Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк акция. Бакыта КАЧИКЕЕВА, укуктук эксперт: Кыргызстандагы ар бир үчүнчү аял өмүрүндө жок дегенде бир жолу зомбулукка кабылган
Джамиля АРБАНАЛИЕВА, ӨСИнин консультанты
Кыргызстанда 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк маалымат өнөктүгү башталып, ал 10-декабрга чейин – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин созулат. Өнөктүктүн максаты – коомчулуктун көңүлүн аялдарга карата зомбулук көйгөйүнө буруу, адам укуктарын коргоонун маанилүүлүгүн белгилөө жана зомбулук – бул бир адамга гана таандык болбогонун, адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин бузуу экенин эскертүү. Бул эл аралык өнөктүк мамлекеттердин, коомдук уюмдардын жана жарандардын күч-аракетин бириктирип, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын өткөрүлүп келет. Өнөктүктүн символу салттуу кызгылт сары түс – бул зордук-зомбулуксуз жана басмырлоосуз келечекке болгон үмүттүн түсү.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясат жана чаралар бир катар стратегиялык документтерде, анын ичинде 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүүнүн Улуттук стратегиясында, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жоболорунда бекитилген.
Бүгүнкү күндө акыркы окуялардын көз карашынан алып караганда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана жабырлануучуларды коргоонун натыйжалуу механизмдерин киргизүү темасы болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп баратат жана жалпы коомдун күч-аракетин бириктирүүнү талап кылууда. “Муниципалитет” журналы бул процесс кандай өнүгүп жатканын, кандай жаңылыктар жана өзгөрүүлөр бар экенин укуктук эксперт Бакыта КАЧИКЕЕВАдан билүүнү чечти.
– Бакыта, азыркы учурда Кыргызстанда аялдарга карата зомбулуктун деңгээли кандай?
– Аялдар үчүн тынчтык жана коопсуздук индексинин рейтингине ылайык, Кыргызстан үч жылдан бери (2021, 2023, 2024) Борбордук Азиядагы бардык мамлекеттеринин ичинен аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп табылып келет. Өзбекстан Кыргызстандан бир сап жогору турат. Тажикстан 90-орунда, Казакстан 80-орунда турат. Түркмөнстан дүйнөлүк рейтингде 58-орунду ээледи. Түркмөнстандан бир сап жогору Орусия турат.
Индекстин изилдөөсү эки жылда бир чыгып турат, аны америкалык жана норвегиялык адистер үч категориядагы 13 көрсөткүчтүн негизинде түзүшөт. Көрсөткүчтөргө аялдардын билимге, финансылык кызмат көрсөтүүлөргө, байланыш каражаттарына, жумушка орношууга, бийлик органдарында өкүлчүлүккө ээ болуу мүмкүнчүлүгү, укуктук басмырлоонун жоктугу, сот адилеттигине жетүүсү, энелердин өлүм көрсөткүчү, баланын жынысына артыкчылык берүү бар (кээ бир өлкөлөрдө аялдар кыз төрөлөрүн билер замат бойдон алдырышат). Ошондой эле жыныстык өнөктөштөр тарабынан зордук-зомбулук деңгээлин, аялдардын коомдогу коопсуздугун кабылдоосун, аялдарга карата саясий зомбулукту жана куралдуу кагылыш болгон аймактарга жакындыгын баалайт.
– Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны күчөтүү боюнча коомчулуктун талаптарын кандай баалайт элеңиз? Алар канчалык жүйөлүү жана өлкөдөгү реалдуу кырдаалды канчалык чагылдырат?
– 2025-жылдын беш айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 8024 учуру катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине (6192 учур) салыштырмалуу 1832 учурга (30%) көп дегенди билдирет. Ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына 6466 убактылуу коргоо ордерин берген (2024-жылы 5523 ордер берилген), анын ичинен: аялдарга – 5985 (5148), эркектерге – 317 (257), жашы жете электерге – 164 (118), эркек балдарга – 68 (59), кыздарга – 96 (59).
ИИМдин ички ведомстволук аналитикалык отчетуна ылайык, 2025-жылдын беш айында КР Укук бузуулар кодексинин 70-беренеси (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) боюнча 2127 протокол катталып, анын 2022си сотко өткөрүлгөн.
Сот төмөнкүдөй чечимдерди чыгарган: коомдук жумуштарга – 681 учур, камакка алуу – 998 учур.
Бул дайындар көйгөйдүн масштабын, чукул жана чечкиндүү чара көрүүнүн зарылдыгын, ошондой эле коом зомбулукка сабырдуулук менен мамиле кылбай баратканын жана барган сайын көбүрөөк адамдар зомбулук фактылары тууралуу кабарлай баштаганын көрсөтүп турат. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, жазаларды катаалдаштыруу өзүнөн өзү узак мөөнөттүү оң жыйынтыктарга алып келбейт. Системалуу профилактика, комплекстүү ведомстволор аралык мамиле жана Мыйзамдын бардык субъекттеринин натыйжалуу координациялоосу гана реалдуу жана туруктуу өзгөрүүлөрдү камсыздай алат. Жабырлануучуларды колдоо кызматтарын өнүктүрүү, зомбулук фактыларын эрте мөөнөттө аныктоо жана үй-бүлө менен иштеген адистердин компетенциясын жогорулатуу да маанилүү роль ойнойт.
– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда аялдар зомбулуктун кандай формаларына туш болуп жатышат?
– Курмандыктар зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө туш болушат, алардын ар бири өзүнчө коркунучтуу. Физикалык зомбулук эң кеңири тарагандары бойдон калууда – токмоктоо, мажбурлоо, коркутуу, кыймыл эркиндигин чектөө. Бирок башка түрлөрү да андан кем калышпайт. Психологиялык зомбулукка кемсинтүү, коркутуу, эмоционалдык опузалоо, жүрүм-турумун жана баарлашуусун көзөмөлдөө кирет. Зомбулуктун бул түрү көзгө илинерлик изди калтырбайт, бирок аялдын өзүн-өзү сыйлоо сезимин бузуп, тынчсызданууга жана депрессияга алып келет. Экономикалык зомбулук акчадан ажыратуу, мүлккө жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө, иштөөгө же өз ресурстарын башкарууга тыюу салуу менен билинет. Сексуалдык зомбулук – жыныстык катнашка мажбурлоо, ыдык көрсөтүү, жеке чектерди бузуу – зомбулуктун эң травмалуу түрлөрүнүн бири.
Тездик менен жайылып бараткан санариптик зомбулук өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бул социалдык тармактар аркылуу куугунтуктоо, онлайн коркутуу, кат алышууларды көзөмөлдөө, чалгын программаларды орнотуу, жеке сүрөттөрдү жана маалыматтарды макулдуксуз таратуу.
Зомбулуктун бардык бул түрлөрү өз ара байланышта жана мамлекеттен да, коомдон да ар тараптуу реакцияны талап кылат.
– Кыргызстанда кимдер көбүрөөк зомбулуктун курмандыгына айланышууда? Кайсы топтор бул көрүнүштүн алдында өзгөчө аяр абалда?
– Статистикага ылайык, Кыргызстанда ар бир үчүнчү аял өмүрүндө жок дегенде бир жолу зомбулукка кабылган. Социалдык басым күчтүү болгон, маалымдуулук төмөн жана адистештирилген кызматтарга жеткиликтүүлүгү чектелген элет жергелеринде аялдар өзгөчө аяр абалда калып жатышат.
Майыптыгы бар адамдардын абалы өзгөчө тынчсызданууну жаратат – алар зомбулукка кабылуу тобокелдигине дуушар болушат жана ошол эле учурда азыраак корголгон, себеби физикалык, социалдык жана институционалдык тоскоолдуктар аларга колдоо издөөнү кыйындатууда.
Ошондой эле зомбулукка кабылган жаш кыздардын жана өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө. Бул мектептерде, колледждерде жана университеттерде коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандырууга, маалымдуулукту жогорулатууга жана зомбулукка нөлдүк сабырдуулук маданиятын өнүктүрүүгө багытталган профилактикалык иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп жатат.
– Кыргызстандын сот системасы бүгүнкү күндө зомбулук фактыларына кандай реакция жасап жатат? Жылыштар бар деп айта алабызбы?
– Ооба, кандайдыр бир жылыш бар. Акыркы жылдары берилген коргоо ордерлеринин саны көбөйдү, система тезирээк реакция жасай баштады, ал эми мамлекеттик органдар жабырлануучулардын кайрылууларына аяр мамиле жасай баштады. Бул мамлекеттин коргоо чараларын көрүүгө даярдыгы жогорулаганынан кабар берет.
Бирок системалуу чакырыктар кала берүүдө. Жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү механизмдерин юридикалык жактан да, психологиялык жардам жагынан да олуттуу түрдө күчөтүү керек. Бардык эле иштер сотко жете бербей турганын түшүнүү абзел. Буга ар кандай факторлор таасир этет: туугандардын же кошуналардын кысымы, коомдун айыптоосу, маданий нормалар, экономикалык көз карандылык, зомбулук кайталанат деген коркуу сезими жана адатта жабырлануучунун өзүнөн көз каранды болбогон башка жагдайлар.
Менин баамымда, бүгүнкү күндө “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” Мыйзамдын бардык субъекттеринин – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер органдарынын, социалдык кызматтардын, прокуратуранын, кризистик борборлордун, коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башкалардын ортосунда өзгөчө натыйжалуу ведомстволор аралык координациялоо жетишпей жатат. Мыйзамда каралган бардык субъекттердин биргелешкен, макулдашылган жана өз убагында жасалган иш-аракеттери аркылуу гана зомбулуктун алдын алууга болот.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 18ге жакын кризистик борбор иштеп жатат, бирок бул жетишсиз экени талашсыз. Эл аралык стандарттар боюнча ар бир райондо жок дегенде бир борбор болушу керек, ал эми өлкөдө 40 район бар, демек, дагы кеминде 22 борбор жетишпей жатат. Натыйжада жапа чеккендердин басымдуу бөлүгү өз убагында жардамга жетпей, коргоо механизмдеринен жана керектүү колдоо кызмат көрсөтүүлөрүнөн куру калууда.
– Зомбулукка каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарды ишке ашырууда адатта кандай кыйынчылыктар жаралат?
– Жер-жерлерде каржылоонун жана квалификациялуу адистердин жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калып жатат. Көптөгөн райондордо жабыркагандарга ыкчам жана кесипкөй жардам көрсөтүүгө жөндөмдүү кризистик борборлор, психологдор жана юристтер дагы деле жок.
Туруктуу стереотиптер да олуттуу тоскоол бойдон калууда: “үй-бүлөдө чыдамкай болушуң керек”, “чырды үйдөн чыгарбаш керек”, “чыдасаң сүйүп каласың”, “эл эмне дейт” жана башкалар. Мындай калыптанып калган көз караштар зомбулукту кадыресе көрүнүшкө айландырып, аялдардын жардам издөөсүнө бут тосууда.
Адатта жабырлануучулар зомбулук жөнүндө ачык айтпай, кордук көрсөткөн адамды акташат, ал эми алардын тегерегиндегилер – кошуналар, туугандар, кесиптештер – көйгөйгө кийлигишпөөнү же көрмөксөнгө салганды артык көрүшөт. Бул даттануулардын санын азайтып, аялдарды өз убагында бериле турган колдоодон ажыратып жатат.
Дал ошондуктан жапа чеккендер менен гана эмес, коомчулуктун кеңири чөйрөсү – тургундар, жергиликтүү ЖМКлар, диний жана коомчулуктун лидерлери менен да иштешүү маанилүү. Коомдун аң-сезимин өзгөртмөйүнчө, зомбулукка таптакыр сабырсыз маданиятты түптөмөйүнчө, мыйзамдарды ишке ашырууда туруктуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн болбойт.
– Мыйзамдарда үй-бүлөлүк зомбулуктан корголушу керек адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү эмне үчүн маанилүү?
– Мыйзам менен үй-бүлө мүчөлөрү же аларга теңештирилген адамдар катары таанылган адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү – бул тиричилик чөйрөдө зомбулукка кабылган кыйла көбүрөөк адамдарды коргоого мүмкүндүк берген маанилүү кадам.
Бүгүнкү күндө коргоого жубайлар, ата-энелер жана балдар гана эмес, ошону менен бирге чоң ата, чоң эне жана неберелер; камкорчулар/көзөмөлчүлөр жана камкордукка алынгандар; асырап алуучулар жана асырап алынгандар, асырап алган ата-энелер жана асырап алынган балдар; балдарды мыйзамдуу тартипте тарбиялоого кабыл алган адамдар; мурдагы жубайлар; өгөй энелер/өгөй аталар жана өгөй бир туугандар; бир туугандар жана эже-сиңдилер; чогуу жашабаса дагы иш жүзүндөгү тарбиячылар жана тарбиялануучулар да кирет.
Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнө: иш жүзүндө нике мамилесинде турган же буга чейин турган адамдар; эмгекке жарамсыз адамды, баланы же майыптыгы бар адамды баккан адамдар жана мындай адамдардын өздөрү; жубайлардын, мурдагы жубайлардын, ошондой эле иш жүзүндө никеде турган же буга чейин турган адамдардын ата-энелери жана балдары; чогуу жашаганына карабастан башка туугандары теңештирилет.
Тизмени кеңейтүү өтө маанилүү, себеби үй-бүлөлүк зомбулуктун формалары жана сценарийлери “үй-бүлө” деген салттуу түшүнүктүн чегинен эбак эле чыккан. Мыйзам эми реалдуу коомдук мамилелерди чагылдырат жана буга чейин формалдуу түрдө нормаларга кирбей калгандарды коргоону камсыз кылат. Бул эмнелерди билдирет:
- көбүрөөк адамдар коргоо ордерин ала алышат;
- коргоо органдары ыкчам реакция жасай алышат;
- укуктук талаадан азыраак иштер “түшүп” калат;
- жабырлануучулар агрессор менен чогуу жашабаса же расмий эмес мамиледе болсо да алардын жанында жалгыз калбайт.
Жалпысынан бул мыйзамдардын натыйжалуулугун жогорулатат жана коргоо системасын заманбап, сезимтал жана реалдуу жашоого багыт ала тургандай кылат.
– Зомбулукка күбө болгон адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Биринчи кезекте – кайдыгер калбаңыз. Күбө болгон адамдын коопсуз жана өз убагында жасалган реакциясы трагедияны алдын алат. Бул маанилүү:
- окуя тууралуу 112 номерине чалып кабарлаңыз;
- участкалык инспекторго, социалдык педагогго же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына; зарыл болгон учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарына, жергиликтүү активисттерге кайрылыңыз;
- эгерде колдоону тездетет деген ыктымалдуулук бар болсо, маалыматты социалдык тармактар же мессенжерлер аркылуу жеткириңиз (жабыркагандардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбастан);
- жабыр тарткан тарапка эмоционалдык колдоо көрсөтүңүз – анын сезимдерин же иш-аракеттерин угуп, айыптабаңыз жана шектенбеңиз;
- ар дайым эсиңизде болсун: ар бир телефон чалуу, ар бир кадам жана ар бир реакция бирөөнүн өмүрүн сактап кала алат.
– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жарандарга кандай сунуштарды берет элеңиз?
– Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун алдын алуу маселелерин жергиликтүү өнүктүрүү пландарына киргизүүнү; алдын алуу программаларын жергиликтүү бюджеттерде каржылоону караштырууну; калк арасында маалыматтык өнөктүктөрдү жигердүү жүргүзүүнү; милиция, социалдык кызматтар жана кризистик борборлор менен кызматташууну бекемдөөнү сунуш кылам.
Жарандар зомбулукка каршы багытталган ыктыярдуу демилгелерге, тилектештик акцияларына жана маалыматтык долбоорлорго катышууга тийиш; жанында зомбулук көрүнүшүн байкап калса четте карап турбашы керек; жарандык позиция жана зомбулукка жамааттык сабырсыз мамиле коомдун коопсуздугунун жана коргоонун эң маанилүү факторлору экенин унутпаңыз.
ЖӨБ органдары аймактын тургундарынын арасында профилактикалык иш-чараларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат бөлгөн жакшы мисалдар бар.
– Жаштар “Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акцияга” кантип жигердүү катыша алышат?
– Жаштар – зомбулукка нөлдүк толеранттуулук идеяларын жайылтуудагы негизги союздаштардын бири. Бүгүнкү күндө университеттерде, коллеждерде жана мектептерде флешмобдор, квесттер, дебаттар, тематикалык лекциялар, тренингдер жана онлайн-челленждер көбүрөөк өткөрүлүп жатат, бул иш-чаралар жаштарга заманбап жана жеткиликтүү форматта укуктар, урмат-сый жана коопсуздук жөнүндө сүйлөшүүгө жардам берүүдө.
Жаштар теңдик, урматтоо жана зордук-зомбулуксуз жашоо темаларын ураан катары эмес, өздөрүнүн жарандык позициясынын жана жүрүм-турум маданиятынын бир бөлүгү катары кабыл алганы маанилүү.
– “Муниципалитет” журналынын окурмандарына кандай негизги ойду жеткиргиңиз келээр эле?
– “16 күндүк активдүүлүк” өнөктүгү аялдардын, кыздардын жана ар бир адамдын коопсуздугу, кадыр-баркы жана корголушу бир жолку иш-чара эмес, күнүмдүк иш экенин эскертет. Биздин активдүүлүгүбүздөн, катышуубуздан жана тилектештигибизден канчалаган үй-бүлө тынчтыкты, сый-урматты, бейпилдикти сактап кала алышат. Күчтөрдү – мамлекетти, жергиликтүү бийлик органдарын, жарандык коомду жана жарандарды бириктирүү менен гана биз зордук-зомбулукка орун болбогон коомду кура алабыз.
***
Кыстарма
Швейцария Өкмөтү каржылаган “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын алкагында 2025-жылдын декабрында КР Башкы прокуратурасынын Юриди-калык академиясынын студенттери жана КР ИИМдин өкүлдөрү менен бир катар иш-чаралар, Чүй облусунун орто мектептеринин класс жетекчилери үчүн “Дүйнөбүздү коопсуз жана боорукер кылалы!” деген темага семинарлар өткөрүлдү.
Мындай демилгелер зомбулуктун алдын алуу жана сезимтал, маалымдар жана коопсуз чөйрөнү түзүү боюнча жалпы максат үчүн жарандык коомдун, мамлекеттин жана билим берүү мекемелеринин аракеттерин бириктирүүгө жардам берүүдө.
#16күн #DPI
#ЗомбулуксузДүйнө
#КоопсузКыргызстан
#ЗомбулуккаЖолЖок
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Талас – Чүй – Жалал-Абад: 150 аял депутат сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн райондорду бириктиришүүдө
-
№12 (170) / 2025-12-30 Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары: окуудан – аракетке
-
№11 (169) / 2025-11-29 “Жергиликтүү кеңештин аял депутатынын жергиликтүү демилгеси-2025” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо
-
№9 (155) / 2024-09-19 Жергиликтүү кеңештердеги гендердик квота: эл колдогону менен, маалыматтык өнөктүк керек болгон айрым аймактар бар
-
№2 (148) / 2024-02-13 Большевиктин “Карлыгачы”: айылдагы алгачкы бала бакча
-
№1 (147) / 2024-01-31 Жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуп жаткан “Локомотив аял”
-
№5 (139) / 2023-06-22 Ишкер аялдар элеттин районун өнүктүрүүнүн фактору катары
-
№5 (139) / 2023-06-22 Аялдардын жамааттык аракеттери элет жергесиндеги социалдык жана экономикалык кырдаалды өзгөртүүдө


















