Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Болгариянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өзгөчөлүктөрү

2015-04-07 / ЖӨБдүн эл аралык тажрыйбасы
Болгариянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өзгөчөлүктөрү

Болгарияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын уникалдуулугу – узак мезгил бою Осмон империясынын бийлиги алдында жашаган, мамлекеттүүлүгү болбогон өлкө ошол эле маалда жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына ээ болгон. Болгариянын муниципалитеттери кылымдар бою болгар мектептерин каржылап, жергиликтүү калкка камкордук көрүп келген. Бүгүнкү күндө Болгарияда башкаруу системасы мыйзам боюнча эки деңгээлдүү – улуттук деңгээл жана 28 облус, бул облустарда мамлекеттик башкаруу иштейт жана 265 муниципалитеттин атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу. Муниципалитеттерден жана облустардан тышкары өлкөдө дагы алты мындайча айтканда пландоо региондору бар.

Бул административдик деңгээл эмес, өзүнүн өнүгүү стратегиясына, өнүгүү боюнча кеңештерине ээ болгон облустардын шарттуу бирикмелери бар. Бирок аларда башкаруу органдары жок. Алар Европа биримдигинин таасири менен пайда болгон. Аталган биримдиктин ага кирген катышуучу өлкөлөр үчүн аймактарды өнүктүрүүнүн кеңири программасы бар. Бирок региондор белгилүү бир сандык пара-метрлерге шайкеш келиш керек. Өзүнүн административдик-аймактык түзүлүшүн Евробиримдиктин стандарттарына тууралоодон качкан Болгария облустарды пландоо региондорунда бириктирүү аркылуу компромисстик вариантты тандап алды. Эми регионалдык стратегиялар Болгариянын регионалдык өнүгүүсү үчүн Евробиримдиктен финансылык жардамды алып туруунун аспабы жана шарты катары кызмат өтөйт. Болгарлар мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын ажыратууну олуттуу көйгөй катары көрүшпөйт. Жогоруда айтылгандай, региондор деңгээли административдик функцияларга ээ эмес – болгону Евробиримдик менен байланыш үчүн региондордун өнүгүүсүн стратегиялык пландоо функциясы бар.
Мамлекеттик башкаруунун облустук деңгээли облусту өнүктүрүүнү пландоо, мамлекеттик менчикти башкаруу, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине административдик көзөмөл жүргүзүү менен алектенет (69 контролдук функция жана 42 кызмат көрсөтүү боюнча функция бар). Муниципалитеттер жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу менен алек.Баары түшүнүктүү деңизчи, бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине мамлекеттик административдик көзөмөл функциясы одоно угулгансыйт. Бул мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иштерине кийлигишүүсү жана анын көз карандысыздыгын басмырлоо дегенди түшүндүрүп жүрбөсүн?Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул мамлекеттик башкаруу системасынын бир бөлүгү деген доктринадан улам мындай эмес. Негизи эле жергиликтүү өз алдынча башкаруусу бар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө мамлекет ЖӨБ органдарына административдик, финансылык жана атүгүл саясий көзөмөл жүргүзүүнүн көптөгөн ар түрдүү формаларын колдонот. Мында жаман эч нерсе жок – “борбордук бийликтин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үстүнөн көзөмөлү... жергиликтүү башкаруунун эффективдүүлүгүн камсыздоого, жергиликтүү бийликтин кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташтырууга көмөктөшүп, жергиликтүү бийликтин өз бийлигин кыянатчылык менен пайдалануусунан жарандарды коргоп, финансы, экономика жана жалпы пландоо жаатында улуттук саясий багытты ишке ашырууга көмөк көрсөтөт”.Бул көзөмөл жергиликтүү өз алдынча башкаруу түшүнүгүн алмаштырбастан көзөмөл бойдон калыш керек маселе мына ушунда гана. 
Болгарияда ЖӨБ органдарынын чечимдери өлкөнүн мыйзамдарына шайкеш келип-келбегенине көз салуу менен гана чектелет. Ошону менен бирге облус ЖӨБ органынын чечимдерин токтотуп кое алат, ал эми соңку чечимди сот кабыл алат. Мындай система Польшада да орнотулган. Бул өлкөдө воевода (губернатордун бир түрү) да муниципалитеттердин чечимдери мыйзамдарга шайкеш келип-келбегенин текшерип турат.Болгариянын ЖӨБ органдарында төмөнкү чөйрөлөрдө чечимдерди кабыл алуу укугу бар (компетенцияга ээ): муниципалдык мүлк жана ишканалар, жергиликтүү финансы, салыктар жана жыйымдар; аймакты көрктөндүрүү жана өнүктүрүү, коммуналдык чарбачылык; билим берүү – мектепке чейинки тарбия, баштапкы, негизги жана орто билим берүү; саламаттык сактоонун алгачкы деңгээли; маданият; социалдык жардам; айлана-чөйрөнү коргоо, спортту жана туризмди өнүктүрүү. Болгарияда бюджеттер аралык мамилелер системасы кирешелердин децентралдашуусунун бир кыйла жогорку даражасы менен мүнөздөлөт – жергиликтүү бюджеттердин 60 пайызы – бул кирешенин өз булактары, 40 пайызы - субсидиялар.
Ошону менен бирге Эсептөө палатасы, коомдук секторлордо финансылык башкаруу жана контроль, мамлекеттик финансы инспекциясы, коом- дук сектордо ички аудит тууралуу мыйзамдарга негизделген финансылык көзөмөл системасы жакшы өнүккөн. Акыркысы Кыргыз Республикасы үчүн чоң кызыгууну жаратат. Анткени ички аудит институтун киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык тартибин жогорулатууга жана КР Башкы прокуратурасы какшап келаткан мыйзам бузуулардын санын кыскартууга тийиш.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын структурасы тууралуу айта турган болсок, Болгарияда албетте жергиликтүү кеңештер жана аткаруучу органдар бар. Кеңештин депутаттары өзүнүн депутаттык милдеттерин аткарууга сарптаган убактысы үчүн бир аз акча алышат. ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын жетекчилери 4 жылга шайланат.Ошону менен бирге мэрлердин ротация үлүшү 50 пайызды түзөт – бул ротациянын жогорку деңгээли.Бул болсо муниципалитеттер деңгээлинде жигердүү саясий турмуштан кабар берет. 
Муниципалдык кызматчылардын саны: Кыргызстанда  көйгөй  барбы?Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга кеткен чыгашаларды оптималдаштыруу, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санын кыскартуунун эсебинен азайтуу зарылчылыгы тууралуу көп сөздөр айтылып келатат. Анткен менен кызматчылардын санын кайракайра кыскарта берүүгө болбойт. Антпесе башкаруу системасы жөн гана иштебей токтоп калат. Башкаруу тууралуу илимде башкаруунун мамлекеттик жана муниципалдык системасында кызматчылардын туура саны кандай болуш керектиги тууралуу талаш-тартыштар токтобой келатат. Биз болгону Болгария менен Кыргызстандагы көрсөткүчтөрдү салыштырып карайлы. көрүнүп тургандай, Болгарияда жана Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын пропорциялары дээрлик окшош. Анткен менен бир миң жашоочуга муниципалдык кызматчылардын санына карата кырдаалды жакындан карап көрө турган болсок, Кыргызстанда муниципалитеттерде иштегендердисаны аз болгону түшүнүктүү болот – болгону эки гана адам миң киши үчүн жергиликтүү маанидеги маселелер менен алектенет.Болгарияда болсо миң жашоочуга дээрлик беш муниципалдык кызматчы туура келет. 
Ошону менен бирге Болгарияда муниципалитеттердин саны дээрлик эки эсе аз, ал эми муниципалитеттерде калктын орточо саны Кыргызстанга салыштырмалуу эки эсе көп. Эгерде биз Болгарияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кыргызстанга салыштырмалуу дагы да майнаптуу иштеп жатат деген ырастоого макул болсок, ал эми эффективдүүлүктүн факторлорунун бири муниципалитеттин көлөмү болсо, анда бул статистика Кыргызстандагы муниципалитеттерди ирилештирүүнүн тарапкерлеринин пайдасына айтып турат.Кызыгы, мамлекеттик, анын ичинде борбордук органдардын кызматкерлери жана муниципалитеттердин кызматчылары бирдей статуска ээ – баары мамлекеттик кызматчы болуп эсептелет. Болгарияда бул факт муниципалдык башкаруу органдарында кадрлардын таңсыктыгы көйгөйүн жеңүүгө жол берген административдик реформанын ийгилигинин бир шарты катары каралат. Жакырчылыкка карата шарттарда – Болгарияда азык-түлүк Кыргызстанга салыштырмалуу арзан, ал эми киреше деңгээли анча деле жогору эмес –эгерде жарандар мындан да жакшы шарттарды издеп Европанын башка өлкөлөрүнө кетпесе эле муниципалдык кызмат алар үчүн чоң кызыгууну туудурат (Евробиримдикке киргенден кийин Болгария үчүн калктын миграциясы башкы көйгөй болуп калды).