Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (172) 10 Март 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жергиликтүү кеңештин аял депутатынын жергиликтүү демилгеси-2025” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо

2025-11-29 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
“Жергиликтүү кеңештин аял депутатынын жергиликтүү демилгеси-2025” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо

Джамиля АРБАНАЛИЕВА, ӨСИнин консультанты

2025-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында “Жергиликтүү кеңештин аял депутатынын жергиликтүү демилгеси-2025” конкурсунун жеңүүчүлөрүн салтанаттуу маанайда куттуктоо аземи өттү. Бул окуя аял депутаттардын жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө кошкон салымы көбөйүп, барган сайын таанылып жаткандыгынын айкын далили болуп калды.
Конкурсту Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, ошондой эле Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия менен кызматташтыкта “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк Программасынын алкагында, кадр кызматын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жана 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо программасын ишке ашыруу үчүн уюштурду.

Жарандык жана жергиликтүү демилгелер бүгүнкү күндө коомдун өнүгүүсүндө өзөктүк ролду ойноп жатат. Дал ушул демилгелер жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусун күчөтүүгө жана калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн күчтүү механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берген “өсүш чекиттери” болуп калышат. Активдүүлүктүн мындай формасы аймактын тургундарынын өзүн өзү уюштуруусуна көмөктөшөт, алардын өз аймагынын келечеги үчүн жоопкерчилигин жогорулатып, кызматташтыктын жана өз ара колдоонун атмосферасын түзөт.

Жергиликтүү демилгелер адамдарга айылды көрктөндүрүү жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүүдөн тарта жаңы социалдык кызматтарды киргизүүгө жана жаштарды өнүктүрүү долбоорлоруна чейин жалпы тапшырмалардын айланасында биригүүгө мүмкүндүк берет. Тургундар жана ЖӨБ органдары артыкчылыктарды биргелешип аныктап, муктаждыктарды талкуулап, чечимдерди кабыл алуу үчүн биргелешип иш алып барышса, мындан жалпы жамаат утат. Ошондуктан мындай демилгелерди колдоо мамлекеттик саясаттын стратегиялык маанилүү багыты болуп саналат.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен башталды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин санариптик өнүктүрүү боюнча директорунун орун басары Индира ШАРШЕНОВА мындай жергиликтүү демилгелер өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү аспабы экенин жана аял депутаттар лидерликти, кызматташууга ачыктыкты жана өз жамааттарынын кызыкчылыктарын сүрөөгө даярдыгын жигердүү көрсөтүп жатканын белгиледи.

БШКнын өкүлү Айсулуу БУКАМБАЕВА өз сөзүндө аялдардын жергиликтүү бийлик органдарына катышуусу демократиялык процесстерди олуттуу түрдө күчөтүп, чечимдерди кабыл алуунун сапатын жогорулатууга көмөктөшүп жатканына токтолду. Ал белгилегендей, аял депутаттар ишке ашырып жаткан демилгелер аймактардын жашоосун өзгөртүп, жаңы социалдык, билим берүү жана коомдук мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. Конкурстун маанилүүлүгүн белгилеп, аялдардын лидерлигин колдоо өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири бойдон кала берээрин баса белгиледи.

Конкурстун негизги максаты – жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү жана жалпы жамаатты туруктуу өнүктүрүү, гендердик теңчиликти үрөө, ошондой эле аялдардын лидерлигин колдоо жана илгерилетүү боюнча жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары ишке ашырып жаткан жергиликтүү демилгелердин алдыңкы тажрыйбаларын аныктоо жана колдоо.

Конкурска жалпысынан аял депутаттардан 59 өтүнмө түшкөн:
Талас облусунан 5, Чүй облусунан 4, Ысык-Көл облусунан 8, Нарын облусунан 2,
Ош облусунан 15, Жалал-Абад облусунан 18 жана Баткен облусунан 5. 

Аял депутаттарды кайсы маселелер тынчсыздандырат, алар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө? 

Конкурска сунушталган демилгелердин маанисин бир нече сөз менен түшүндүрсө болот: аял депутаттар тургундардын “оорусун” башкарууга боло турган жергиликтүү долбоорлорго айлантып жатышат. Алар суу, таштанды, коопсуздук, жумуш менен камсыз кылуу, жарандардын катышуусу сыяктуу эң жөнөкөй темаларды алып, аларды башкаруу органдары, мектептер, муниципалдык ишканалар жана КЭУлар менен өнөктөштүк аркылуу жыйынтыктарга жеткирип, аларды чакан бюджеттер, ыктыярчылык жана жол-жоболордо тартипке келтирүү (коомдук угуулар, келишимдер, тарифтер, отчеттуулук) менен айкалыштырышууда. 

Өтүнмөлөрдүн ичинен эң актуалдуу 5 тема төмөнкүлөр:

  • Таза жана коопсуз жашоо чөйрөсү. Демилгелердин бул тобунда аял депутаттар контейнерлерди орнотуу, калдыктарды чогултуу каттамдарын жакшыртуу, чогултуу жана сорттоо пункттарын уюштуруу, калдыктарды бөлүп-бөлүп чогултуу боюнча пилоттук долбоорлорду киргизүү, жаштардын катышуусунда ишембиликтерди өткөрүү менен алектенишүүдө. Буга кошумча аял депутаттар коомдук жайларды ыңгайлуу жана коопсуз кылуу үчүн көчөлөрдү, тротуарларды жарыктандырууга, сейил бактарды, короолорду жашылдандырууга чоң көңүл буруп жатышат.
  • Негизги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты. Демилгелүү аялдар жергиликтүү кеңештин депутаттарынын милдеттеринен улам таза суу менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүнө, тарифтердин жана биллингдин ачыктыгына, түшүнүктүү стандарттарга жана муниципалдык ишканалар менен келишимдерди түзүүгө багытталган чараларды сунуштап, ишке киргизүүдө. Өтүнмөлөрдө адатта тез эффект берүүчү чечимдер камтылган: тармактардын участокторун оңдоо, ичүүчү сууга жетүү түйүндөрүн орнотуу, жооп кайтаруу регламенттерин киргизүү.
  • Жергиликтүү экономика жана жумуш менен камсыз кылуу. Кожолуктардын, үй-бүлөлөрдүн бакубатчылыгын ойлоп, аял депутаттар жаңы ыкмаларды иш жүзүндө колдонуу менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү менен алектенип жатышат: “устат-шакирт” насаатчылыгы, кол өнөрчүлүккө үйрөтүү, чакан бизнести жана кооперацияны колдоо (мисалы, иштетилген майдан самын жасоо, тигүү цехтери), продукциянын жарманкелери. Мындай демилгелердин максаты – үй-бүлөлөрдүн кирешесин жогорулатуу, жумуш орундарын түзүү, жаш жумушчу кадрлардын айылдан башка жакка иш издеп кетүүсүнө жол бербөө.
  • Ден соолук, спорт жана зомбулуктун алдын алуу. Акыркы он жылдыктын күчтүү тенденциясы – аялдардын ден соолугу жана өнүгүүсү үчүн шарттар. Бул жерде короо жана көчө аянтчаларын, аялдар үчүн фитнес мейкиндиктерин түзүү, бириктирчү каражат катары массалык спорттук акцияларды өткөрүү боюнча долбоорлор аткарылууда. Буга кошумча укуктук сабаттуулукту жогорулатуу боюнча агартуучу жолугушуулар жана аяр абалдагы үй-бүлөлөргө жардам берүүнүн башка механизмдери киргизилүүдө.
  • Жарандарды тартуу жана мыйзамдын үстөмдүгү. Аял депутаттар “оюндун эрежелерин” сактоого көңүл буруп, башкаруунун ачык-айкындуулугуна кам көрүшөт, коомдук талкууларды, депутаттардын медиасабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды демилгелеп, өкмөттүк эмес уюмдар жана мектептер менен кызматташууну жана биргелешкен иш-чараларды уюштурууда. Маанилүү учур: чечимдер аткаруу этабында эле “чачырап” кетпеши үчүн жергиликтүү демилгелерди (балдар аянтчалары үчүн жер бөлүп берүү, регламенттер) юридикалык коштоого аял депутаттардын көңүл буруусу.

Конкурстун жыйынтыгында жергиликтүү кеңештердин үч аял депутаты өз аймактарында демилгелерин ийгиликтүү ишке ашырып, жеңүүчү аталды. 

  • БИРИНЧИ орунду 209 упай топтоп, 70 000 сомдук байгени “Теңдик айылына заманбап балдар аянтчасын куруу” демилгеси алды. Бул демилге Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү-Достук айылдык аймагынан Гүлназ ЧОЛПОНКУЛОВАнын атынан конкурска коюлган;
  • ЭКИНЧИ орунду 207 упай топтоп, 50 000 сомдук байгени "Жакшы жашоо үчүн тигүүчүлүктү өздөштүрөбүз” демилгеси ээледи, аны Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарынан Роза ТОКТОБАЕВА сунуштады;
  • ҮЧҮНЧҮ орунду 205 упай топтоп, 40 000 сом байгени “Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү аялдардын ден соолугун чыңдоого, сулуулугун жана сергектигин сактоого көмөк көрсөтүү” демилгеси ээледи, аны Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык аймагынан Чолпон БАЗАРБАЕВА сунуштады.

Ошондой эле төрт демилгеге 20 000 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды:

  • Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылдык аймагынан Анархан САЛИБАЕВА сунуштаган “Айылдагы балдарга мектепке чейинки билим берүү жана аялдар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү максатында жаңы бала бакчанын имаратын куруу” демилгеси;
  • Баткен облусунун Баткен районундагы Аксай айылдык аймагынан Шарапат ӨМҮРОВА сунуштаган “Бактылуу аял” демилгеси;
  • Талас облусунун Талас шаарынан Айнура КОЙЧУБЕКОВА сунуштаган “Аялдар үчүн финансылык сабаттуулук жана бизнес көндүмдөрү” демилгеси;
  • Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек айылдык аймагынан Гүлбайра ЖОРОБЕКОВА сунуштаган “Сууну барктаган улуу болот, сууну сактабаган кор болот” демилгеси.

Бул демилгелер сезилерлик жыйынтыктарды алып келди, ал эми алардын тажрыйбасы башка аялдарга, активисттерге жана жаштарга үлгү боло алат.

Жол улоочулук

2024-жылдагы жана 2023-жылдагы конкурстардын жеңүүчүлөрүнүн катышуусу иш-чаранын өзгөчөлүгү болду. Бул жол улоочулуктун жана өз ара тажрыйба алмашуунун кайталангыс атмосферасын түздү. 2025-жылдын жеңүүчүлөрүн куттукташ үчүн өткөн жылдардын жеңүүчүлөрүнүн колдоп келген мүмкүнчүлүктүн аркасында аял депутаттардын ортосунда бири-бирин колдоого, кеңеш берүүгө, жер-жерлерде жаңы идеялар, тажрыйбалар жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору менен бөлүшүүгө даяр пикирлеш аялдардын кандайдыр бир жамаатын түзөт деп ишенебиз.

Лидер аялдардын муундарынын ортосундагы бул байланыш аялдардын лидерлигин бекемдеп, жалпы өлкө боюнча ийгиликтүү тажрыйбалардын масштабын кеңейтүүгө жардам берет!

Аял депутаттардын жер-жерлердеги демилгеси жөн гана долбоор же идея эмес, бул үй-бүлөлөрдүн, аймактардын турмушун жакшыртуучу реалдуу өзгөрүүлөргө карай жол. Алардын мисалдары бир аял же бир максат менен бириккен аялдардын тобу тажрыйбасы, көз карашы жана артында жамааттын колдоосу менен канчалык көп иштерди бүтүрө аларын көрсөтүүдө. 

Алар жараткан демилгелер туруктуу өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп, жарандардын катышуусун бекемдеп, ЖӨБ органдарына ишенимди арттырып жатат.

Аялдардын лидерлигин колдоо жана сүрөө – бул келечекке инвестиция. Дал ушул өңдүү конкурстар ар бир аял депутаттын дараметин ачып, башкаларды кайраттуу кадамдарга шыктандыра алган мейкиндикти түзөт.

 

Окшош материалы: