Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтү жана айылдык кеӊеш – бул бүркүттүн эки канаты жана алардын үндөш кыймылы жергиликтүү өз алдынча башкарууну көтөрүп кетет

2014-09-11 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Айыл өкмөтү жана айылдык кеӊеш – бул бүркүттүн эки канаты жана алардын үндөш кыймылы жергиликтүү өз алдынча башкарууну көтөрүп кетет

Жалал-Абад облусунун пилоттук айылдык аймактары арасында тажрыйба алмашуу сапары мына ушундай ураан алдында өттү

Жай мезгилинин этегинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоору муниципалитеттердин 51 өкүлү, анын ичинде Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы 21 айылдык аймактан 34 айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн кайрадан тажрыйба алмашуу боюнча сапар уюштурду. Бул жолу алыска сапар тартып, ал жеңил болгон жок – ашуулар жана татаал жолдор аркылуу муниципалдык лидерлер бюджеттик процесске жарандарды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү практикасын өздөштүрүү максатында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна жол тартышты. Сапардын өзөктүк темасы айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү жамааттын өз ара аракеттешүү системасы, ошону менен бирге Тогуз-Торо жана Көк-Ирим айылдык кеңештеринин регламентинин жаңы редакциясына ылайык ачык сессияларды өткөрүү мисалы болуп калды.
Сапат белгиси алдындагы сессия Коноктор жаңы регламенттин алкагында жергиликтүү кеңештин иши менен таанышууну Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ачык сессиясына катышуудан башташты. Сессиянын күн тартибинде төмөнкү маселелер турду: айыл өкмөт башчысынын 2014-жылдын алгачкы жарым жылдыгы үчүн отчету, анын ичинде жамаат менен биргелешкен аракеттердин Планын ишке ашыруу тууралуу отчет жана туруктуу комиссияларда жана биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунда (БМжБ) жыйынтыктарды талкуулоонун натыйжалары, ошондой эле экинчи жарым жылдыкка АӨ башчысынын АК төрагасына кайрылуусунун негизинде кеңештин иш планындагы өзгөрүүлөр жана толуктоолор. Коноктордон тышкары ачык сессияга Тогуз-Торо аймагынын жергиликтүү тургундарынын арасынан 39 киши, анын ичинде 18 аял катышты. Жарандардын сессиянын ишине катышуусу маалымат өнөктүгүнүн жардамы менен камсыздалды – жергиликтүү активисттерге жана жамааттын лидерлерине чакыруу баракчалары таратылып, коомдук жерлерде жарыялар илинди.Тогуз-Торо айылдык кеңешинин сессиясы төрага Акыл КӨЧӨРБАЕВдин саламдашуусунан башталды жана катуу регламентке ылайык болду. Андан кийин АӨ башчысы Рахатбек АБДЫКАДЫРОВ
айыл өкмөтү 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштин натыйжалары тууралуу айтып берди. Анын тыянактарын тастыктоо же четке кагуу үчүн туруктуу үч комиссиянын төрагаларына сөз берилди. Ал комиссиялар: бюджет, экономика,айыл чарба жана инвестициялар боюнча комиссия, социалдык маселелер, маданият, ММК менен кызматташтык боюнча комиссия, мыйзамдуулук, курулуш, транспорт, депутаттык этика боюнча комиссия. Алардын ар бири айыл өкмөттүн ишинин жыйынтыктарын өз багыты боюнча баалап, кемчиликтерди көрсөтүп, жетишкендиктерди баса белгилешти. АК төрагасынын сөзү интригалуу учур болуп калды, ал айыл өкмөттүн ишин сынга алды.Ал өзгөчө салыктардын айрым түрлөрү (ыктыярдуу патент, транспорт салыгы) боюнча бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын айтып, таштанды чыгарууга, көчөлөрдү жарыктандырууга, алыскы айылда мончонун курулушуна, калк менен иш алып барууга карата эскертүүлөрдү берди. Регламентке ылайык ачык добуш берүү сессиянын кульминациялык учуру болуп калды. Анын жүрүшүндө кеңештин 11 депутатынын тогузу айыл өкмөтүнүн ишин канааттандырарлык деп табууну чечишти, ал эми экөө “каршы” добуш беришти. Сессия ЖӨБнын аткаруу органынын отчетун кабыл алган кеңештин сапаттуу ишинин үлгүсүн көрсөттү.Андан кийин депутаттар экинчи маселени карашты – экинчи жарым жылдыкка АК иш планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.АК төрагасынын орун басары өз баяндамасында кеңештин иш планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн негизги себептерин атады – жамаат менен биргелешкен аракеттердин Планын жана анын аткарылышынын натыйжаларын бекитүү зарылчылыгы. Анткени депутаттар өз планына айыл өкмөтүнүн жамаат менен иш алып барган планын кошуу маанилүү деп чечишти.Конокторго сессиянын ишинин жыйынтыгын баалоо сунушталды. Бул үчүн алар атайын анкетадагы суроолорго жооп берип, өз муниципалитеттеринде процессти жакшыртуу үчүн сунуштарын беришти. Мисалы: аткаруу органынын ишин азыркыданда маани берип баалоо; бюджеттин аткарылышы  тууралуу көбүрөөк маалымат берүү; күн тартибиндеги маселелер тууралуу калкка жана депутаттарга алдын ала кабар берүү; ачык сессия учурунда калктын пикирин угуу; сын сөздөрдүн тең салмактуулугуна көз салуу жана жеке пикир келишпестиктен оолак болуу. Ошондой эле коноктор өздөрүнүн сынчыл эскертүүлөрүн да кошушту. Мисалы, сессиянын башында жарандарга алар талкууга кантип катыша алары (суроо узатып, сунуштарын берүү) түшүндүрүлгөн жок; АК төрагасы айыл өкмөттүн ишин өтө эле сындап, эмоционалдуу баалады.Ошону менен бирге сессияга күбө болгондордун дээрлик бардыгы жарандардын ачык сессиянын ишине катышуусу пайдалуу гана эмес, ошол эле кезде муниципалитеттин жашоочулары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин маңызын жакшыраак түшүнүп, депутаттардын жана ЖӨБнын аткаруу органынын ишинин сапатын адекваттуу баалоосу үчүн зарыл экенин белгилешти.
Теорияда жана практикада: кеӊештин жана БМжБ тобунун иши Жергиликтүү кеңештин сессиясына катышуу жолу менен практикадан өтүүдөн тышкары, сапардын катышуучулары эки тренингден өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар: Типтүү регламентке ылайык кеңештин сессиясын өткөрүү тартиби боюнча жана кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын иш планы боюнча. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар кеңеш үчүн акталдуу болгон көптөгөн маселелерди көтөрүштү. Аларга Өнүктүрүү саясат институтунун ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун укуктук маселелер боюнча адиси Бектур ОРОЗБАЕВ жооп берди (24-беттеги “Жергиликтүү кеңештин депутатына жардамга” аттуу макаланы окуңуз).
Эски жаӊы тааныштар – маалымат бюллетени жана … Тогуз-Торо району сыймыктанчу дагы бир нерсе бар. Мисалы, эки пилоттук айылдык аймакта квартал сайын (Тогуз-Торо АА) жана ай сайын (Көк-Ирим АА) бюллетендер чыгып турат. Мындай практика Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде өтө чанда кездешет. Ошондуктан маалымат бюллетендери тууралуу баяндама толтура суроолорду жаратты. Өзгөчө бул ЖӨБнын көптөгөн лидерлери маалымдоо боюнча адис үчүн өзүнчө бир штаттык бирдикти түзүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна даттанып жүргөнүнө байланыштуу маселе. Иш жүзүндө чоң каалоо жана эч кандай сыйлык албастан, акысыз негизде бюллетен чыгаруу менен алектенген айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен калктын арасынан кайдыгер эмес демилгечилер болсо эле маселе чечиле турганы белгилүү болду. Бул практикада кантип ишке ашарын өз баяндамасында Көк-Ирим ААнын салыктар боюнча инспектору Паризат НАЙМАНОВА айтып берди. Паризат бюллетенди даярдоо процессине, уюштуруу иштерине жана айыл өкмөтү менен ЖӨБнын он бир өкүлүнөн турган редакциялык топтун ролуна кенен токтолду. Редакциялык кеңештин курамына кимдер кирет деген суроого Паризат редакциялык кеңештин курамында жергиликтүү кеңештин депутаттары,мугалимдер жана демилгелүү топтордун өкүлдөрү бар болгонун айтты. Ошону менен бирге айыл өкмөттүн ар бир адиси өз иши тууралуу кеңири маалымат даярдап берет, бул болсо жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга карата ишениминин артышына көмөктөшөт. Чогулуштар жана жыйындар учурунда муниципалитеттин ар бир бөлүмчөсүнүн иши тууралуу кеңири маалыматты дайыма эле ачып берүү мүмкүн болбогондуктан,көпчүлүк жашоочулар чогулуштарга катышпагандыктан жана дегеле маалымат албагандыктан улам да бюллетень жакшы “иштейт”, себеби ал ушул маселелерди чечүүгө жардам берет.Албетте сапардын катышуучуларын чыгашалар, ай сайын бюллетенди чыгарууну ким каржылайт өңдүү суроолор кызыктырды. Көрсө Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн ар бир адисинде компьютербар экен, биринчи чыгарылышы үчүн адистер картридж менен кагазды өз каражатына сатып алышкан. Андан кийин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунан ноутбукту жана көп функционалдуу принтерди техникалык жардам катары алышкан. Үчүнчү чыгарылыш жергиликтүү бюджеттин эсебинен чыккан.Редакциялык кеңештин мүчөлөрү кандайдыр бир кошумча сыйакы албастан иштешет, өздөрүнүн жеке фотоаппараттарын колдонушат.ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Жалал-Абад облусундагы аймактык өкүлү Сатыбалды САРТМАНБЕТОВ калктын маалымдуулугу боюнча маселени чечүү жаатында Көк-Ирим ААнын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып буларды айтты: “Мына ушундай чакан бюджет менен (дотациядагы Көк-Ирим ААнын бюджети миллион сомго да жетпейт) эч кандай долбоорлорсуз жана сырттан жардам албастан маалымдоо боюнча ишти уюштурса болооруна таң калып турам. Демек муну башкалар да жасай алат”.Албетте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин маалымат бюллетенин чыгаруу иши менен мындан ары да акысыз алектендире берүүгө болбойт. Бирок прецедент бар жана чакан сыйакы болсо, же башка, материалдык эмес дем бергенде мындай ишти уюштурууга болот. Ар бир ЖӨБ органынын калкка айтчу жана көрсөтчү иши бар, ар бир муниципалитет калк менен байланыш түзүүгө муктаж. Ал эми сыйакы тууралуу айтсак... Дайыма башка жолун тапса болот. Мисалы, демилгечилерге кандайдыр бир жеңилдиктерди берип, диплом менен сыйлап, тажрыйба алмашуу боюнча сапарларга же квалификацияны жогорулатуу курстарына жиберип, же башка ыкмаларды колдонсо болот .
жана... маалымат тактасы Маалымат тактасы – баналдуу, бирок эскирбеген калкты маалымдоо каражаты, ал өзүнүн актуалдуулугун жана натыйжалуулугун жоготпой келет.Муну Тогуз-Торо районундагы маалымат такталары дагы бир жолу далилдеди. Үч аймактагы такталарда бир топ пайдалуу маалымат жайгаштырылган:кеңештин иш планы, шайлоо округдарынын схемасы, туруктуу комиссиялардын иш планы, кеңештин сессиясынын графиги, депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетунун графиги, кеңештин токтомдору, депутаттардын иши тууралуу отчеттор, кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын түзүмү, анын ичинде депутаттардын сүрөттөрү жана алар тууралуу жеке маалымат – жаш курагы,билими, иш тажрыйбасы, мобилдик телефондун номуру. Жашоочулар алардын депутаты ким, кайсы комиссияда экенин, комиссия эмнелер менен алектенип жатканын, тигил же бул маселе боюнча качан жана кимге кайрылса болору тууралуу билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары сапардын катышуучулары айыл өкмөтүнүн имараттарында айыл өкмөтүнүн ар бир бөлүмү тууралуу маалымат такталарын көрүштү.Мисалы, Каргалык айыл өкмөтүнүн имаратында “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын бөлмөсү жана анын маалымат тактасы менен таанышуу кызуу талкуулар менен аяктады. Ал жерде уюштуруучулук түзүм, иш планы, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи жана башка пайдалуу маалыматтар жайгаштырылган экен. Сапардын катышуучулары муниципалдык ишкана ишин качан баштаганына, штаты кандай экенине, уставды иштеп чыгууда юридикалык жардамды ким жүзөгө ашырганына, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер кантип орнотулганына кызыгышты.Катышуучулардын пикири боюнча, мындай көлөмдөгү зарыл маалымат жайгаштырылган такталар жакшы үлгү, көптөр анын мазмунун мобилдик телефондоруна сүрөткө тартып алып, аларды өз ишинде колдонуу ниети бар болгонун айтышты.
Жарандардын катышуусу аркылуу жамаатты өнүктүрүү Сапардын жүрүшүндө муниципалитеттердин өкүлдөрү бир катар объекттерди кыдырып чыгышты. Ошондой объекттердин бар болгону жана алардын абалы жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен жарандар биргелешип иш алып барганда кандай ийгиликтүү натыйжаларга жетсе болорун жакшы көрсөтүп турат. Тогуз-Торо айылдык аймагындагы 2012-жылдын октябрында ишке киргизилген, 372 окуучу билим алган жана 40 мугалим иштеген жаңы №4 Иманберди уулу Иса атындагы орто мектеп өзгөчө таасир калтырды. Бул мектептин уникалдуулугу – калктын демилгеси менен республикалык бюджеттен дем берүүчү грант катары 49 млн. сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн, ал эми жергиликтүү жамаат ашар жолу менен 1,5 млн. сомдон ашык суммага курулушту кошо каржылаган. Тажрыйба алмашуу сапарыны катышуучуларын чоң, жарык тийип турган, заманбап, жаңы эмеректер жана кооз методикалык пособиялар, интерактивдүү такталар жана компьютерлер менен жабдылган класстар таң калтырды. Манас классы да кайдыгер калтырган жок. Бул класс эпостон алынган жана бардык белгилүү манасчылардын сүрөттөрү менен жасалгаланган. Ошондой эле жуунчу бөлмөлөрү жана кенен чечинүүчү жайлары бар заманбап спорттук зал да оозду ачырды.
КОРУТУНДУ  ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖӨБ органдары менен иштөө боюнча адиси Жоодар ЖУМАГУЛОВ: “Менин баамымда, тажрыйба алмашуу сапары ийгиликтүү болду, себеби алдыга коюлган максаттарга жеттик. Темалар толугу менен ачылып берилди, катышуучуларга талкууга катышуу, өз тажрыйбасы менен бөлүшүү, сунуштарын берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бардык катышуучулар келечекте өз муниципалитеттеринде ишти жолго салууга жардам бере турган жаңы билимге, көндүмдөргө ээ болушту. Сапардын катышуучуларын кабыл алган муниципалитеттер абдан жакшы даярданышкан экен – жоопкерчиликтүү мамиле, командалык иш (депутаттар жана АӨ кызматкерлери бир бүтүн болуп иштешти), конокторго меймандос мамиле өзгөчө таасир калтырды”.Өнүктүрүү саясат институту Тогуз-Торо районунун аймагында тажрыйба алмашуу сапарын өткөрүү идеясын колдоп берген жана иш-чараны даярдоо жана уюштуруу процессине активдүү катышкан, конокторду жеке өзү кабыл алып, кайра узаткан район акими Тилек ИДИРИСОВго ыраазычылыгын билдирет. Ыраазычылык сөздөрү акимдин орун басары Гүлжамал СУЛТАНГАЗИЕВАга да жолдонот. Ал даярдоо иштерине активдүү гана катышпастан, ошондой эле эки күндүк тажрыйба алмашуу сапарынын бардык иш-чараларына коноктор менен бирге катышты.Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилерин райондук, облустук, республикалык деңгээлдерде тажрыйба алмашуу боюнча ар түрдүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жаатында демилге көтөрүүгө жана активдүүлүгүн көрсөтүүгө чакырат: “Башкалар сенин тажрыйбаңды үйрөнгүсү келгени ишиңдин сапаты жогору болгонун жана сен тандаган жол туура экенин таануу болуп эсептелет. Бул адамга ишеним берип, кесиптик жана жеке турмушта ийгиликтерге жеткени үчүн канааттануу сезимин тартуулайт” (Льерка Крнкович, каржы министри, Хорватия).М