Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

12 (170) 30 Декабрь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Талас – Чүй – Жалал-Абад: 150 аял депутат сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн райондорду бириктиришүүдө

2025-12-30 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Талас – Чүй – Жалал-Абад: 150 аял депутат сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн райондорду бириктиришүүдө

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин байланыш боюнча консультанты (бул макала гендер боюнча көз карандысыз адис Мырзаш ШАБДАНБЕКОВАНЫН катышуусу менен даярдалды)

2025-жылдын октябрь айында алты облустан аял депутаттар Токмокто, Таласта жана Кербенде мыкты практикалык чечимдерди табуу максатында чогулушту. Алар жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү адамдарга канткенде жакын, бюджетти кантип жарандар үчүн ачык жана түшүнүктүү, ал эми аялдардын катышуусун кантип өзгөрүүлөрдүн чыныгы каражаты кылса болорун талкуулашты. Жергиликтүү жамааттардын жумалыгынын алкагында БАЖБАнын тажрыйба алмашуу боюнча сапарлары “көчмө лабораториясына” айланды. Мында жандуу кейстер, биргелешкен иш-аракеттер пландары болуп, катышуучулар ишканаларга барып, жергиликтүү долбоорлорду идеядан жыйынтыкка чейин жеткирүүгө даяр аял депутаттардын аймактар аралык тармагы түзүлдү. Мындай тажрыйба алмашуу ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен ишке ашты.

2025-жылдын октябрь айында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) Жергиликтүү жамааттардын жумалыгынын алкагында бир катар тажрыйба алмашуу сапарларын өткөрүп, аларга жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары жана жооптуу катчылары, активист аялдар жана райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын географиясы жана масштабы таасирлендирет:

  • 16–17-октябрь, Токмок: Чүй районунан жана Токмок шаарынан, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунан катышуучулар (бардыгы 52 адам, анын ичинде жергиликтүү кеңештердин 46 аял депутаты).
  • 23–24-октябрь, Талас: Чүй, Бакай-Ата, Аксы, Ноокен, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Талас жана Кара-Буура аймактарынан, ошондой эле Талас шаарынан делегациялар (63 катышуучу, анын ичинде 55 аял депутат).
  • 28–29-октябрь, Кербен: 52 катышуучу, Чүй, Бакай-Ата, Ноокен, Аксы, Жети-Өгүз, Ак-Суу аймактарынан жана Талас шаарынан 46 аял депутат.

Тажрыйба алмашуу сапарларынын максаты – аймактардын ортосунда кызматташтыкты бекемдөө, ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүү, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жана бюджетти пландоону жакшыртуу, гендердик теңчиликти сүрөө жана жеринде чечимдерди кабыл алууда аялдардын катышуусун кеңейтүү.

Делегацияларды кантип тосуп алышты

Катышуучулар барган бардык жерлерде мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү жолугушууларга салмак жана статус кошуп турушту. Токмокто конокторду Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Улан ДҮЙШЕНОВ тосуп алды. Таласта Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира СЕЙДИКЕРИМОВА жана шаардык кеңештин төрагасы Каныбек ЖАНЫБЕКОВ тосуп алышты. Кербенде Аксы районунун акими  М. САРГАЗАКОВ, акимдин орун басары А. САЛИЕВА, Кербен шаарынын мэри Ж. РАЙЫМЖАНОВ, шаардык кеңештин төрагасы А. БАЗАРБАЕВ жана Ак-Жол айылдык кеңешинин төрагасы  Т. СУЛТАМУРАТОВ тосуп алышты. Алардын ачылыш сөздөрү ишке гана – көйгөйлөргө, ыкмаларга, сабактарга жана өзгөрүүлөрдү ишке ашырууда аял депутаттардын ролуна тиешелүү болду. Мира СЕЙДИКЕРИМОВАнын кыска, бирок урунттуу цитатасы бүткүл циклдин лейтмотивине айланды: “Аялдар майда-чүйдөсүнө чейин көрүп, иштин майын чыгарышат; биздин үч артыкчылыгыбыз бар – бул ичүүчү суу, жарыктандыруу жана коопсуздук – мунун баарында шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары абдан жигердүү”. Мисал катары ал аялдар ишке ашырган долбоорлорду санап берди: шаардык паркты реконструкциялоо, борбордук көчөдө тротуарларды иретке келтирүү, ичүүчү суунун кошумча резервуарын куруу. Кербенде Айсалкын САЛИЕВА катышуучуларга “кесиптештер жана пикирлештер” катары кайрылып, командаларга демилгелерди “жеринде” ишке ашырууну каалады.

Биринчи күн: бөлүшөбүз жана үйрөнөбүз

Ар бир локацияда биринчи күн райондук командалардын презентацияларына жана сандар, графикалар, сүрөттөр менен жандуу окуяларга арналды. Презентациялардан аял депутаттардын күн тартибинде көптөгөн социалдык жана экономикалык долбоорлор, коопсуздук, экология, инклюзивдүү өнүгүү, сергек жашоо образын колдоо маселелери актуалдуу экендиги айкын болду. Катышуучулардын назарына төмөнкү демилгелер тартууланды:

  • “Кызыл-Суу айылындагы социалдык долбоорлор” (Зарема УРДОЛОТОВА, Жети-Өгүз);
  • “Кулпунай туру” (Гүлмира ИСАКОВА, Бурана айылдык кеңеши, Чүй району);
  • “Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча демилгелер” (Кымбат ШАЙМЕРГЕНОВА, Ак-Суу району);
  • “Жаштар паркы” (Чолпон СЫДЫКОВА, Токмок шаардык кеңеши);
  • “Балдардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугу” (Нурия СУЛТАНОВА, Чүй району);
  • “Аялдар үчүн фитнес-зал” (Курманат ИСКАКОВА, Бакай-Ата);
  • “Жамааттардын бакубатчылыгы үчүн демилгелер” (Гүлүмкан ТАЖИГУЛОВА, Ноокен);
  • Аксы районунун тажрыйбасы (Айсалкын САЛИЕВА);
  • микроэкономикалык практикалар – үйдө самын жасоо (Гүлжанат Райымбекова, Акназаров АК) жана катуу тиричилик калдыктар боюнча экологиялык билим берүү (Роза БЕКТУРОВА, Он-Бир-Жылга АК);
  • “Аял депутаттардын ишинде инклюзия” (Бурул НАРМЫРЗАЕВА, Аксы району).

Презентациялардан кийин “Жамааттын күчү: муниципалитеттер ортосунда тажрыйба алмашуу” тегерек стол талкуусу өттү. Көйгөйлөргө жасалган басым жана артыкчылыктуулугу ар кайсы жерде ар кандай болду. Алсак, Токмокто аялдардын лидерлигин өнүктүрүү жана зордук-зомбулуктун алдын алуу биринчи планга чыкты; Өзгөрүш айылында жана Таласта элеттик инфраструктура жана сергек жашоо образын колдоо өзгөчө актуалдуу болуп чыкты; ал эми Кербенде – жергиликтүү демилгелерге жана ЖӨБдүн аспаптарына укуктук мамиле болду.

“Кургак” протоколдор эмес, “ылдыйдан өйдө карай” чогултулган биргелешкен иш-аракеттер пландары күндүн жыйынтыгы болду. Талкуунун модератору Мырзаш ШАБДАНБЕКОВА белгилегендей, пландардагы бардык демилгелер депутаттардын ыйгарым укуктарына туура келет, демек, алар юридикалык жактан туура жана ишке ашырууга даяр. Аксы районунда жаштар саясаты, экология, көрктөндүрүү, иш менен камсыз кылуу; Чүй жана Талас облустарында – тажрыйба алмашуу жана айылдык кеңештердин деңгээлинде колдонмо долбоорлор болду. Натыйжада, идеялардан биргелешкен иш-аракеттерге жана өлчөнүүчү көрсөткүчтөргө чейинки пландар өкмөттүн, бизнестин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жаштардын ортосундагы кызматташуунун жумушчу куралы болуп калды.

Талас облусунун аял депутаттары айылдын негизги экономикасына жана инфраструктурасына биргелешип көңүл бурууну чечишти: Ноокен жана Аксы райондорунун тастыкталган ыкмаларына таянуу менен жайыттарды калыбына келтирүү жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кон-сультацияларды өткөрүү; сергек жашоо образын колдоп, ар кандай курактык топторду үзгүлтүксүз сабактарга тартуу үчүн калктуу конуштарда workout-зоналарын түзүү; дыйкандардын транспорттук чыгымдарын азайтуу, жайыттарга коопсуз жана жыл бою жеткиликтүү камсыз кылуу үчүн алыскы жайыттарга жеткирген жолдорду оңдоону уюштуруу. План чарба субъектилери жана жол кызматтары менен макулдашууну, коомдук талкууларды жана жайыттарды сактоодон баштап, жергиликтүү тургундардын иш менен камсыз болуп, кирешесинин өсүшүнө чейин жыйынтыктарга баскыч-баскычы менен мониторинг жүргүзүүнү камтыйт.

Чүй облусунун аял депутаттары биргелешип комплекстүү коомдук күн тартибин түзүүнү чечишти, мында зомбулуктун алдын алуу жана жамааттарды бекемдөө компетенцияларды өнүктүрүү менен айкалыштырылган. Планга зомбулукка каршы спорттук акция жана жарандык коомдун катышуусунда тегерек стол, “Устат-шакирт” насаатчылык программасын ишке киргизүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу, ченем жаратууда жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууда квалификацияны жогорулатуу, ошондой эле тургундар менен ачык-айкын баарлашуу үчүн медиа жана PR менен иштөө боюнча окуулар кирген. Өзүнчө блокто ден соолукту жана ынтымакты чыңдоо боюнча иш-чаралар каралган. Алар: “Аялдар биримдиги – күчтүү коом” форуму, фитнес-клубдун ачылышы жана кесипкөй спорттук түзүмдөр (КСТ) менен бирге таза абада туруктуу машыгуулар. Мындай колдоо даректүү, тобокелдиктердин алдын алуу менен байланышып, социалдык кызматтарды, мектептерди жана өкмөттүк эмес уюмдарды камтыйт.

Жалал-Абад облусунун аял депутаттары жаштар, маданият жана экология үчүн кеңири программаны биргелешип ишке ашырууну, ошондой эле бул демилгелердин туруктуулугу үчүн экономикалык негиз түзүүнү чечишти. Жаштардын иш-чаралары (кечелер, интеллектуалдык оюндар, фестивалдар), сергек жашоо образына системалуу негизде үгүттөө, жаш мугалимдерди жана адистерди колдоо, иш менен камсыз кылуу долбоорлору, коомдук иштер жана инфраструктураны жакшыртуу пландалган; окуучулардын, ишкерлердин жана педагогдордун дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн эл аралык тажрыйба алмашуулар каралган. Тартипке жана мазмундуу эс алууга, элдик чыгармачылыкты жана көргөзмө активдүүлүгүн жайылтууга өзгөчө басым жасалды. Экологиялык блок КТКны иштетүүнүн ырааттуу системасын камтыйт. Алар: сорттоочу жана кабыл алуучу пункттарды ачуу, контейнерлерди орнотуу, кайра иштетилүүчү чийки затты андан ары сатуу максатында чогултууну жана сорттоону уюштуруу (эки жылдын ичинде өзүн актайт деген эсеп менен), инвесторлорду тартуу, түшкөн акчанын жана өздүк салымдын эсебинен кайра иштетүүчү ишкананы курууга даярдык көрүү. Жалпы максат – таза чөйрө, жаңы жергиликтүү экономика жана жергиликтүү бюджет үчүн сезилерлик пайда, туш келди жерге төгүлгөн таштандыларды жок кылууга байланыштуу кошумча кирешелер жана чыгымдардын азайышы.

Ошону менен катар аял депутаттардын горизонталдык тармагы пайда болду: катышуучулар аймактардын ортосунда платформаны ишке киргизишти (“Кыргызстандын депутат айымдары” аттуу WhatsApp’тагы тайпа), квартал сайын онлайн жолугушууларды, гендердик өңүткө басым жасаган бюджетти түзүү боюнча биргелешкен тренингдерди өткөрүүнү, аймактардын ортосунда насаатчылык жана “кыска цикл” методикалары менен алмашып турууну макулдашышты. Масштабы ыкчам кеңейген практикалардын портфелинде КТКны чыгаруу системасы (Бакай-Ата районунун тажрыйбасы), мектептеги тамактанууга жана инфраструктурага колдоо көрсөтүү, аялдардын ишкердигине (“Нур-Ай” тигүү цехи, Кербен) көмөктөшүү кирет. Аял депутаттардын жыл сайын өтүүчү регионалдык форуму тууралуу алдын ала макулдашууга жетишилди: жыйынтыктар, кыйынчылыктар, жаңы идеялар жана өнөктөштүк менен бөлүшүп турмай болушту.

Экинчи күн: бул кантип иштээрин көрөбүз

Катышуучулар сапардын экинчи күнүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын өз көзү менен көрүү үчүн объекттерди кыдырып чыгышты. Чүй районунда катышуучулар “Чүй-Водоканал” муниципалдык ишканасында, “ТекстильТранс” муниципалдык ишканасында (мурдагы “Кристалл”) жана Жаштар паркында болушту. Таласта катышуучулар “Талас таза суу” муниципалдык ишканасын жана Талас жаштар борборуна караштуу социалдык багыттагы билим берүү мекемесин кыдырышты. Аксы районунда коноктор “Нур-Ай” тигүү цехинде жана таш майдалоочу цехте болушту. Муниципалдык ишканаларды кыдырганда катышуучулар суунун сапатын көзөмөлдөө, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, тариф саясаты, биллинг, жашоочулар менен кайтарым байланыш сыяктуу конкреттүү маселелер менен таанышып чыгышты.

“Чүй-Водоканал” муниципалдык ишканасынын директору Азат ИЗАКОВ иш моделин кыскача сүрөттөп берди: “Биз чарбалык эсепке алынган уюмбуз, азыр дотациядабыз; 12 835 жашоочуну тейлейбиз. КТКны чыгарууга тарифи бир адамга “байланган” – жеке секторго 20 сом, ал эми көп кабаттуу үйлөргө 30 сом: бул кыйла акыйкат тариф. Киреше КТК үчүн айына 400 миң сомдун тегерегинде, суу үчүн айына 500 миң сомду түзөт. Биз биллингди киргизип жатабыз, биринчи онлайн төлөмдөр түшө баштады”. 

Ишканада 31 кызматкер иштейт, орточо айлык акы 18-20 миң сомду түзөт. Азырынча калдыктарды кайра иштетүү жок, бирок бул багытта иштер жүрүүдө. Ошондой эле ишкананын карамагында  7 081 гектар жайыт бар, ал эми мал жаюунун баасы мал башына 40 сомдон 200 сомго чейин жетет. Катышуучулар “бир адамга” тарифинин логикасын колдошту: чоң кожолуктарда калдыктардын көлөмү көбүрөөк болот, ошондуктан кызмат көрсөтүүнүн баасы муну эске алууга тийиш.

“Талас таза суу” атайын техникалардын паркы жана финансы тармагындагы тартиби менен таң калтырды. Директор Бакыт КОЖОМУРАТОВ: “2024-жылдан бери биллинг системасын киргизип, тарифтер жаңыртылды, 6 500 абонентти тейлейбиз, бирок карызы барлар аз. Өзүбүздүн суу алгычыбыз, 2000 м³ болгон резервуар, ар бири 117 метрлик үч скважина бар. ЕРӨБнын линиясы боюнча 7,2 млн сом өлчөмүндө колдоо алып жатабыз, бул каражат жаңы тазалоочу жайды жана 11 км саркынды суу түтүктөрүн курууга жумшалат. Бардык тарифтер коомдук угууларда талкууланып, андан соң монополияга каршы орган менен макулдашылып, шаардык кеңеш бекитип берген”. Туруктуулуктун булагы – диверсификациялоо жана божомолдоого боло турган инвестициялар: “2023-жылы 44 миллион сом түшкөн, 2024-жылы – 67 миллион түштү; чыгымдардан кийин 38–40 миллион сом калды, биз аны автопаркты жаңылоого багыттап жатабыз. Баланста 12 даана атайын техника бар, 50 кызматкер иштейт, орточо эмгек акысы 30 миң сомду түзөт; ошондой эле септиктерди сордуруудан тарта (1700 сом) түтүктөрдү тазалоого чейин кошумча кызмат көрсөтүүлөр да бар”.

Катышуучулар өздөрү менен кошо алып кеткен жөнөкөй логика: ресурстарды ачык башкаруу тургундардын ишенимин бекемдейт жана жашоонун сапатын жакшыртууга жардам берет.

Практикалык сессиялар, талкуулар, өнөр жай жана маданий объекттерге сапарлар идеялар менен бөлүшүп, ар кайсы райондордон аял депутаттардын ортосунда горизонталдык байланышты бекемдөө үчүн аянтча болуп калды, аларда ийгиликтүү чечимдерди үйгө “ала кетүүгө” ачык мотивация пайда болду.  

“Тажрыйба алмашуу күчтүү кубат берди, аялдардын ишкердиги темасы жана коңшу райондордун тажрыйбасы өзгөчө баалуу – мындай жолугушууларды өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүш керек”, – дейт Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин (Ноокен) депутаты Жаңылай ТӨЛӨМУРЗАЕВА. 

Эргеш Алиев айылдык кеңешинин (Ноокен) депутаты Клара УМАРОВА: “Презентациялар жана топ ичиндеги иштер артыкчылыктарды көрүүгө жана конкреттүү демилгелерди чогултууга жардам берди”, – деп белгиледи. 

Ак-Жол айылдык кеңешинин депутаты Аида МАЙРЫКОВА: “Мен экологиядан баштап, маданиятка чейин иш тажрыйбамды байыта алдым, мында ар бир катышуучу чакан долбоор идеясы менен кайтып келгени маанилүү. Ал эми бизге аялдардын демилгелерин колдогон эркек депутаттар керек”.

Мындан ары эмне болот?

БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери Салия АКУЛОВАНЫН айтымында, үч аянтчада айтылган артыкчылыктар бардык алты район үчүн бирдей болуп чыкты. Бул райондордун ортосундагы өнөктөштүктү реалдуу кылууда: көйгөйлөр да, максаттар да дал келет, демек, ресурстарды жана ыкмаларды бириктирүүгө болот. Кээ бир демилгелер ири инвестицияларды талап кылбайт жана ЖӨБ органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин кызматташуусу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Кийинки этаптын милдети – 2026-жылы тургундар үчүн тез жана сезилерлик жыйынтыктарды көрсөтүү үчүн демилгелерди календары бар, жооптуулар жана көрсөткүчтөр белгиленген бирдиктүү планга киргизүү. 

 

Окшош материалы: