Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

2017-03-23 / СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР
СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР

Кыргызстанда эки жылдан бери социалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери менен алектенген эксперттердин жана уюмдардын бейформал бирикмеси иштеп жатат. Бирикмеге Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) атынан Надежда ДОБРЕЦОВА менен Бекболот БЕКИЕВ, КРда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча КЭУ Ассоциациясынын атынан Наталья ШИПП (бул тема менен тикелей алектенген же жеринде ошондой көйгөйгө туш болгон өлкөнүн бардык аймактарындагы 18 бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүн кошкондо), Балдарды коргоо борборунун атынан Мира ИТИКЕЕВА, көз карандысыз эксперттер Назгуль ТАШПАЕВА, Джамиля СОПУКЕЕВА, ошондой эле ЮНИСЕФтин социалдык саясат боюнча программасынын жетекчиси Гульсана ТУРУСБЕКОВА киришти.
Союз талаштан кийин пайда болгон: бир нече жыл мурда ӨСИ жана “балдар” уюмдары оор турмуштук кырдаалда калган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо жана эсепке алуу үчүн жоопкерчиликти ЖӨБ органдарына жүктөө маселеси боюнча оппонент катары чыгышкан. Анткен менен талкуу процессинде Кыргыз Республикасында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу каржылоо механизмдерин кошкондо, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пландоо жана ишке ашыруу системасы кандай болуш керек, мында мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бейөкмөт сектор кандай ролду ойнош керек деген жалпы көз караш жаралган.
2016-жылдын соңунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-аярлуу катмарлары үчүн жарым стационардык мекемелеринин социалдык кызмат көрсөтүүлөр рыногун туруктуу өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топ түзгөн (ЖК Комитетинин 2016-жылдын 2-ноябрындагы №6-26213/16 чечими).Топтун жетекчиси болуп ЖК депутаты Наталья НИКИТЕНКО дайындалды. Бейформал бирикменин мүчөлөрү аталган жумушчу топтун курамына киришти. Ошондой эле жумушчу топту колдоо максатында түзүлгөн эксперттик топтун мүчөлөрү болуп калышты. “Муниципалитет” журналынын окурмандарынын назарына жумушчу топтун кароосуна жиберилген реформанын концепциясын сунуштайбыз.