2017-01-20 / СОЦИАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР
Hope and Homes for Children уюму УкраинадаБалдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү Борборунда жамаат (район) деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин түзүү аркылуу деинституционалдаштыруу (интернаттардан жарым стационардык кызмат көрсөтүүлөргө өтүү) моделин ишке ашыра баштады. Борбордун иши баланы үй-бүлөсүнөн ажыратпоого, реинтеграцияга (баланы биологиялык үй-бүлөсүнө кайтаруу) же балдарды үй бүлөлүк формада тарбиялоого багытталган. Ар кандай себептерден улам үй-бүлөгө берилбей турган балдар үчүн Чакан топтук үй (ЧТҮ) түзүлөт. Андагы жашоо шарттары мүмкүн болушун- ча үй-бүлөдөгү шарттарга жакындаштырылган.
Борбордо жана ЧТҮда кызмат көрсөтүүлөр жергиликтүү жамааттын (райондун) жашоочуларынын муктаждыктарына ылайык түзүлөт жана түрдүү деңгээлдеги үй-бүлөлөрдү колдоого эсептелинген: тобокелдик тобундагы үй-бүлөлөр, көйгөйлүү үй-бүлөлөр жана кризистик үй-бүлөлөр. Эгерде бардык мүмкүн болгон варианттар колдонулуп, бирок өз үйүндө баланын өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунуч жаралганда гана бала үй-бүлөсүнөн ажыратылат. Борбордо жана ЧТҮдө иш методикасы негизги көңүлдү баланын өз үй-бүлөсүн калыбына келтирүүгө бурат. Окуянын кыскача таржымалы жана проблематикасы Украинада ар бир жергиликтүү жамааттын (райондун) деңгээлинде көйгөйлөрдүн жалпы спектри бар. Алар балдарды коргоонун колдонуудагы системасы менен чечилбейт. Ал эми бул система тарбиялоонун интернаттык формаларына негизделген. Көйгөйлөрдүн чөйрөсү төмөнкүлөр:
-
интернаттык мекемелерди сактоо;
-
ата-энелик укуктарынан ажыратылгандыктан ата-энесинин камкордугунан куру калган жетим балдардын санынын көбөйүү тенденциясы;
-
тарбиялоонун үй-бүлөлүк формаларын өнүктүрүү боюнча системалуу жумуштардын жоктугу, мисалы, асырап алууга талапкерлерди, асырап алган ата-энелерди, тарбиялоочу ата-энелерди жана камкорчуларды тандап алуу;
-
убактылуу жашаган жеринде кызмат көрсөтүүлөрдүн жокутугунан улам социалдык себептерден улам балдардын ооруканада болушу,
-
оор турмуштук кырдаалда калган үй-бүлөлөрдүн санынын көптүгү. Алардын басымдуу бөлүгү социалдык көзөмөл алдында эмес;
-
майып балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн колдоо көрсөтүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугу;
-
балдар жана үй-бүлөлөр менен иштей турган мамлекеттик структуралар ортосунда өз ара аракеттенүүнүн жоктугу.
Ийгиликтүү тажрыйба Балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү Борбору – бул жамааттагы үй-бүлөгө ба гытталган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысы. Ал Чакан топтук үйлөр менен биргеликте деинституционалдаштырууну өткөрүп, интернаттык мекемелерди жабуу үчүн жергиликтүү жамаатка зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн топтомун түзөт. Борбордо баланын жана үй-бүлөнүн жеке муктаждыктарына ылайык кызматтар көрсөтүлөт жана стационардык да, күндүзгү да болушу мүмкүн. Борбордо иштеген команданын курамында тар профилдүү адистер иштейт: психологдор,логопеддер, дене мүчөнү калыбына келтирүүчү реабилитолог, социалдык педагог, невролог. Бул адистер кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга психологиялык, логопеддик, коррекциялык, медициналык-консультативдик жана реабилитациялык жардамдарды берүү аркылуу социалдык жумуштарды кеңейтишет.
Бардык адистердин иши баланын өз үй-бүлөсүн сактап калуусуна же калыбына келтирүүгө багытталган. Кызмат көрсөтүүлөр “ар бир конкреттүү учурду өзүнчө карап чыгуу” технологиясы боюнча ишке ашат жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын муктаждыктары менен ресурстарын баалоону, үй-бүлөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн иш-аракеттерди пландоону, үй-бүлө мүчөлөрүнүн керектөөлөрүн канааттандырууну, планды ишке ашырууну жана прогресске мониторинг жүргүзүүнү караштырат. Конкреттүү учурлар менен иш алып баруу мультидисциплинардык мамилеге негизделет. Бул болсо бардык зарыл болгон адистердин ишке тартылышын кепилдеп, жыйынтыкка эмес, алдыга коюлган максатка жетүүгө багыт алган. Борбордун тутумунда төмөнкүдөй бөлүмдөр иштейт. Балдарды чукул жайгаштыруу бөлүмү (эң көп дегенде 3 ай жашайт) түрдүү себептерден улам, анын ичинде ташбоор мамилеге байланыштуу үйбүлөсүнөн алынган балдарга, же ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга стационардык кызматтарды көрсөтөт. Бул бөлүмдө адистер балдардын коопсуз, ыңгайлуу жашоосу үчүн болгон шарттарды түзүп беришет, аларга күнү-түнү кам көрүшөт, адистештирилген жардам беришет.
Баланын үй-бүлөсүндөгү кырдаал менен таанышууга жана анын реинтеграциясына өзгөчө көңүл бурулат. Эгерде баланы өз үй-бүлөсүнө кайтаруу мүмкүн болбосо, анда анын кийинки жашай турган жери аныкталып, тарбиялоо маселеси чечилет. Баланы үй-бүлөдө тарбиялоо чечими кабыл алынганда аны асырап алчу ата-эне, камкорчулар тандалат, баланы жана анын келечектеги үй-бүлөсү буга даярдалат, баланы жаңы үй-бүлөгө жайгаштыргандан кийин тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасына колдоо көрсөтүлөт.Балалуу аялдар үчүн бөлүм (бул жерде эң көп дегенде 9 ай жашай алышат) оор, чукул кырдаалдарда калган балалуу аялдарга стационардык кызматтарды көрсөтөт жана аялдардын балдарынан баш тартуусуна жол бербөө максатын көздөйт. Бөлүмдө энелердин балдары менен чогуу жашоосу үчүн коопсуз шарттар түзүлгөн, социалдык, психологиялык жана юридикалык жардамдар берилет, аялдарга баланы кароо жана тарбиялоо боюнча көндүмдөр үйрөтүлөт, үй-бүлөнүн социалдык байланыштар тармагын активдештирүү жана түзүү, жоголгон байланыштарды калыбына келтирүү жана аялдын тегерегинде колдоо көрсөтүүчү чөйрөнү түптөө боюнча иштер жүргүзүлөт.
Адистер үй-бүлөгө жамаатта өз алдынча турмуш курууга ыңгайлашууга жардам беришет. Үй-бүлөнү колдоо кызматы оор турмуштук кыр-даалда калган балдарга жана үй-бүлөлөргө баланы үй-бүлөсүнөн ажыратууну алдына алууга, үй-бүлөнү сактоого, ата-эненин өз балдарына кам көрүү мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүүгө, балдарды өнүктүрүүгө багытталган кызматтарды көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөр Борбордун базасында да, мобилдик бригаданын жерине барып иштеген шарттарда да жасалат. Эрте кийлигишүү кызматтары өзгөчө муктаждыктары бар балдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн күндүзгү кызматтарды көрсөтөт. Бул кызмат көрсөтүүлөр баланын өнүгүүсүндөгү кемчиликтерди эрте аныктоо жана мындай балдарды тарбиялоодо жана окутууда ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ата-энелерге жардам берүү максатын көздөйт. Өзгөчө муктаждыктары бар баланы тарбиялоо үчүн ата-энеде зарыл компетенцияларды калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул болсо балдарды атайын интернаттык мекемелерге жайгаштырууну алдын алууга жардам берет. Чакан топтук үй – бул жетим балдарды жана ата-эненин кароосунан ажыраган балдарды үй-бүлөдөгүдөй шарттарга мүмкүн болушунча окшоштурулган жагдайларда тарбиялоо жана алардын социалдык адаптациясы үчүн кызмат көрсөтүүлөр.
Чакан топтук үйдө бала жана анын үй-бүлөсү менен иш алып баруу үчүн түзүлгөн жеке пландардын методикасы боюнча балдар менен иш жүргүзүлөт.Ар бир жагдайды өзөктүк социалдык кызматкер өзүнчө карап чыгып, бала экөөнүн ортосунда байланыш түзүлөт. Баланын керектөөлөрүнө жана анын үй-бүлөсүнүн ресурстарына жараша маселени чечүүнүн үч варианты мүмкүн болот: баланын өз үй-бүлөсүнө реинтеграциясы, үй-бүлөлүк формада тарбиялоо, баланы өз алдынча турмушка жана жамаатта ийгиликтүү жашап кетүүгө даярдоо. Чакан топтук үйдө тейлей турган кызматкерлер жок болгондуктан балдар социалдык кызматкерлер менен чогуу тиричилигин жүргүзүшөт. Ар бир баланын өз турмушуна тиешелүү чечимдерди пландоо жана кабыл алуу процесстерине жигердүү катышуусу милдеттүү шарт болуп эсептелет. Мындай мамиле балдарды өз алдынча турмушка мүмкүн болушунча жакшы даярдайт. Ошентип, балдар жана үй-бүлөлөр төмөнкүдөй жолдор менен социалдык колдоо алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат:
-
өз үйүндө жамааттагы социалдык кызматкердин кызмат көрсөтүүлөрү аркылуу;
-
“Үйдө жакшы” Борборунун күндүзгү бөлүмдөрүндө, үй-бүлөнү колдоо кызматтары жана эрте кийлигишүү кызматтары аркылуу. Бул жерде бир эле маалда оор турмуштук кырдаалда калган 60 балага жана үйбүлөгө кызмат көрсөтүлөт. Эрте кийлигишүү кызматтары өзгөчө муктаждыктары бар балдарды интернаттык мекемелерге жайгаштырууну алдын алуу максатын көздөйт;
-
Борбордун стационардык бөлүмдөрүндө балалуу аялдар үчүн бөлүмдөрдө оор турмуштук кырдаалда калган 5 үй-бүлө жайгаштырылса болот (5 эне жана 15 бала); чукул жайгаштыруу бөлүмүндө бир эле маалда оор турмуштук кырдаалда калган (үй-бүлөсүнөн ажыраган, үйүндө зомбулук көргөн, туруктуу жашаган жеринен качып кеткен ж.б.) 28 муктаж бала (22 бала жана социалдык-психологиялык реабилитацияга муктаж болгон интернаттык мекемелердин 6 бүтүрүүчүсү) жайгаштырылса болот;
-
чакан топтук үйдө ата-эненин камкордугу жок калган 10 бала тарбияланса болот.Стратегия жана ишке ашыруу Жергиликтүү жамааттын деңгээлинде деинституционалдаштыруу стратегиясы жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин ишке ашыруу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
-
жергиликтүү бийлик менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюуну;
-
жумушчу топту түзүп, аны окутууну;
-
райондо балдарды коргоо системасындагы кырдаалга деталдуу талдоону, баласынан ажырап калуу тобокелдиги бар үйбүлөлөрдүн муктаждыктарын баалоону;
-
өзгөчө муктаждыктары бар балдар жашаган үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарын баалоону;
-
интернаттык мекемедеги ар бир баланын муктаждыктарын баалоону, алардын туугандары менен байланыштарды издөөнү жана колдоону, реинтеграция же баланы асырап ала турган үй-бүлөнү табуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну; балдар менен иштөө – аларды өзгөрүүлөргө жана башка жакка көчүрүүгө даярдоо;
-
ар кандай себептерден улам баласын алдырган үй-бүлөлөр менен иштөөнү, баланын өз үй-бүлөсүнөн ажырап калуусун болтурбо- ону жана үй-бүлөнү сактап калууну;
-
кызмат көрсөтүүлөрдүн дизайнын жамааттын муктаждыктарына ылайык иштеп чыгуу, имараттарды калыбына келтирүү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн жайларды даярдоо;
-
үй-бүлөлөр жана балдар менен иш алып барууга тиешеси бар болгон бардык структуралардын өз ара аракеттенүү механизмдерин киргизүү;
-
жамаатта үй-бүлөлөр менен алдын алуу иштерин күчөтүү үчүн социалдык кызматкерлерди окутуу;
-
балдар жана үй-бүлөлөр менен иштеген мекемелердин жана башка структуралардын персоналын иштеги жаңы ыкмаларга окутуу;
-
райондук, мамлекеттик деңгээлде балдарды коргоо системасына Балдарга жана үйбүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү Борборун жана Чакан топтук үйдү киргизүү.
Жетишкендиктер жана жыйынтыктар Балдар укуктарын коргоонун натыйжалуу моделин даярдоо мындай практиканын негизги жыйынтыктары болуп эсептелет. Мында жумуштар баланын кызыкчылыгына чечим кабыл алууга негизделет. Балага тиешелүү бардык чечимдер анын муктаждыктарын жана анын үй-бүлөсүнүн ресурстарын баалоону эсепке алуу менен кабыл алынат.
Бала менен иштөөнүн максаты – анын үй-бүлөдө жашай алуусун камсыздоо. Борбор иштеген 1 жыл ичинде жасалган жумуштардын сандык жыйынтыктары (Днепропетровск районунун мисалында):
-
социалдык кызматкерлердин жамаатта жасаган иштеринин натыйжасында 65 үй-бүлөдөн 129 баланы алып коюуга жол берилген эмес;
-
чукул жайгаштыруу кызматынын адистери жасаган иштердин натыйжасында 17 бала реинтеграцияланган, 14 бала тарбиялоонун үй-бүлөлүк формаларына жайгаштырылган,3 бала чакан топтук үйгө которулган;
-
7 эне 11 баласы менен эне жана бала бөлүмүнөн кийин жашаган жери боюнча жамаатка ийгиликтүү түрдө реинтеграцияланган;
-
өзгөчө муктаждыктары бар 34 бала үчүн эрте кийлигишүү кызматында реабилитациялоо боюнча жеке программалар даярдалып, ишке ашырылган;
-
үй-бүлөнү колдоо кызматтарынын адистеринин жардамы менен 447 баланы үйбүлөсүнөн ажыратууга жол берилген эмес;
-
“Менин үйүм” чакан топтук үйдүн 16 тарбиялануучусунун ичинен 1 баланы асырап алышкан жана 5 бала окууга өтүп, коомго ийгиликтүү интеграцияланган.
Борбор иштеген учурдан бери бир дагы бала интернаттык мекемеге жайгаштырылган эмес. Туруктуулук (стабилд== жыйынтыкты камсыздоо) Үй-бүлөгө багытталган кызмат көрсөтүүлөрдү түзүп, ошол эле маалда интернаттык мекемелерди жабуу модели жамааттарда да, улуттук деңгээлдерде да деинституционалдаштыруу үчүн ийгиликтүү механизм болуп эсептелет. Борбор райондук коммуналдык мекеме болуп эсептелет жана жергиликтүү бюджеттен каржыланат1. Өнөктөштүк, Лидерлик, жамааттын катышуусу жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Модель райондук деңгээлде балдарды коргоо системасынын бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн күчөттү, балдарды коргоо системасына балага тиешелүү чечимдерди системанын эмес, баланын кызыкчылыктарында кабыл алуу механизмин киргизди. Жамаатта үй-бүлөгө багытталган кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү балдардын жана үй бүлөлөрдүн муктаждыктарына адекваттуу жана натыйжалуу жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн берет; кызмат көрсөтүүлөр жамаат муктаждыктарын эсепке алуу менен түзүлгөн2. Социалдык, саясий жана финансылык мобилдештирүү Жамаат деңгээлинде мындай практиканы ийгиликтүү жайылтуу уюмдарга облус деңгээлинде балдарды коргоо системасын реформалоо боюнча долбоорду баштоого жол ачты.
Байланыш үчүн: Надежда ТАТАРЧУК,
Hope and Homes for Children уюмунун директору, Украина,
www.hopeandhomes.org.ua