Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жерлерди башкаруудан кирешени ар бир жетинчи гана муниципалитет алат

2015-01-12 / ЖӨБ ресурстары

АА Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун (мындан ары – АЖМФ) жерлери менен муниципалдык жерлер ортосундагы айыр маны көп жакшы түшүнө беришпейт. ААнын аракеттери АЖМФ жерлери менен иш алып барууга бурулган. Жерлердин калган түрлөрү көңүл сыртында калып, жергиликтүү бюджетке киреше алып келбеген өтүмсүз товар болуп калып кетүүдө.

 
Демократияны колдоо боюнча Улуттук фонд, Өнүктүрүү саясат институту Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен биргелешип каржылаган “Муниципалдык менчикти башкарууну жолго салуу аркылуу Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринин ачык-айкындуулугуна жана жоопкерчилигине көмөктөшүү” Долбоорунун алкагында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айылдык аймактарында сурамжылоо жүргүзүлдү. Алдын ала иштелип чыккан анкетада муниципалдык менчикти башкаруунун өзөктүк аспекттери боюнча 30 суроо камтылган.Муниципалитеттерден маалымат акыркы үч жыл – 2011-жылдан 2013-жылга чейин суратып алынды. Анкета 26 элеттик муниципалитет арасында таратылып, 22 айылдык аймактан жооп алынды.
 
Ошого карабастан алынган маалымат муниципалдык менчикти башкаруу абалына биринчи анализ жүргүзүүгө жардам берет.Сурамжылоого катышкан 22 ААнын 16сында муниципалдык менчик объекттерине каттоо жүргүзүлгөң, алардын бешөөндө каттоо жарымжартылай жүргүзүлгөн.Муниципалдык менчиктеги объекттердин реестри 9 ААда бар, 8 ААда реестр толук эмес. 13 ААда реестр маалымат тактасына илинген.
 
Бир жагынан муниципалдык менчикти башкаруу жаатында билимдин жоктугу, экинчи жагынан кызматкерлердин иши ансыз да көп болгонунан жана каржылоонун жоктугунан улам реестрге жана муниципалдык менчикти инвентаризациялоого байланышкан иштер ушундай абалда турат.Айылдык аймактардын жарымында финансы каражаттарынын жана ошол объекттердин техникалык документтердин жоктугунан улам муниципалдык менчиктеги объекттерге укуктарды мамлекеттик каттоо жүргүзүлбөй калган. Социалдык объекттер негизинен 2000-жылдын башында системалык акысыз мамлекеттик каттоо жүргүзүлүп жаткан маалда катталып калыш керек болчу.
 
АА кызматкерлери бул суроого кылдат көңүл бурбай калып, анкетада терс жооп берип койгон болуш керек деп божо молдосок болот.Дээрлик бардык ААда муниципалдык жерлерди жана объекттерди менчиктештирүү программасы, же муниципалдык жерлерди башкаруу стратегиясы жок.АА муниципалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдар маселесинде артта калууда.Муну жергиликтүү ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруудагы тартип бузуулар, муниципалдык менчиктеги объекттерди берүүдө тооруктардын жол-жоболорун,муниципалдык менчик тууралуу маалыматты жарыялоо тууралуу талаптарды четке кагуу ж.б. ырастап келет. Айталы,сурамжылоого катышкан ААнын жарымы гана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жергиликтүү ченемдик укуктук актыга ээ, жерлерди берүү боюнча тооруктарды өткөрөт жана муниципалдык менчиктин колдонуучулары/ижарага алуучулар менен жазуу түрүндө келишимдерди түзөт. Калгандары болсо кандай болсо, ошондой иштей берет.
 
2013-жылы ӨСИ ИПР ушул өңдүү сурамжылоону шаарлар арасында жүргүзгөн эле. 2013-жылдагы сурамжылоонун жыйынтыктарына таянып,муниципалдык менчикти башкарууда шаарларга салыштырмалуу менчиктин көлөмү аз болгонуна карабастан элеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардык муниципалитеттерден бир топ артта калып жатканын айтсак болот.
 
  • Муниципалитеттер КР мыйзамдары талап кылгандай, муниципалдык менчикти башкаруу тууралуу, мисалы, муниципалдык менчик реестрине карата маалыматты жарыялоого ашыгышпайт.
  • Алынган реестрлерге жүргүзүлгөн анализ Состояние управления муниципальной собственностью (МС) в 22 АА көрсөткөндөй, Муниципалдык менчик объекттерин эсепке алууну жүргүзүү тууралуу
Типтүү жобого киргизилген реестрлер форматын дээрлик эч бир муниципалитет сактабайт. Бул типтүү жобо КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жана милдеттүү түрдө аткарылыш керек деп эсептелет.
 
  • Сурамжылоого катышкан 22 ААнын сегизи гана муниципалдык менчикти берүүнү жөнгө салган жергиликтүү ченемдик укуктук актысы бар болгонун айткан. Б.а., ААнын жарымынан көбүндө муниципалдык менчик объекттерин сатууда же ижарага берүүдө так белгиленген “оюн эрежелери” жокко эсе.
  • Муниципалдык менчик объекттерин конкурс өткөрбөстөн, түз берүү мурдагыдай эле ЖӨБ органдарында кеңири колдонулуп келет. Бул болсо ушул жол-жоболордун коррупцияланышына жол ачат. Сурамжылоого катышкан ААнын 22% гана муниципалдык менчиктеги объекттерди конкурс менен берет.
  • Болгону 4 АА гана муниципалдык жерлерди сатуудан жана ижарага берүүдө кандайдыр бир киреше ала турганын көрсөткөн. Дээрлик бардык ААнын аймактарында муниципалдык жерлерде орун алган жолдордун жээгинде коммерциялык күркөлөр бар. Жерден түшкөн киреше тууралуу маалыматтардын жоктугу эки фактыны көрсөтөт: муниципалитет ошол кирешелерди жашырууда, же күркөлөрдүн ээлери менчик ээсине кабарлабастан эле жерлерди колдонууда. Мына ушул жерден териштирүү керек.
  • АА объекттерди берүүдө өз укуктарын коргоо үчүн жазуу түрүндөгү келишимдерди жигердүү колдонуп келет. Бирок баарына эмес. Келишимдердин саны менен катталган муниципалдык менчик объекттеринин санына жасалган салыштырмалуу анализ экөөнүн ортосунда олуттуу айырма болгонун көрсөттү.

 

Окшош материалы: