсиз жана ошол эле учурда жумушчу күчүнүн катышуу көрсөткүчү төмөн, айрыкча аялдар арасында. Ушундан улам формалдуу эмес же “нөлдүк” жумуштуулуктан формалдуу жумушка өткөн ар бир кошумча аял кош эффект берет – салык базасын кеңейтет жана жергиликтүү компаниялардын үлүшүн көбөйтөт, себеби бул компанияларда кадрларды тандап алуу мүмкүнчүлүгү кеңири болот. Ошондуктан, реформалардын программаларында декларациялар эмес, операциялык түйүндөр маанилүү – коопсуз транспорт жана ийкемдүү жумуштуулуктан баштап, өз алдынча иш менен камсыз кылууга жана негизги кредиттөөгө жөнөкөй жол менен жетүүгө чейин, себеби дал ушулар “гендердик күн тартибин” дүң регионалдык продуктунун өсүшүнө айландырышат (Габриэра ИНЧАУСТЕ, Дүйнөлүк банк).
2-сүрөт. Борбордук Азия өлкөлөрүндө аялдардын экономикадагы катышуусун кеңейтүү модели жана экономикалык таасири

Ошентип, Дүйнөлүк банктын өлчөөлөрү менен тастыкталган Өзбекстандын тажрыйбасы аялдарды тартуунун “экономикалык логистикасын” калыптандырат. Ар бир өлкөнүн өзүнүн тоскоолдуктар конфигурациясы бар, бирок дээрлик бардык жерде аялдардын катышуусунун “экономикалык логистикасын” үч нерсе аныктайт: эрте курактагы балдарды багуу кызмат көрсөтүүсүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты, шаардык транспорттун коопсуздугу жана жеке ишкердикке же чакан бизнеске кирүү чыгымдары (насаатчылыктан жөнөкөй насыяларга чейин). Мамлекет ушул үч түйүнгө бир эле учурда инвестиция салганда, аялдардын экономикадагы үлүшү “кагазда эмес, кассада” өсө баштайт, себеби эмгек рыногуна кайтуунун баасы төмөндөп, көндүмдөрдүн айлампасы кеңеет (Габриэла ИНЧАУСТЕнин, Дүйнөлүк банктын жана Өзбекстандын иш менен камсыз кылуу министрлигинин конференцияда сунуштаган материалдары боюнча даярдалды).
Биз “аялдар резерви” жөнүндө сөздөрдү ураандардан дайындардын тегиздигине өткөргөндө, түпкү көйгөй чабал “мотивацияда” эмес, жумуш менен камсыз кылуу структурасында жана убакытты бөлүштүрүүдө экени көрүнүп турат: чөлкөмдөгү аялдардын олуттуу бөлүгү формалдуу түрдө жумушчу күчүнүн катарынан чыгып калууда жана катышуунун төмөндөшү жумушка болгон каалоонун жоктугуна эмес, акы төлөнбөгөн үй тиричилиги жана бала багуусу аларды экономика үчүн “көрүнбөй калгыдай” кылып жатат. Болгондо да Дүйнөлүк банктын эсептөөлөрү дал ушул категорияда миллиондогон жигердүү эмес адамдар бар болгонун көрсөтүүдө; бул жерден пленардык талкуунун негизги тыянагы келип чыгат: аялдардын экономикалык интеграциясы болбосо, орто тапты кеңейтүү милдети арифметикага туура келбей калат, себеби дал ушул жерде кожолуктардын өндүрүмдүүлүгүнүн жана кирешесинин өсүшүнүн ири булагы жатат.
Бул чечимдердин баары жакшы ниеттердин арасында жоголуп кетпеши үчүн аларга башкаруу контуру керек: “Жарандарга кулак салалы” аттуу кожолуктар арасында үзгүлтүксүз телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоо өкмөттөргө жана тармактык ведомстволорго белгилерди берүү үчүн колдонулуп келет, алар аркылуу дайындар мониторингге киргизилип, тарифтик саясаттан социалдык коргоого чейин тез башкаруучулук реакциялардын предметине айланууда. Ошол эле механизм кызмат көрсөтүүлөргө жетүүдө жана кожолуктардын соккуларга жасаган реакциясында гендердик айырмачылыктарды көрүүгө жардам берет, башкача айтканда, дайындардын саясий циклге кирүүсүн расмий түрдө бекитет; мындай моделде аялдардын жумушка орношуусу “социалдык тема” болбой калат жана бала бакчадан автобус каттамына чейин ар бир чечим жумуштуулукка жана кирешеге өлчөнүүчү салым кошкон экономиканын башкарылуучу параметрине айланат (Икико УОЧИнин материалдары боюнча, Дүйнөлүк банк).
“Муниципалитет” журналы жана Өнүктүрүү саясат институту үчүн бул темадагы сүйлөшүү конференция залында эле бүтүп калган жок: “Жамааттарды өнүктүрүүдө аялдар” деп аталган тегерек столдор, ишкер айымдардын окуялары жана Кыргызстандагы ЖӨБ органдарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына гендердик жана социалдык инклюзияны киргизүүнү талкуулоо – мунун баары календарда жазылган иш-чаралар. Мында муниципалдык командалар реалдуу кейстер аркылуу маалыматтардан чечимге, андан соң тажрыйбаларды өзгөртүүгө карай жол басышууда; муну менен аялдардын укуктарын кеңейтүү маселеси “туура сөздөр” деңгээлинен муниципалдык долбоорлоо деңгээлине өтүүдө, бул жерде бала бакча, насыя жана насаатчылык кантип жаңы жумуш орундарына жана туруктуу үй-бүлөлүк бюджетке айланып жатканы көрүнүп турат2.
_____________
1 Бул жерде мобилдүүлүк – адамдын же кожолуктун өзгөргөн экономикалык шарттарга тез көнүү жөндөмдүүлүгү. Мобилдүүлүк көндүмдөрдү, билимдерди жана өзгөрүүлөргө ыңгайлашууну өнүктүрүү жолу менен калыптанат.
2 “Муниципалитет” журналынын кийинки санынан Кыргыз Республикасындагы Жергиликтүү жамааттардын жумалыгынын алкагында өткөн иш-чаралар тууралуу баяндарды окуңуз.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Дайындардан чечимдерге чейин: тоолуу жана алыскы аймактарды өнүктүрүүдө Норвегиянын тажрыйбасы Кыргызстанга эмнелерди бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Аярлуулук картасынан баштап каржылоого чейин: Непал тоолуу жана алыскы аймактарды кантип колдоп жатат
-
№12 (170) / 2025-12-30 СЭӨП 2.0: жаңы инклюзивдүү методикалар: алар кантип жеринде иштей баштады?
-
№10 (168) / 2025-10-04 Бийик тоолуу аймактарды өнүктүрүү: “сокур” колдоодон өнүгүүнүн даректүү чараларына өтүү: Грузиянын тажрыйбасы
-
№9 (167) / 2025-09-21 "Устат-шакирт" моделинин жаңы версиясы же Шакирттик аярлуу топторду өнүктүрүү чарасы катары
-
№9 (167) / 2025-09-21 ЖӨБ органдары СЭӨПны кантип иштеп чыгууда? КР Экономика жана коммерция министрлиги үчүн мониторингдин жыйынтыктары
-
№9 (167) / 2025-09-21 Инклюзивдүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары калктын аярлуу жана артта калып жаткан топтору үчүн шарттарды түзүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Өнүктүрүү саясат институту КР Экономика жана коммерция министрлигине комплекстүү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын өзгөчөлүктөрүн жана милдеттерин жеринде түшүндүрүүгө жардам берди
















