Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

12 (170) 30 Декабрь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары: окуудан – аракетке

2025-12-30 / Аялдардын ЖӨБгө катышуусу
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары: окуудан – аракетке

Салия АКУЛОВА, БАЖБАнын долбоорлорунун менеджери

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өзгөртүп жаткан аялдар 

2024-жылдын ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо Кыргызстандын өнүгүүсүндө аялдардын саясий катышуусу үчүн маанилүү этап болуп калды. 2021-жылы бекитилген квота системасынын натыйжасында акыркы шайлоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлчүлүгү 39 пайызга, айылдык кеңештерде 42 пайызга чейин көбөйдү. Бул жөн гана статистика эмес, бул саясий контексттин туруктуу өзгөрүүсүнүн далили: барган сайын көбүрөөк аялдар жергиликтүү бийликке формалдуу түрдө эмес, өздөрүнүн жамааттарынын өнүгүүсүнө таасир этүү каалоосу менен кошулууда.

Ошол эле маалда аялдардын жарымына жакыны кеңештерге биринчи жолу шайланып жатышат – көп учурда өкүлчүлүктүү органдарда тажрыйбасы болбосо да, шайлоочуларынын күчтүү колдоосу жана ишеними менен келип жатышат.

“Биз пайда берейин деп шайлоого бел байлаганбыз, бирок эмнеден башташ керектигин дайыма эле түшүнө албай келгенбиз”, – деп мойнуна алды БАЖБА жүргүзгөн фокус-топтук талкууда аял депутаттардын бири.

Дал ушундай аялдар үчүн 2025-жылдын январында ЖДКЖ Долбоорунун алкагында БАЖБАнын жылдык программасы башталган. Программанын максаты – аял депутаттарга ишенимге, билимге жетип, натыйжалуу иштеп, жашоочулардын кызыкчылыктарын коргоп, суу менен жабдуу, КТКны чыгаруу, көрктөндүрүү жана кеңештин чечимдери күнүмдүк жашоого тикелей таасирин тийгизген башка тармактарда кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн аспаптарды алууга жардам берүү.

Жыл башынан бери долбоорго Бакай-Ата, Чүй, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ноокен жана Аксы өңдүү алты максаттуу райондон аял депутаттар катышууда. Алар бир катар окуу курстарынан өтүп, райондордун жана облустардын ортосундагы тажрыйба алмашуу сапарларына катышып, кийинки жылы ишке ашыра турган демилгелерди биргелешип даярдашууда.

Изилдөө: баары эмнеден башталган

Окутуу программасы башталардын алдында БАЖБАнын командасы фокус-топторду жана 200дөн ашык аял депутаттын арасында онлайн сурамжылоону камтыган изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыктар көрсөткөндөй, дээрлик ар бир экинчи аял депутат кеңешке жаңы шайланган. Алар үчүн негизги кыйынчылыктар төмөнкүдөй: жол-жоболор тууралуу билим жетишсиз, эл алдында сөз сүйлөөдө өзүнө ишенбестик бар жана тажрыйба алмашып, башка депутаттар менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрү чектелүү.

Фокус-топтун катышуучулары белгилегендей, алар тургундардын муктаждыктарын жакшы түшүнүшөт, бирок демилгелерди кантип тариздеш керектигин, аларды колдонуудагы жол-жоболордун жана бюджеттик процесстердин алкагында мыйзамдуу жол менен ишке ашырса болорун дайыма эле биле беришпейт.

Изилдөөдө аныкталган боштуктарды жана ке-ректөөлөрдү эске алуу менен программа окуунун жана тажрыйба алмашуунун бир жылдык цикли катары түзүлгөн. Ал өзүнө өз ара байланыштагы укуктук, стратегиялык жана практикалык үч модулду, ошондой эле региондордун ортосунда тажрыйба алмашуу сапарларын, аял депутаттардын райондук жолугушууларын жана жыйынтыктоочу конференцияны камтыйт.

Аял депутаттар башкарганды өздөштүргөндө, өз алдынча башкаруу да өзгөрөт

2025-жылдын жазында “Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук негиздери” аттуу эки күндүк семинарлардын биринчи сериясы өтүп, ага алты райондон 137 аял депутат катышты. Сабактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында кеңештин орду, бюджеттик процесс, депутаттык этика, шайлоочулар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө маселелери талкууланды. Практикалык көнүгүүлөргө жыйындардын жүрүшүн моделдештирүү, кеңири таралган каталарды талдоо, чечимдердин долбоорлорун даярдоо жана реалдуу кырдаалдарды талдоо кирди.

Семинарлардын биринчи сериясынын жыйынтыгы таасирдүү болду: катышуучулардын көбү эми кеңештин ишин кантип уюштурса болорун, акимдер жана түзүмдүк бөлүмдөр менен кантип байланыш түзсө болорун, жарандардын кайрылууларын карап чыкканды жана жыйындарды өткөргөндү жакшыраак түшүнүп жатканын белгилешти.

“Бизде системалуу окуудан өтүүгө боло турган атайын “депутаттык мектеп” жок, ошондуктан мен үчүн формалдуу эмес билим алуу өзгөчө маанилүү. Бул мага депутат катары өсүп, өз милдеттеримди ишенимдүү аткарууга жардам берет”, – дейт Ноокен районунун Э.Алиев айылдык кеңешинин депутаты Клара УМАРОВА.

Пландоо – бул өнүгүүнү башкаруу

Жайында аял депутаттар окуунун экинчи этабына – стратегиялык пландоону өздөштүрүүгө өтүштү. 2025-жылдын июнь-июль айларында алты райондо 138 аял депутаттын катышуусунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү про-граммаларын (СЭӨП) даярдоо боюнча эки күндүк семинарлар өттү. Депутаттар өз айылдык аймактарындагы кырдаалды талдап, артыкчылыктарды аныктап, максаттарды жана милдеттерди туюндуруп, эң негизгиси – көрктөндүрүү жана суу менен камсыздоодон баштап, социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө чейин идеяларды конкреттүү иштерге өткөргөндү үйрөнүштү. Практикалык бөлүк топ ичинде тапшырма аткарууну камтыды: ар бир команда СЭӨПнын багыттарынын бири – демография, инфраструктура, экономика, инклюзия, экология жана башкалар боюнча чакан өнүктүрүү планын даярдашты.

Окуунун жүрүшүндө активисттер, жаштар жана аярлуу топтордун өкүлдөрү менен талкуулар аркылуу жашоочуларды пландоого тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

“Биз көйгөйлөрдү чечүүгө көнүп калганбыз, эми болсо аларды алдын ала баамдаганды үйрөнүп жатабыз”, – дейт Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Нуриза ИМАНАЛИЕВА.

“Эң негизгиси мен бир нерсени түшүндүм, бул план “кожо көзүнө” эмес, бул айылдын өнүгүүсүн бир картина катары көрүүгө жардам берген аспап экен”, – деп бөлүштү Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаты Айнура ТЕНТИШЕВА.

Семинарлардын жыйынтыгы боюнча катышуучулар системалуу ой жүгүрткөндү, өнүгүүнүн социалдык, экономикалык жана экологиялык өңүттөрүнүн ортосундагы өз ара байланышты көргөндү үйрөнүшкөнүн жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын жеринде даярдап, жеткире иштеп чыгуу үчүн аспаптарды колдонууга даяр болуп калганын белгилешти.

Элге жакын болгон мыйзам

Күзүндө окуу программасы жылдык циклдин жыйынтыктоочу модулу болгон ченем чыгаруу боюнча бир катар семинарлар менен жыйынтыкталды. Алты райондон 120дан ашык аял депутат ар бир документ юридикалык жактан туура болуп, өз убагында катталып, иш жүзүндө чындап колдонула тургандай кылып, мыйзамдардын жол-жоболоруна ылайык кеңештин чечимдерин иштеп чыгуу жана кабыл алуу жолдору менен таанышып чыгышты.

Темаларга юридикалык техникалар, актыларды тариздөөнүн эрежелери, аларды каттоонун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби, ошондой эле ченемдик документтер менен жеринде башкаруу чечимдеринин өз ара байланышы кирди.

“Кайсы чечимдер токтом менен, ал эми кайсылары тескеме менен таризделе турганын түшүнүп калдым. Буга чейин ушул маселелерде башыбыз катып келген”, – дейт Чүй айылдык кеңешинин депутаты Гүлжамал ТОКТОГУЛОВА.

“Ар бир акт комиссияда талкуулоодон баштап, каттоого жана жарыялоого чейинки бардык баскычтардан туура өткөнү маанилүү”, – деп белгиледи Ноокен айылдык кеңешинин депутаты Назира ТАШТЕМИРОВА.

Окуунун жыйынтыгында депутаттар ченем жаратуу жол-жоболорун сактоонун маанилүүлүгүн жана чечимдерди туура тариздөөнүн зарылдыгын баамдашты, себеби бул алардын аткарылышына жана мыйзамдуулугуна таасирин тийгизет.

Семинарлардан кийин көптөгөн катышуучулар кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, көрктөндүрүү, ишкер аялдарды колдоо, экологиялык коопсуздук жана бюджеттин ачыктыгы тууралуу өз алдынча чечимдердин долбоорлорун даярдай башташты.

Тажрыйба алмашуу – биргелешкен чечимдерге карай кадам

Окуу жыйынтыкталгандан кийин аял депутаттар аймактардын ортосунда тажрыйба алмашуу сапарлары менен Чүй районуна, Талас облусуна жана Жалал-Абад облусунун Аксы районуна барышты. 2025-жылдын 16-октябрынан 29-октябрына чейин 160тан ашык катышуучу, анын ичинде 152 аял депутат жергиликтүү өнүгүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруудагы ийгиликтүү тажрыйбалар менен таанышты. Бул тууралуу кененирээк маалымат кийинки макалада берилет.

Иш сапарлардын негизги максаты – ар кайсы аймактардан келген аял депутаттардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, көрктөндүрүү жана суу менен жабдуудан баштап, жарандык демилгелерди колдоого жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга чейинки жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча тажрыйба алмашуу.

Таласта катышуучулар жашоочулар чогулткан каражатка курулган жаңы мектепте болушту; Чүй районунда – суу менен жабдуу объектилеринде жана коммуналдык чарба ишканаларында; Аксы районунда – аялдар кооперативдеринде жана социалдык долбоорлордо болушту.

“Башка райондордо кеңештер эл менен кантип иштеп жатканын көргөндө, өз жериңде да ушундай ыкмаларды киргизүү каалоосу пайда болот экен. Биздин активдүүлүгүбүздөн, тил табыша билүү жөндөмүбүздөн көп нерсе көз каранды болгонун түшүндүк”, – деди Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Гүлназ ЧОЛПОНКУЛОВА.

Тажрыйба алмашуу сапарларынын жыйынтыгында WhatsApp’та “Кыргызстандын депутаты-айымдары” деп аталган тайпа түзүлдү, ал биргелешкен иш-аракеттер жана колдоо үчүн аял депутаттардын башын бириктирет.

“Бизде идеялар менен бөлүшүп, бири-бирибизди колдой турган мейкиндик болсо го деп каалачумун”, – дейт тайпанын демилгечиси, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Зарема УРДОЛОТОВА.

Туруктуу чечимдерге умтулуу менен

Жыл жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын жыйынтыктоочу конференциясы менен жыйынтыкталмакчы. Анда 2026-жылга биргелешкен иш-аракеттер планы макулдашылат.

Конференция менен эле баары бүтүп калбайт, ал жаңы баскычтын башталышы болот – мында лидерликти статус эмес, иш-аракет катары түшүнгөн аял депутаттардын жамааты түзүлөт.

 

Окшош материалы: